Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

КЕЛИНИН ӨЗ ЖАНЫН КЫЮУГА ЖЕТКИРГЕН КАЙНАТА 5 ЖЫЛГА КАМАЛДЫ

№723 09-сентябрь-15-сентябрь, 2016-ж

Жакында эле Ноокат райондук соту 47 жаштагы жергиликтүү тургунду 5 жылга эркинен ажыратты. Ал өз келинине бир нече жолу сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасаган экен. Мындай мамилеге акыры чыдай албай калган келини өз өмүрүнө кол салган.

МАРКУМ ЖАЗГАН МАНДЕМДҮҮ КАТ

2016-жылдын 1-апрелинде саат 10:00 чамасында Ноокат шаарынын Лутфиллаев көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде 1996-жылы туулган Р.А. аттуу келин өзүн-өзү асып каза тапкан. Окуя болгон жерге барган Ноокат РИИБинин ыкчам иликтөө тобу маркумдун кийимдерин кароо учурунда чөнтөгүнөн бир барак кат табышкан. Ал катта маркум эмне себептен мындай кадамга баргандыгы тууралуу төмөнкүлөрдү жазып калтырган: "Апа, мага ыраазы болуңуз. Мени ойлоп көп санаа чекпеңиз, ооруп каласыз. Жашагым келбей жатат, кечиргиле! Жакшы келин болуп жүргөн элем, бардыгы кайнатамдын айынан болду. Ошол окуяларды эч эсимден чыгара албай койдум, мейли, баарына Кудай бар!"
Кол жазманы аныктоо үчүн жүргүзүлгөн соттук экспертизанын корутундусуна ылайык, кат маркум тарабынан жазылгандыгы аныкталган. Бул боюнча териштирүү иштери жүрүп, күбөлөрдүн көрсөтмөсү аркылуу маркумдун кайнатасы "келинин өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирген" деген шек менен кармалган.

"КЫЗЫМА КАЙНАТАСЫ БИР НЕЧЕ ЖОЛУ ТИЙИШКЕН"

Кызынын өлүмүнө кудасын күнөөлөгөн маркумдун атасы милиция кызматкерлерине арыз менен кайрылып, буга чейин болгон окуяны да айтып берген:
– Кызым 2015-жылдын сентябрь айында Ноокат шаарынын тургуну, 1993-жылы туулган М.Эгамбердиевге турмушка чыгып, күйөө баламдын ата-энеси менен чогуу бир үйдө жашап жүрүшкөн. 2015-жылдын декабрь айынын орто ченинде үйдө эч ким жоктугунан пайдаланып, кайнатасы кызыма тийишиптир. Башкача айтканда, кызымдын аялуу жерлерин кармалап, жыныстык катнашка барууга аракет жасаган. Кызым кайнатасынын бул жоругуна арданып, аны бизге айткан эле.
Бул окуянын чын-төгүнүн билүү үчүн териштиргени кудабыздын үйүнө аялым жана апам кетишкен. Аялым кудаларыбыздын үйүнө барбай, жолдон эле калып калыптыр. Апам барып териштирсе, кызымдын айткандары чындык болуп чыккан экен. Анан апам кудабыздын туугандары менен өткөн ишти талкуулашыптыр. Чоң кудагый, тагыраак айтканда, куданын апасы "балама өзүм айтып коём, мындан ары жогорудагыдай жосунсуз жоруктарга барбайт" дептир. Анын убадасын алган соң апам кызымды кайын журтунун үйүнө таштап келе берген. Куданын апасы "кечирип койгула, бул окуяны эл укса уят болобуз, эч ким билбей эле койсун" деп суранганынан бул жөнүндө эч кимге билдирбей, болгон иш жабылуу аяк боюнча эле калган.
Бирок жогорудагы окуядан сабак албаган кудабыз 2016-жылдын январь, март айларында да кызыма тийишкенин уланткан экен. 4-5 жолу тийишкенин кызым апасына айтыптыр. Кызыма орой мамиле жасап, "эгер менин айтканыма көнбөсөң, анда элдин баарына "келиним менен жыныстык катнашта болгом" деп айтам" деп коркутуп жүрүптүр. Жыйынтыгында кызым бул кордукка чыдабай өзүн-өзү асып алган.

"КЫЗЫМ КАТАРЫ ЭРКЕЛЕТИП, КУЧАКТАП КОЙГОМ"

Келининин өлүмүнө шектелип кармалган Дилшод Эгамбердиев тергөө учурунда төмөнкүдөй көрсөтмө берген:

– Өзүм 1969-жылы Ноокат районунун Эски-Ноокат айылында туулгам. Үй-бүлөлүүмүн, 4 балам бар. Мурда соттолгон эмесмин. Билимим орто. Туруктуу иштеген ишим жок, курулушта иштечүмүн. Мындан тышкары сүрөтчүмүн, тарткан сүрөттөрүмдү сатып каражат тапчумун. 2015-жылдын декабрында чын эле андай окуя болгон. Башкача айтканда, уулум гайморит болуп ооруканага жатып, 1 айдан ашык дарыланып жүргөн. Аялым базарда иштегендиктен, ал күнү жумушунда эле. Карыган ата-энем да биз менен жашашат. Апам китеп окуп өзүнүн бөлмөсүнөн чыкпайт. Атам болсо күндүзү көчөгө чыгып кетип, үйдө деле көп отурбайт. Майда балдар болсо мектепте болчу. Үйдө келиним экөөбүз эле калганда мен аны жаман оюм жок кызым катары кучактап, эркелетип койгон элем. Келиним анымды туура эмес түшүнүп, ата-энесине айтып барыптыр. Алар келип, бул окуяны талкуулаганбыз. Мен куда тараптан кечирим сурап, "мындан ары кайталанбайт" деп убада бергеним чындык. Ошол боюнча келиниме жологон да эмесмин. Эмне болгонун билбейм, 2016-жылдын 1-апрелинде уулум экөө жатчу бөлмөдө асынып алыптыр.

"КЫЛМЫШКА ШЕКТҮҮ КҮНӨӨСҮН ЖАРЫМ-ЖАРТЫЛАЙ МОЮНУНА АЛГАН"

Жогорудагы окуя боюнча Ноокат РИИБинин тергөөчүсү Чыңгыз Матисманов буларга токтолду:
– Маркум асынып алганда окуя болгон жерди кароо үчүн барганбыз. Ал учурда келин каза болуп, өлүкканада экен. Ошондо маркумдун апасы "менин арыз-доом бар" дегенинен кыздын денесин экспертизага жөнөтүп, маркумдун ата-энесине арыз жаздырганбыз. Кыздын апасы баарын билет экен, себеби кызы мурда ага кайнатасы тийишип жүргөнүн айткан. Жыйынтыгында келиндин өлүмүнө шектүү катары анын кайнатасын кармадык. Ал "келинимди кызым катары эле эркелетип, кучактап койгом. Башка эч нерсе кылган эмесмин" деп күнөөсүн жарым-жартылай моюнуна алган. Кылмышкер качан эле "мен кылгам" деп күнөөсүн моюнуна алмак эле? Бирок биз күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү аркылуу анын кылмышын далилдеп, Кылмыш жана жаза кодексинин 102-беренесинин 2-бөлүгү (өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү, ошол эле жосун күнөөлүүгө материалдык же башка жагынан көз каранды болгон адамга карата жасалганда) боюнча кылмыш ишин козгоп, сотко өткөрүп бергенбиз. Соттук-психиатрдык экспертизанын жыйынтыгы чыгып, кылмышка шектүүнүн акыл-эси жайында экендиги аныкталган. Ал эми маркумдун күйөөсү "атам андай ишке барышы мүмкүн эмес" деген пикирде. Жакында эле Ноокат райондук соту аны күнөөлүү деп таап, 5 жылга эркинен ажыратты.
Балким, маркумдун ата-энеси алгачкы окуядан соң кызын кайрадан кайын журтуна таштап баса бербегенде мындай каргашалуу окуя катталмак эмес чыгар...

Асхат Субанбеков
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -4 
Комментарийлер(69)
13.09.2016. 02:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Маркумдун куйоосундо да мандем бар, озун озу олтургонго жетип атса, суйлоп турганын карасан (((
13.09.2016. 04:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Фамилиялары Озбекче Ноокаттык Озубектерго дейм...кудай озу жазаласын кайнатаны маркумдун жайы жаннаттан оорун алсын
13.09.2016. 06:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тообааа эмне деген жашоооо..
13.09.2016. 06:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Беш жыл аз,айласыз адам камагандай беш жыл дешетгооо.. жапжаш гул соолуп жатса.
13.09.2016. 07:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Беш жыл эмес он жыл ХХХ ХХХ кандай уй булоого туш болгон байкуш кыз. Куйоосу да атасынын баласы да соз жок,ХХХ ХХХ кабылып жаш келин соолуптур окунучтуу
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-09-13 10:22:12
13.09.2016. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nurkyz1977, этика нормаларын сактоону сунуштайбыз. Провокациялык билдирүүлөргө жол берилбейт. Оозеки эскертүү!
13.09.2016. 09:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Араванда да озбек туугандардан бир келин кайын атасы менен ойношуп журуп аны кайын энеси билип калып келинди кызы экоо олтуруп сууга салып жиберишкен. Кийин билинип соттолушту.
13.09.2016. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
окунучтуу, ото окунучтуу, катты окуп ыйладым, бизде кыргызда ай кокуй уят деген соз бар, бул создун жаман жагыда бар, ата энеси уятты кызынын омурунон бийик коюп ушуга жетти акыры, эмнени коруп кетти бул кыз эч нерсе, ата энесинин куноосу тоодой, эмне учун кыз баланы турмушка чыккыча коргоп андан сон коргобойсунар ата энелер,корогула омурунор откучокту балдар ар дайым коргоого муктаж ата эне тарабынан.билбейм бирок ой кетти менде, бул кыз куйоосуно суйуусу менен деле тийбесе керек
13.09.2016. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Shat.88,ыйладым дебей эле ой пикиринерди жазбайсынарбы ой тобоооооооо
13.09.2016. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кудай сактасын,негизи эле адамдардан ыйман кетти,нысап берсин эркек,аялдарга!!!тооба кылдым,тооба кылдым.
13.09.2016. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргыздар эмес окшойт ээ
13.09.2016. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байкуш кыз жап жаш кете бериптир,мындай окуялар турмушта кездешет болуш керек.Болгон ишти ошол замат айтып аныктоо керек.Кыргыздар учун бул эн жаман корунуш,кудай сактасын.
13.09.2016. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
энеси ХХХ ХХХ..
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-09-13 16:32:44
13.09.2016. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
syrduujan, этика нормаларын сактоону сунуштайбыз. Оозеки эскертүү!
13.09.2016. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээ кудайым ынсап бере кор баарыбыз га, жашоодо тушко кирбеген нерселер болуп атат
13.09.2016. 16:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргызбы озбекпи какая разница.Мусулман адам андай ишке баруу чон куноо болот. адамда ыйман болбосо тушундуруш кыйын да...
17.09.2016. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Kanatbek81,к ыргыз озбек большой разницы тууганым .биз кыргыз ал озбек,кайнаса каны кошулбайт..туура мусульман дейсиз.Бирок алар Сен ойлогон нерсени такыр ойлонушпайт алар...айтайын деймго админ туратда бул жакта.
13.09.2016. 20:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Байкуш кыз арманын эч кимге жакшы айталбай кетти да ии бул туугандарда дайыма болуп турчуу корунуш жашыра берип аягы олум менен аяктаптыр.
14.09.2016. 06:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ата энесине билдириптир ошондо тынышпай эле алып баса берсе болмок а куйоосу бир акылы жок адам экен себеби куйоосу жонундо соз деле жокго
14.09.2016. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Келинди оз баласы катары корбогондук. Ал деле баласы да
14.09.2016. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудай сактасын. Жашоодо шумдук окуялар болуп жатат. Жаш кызга эрте кеткенине аянычтуу. Куйоосу адам эмес экен. Кайнатасы карыя болуп алып мындай ишке баруу чон куноо.Мындай адамдарга олум да татыбайт. оо кудай, эртен эмне болуп кетебиз билбейбиз.
15.09.2016. 01:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кызым катары кучактап койгом дейт, бул точно Кыргыз эмес аты деле айтып турат((

15.09.2016. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Куйоосуно айтышы керек эле атам мени кармалап жатат, болунуп жашайлы ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-09-15 10:35:06
15.09.2016. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Belek2070, этика нормаларын сактоону сунуштайбыз. Оозеки эскертүү!
16.09.2016. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым озу сактасын !
16.09.2016. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХ кайнатасы, шымына ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-09-16 16:39:25
16.09.2016. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bek94, этика нормаларын сактоону сунуштайбыз. Коомдук адепке туура келбеген билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган. 2 күнгө БАН!
18.09.2016. 00:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
сенин катынын менин катыным. менин катыным сенин апан болуптур но олуп кеткир алжыган абышка
18.09.2016. 09:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тообо..
30.09.2016. 02:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Асынып олбой эле кетип калса болмок.
06.10.2016. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
узбектер го
10.10.2016. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озбоктор ХХХ ХХХ ХХХ ,коп угас кеилини менен кайнатасы ушундай экен дегенди
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-10-25 10:18:41
25.10.2016. 03:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озбектерде кайнатасы менен келини ойногон толтура деп укканым бар.ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-10-25 10:17:43
25.10.2016. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Emil0211, peri05, улут аралык түшүнбөстүк жараткан билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган. Эскертүү!
25.10.2016. 03:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озбектерде бул кадимки эле корунуш дешет го
19.01.2017. 22:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай таш боор адамды ХХХ ХХХ соттобой эле
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-01-20 09:41:52
20.01.2017. 09:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aibek89, провокация жаратчу билдирүүлөргө тыюу салынган. Эскертүү!
23.03.2017. 00:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай сакта
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо