БИР БҮРКҮМ

№722 02-сентябрь-08-сентябрь, 2016-ж

  • RoomGuru.ru интернет кызматынын иликтөөсүнүн жыйынтыгында, орусиялыктар үчүн быйыл КМШ өлкөлөрүнүн ичинен эң популярдуу болгон эс алуучу аймак ЫСЫК-КӨЛ болгону аныкталды.

  • НУРЛАН МОТУЕВ "көпчүлүк алдында террорчулук иш-аракеттерди жүзөгө ашырууга чакыруу же көпчүлүк алдында террорчулукту актоо" жана "улуттук, расалык, диний, аймак аралык кастыкты козутуу" беренелери боюнча күнөөлүү деп табылып, 7 жылга эркинен ажыратылды.

  • 29-августта Жогорку Кеңештин экс-депутаты ЭРКИН АЛЫМБЕКОВ дүйнө салды.

  • Москвада ЗОРДУКТОО кылмышы менен кармалгандардын 90 пайызы Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстандын жарандары. Бул тууралуу орусиялык басылмалар маалымдашууда.

  • КУРМАН АЙТ болжолдуу түрдө 12-сентябрда белгиленет. Бул маалыматты Мусулмандар диний башкармалыгы таратты.

  • Бишкекте быйыл "ТЕЗ ЖАРДАМ" кызматкерлерине жарандар тарабынан 17 ирет кол салуу болгон. Бул боюнча "Тез жардам" кызматынын жандандыруу кызматынын башчысы Егор Борисов билдирди.

  • 1-сентябрдан тарта ID-ПАСПОРТ алуу жана алмаштырууга болгон баа 165 сомдон 460 сомго жогорулайт. Ал эми чет өлкөдө жүрүү үчүн паспортту алмаштыруу же алуу 750 сом болмокчу.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо