Айпери Жаманкеева: «ӨМҮРҮМДӨ ДИСКОТЕКА, КЛУБДАРГА БАРГАН ЭМЕСМИН»

№723 09-сентябрь-15-сентябрь, 2016-ж

Адатта клипке тартылган бийкечтерди бир көрүп эле унутуп калабыз. Бирок "Торгоюм" клибинин каарманы Айпери көпкө элдин эсинде калды. Качан көрбө интернет баракчасында ал жөнүндө сын-пикир айткан кишилер. «Сүрөт жүктөөрүн жүктөп алып эмне деп жазышат болду экен деп коркуп турам» деген Айпери берилген суроолорго ачык жооп берип жатты.

– Айпери, элге сени тааныткан «Торгоюм» клибине кантип тартылып калдың эле?
– Эрнист Сыдыков «клипке сени тарталы деп жатабыз» деп чакырган. Клипке тартылуума ата-энем түрткү болду. Эгерде жайыма койсо, баргандан коркуп отура бермекмин. Тартуу учурунда көп деле кыйналган жокмун. Болгону суукта боз үйдүн ичинде отурганда үшүдүм.

– Социалдык тармактарга жигитиң менен түшкөн сүрөттү жүктөп калдың. Той деле алыс эмес окшойт...
– Жигитим экөөбүздүн кыз-жигит болуп жүргөнүбүзгө 4 жыл болду. Ал аралыкта таарынычтар да болуп жатты. Жарым жылга чейин сүйлөшпөй койгон учурлар болду. Азыр баары жакшы. Буюрса, той да алыс эмес.

– Эл арасында сени кыздуу болгон деп айтышат. Бул тууралуу өз оозуңдан уксак...
– Бир тууган эжемдин кызын биз баккандыктан өзүбүздүн кызыбыздай эле болуп калган. Аты Азалия, 3,5 жашта. Аны менен түшкөн сүрөттөрдү жүктөсөм, баары эле «кызыңызбы?» деп сурашат, «жээним» деп жооп берсем деле ошол комментарийлердин алдына кайра эле ушул суроолор менен кайрылышат. Анан тажаганда «ооба, кызым» деп койгом, мүмкүн, ошон үчүн бул сөз тараса керек.

– Жараткан ийгиликтериң туурасында айта кетсең?
– Менимче, мектепти жакшы аяктаганым, 12 жыл «Шаттык» бий ансамблинде бийлегеним жетишкендик болсо керек. Бийде көпкө кармалышың кыйын. Ал жактан сага катуу айтышат, жадакалса чабышы да мүмкүн. Ушуга чыдаганым деле жеңишим деп ойлойм. Мындан аркы максатым – жогорку окуу жайын ийгиликтүү аяктоо, турмуштан өз ордумду табуу.

– Сен дайыма ушинтип созулуп жүрөсүңбү же керек учурда кыялыңды көрсөтүп коёсуңбу? Дегеним, сүрөттөрүңдө дайыма ошондой ойду жаратасың...
– Абдан сабырдуумун. Бирок адам чектен ашып кетсе, кыялымды көрсөтөм. Эмнеге мындай уялчаак жаралып калганымды билбейм. Ата-энем деле андай эмес. Үй-бүлөдө эжем экөөбүз эле ушундайбыз. Бирок адамга көнүп кетсем, жакшы эле сүйлөшүп кетем.

– Адамдардын эсинде ар дайым биринчи ийгилиги калат эмеспи. Ошону эстеп кетсең...
– Мындан 4 жыл мурун Бишкекте өткөн «Мисс дива» сынагына катышканда 22 кыздын ичинен Гран-прини жеңип алгам. Сынакка 1 ай даярданганбыз. Ал кезде 11-классты бүтүп жаткан элем, экзамендеримден аксап калам деп ортодон «катышпайм» деп чыктым. Чынында мендей окуучу кыз үчүн экөөнү бирдей алып кетүү оор эле болду. Акырында баарына жетишсе болоруна көзүм жеткенде катуу даярдана баштагам.

– Көбүнчө эс алууда жүргөн кездеги сүрөттөрүңдү жүктөйсүң. Үй тиричилигине каралашасыңбы?
– Эс алууда көп деле жүрбөйм. Кээде архивдерди жүктөп калам. Бир жолу сиңдимдин туулган күнүндө кафеде түшкөн сүрөттү жүктөп койсом, бир кыз «сен күндө эле клубдарда жүрөсүң го?» деп жазыптыр. Мен клуб, дискотекаларга өмүрүмдө барган эмесмин. Үй жумуштарын жасоо колумдан келет. Көбү эле «бул кыз үйүнөн жумуш жасайбы деги?» дешет. Кадимки кыздардай эле идиш жууйм, тамак жасайм, үй жыйнайм дегендей. Болгону камыр жая албайм (күлүп).

– Инстаграмда окурмандарың эки жаат болуп урушуп да кетишет. Алардын талашканы эмне?
– Өспүрүм кыздар «Айпери эже, сиз кандай сулуусуз, менин эжем болсоңуз» деп жазып калышат. Анын баарына жооп бергенге аракет кылам. Арасында жеке аброюма шек келтиргендери көп. Алардын ою боюнча мен бүт денеме операция жасаткан экенмин. Кээ бирөө «мурдуң бир кызыктай экен» десе, анын алдына бир кыз «акчасынын баары оозуна операция жасатканга кетип, мурдуна келгенде жетпей калган го» дептир. Анан да күлгөнүмдү жасалма дешет. Өзүм ушинтип күлсөм эмне кылайын? Ар дайым менин жанымда жүрүп, мени менен пластикалык операцияга чогуу барып келгенсип жазышканына таң калам. Акыркы учурда сүрөт жүктөп алып дагы эмне деп жазышат болду экен деп коркчу болдум.

– Дайыма саркеч кийинип жүрөсүң, сени ким камсыздайт? Же өзүң иштейсиңби?
– Ишенесизби, мен буга чейин такыр иштеп көргөн эмесмин. Ата-энем камсыздап келет. Атайын өзүмө кийим алышым керек деп дүкөнгө барбайм. Мисалы, иниме кийим алганы барганда бир нерсе жагып калса сөзсүз саттырып кием.

– Маегиңе рахмат! Ишиңе ийгилик!

"Клипти тартуу учурунда боз үйдүн ичинде отурганда үшүгөн элем".


"Жигитим мага такыр катуу сүйлөбөйт".


Жазгүл Кенжеева
star@super.kg


Нурмат Садыровдун "торгою" - Айпери Жаманкеева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(40)
Медиа-портал
10.09.2016. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшынакай кыз экен бактылуу бол!
SUPER.KG видео
10.09.2016. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Аллергия болуп кеттим
Медиа-портал
10.09.2016. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аябай назик экен.) Кыргызча суйлосо сонун болмок)))
SUPER.KG видео
10.09.2016. 18:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Оо кудайым(((же кыргызча,же орусча суйлобойбу.Тилди бузбай.
SUPER.KG видео
10.09.2016. 23:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик сага Айпери!!!
SUPER.KG видео
11.09.2016. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшына еле кыз и еринин чуйруй бергени жакпайт инстаграм да баардык суротторун до еринин еле чуйруп тушкон суроту страшный болуп калат алергия.
Медиа-портал
11.09.2016. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
murdu jakpady,appetitti buzgudai eken
Медиа-портал
11.09.2016. 21:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Ашкан деле сулуулук көрө алган жокмун,ыйлап ийчүдөй болуп турат экен.)
SUPER.KG видео
12.09.2016. 03:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эне тилден начар экен.
12.09.2016. 09:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Ой, эне тил деп эле какшай бересинер. Кыргызча оюн жеткиликтуу эле тушундуруп жатпайбы. Болду да, калганы озунун иши. Айпери так держать!
12.09.2016. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
оо баягы эле периштелер топтолуп алып простой смертныйларды сындап жатабы? Кудай жараткан пенде да
12.09.2016. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жигити алып баруучу Т.Жумалиевтин баласыбы?
12.09.2016. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жигитин три метра над уровнем небо деген кинодогу балага окшоштурдум.
12.09.2016. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Мынча оозун эле коргозотко, илгерки Клоун деген кинодогу Деузанын эле аппагыго)
12.09.2016. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
э кыргыздар көрө албагандыкты качан токтотобуз,сулууну сулуу, жаманды жаман деш керек да...
кыргыз эли АША айткандай башында ким жамандаса ошону колдоп кетесиңер,кой болбогула...
12.09.2016. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аябай назик кыз. Жигитин сага катуу суйлоп эмес колунан тушурбой карасын. Бактылуу бол.
13.09.2016. 00:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
аябай сулуу, жакшы кыз экен. бирок кыргыз тилин билбегенинер УЯТ! эл козундо жургон адамдар улгу болушунар керек эле! беш соз суйлосонор анын учоо орусча.... биринчи англис тилин эмес эне тилин уйронсонуз болчудай....
13.09.2016. 04:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
не мынча жылдызы жок кыз
13.09.2016. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
eliza97, кимдир-бирөөнүн дарегине карата далили жок, негизсиз айыптарды камтыган билдирүүнү калтырууга тыюу салынган. Эскертүү!
13.09.2016. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ииий аябай эле чоюлган, кыймылы жай, назик кыз экен. Юристтик кесипти туура эмес тандапсын. Тыныраак бол деп бекеринен айтышпайт экен. Сулуулугун фигуран бар, анда коро модель болгонун туура эле окшойт. Сенин эзилип чоюлуп жургонуно чыдаган, сени суйуп, коколотуп баккан кишиге турмушка чыкканын туура. Бактылуу бол!
13.09.2016. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХ тушо берет суротко. Инстада суротун корсон нерв болуп каласын жасалма болуп. Апасы деле айтып койбойбу жасалма болбо деп. Жигитинен да улуу корунот экен. ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-09-13 16:25:44
13.09.2016. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
arzuuu, кимдир-бирөөнү мазактап, кадыр-баркына шек келтирүүгө жол берилбейт. Эскертүү сызыгыӊыз толгонуна байланыштуу түбөлүк БАНга кеттиӊиз.
13.09.2016. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айткылачы достор , кыз аттуулардын клубга, дискотекага баруусу азыркы кезде модабы, тан калтырайын дегенго бизди же клубга бардык кыздар барат деп ойлоп журобу?
13.09.2016. 22:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Же орусча, же кыргызча суйло да. Жасалма кирпиктеринди профессионалдуу чаптатсан "идеальная" болмоксун. Сулуулугунда кеп жок, абдан сулуу. Кааларым ийгилик!
14.09.2016. 01:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жылдыздуу кыз экен Кыргыз тилини жакшы уйрон
14.09.2016. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Татынакай экен
14.09.2016. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Торгойум деген клип башталганда ушу кыздын кашынын бойолушунан жиним келип коргон эмесмин. Бирок азыр коруп жакты. Жакшы кыз экен.
14.09.2016. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Орусча суйлобо, кыргызча уйрон деп кыйын боло бербегиле да. Азыр кыргызча таптак суйлогон кыргыз жок. Орусча билбейм деген кыргыз бирдик, радио, магазин, телевизор,чеснок ж.б.у.с создорду суйлойт.
14.09.2016. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кирпиктери жабышып калганбы..же коррекция кылдырыш керек болуп калганбы..же модели ошондойбу???
16.09.2016. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Омурумдо дегени ашып кетиптир жок дегенде бир жолу баргам и жакпады андай жерлер деп койбоптур да мага окшоп))))
SUPER.KG видео
21.09.2016. 21:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдан сулуу, жылдыздуу кыз экен. Коз тийбесин. Кыргызымдын кыздарынын баары сулуу.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо