Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

МОСКВАДА ӨРТТӨН КАЙТЫШ БОЛГОНДОРГО ЖАБЫР АКЫ БЕРИЛЕБИ?

№723 09-сентябрь-15-сентябрь, 2016-ж

27- августта Москвадагы басмаканада өрт чыгып, анда 14 кыргыз кыз-келиндери жана орусиялык үч жаран каза болгон. Басмакананын директору кырсыктан кийин таптырбай жаткандыктан ага издөө жарыяланган эле. 5-сентябрда басмакананын директору Сергей Москвин укук коргоо органдарына өзү келди. Анын жактоочусу "Сергей Москвин өлгөндөрдүн туугандарынын бардык чыгымдарын төлөп берүүгө даяр. Кылмыш болду деп айтуу туура эмес, бул кырсык. Үч терезе ачык жана чатырга эки метр калган жайда кыздар кантип кайтыш болушу мүмкүн деген суроо ачык бойдон калууда",- деген комментарий берди. Ошондой эле Кыргыз мамлекетинин Тышкы иштер министрлиги эмгек келишими түзүлгөн маркумдардын үй-бүлөсүнө 1 миллион рублдан жабыр акы берилерин маалымдады. Орусиянын Башкы прокуратурасынын аныктамасы боюнча, каза болгон кыргыз кыз-келиндеринин экөөсү гана Орусияда мыйзамдуу түрдө иштеп жүргөн жана Москвада каттоодо турган. Калган 12синин эмгек келишими жок болгон. Бул каргашалуу окуяда басмаканада иштеген 3 кыргыз жараны сыртка чыгууга үлгүрүшкөн болчу. Анын бири 26 жаштагы Калбай кызы Кызбурак ооруканадан чыккандан кийин 7-сентябрда Бишкекке учуп келди.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо