АМЕРИКАЛЫК ЫКТЫЯРЧЫ ЫСЫК-КӨЛДҮ СҮЗҮП ӨТТҮ

№722 02-сентябрь-08-сентябрь, 2016-ж

22-август күнү кыргыз жеринде ыктыярчы болуп, балдарга англис тилин үйрөтүп жүргөн америкалык Сара ДеАнтони Ысык-Көлдүн күнгөйүнөн тескейине сүзүп өттү. Ал уламышта айтылган тору айгыр сүзүп өткөн багыт менен жүргөн. Жакында эле ал жерден АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин кызматкери Майк Тайсон да сүзүп өткөн эле. Касиеттүү көлүбүздүн ортосунан аялзатынын ичинен биринчи болуп сүзүп өткөн 24 жаштагы Сара ДеАнтони менен маектештик.

– Сара айым, көлдү кесип сүзүп өтүшүңүз менен куттуктайбыз! Кандай максатта сүзүп өттүңүз?
– Рахмат! Спорт менен машыгып, дени сак жашоодо өмүр сүрүү менин урааным. Аны өзүм үчүн эле пайдаланбастан, башкалар менен дагы бөлүшкүм келет. Балдарга англис тилин үйрөтүү менен чектелип калбай, жаштарды активдүү болууга, ден соолукту чыңдоого, тазалыкты сактоого үндөгөн тренингдерди өтүп, йога менен да машыктырам. Окуучуларыма сөз менен эмес, иш жүзүндө далилдейин деп Ысык-Көлдү сүзүп өттүм.

– Канча чакырымды сүзүп өттүңүз?
– Таңкы саат 5те Тору-Айгырдан түштүк жээктеги Кара-Талаа айылына кайык менен бардык. Саат 7де Тору-Айгыр тарапка сүзүп баштап, жалпы 13,1 чакырымды 4 саат 43 мүнөттө сүзүп өттүм.

– Эс алып жаттыңызбы?
– Суусаганда гана бир мүнөттөй дем алып, шекер кошулган суу ичип сапарымды улай бердим. Сүзөрдөн мурун банан эле жегем. Жээкке чыккандан кийин аябай курсагым ачты. Табитим ачылып, көп тамак жедим (күлүп).

– Көлдүн ортосунда жалгыз сүзүп баратканда коркунуч болсо керек?
– Мен адамдарды суудан коркпоого чакырам. Көлдүн ортосунда чоң-чоң толкун, катуу шамал болуп жатты. Бирок ал менин аркы өйүзгө сүзүп өтөм деген максатымды токтото алган жок.

– Көлдү сүзүп өтүүгө канча убакыт даярдандыңыз?
– Эки ай толук кандуу даярдык көрдүм. Бирок кышында йога менен машыгып, чуркап баштагам.

– Жаныңызда кимдер коштоп жүрдү?
– Мен туулуп өскөн Нью-Жерси штатынан жакында эле ата-энем келишкен. Алар менен кошо эки досум, кайык башкарган эки адам коштоп жүрдү.

– Сүзүп өткөндөгү сезимдериңиз менен бөлүшө кетсеңиз?
– Сууда сүзүп баратканда «Кара жорго» ыры оюма келип, ичимден ырдап бараттым. Жээкке чыкканда ушунчалык кубандым, бактылуу болдум. Анткени бул кадамым менен айымдар да эркектерден калбай эле ийгиликке жетсе болорун далилдедим. Менден мурун сүзүп өткөн АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин кызматкери Майк Тайсондон эки саат эрте сүзүп өтүп, рекорд жараттым.

– Канча жашыңыздан тартып сууда сүзүүнү үйрөндүңүз эле?
– 4 жашымда эле суу менен достошком. Сууда сүзгөнүмө быйыл 20 жыл болду. Университетте окуп жүргөндө команда менен сүзчүмүн. Окууну аяктагандан кийин машыктыруучу болуп да иштеп калдым.

– Кайсы кесиптин ээси болосуз?
– Флорида эл аралык университетинин психолог адистигин бүтүргөм.

– Кыргыз жерине качан келдиңиз эле, калкыбыз жактыбы?
– Бир жыл болду. Дагы бир жыл бул жакта болом. Кыргыз эли аябай меймандос, ак көңүл экен. Мага бул жердин ашлянфу, манты, лагман деген тамактары жакты.

– Кыргызстанда кимдер менен турасыз?
– Кыргыз ата-энем менен, алар аябай жакшы адамдар. Бул үй-бүлөдө менин 5 бир тууганым бар. Өтө ынтымактуубуз. Эң кенжебиз 6 жашта. Азыр ал англисче «салам, кандайсың?» деп сүйлөп калды.

"Суусаганда гана бир мүнөттөй дем алып, шекер кошулган суу ичтим".


Султан Төрөбеков
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(19)
05.09.2016. 09:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
кандай кереметтуу,туптунук алтын Ысыкколум
05.09.2016. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Азаматсын!
05.09.2016. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Коп жыл мурун Ысык колдук эки кыз сузуп откон эле.Алар эч кандай страховкасы жок отушкон.Аялзатынан биринчи жолу откон бул кыз эмес.
05.09.2016. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Jyrgal_msk, ошол эки кыз тууралуу маалымат камтылганбы бизде
05.09.2016. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Охоооооооо
05.09.2016. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эркек экен го
05.09.2016. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Азамат. Кыйын кыз экен. Актриса Хюремдин ролундагы Мерьемге окшош экен.
05.09.2016. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Азаматсын абдан суйунучтуу кабар экен...
05.09.2016. 21:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jakwy
06.09.2016. 01:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Суу менин фобиям, миллион берседа сузбойм коруп эле журогум тушот
06.09.2016. 07:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ой шумдуук бирок биздин Тору айгыр страховкасы жок шекер суу ичпей жалгыз озу сузуп откон да я.
06.09.2016. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
супер кg АКШ Кыргызстандагы элчилигинин жардамчысы Майк Тайсон дейт. Боксер Майк Тайсонбу же ал башкабы???
08.09.2016. 02:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Мен да сузуп ото алат окшойм анда
08.09.2016. 22:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кереметуу Ысык кол
08.09.2016. 23:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Окмуштуулардын бодомолдоосуна таянсак 2080-2090жылдарга барып Ысыкколдун суусу Кескин турдо тартылып Суунун денгеели кескин томондойп,суу казакстандан териториясында жарып чыгат дейишуудо.
09.09.2016. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Azizbek.kg8, андайдан кудай сактасын!
18.10.2016. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azizbek.kg8,Аллахтын буйруганы болот!
09.09.2016. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оооооо азаматсын!!!!!!!!
18.10.2016. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсынбы! Аябай чын журогумон суйунуп жатам. Эрктуу кыз экенсин ж.а сага рахмат.Сенин бул ишинен окуучуларын чон сабак алды деп ойлойм ж.а алардын катарында менда бармын. Негизи адамга бир нерсени кылуу учун Эрк керек. Максат,аракет бир гана алдыга умтулуу,арт жакты карап сабак алуу.....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо