Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Мухтар Атаналиев: «ТЕЛЕФОН ЧАЛЫП КЕКЕТИП, КОРКУТКАНДАР БОЛУУДА»

№723 09-сентябрь-15-сентябрь, 2016-ж

Бир учурда Мухтар Атаналиевдин «Жаш сулуу», «Май айы», «Толкундар», «Балалыкты сагынуу» аттуу ырлары хит болгон. Концерттерине эл батпай, жаштардын обон созгон кайрыктары да ушул чыгармалар эле. Кийин ырчы дин жолуна түшүп, сахнадан алыстап кеткен. «Мен ырчылыктан кино тартканга өттүм. Чыгармачылыктан кеткен жокмун» деген ырчы «Үркүн» тасмасын элге көрсөтүүгө уруксат берилбей жатканын айтып кеңсебизге баш бакты.

– Мухтар мырза, Үркүн окуясынын негизинде тасма тартып бүттүңүз. Эмне үчүн бул тарыхый окуяны тандап алдыңыз?

– «Үркүн» тасмасын тартуу идеясы эки жыл мурун жаралган. Башымдагы ой бышып жетилип, окуянын 100 жылдыгына карата тартып бүтүрөйүн деп өткөн жылы сентябрда баштаганбыз. Учурда кино монтаждалып бүттү. Тасманы жаратууга мекениңдеги көйгөй сенин да көйгөйүң болуш керек деген ой түрткү болду. 100 жыл илгери ата-бабаларыбыз бейажал кырылып, ач-жылаңач белде, жолдо азап тарткан. Ошол тарыхый чындыкты тасма аркылуу чагылдырайын дедим.

– Тасманы өзүңүз каражат таап тартыптырсыз. Мамлекеттен акча сураган жоксузбу?
– Адегенде бул тасманы эч ким тартып жаткан жокпу деп сураштырдым. Башка тарткан киши жок болгондон кийин каражат издей баштадым. Мамлекетке кайрылсам, «100 жылдык иш-чараны уюштурууда фильм тартуу планыбызга кирген эмес» деп коюшту. Өзүмдүн жакын санаалаштарыма кайрылып демөөрчү таптым.

– Бул чоң окуя. Талаштуу, ачылбаган көп жагдайлар бар. Сценарийин кимдер менен кеңешип жаздыңыз?
– Акча табылгандан кийин «сценарийин жазып бергиле» деп көп адамга кайрылдым. Азыр алардын аттарын атабай эле коёюн. Бирок баарынан эле «убактым жок», «Ажарды» тартпайсыңбы», «Кандуу жылдарды» эле тартып койчу» деген жоопторду алдым. Бир жигит жазып берем деп алып кетип, иш баштаар алдында сценарийди сурасам «жаза элекмин» дейт. Анан өзүмө-өзүм суроо салдым. Мен чыгармачыл адаммынбы? Эгер ошондой болсо, эмне үчүн өзүм жазбайм дедим. Кинону тартууга киришкенден тартып окумуштуулар, тарыхчы, адабиятчылар менен көп жолу жолуктум. Кеңеш, ой-пикирлерин уктум. Үркүн окуясына катышкандардын урпактарынан уккандарымды мээме сиңирип алган экенмин, ошонун негизинде жаздым. 7 күн уктабай жазып көздөрүм канталап чыкты. Бүтөрүм менен чыгармачыл топко окутсам жарайт дегенде сүйүнгөнүмдөн өх дедим.

– Актёрдук курамды кантип тандадыңыз?
– 90 пайыз профессионал актёрлор. Облустук, шаардык театрлардын дасыккан ишмерлери тартылды.

– Камера иштеп баштаганда ой-чабыт күчөп, сценарийден чыгып кеткен эпизоддор болдубу?
– Окуяны курчутуш үчүн бир эпизод тартылды. Жигит менен кыз кичине эле суудан өтө турган жерин чоң суудан өткөзмөй болдук. Режиссёр менен оператор «жөн эле өткөзүп ийбей, сууга чалынтып жыгылталы» дешти. Алардын коопсуздугунан коркуп төмөн жакта карап турдум. Жигит кызды көтөрүп жээкке жетейин дегенде жыгыл дешти. Бала сууга жыгылып, кызды кармай албай калып агып кетсе болобу? Мен кызды кармап калайын деп чуркап жүрсөм, операторлор тартып жүрүшөт. Суудан чыгарып, кызды ата-энесине жеткирип, кечирим сурап келдим. Ошол күнү аябай коркуп калган экенмин, таң атканча уктай албай койдум.

– Тарыхый окуяны чагылдыруу чоң жоопкерчилик. Тасма жарыкка чыккандан кийин элдин сын-пикирин угууга даярсызбы?
– Чындыгында, жоопкерчиликти сездим. Биз бир эле айылдын окуясын алып, ошол аркылуу Үркүндү чагылдырдык. Мен элдин сын-пикирин угууга даярмын. Элдин айтканга акысы бар. Эч кимге кылган ишиң менен 100 пайыз жакпайсың да.

– Тасманы качан көрсөтөлү деп жатасыздар?
– 31-август – Эгемендүүлүк күнүнө карата көрсөтөлү дегенбиз. Бирок тасма тартылып бүткөндөн кийин көрсөтүүгө тиешелүү тараптардан уруксат берилбей жатат. «Бул жерин алыш керек, жумшартыш зарыл. Орустар менен мамилебизди эми жакшыртып келатканда ушуну тартып эмне кереги бар эле?» деп кайра кишини күнөөлүү кылышат.

– Сиз тартардан мурун сценарийин ошол адамдарга көрсөттүңүз беле?
– Ушундай жагдай чыкпасын деп кино тармагына тиешелүү тармактан тартып, укук коргоо органдарына, президенттик аппаратка, депутаттарга чейин бергем. «Ушундай сценарий менен тасма тартып жатабыз. Каршы болсоңуздар азыр эле айтып коюңуздар, убара болуп калбайлы» деп кайрылганбыз. Окуп көрүп, анча-мынча жерин оңдоп, «тарта бер» дешкен. Эми тааныбаган эле адамдар чалып «братан, тасмаңыз жарыкка чыкпай калбасын деп кабатыр болуп жатабыз да. Бул жерин алып эле салсаңыз болмок. Биз сиздин эмгегиңизди ойлойбуз!» деп кекетип жатышат.

– Аларга кайсы жери жакпай жатыптыр?
– Тасмадагы белде баратып музда тоңуп өлгөн кемпир, жаш бала, айылга келип элди өлтүрүп кеткен эпизоддорду ал деп жатышат. Жакында эле кино тууралуу сүйлөшөлү деп чакырышты. 30 жаштын тегерегиндеги жигиттер жогорудагы эпизоддорду алып салбайсызбы дешти. Мен аларга «1916-жылкы окуяда кыргыздар учак менен Кытайга барып келди беле?! Кыргын болгон, бул деген тарыхый чындык» деп айттым. Акыркы күндөрү ушинтип кодулагандар күчөп, өзүмдү кылмышкердей сезип жүрөм.

"Үркүн" тасмасынан алынган кадрлар. Ушул сыяктуу эпизоддор айрым бийлик өкүлдөрүнө жакпай жатат".


Султан Төрөбеков
star@super.kg

Үркүнгө арналган тасманы элге көрсөтүүгө тыюу салынып жатабы?

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(30)
SUPER.KG видео
10.09.2016. 02:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+38
Таарыхый тасмада бул,руксат берип койо бербейби,орустар оздору деле тартып жатышпайбы 1941жылдагы согушту,Монголдор чагылрдыдыго Чингизханды неси бар бул тарыхты чагылдырган,
SUPER.KG видео
10.09.2016. 04:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+36
Күтөбүз канчалаган мээнет кетти буга. Баары көрүнүп турат Мухтар ага өркүндөп өсүң. Элибиз сиз менен, каап үркүндүн 100 жылдыгына белек болгон экен. Эмне мамлекет көз салбайт буга. Сабыр этиң чогу жеңебиз.
SUPER.KG видео
10.09.2016. 11:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+32
Азаматсыз! Уруксат берип, кинонузду коробуз деп умут кылалы. Ишинизге ийгилик!!!
SUPER.KG видео
10.09.2016. 19:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+24
Капа болбон уруксат берээр
Негизи тарыхты эч ким жокко чыгара албайт да уруксатын беришсин. Бул тасма тарыхты тартты го
Медиа-портал
10.09.2016. 22:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+34
Уруксат бергиле Эй киминер болсонорда королу биз деле!
12.09.2016. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Ушу болмок беле оздору кылбай кылган кишини коро албай уркундо тарыхтын чындыгы бар да фантастиканы деле коруп атышпайбы,ушу кекетип коркуткандар ким болду экен алардын ата теги болгонбу озу??
12.09.2016. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Мыхтар Аке жогору жактагыларга кичине тыйын карматып койсонуз руксатты кенири аласыз.
12.09.2016. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Формалары даана илгерки жашоону элестетет экен .
12.09.2016. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Мухтар байке биз сиздин ырларыныз менен чонойдук чындык эл сиз менен ийгилик каалайм бут тоскондор озунорду ойлогула башка жактан бутунар оозунар тосулуп калат
12.09.2016. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Биздин чондор башынан ушул да озулору иштебейт иштейин деп аракет кылгандарга бут тозуп турушат.
12.09.2016. 20:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Чондорубуз башка жагын эптей берсин не бул ойдон чыгарып тартыртырбы болгон окуяго.
12.09.2016. 20:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
мен сизди коллдойм!!!тарых озгорулбош керек кандай болсо ошондой жеткириш керек,анча мынча окелердин кошаматчыларына конул бурушутун кажети жок,мен улутчул эмесмин бирок,окелер бизге эч качан жакшылык кыллган эмес жана кыллбайт дагы мен сиздин тасманызды корбой эле тушундум,менин созум туура эмес дегендер болсо тарыхты окуп тасманы корунуздор дейт элем.Муктар байке сизге ийгилик дагы да болсо кыргыздын чыныгы патриоту экенин далилдебсиз
12.09.2016. 22:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Негизи биздин чондорго бир инициатива которуп, иштеген адамдар жакпайт. Алардын созу менен эле болуп, "хоп, майлы" деп туруш керек. Оздору креслосунан кочугун которбой, жабышып отуруп алып сын пикир айтканга эле кыйын.
Негизи 1916-жылы кыргын болгон да. Т.Касымбековдун 8 томдук чыгармалар жыйнагынын "кыргын" деген болумундо падыша Николай II орус эмес колониялык элдерди аёсуз кыргандыгы ачык эле берилген. Бул китепти да жарыкка чыгарууга да тыюу салып жатып 2004-жылы
12.09.2016. 23:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бизде кыргызда ушинтип Бут тоскондор жаман,анын эмнеси бар экен бул жон эле киного,туура эле тушунуп,колдоп коюшса болотда,саясатташтырбай тооба
12.09.2016. 23:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бул деген тарых,аны эч ким озгорталбайт,Ким кандай болгон мезгил озу таразалайт.Качанкыга чейин жагалданып,Ким эмне дейт деп жашайбыз,озубуздун позициябыз болуш керекта акыры.Ал учун озубуз бири бирибизди колдошубуз керек!
13.09.2016. 00:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кыргыз деген кандай улуу Эл,кана Эми ошол тарыхыбызды терен изилдеп тарыхчы,изилдоочу,археологдорубуз бизге чейин жашап откон ар Бир инсан жонундо тарыхый тасма тартып,Кандай Эл экенибизди корсотсо
13.09.2016. 08:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Тарыхты эч ким өзрөтө албайт, ошол үчүн бул кинону өзгөртүп кереги жок.
13.09.2016. 09:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Тарых деген тарых...болгон нерсе,аны озгортуп орус элине "подход" кылыштын кереги жок) Чондор озунун эле керектери учун каршы болуп жатышат) Буюрса кино чыгышы менен коробуз...
13.09.2016. 09:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Уркун тууралуу тартылган тасманы элге тартуулоого бут тоскон адамдар тарыхты бурмалоого акысы жок!!!
13.09.2016. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Колдоп алга суроонун ордуна бут тосуубу,ошол бут тоскондор бир тыйын акча кошту бекен,орустар м.н мамилебиз бузулат дегидей ал кездеги орустар башка азыркы орустар башка болгон.
13.09.2016. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ушу кантип болсун тиги жерин ал бул жерин ал деген бул биздин тарых, биздин чындык да эмнеге тарыхты чагылдырууга акыбыз жок же маданий иш чараларга чейин Орусиядан руксаат алыш керекпизби, кыргыз болуп оз тарыхфбызды коргой албайбызбы, атка минерлер угуп койгула тарыхты жашырып, бурмалап, тарыхка кол салбагыла, акынар жок, тарыхка кол салганынар Ата-бабаларга кол салганынар.
13.09.2016. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Сизге ийгилик! Чыдамсыздык мн күтөм. Эч капа болбоңуз, себеби сизди бүт Эл колдойт, сиздин калемиңизден жаралган ар бир чыгарманы сүйүп укканга да көргөнгө да даярбыз!!!
13.09.2016. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Abdurahman, курамы окшош сайттарды жарнамалоого тыюу салынган. Эскертүү!
13.09.2016. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
тартылыштары туура эмес, костюм декоративный, актерлордун ойноосу театр.
14.09.2016. 00:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эми ойдон чыгарылган эмес го. Бул Тарыхтын негизинде сценарий жазылып, анан тартылган болсо эмнеге уруксат беришпейт.
14.09.2016. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мухтар байке эч жерин озгорпой болгонун болгондой чыгарыныз биз сиз менен , кылмышкер сезбен озунузду
16.09.2016. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Орустарга жагыналы деп тарыхты өзгөртөбүзбү. Эч аны өзгөртүүгө акысы жок.кандай болсо ошол бойдон көрсөтүш керек
17.09.2016. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уже мага жакты бул кино атамдын эжеси уркундо озу ата энеси менен кытайга барып 3 жылдан кийин келген экен бизге токпой чачпай омуру откучо айтып берчу. Кино тартса деп калаар элек.
17.09.2016. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир куну сиздин уйдо да майрам болот
26.09.2016. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
даяр ашка сынчы коп ошолор биздин чиновниктер
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо