БАДАМ МЭЭНИ ИШТЕТЕТ

№723 09-сентябрь-15-сентябрь, 2016-ж

Учурда түштүк жергебизде башка жемиштер менен кошо бадамдын да бышып, жыйналып жаткан кези. 130 жылга чейин жашоочу бадамдын касиети жана андан эмнелерди жасап бышырууга болорунан сөз козгойбуз.

КЫРГЫЗСТАНДА 5 ТҮРҮ ӨСӨТ

Бадам – роза гүлдүүлөр тукумундагы дарак жана бадал. Мекени – Батыш жана Орто Азия, Жер Ортолук деңизинин жээктериндеги өлкөлөр. Республикабыздын түштүгүндө таш-шагылдуу бөксө тоолордо, таштак адырларда жапайы түрүндө өсөт жана атайын өстүрүлгөндөрү да кездешет. Кургакчылыкка чыдамдуу. Таттуу жана ачуу сорттору бар. Кээ бирлеринин кабыгы жука, айрымдарыныкы калыңыраак. Гүлдөрү түрүнө карап ак, күлгүн, кызгылт. Кыргызстанда 5 түрү кездешет: кадимки бадам (же таш бадам), Петунников, Бухара, тикенектүү (же чингил бадам) жана Сузак бадамы. Булардын ичинен Петунников бадамы 1985-жылы Кызыл китепке киргизилген. Өлкөбүздөн бадам Орусия, Казакстанга экспорттолот.
Бадамдардын тамыры узун болгондуктан жер кыртышын бекем кармап, жер көчкү, таш көчкүлөрдүн жүрүүсүнүн алдын алат.

КОЛДОНУЛУШУ

  • Кулинарияда. Таттуу сорттору балмуздак, торт, токоч жана башкаларды жасоодо колдонулат. Тамак-ашка туздалган, куурулган, упадай майдаланган түрүндө да керектелет.
  • Ачуу бадам. Бул куурулган түрүндө гана абдан аз пайдаланылат.
  • Косметикада. Ачуу жана таттуу сортторунан алынган майы крем, косметикалык сүт жана маскалардын курамына кошулуп, терини азыктандырат, жумшартат, клеткалардын жаңырышын шарттап, бырыш түшүүдөн сактайт.
  • Элдик медицинада. Анемия, кант диабети, бронхиалдык астма, шакый, бронхит жана ич көбүүдө колдонулат.

  • Бийик дарак түрүндөгүсүнөн 5-10 килограмм, бадал түрүндөгүсүнөн 3-4 килограммга чейин түшүм алынат. Бадамды кагып алуу үчүн узун шыргый жана клеёнка керектелет. Жыйналган бадам күнгө кургатылат. Кургагандары куурулуп кышка же сатыкка даярдалат.


    Сорттолгондору.Сырткы кабыгынан ажырашы кыйындарын 5-6 саат же түнү менен сууга чылап, эртең менен кол менен ажыратышат. Анан күнгө жайып кургатылат.


    Данеги чагылгандарын тамак-ашка колдонуу үчүн кээ бирлер сууга жибитип алып, анан жука кызыл кабыгынан ажыратышат.



    БАДАМДУУ ТОКОЧ



    Керектелүүчү азыктар:

    Бадам
    – 120 грамм
    Кумшекер – 100 грамм
    Жумуртканын агы – 3 даана
    Ун – 30 грамм
    Апельсиндин кабыгынын күкүмү – 1 аш кашык
    Какао – 1 аш кашык
    Корица упасы – 1 аш кашык

    Даярдоо ыкмасы:

    • Аралашма. Бадамды блендердин (же башка нерсенин) жардамы менен талкалап, ундай майдалап аласыз. Же даяр бадам унун алсаңыз да болот. Эми чуңкур идишке салып, үстүнө кумшекерди, жумуртканын агын кошуп жакшылап чалып, аралаштырасыз.
    • Идишти жай отко коюп, аралашманы улам аралаштыруу менен жылытып алып (жылуу, бирок кол күйбөгүдөй болушу шарт), кайра чыгарасыз. Натыйжада суюгураак камыр пайда болот.
    • Камырга унду, апельсиндин кабыгынын күкүмүн, какао жана корицаны кошуп аралаштырасыз.
    • Электр мешинин табасына пергамент кагазын төшөп, бетин бир аз майлап коюңуз. Эми камырдан кашык менен алып, тегерекчелерди бири-биринен алысыраак кылып жайгаштырасыз.
    • 190 градуста ысып турган электр мешине салып, 15 мүнөт кармайсыз. Токочтун жыты жыттана баштаганда чыгарып муздатып, тарелкага салыңыз.


    КУУРУЛГАН БАДАМ


    Керектелүүчү азыктар:

    Бадам
    – 100 грамм
    Кумшекер – 80 грамм
    Суу – 40 грамм
    Корица упасы – 1 чымчым

    Даярдоо ыкмасы:

    • Куурулбаган бадамды жууп, чүпүрөк же кагаз сүлгү (салфетка) менен аарчып кургатасыз.
    • Көмөч казанга суу куюп, кумшекерди салып кайнатасыз. Кумшекер эриши зарыл. Эми сиропко бадамды кошуп, суу толук бууланып кеткиче улам аралаштыруу менен кайната бересиз.
    • Суу калбай калганда көмөч казанды оттон чыгарып, кумшекер кайрадан кургак болуп калгыча аралаштырасыз (көмөч казандын өзүнүн табында).
    • Эми көмөч казанды отко коюп, кумшекер кайрадан эрип, бадамдын өңү күрөң тартып жалтырай баштагыча тынбай аралаштырасыз.
    • Көмөч казанды оттон чыгарып, куурулган бадамдарды фольганын үстүнө жайып муздатып аласыз. Анан идишке салып, үстүнө корицаны себелеп дасторконго коё берсеңиз болот. Же кооз кагаз кутуга салып, конокко ала барыңыз.


    БАДАМДЫН ПАЙДАСЫ ЖАНА ЗЫЯНЫ:

    Курамы:
    Май, каротин, ликопин, витаминдер: C, B, A, E, кальций, магний, натрий, калий, фосфор, хлор, цинк, темир, йод, жез жана башка.

    Пайдасы: Иммунитетти көтөрөт, организмдеги ууларды бөлүп чыгарат, эненин сүтүнүн көбүрөөк бөлүнүп чыгышын шарттайт. Көздүн, мээнин, ички бездердин иштешин жакшыртып, сөөктү жана тишти бекемдейт. Эркектердин бел кубатын көтөрүп, кандагы канттын деңгээлин турукташтырат.

    Болбойт: Тахикардия, аллергияга (бадамга аллергиясы барларга).
    Бадамдын көгүн жесе, адам ууланып калышы мүмкүн.
    100 граммында 576 калорий болгондуктан арыктагысы келген толук адамдарга сунушталбайт.

    Канымжан Усупбекова
    kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(10)
12.09.2016. 18:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бадам,орусча кандай айтылат?
12.09.2016. 20:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Миндаль орусча аталышы.
12.09.2016. 22:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кабыгын тазалап алыш коп меенетти талап кылат. Анан озун эле кууруп жеген зор экен. Баасы бизде 150 сом килограмы. Башка жакта кандай билбейм.
13.09.2016. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Donchik09 кайсыл жакта ошондой баа экен.
12.09.2016. 22:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анан бир эле туп дарагынан 40 кг-дай алдык. Эки уч дегендей болсо кышында отун кылып жаккан жашыго.
14.09.2016. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баасы 400, 500 сом.кайдагы 150сом
16.09.2016. 21:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен жешим керек экен. Мээ жакшы иштебей жатат.
19.09.2016. 03:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
aryn,сен деле эмес Кыргыздардын баарыбыз жеш керекерекпиз
19.09.2016. 07:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nurikkg1,Ажобуз баш болуп десен))))))
03.12.2016. 22:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кантип колдонуу турлорун да жазсанар сонун болмок экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо