Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Расул Маматкуловдун жубайы Катя Маматкулова: "АТАМ САПСАЙГАН БИРӨӨГӨ ТИЙИП АЛЫПТЫР ДЕГЕН"

№723 09-сентябрь-15-сентябрь, 2016-ж

Маматкуловдордун үй-бүлөсү дайыма талкуу чордонунда. Үй салгандан кызын узатканына чейин эл оозунда кызыгуу жаратып келет. Бүгүн Расул Маматкулов менен жубайы үй-бүлөлүк сыры менен бөлүштү.

– Бири-бирине окшош түгөйлөрдү табыштырган тагдырыңардан кепти баштасак...

Расул: – Биздин бирге жашап жатканыбызга 25 жыл болду. Анда жеңеңер арык чырай, сулуу эле. 10 кыздын арасынан көзүмө көрүнүп туруп алды. Тийишип койсом такси менен качып жөнөдү эле, артынан жашаган жерине чейин кууп баргам. Кийин ал мени кууп жүрүп тийип алды (күлүп).
Катя: – Расул артымдан жакшы эле чуркады. Таанышканыбызда аябай шамдагай, чачы өзгөчө, келишкен жигит эле. Улам эле тийишип колумду кармап, кучактай бергенинен алыстаганга аракет кылгам. Тагдыр экен, жашап жаткан үйүмдү сатканы жарнамага берсем, кардар болуп келип жатпайбы. Үйдү Расулга сатып, көчүп кетейин дегем. Анан бул "мен сенсиз жашай албайм" деп Москвадагы мен жашаган үйгө чала берип, 10 күндө кайра келгем. Себеби мага телефон чалыш үчүн почтада жашап калган эле.

– Анан келип эле өзүңүз саткан үйдө жашап калдыңыздар?

К.: – Келсем Расул тосуп алып, "Ошто концертибиз бар" деп алып кетип калды. Кечинде концерттен чыксак такси калбай калып, калдыраган эски Москвичти жалдап ата-энесинин үйүнө алып барды. Барсак казанда эт кайнап, үйдө коноктор толтура экен. Бул мага айтпай алдап алып келген экен дегем, жаман оюмда. Көрсө, ата-энеси шерине өткөрүп жаткан экен.
Р.: – Ал кезде телефон деген жок эле, үйдөгүлөр менен деле сүйлөшкөн эмесмин. Катяны жөн эле ата-энем менен тааныштырганы алып барсам, коноктордун үстүнөн чыгып жатпайбызбы. Апам байкуш кубанып ак жоолугун салып (күлүп), айла жок анан нике кыйдырып бир бүтүнгө айланып калдык.

– Катя эже, ырчы күйөө баласын ата-энеңиз кандай кабыл алышты?

К.:
– Менин төркүнүмө бара элекпиз, экөөбүз шаарда батирде жашап жатсак, атам бизди көргөнү келип калыптыр. Залда диванда отурса Расул чолок шымчан, чачы саксайган боюнча атам менен учурашканы кирсе, атам чочуп кетип, "бар, балам, үстүңө бирдеме кийип кел" деп чыгарып ийди. Анан айылга барса апам "күйөө балаң кандай экен?" десе, "ой, билбейм, сапсайган эле бирөө экен" дептир (күлүп). Мен үйдө 7 кыздын кичүүсү болгондуктан, Расул ата-энемдин эң жакшы көргөн эрке күйөө баласына айланган.
Р.: – Жакшы окуяларды эстесең, адамды уят кылбай.

– Расул мырза, бир аз сыркоолоп жубайыңызга эркелеп жаткан экенсиз...

Р.:
– Москвага тойго барып келдим эле, ал жакта суукка урунуп калыптырмын. Менин кийимим, чыгармачылыгым, "каприздеримдин" бүт баары ушунун моюнунда. Ыр жазсам биринчи угуучум да жубайым, Катя ырда десе ырдайм, "жакшы болбой калыптыр, ырдабай эле кой" десе ырдабайм. Тактап айтканда, мен жана балдарым – Катянын жумушу. Бир үйдө 4 ырчыбыз, ар бирибиздин мүнөзүбүз ар башка. Бирибиз "мындай кийим кием" десек, экинчибиз "андай тамак жебейм" дешибиз мүмкүн. Бизге чыдаган келинчегиме рахмат. Ырчы болобу, жөнөкөй эркек болобу, анын артында күчтүү тыл турбаса, ал ийгиликке жетиши өтө кыйын. Анын үстүнө чыгармачыл адамдардын жашоосу түйшүктүү болот эмеспи.
К.: – Мен өзү табиятымдан жаны тынбаган аялмын. Кандай маселе болбосун аралашып кете берем. Мага жардам бере турган балдарым да атасына кошулуп ырчы болуп кетишти. Алардын кийим-кечеси, азык-түлүгү, кандай маселеси болбосун бүт өзүм чуркайм. Зерикпей кийим сатып келип кийгизип көрүп, жакпаса кайра барып алмаштырып келем. Расулдун мага жаккан мүнөзү, майдачыл эмес. Канча акча тапса, ошол боюнча алып келип менин колума карматат. Кийин ал акчаны "эмнеге короттуң, эмнеге бул эмеректи алдың?" деп такыр кийлигишпейт. Мага өтө ишенет, мен сатып берген кийимди же буюмду бир да жолу жакпады же жарашпады деп айта элек.

– Ооба, Катя эженин тыңдыгы көрүнүп турат, а Расул мырза үйдө кандай кожоюн болду экен?

К.:
– Негизи чыгармачыл адамга турмушка чыгарда ойлонуш керек. Анткени булар кара жумушка жок калк болушат. Мен бир эле нерсе айтып берейин, өзүңөр жыйынтык чыгарып алгыла (каткырып). Бир күнү үйдө лампочка күйүп кетип, "алмаштырып берчи" деп сурангам. Жакшы эле бурап алмаштырып жаткан, мен ашканада жүрсөм ушундай бир коркунучтуу үн чыкты. Чуркап келсем бопбоз болуп турат. "Эмне болду?" десем "жаман тартты да" дейт. Көрсө, ток тартып кетиптир. Ошондон кийин ток кармабас болду. Азыр ток маселеси да менин моюнумда. Оозун ачкан аял алса билбейм эмне болмок.
Р.: – Анда көрсө, палас суу экен да, суунун үстүндө туруп алмаштыра бериптирмин. Андайда ток жаман тартат экен. Катя, сен электрик же куруучуга турмушка чыккан жоксуң да. Сен деген артистке турмушка чыккансың, ошондуктан мага күлбөй, мени шылдыңдабай жүр.

– Расул мырза, эр ортону элүү жашка келип калыптырсыз, бул курактын сүйүүсү кандай болот экен?

Р.:
– Бул куракта бири-бириңсиз жашай албай калат экенсиң. Үйгө келсем жубайым жок болсо, киргим келбей машинада отура берем же телефон чалып "каяктасың?" деп жанына жетип барам. Картайсаң деле жүрөк жаш болот экен, телефондорубузга да бири-бирибизди "жаным" деп сактап койгонбуз. Негизи чыгармачыл адамдар башкалардан айырмаланып өтө романтик болобуз. Ар кандай сюрприздерди жасап азыркыга чейин жубайымдын көңүлүн алганга аракет кылам. Катя ооруп калса маанайым бузулат. Айтор, бири-бирибизге аябай байланып калдык.
К.: – Расул жокто томсоруп эле калам. Ал жанымда жүрсө өзүмдү ханышадай сезем. Мурун бир жакка барсам балдарыма таттуу көтөрүп келчү элем. Азыр Расул жакшы көргөн тамакты ташыганды адат кылып алдым. Жаңы эле Расулга ашлян-фу ала келгем. Балдарым "бул үйдө сиздин сүйгөнүңүздөн башка киши жокпу, бизге деле ала келбейт белеңиз" деп шылдыңдап жатышпайбы. Жолдошумдун тамагын эле эмес, чыгармачылыгын да ойлоно берем. Акыркы кезде бош убактысында бильярд ойноп калган. Кудай жалгап кайра чыгармачылыгына кайтып, жаңы ырларды жаздырып, 50 жылдык юбилейлик концертине даярданып жатканы мени кубантууда.

"Биз баш кошкондо Расулдун достору "көп кыздар ашык болгон ырчынын жүрөгүн кантип багындырып алдың?" деп таң кала беришчү".


Замира Рахманбердиева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(25)
12.09.2016. 09:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
4-чу ырчы ким?
12.09.2016. 09:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Zaina,кичинекей кызы
12.09.2016. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nurizka..,nurizka..,кичинекей
кызы ырчы болсо видеолору барды?
13.09.2016. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Zaina,Оа,одноклассникиде журотго Бабковдун небереси экоосу Араштын ырын озундой кылып ырдап.
12.09.2016. 09:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
аа Айгерим стили го апасы жаш маалда
12.09.2016. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бактылуу болушсун.
12.09.2016. 13:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
экоо окшош экен прическасы дагы :)
12.09.2016. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аяш энемго
12.09.2016. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
экоо абдан окшошко
12.09.2016. 22:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бактылуу уй-було, бар болушсун.
13.09.2016. 00:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
чач жасалгаларынан бери окшош го. жакшы маек болуптур. бактылуу болгула)))
13.09.2016. 03:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Экинчи болобу биринчи болобу бактылуу болушсун, Азыр ее бактылуу уй було коз тийбесин
13.09.2016. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
озунун кызы сапсайып турса, куйоо баласын сапсайган неме экен дегендечи ))) негизи бул уй-булоого кызыкчу деле эмесмин, бирок окуп алып аябай кулдум, юморду тушунгон, бири-бирин жакшы корушкон адамдар экен. Катя эженин жаман оюнда алдап алып барып жоолук салат экен деп, шериненин устундо чыкканы соонун болуптур, анан Расул байке айла жок уйлонуп калганы...башынан эле тойдун устунон чыгып ак жолтой болушуптур...Айгерим бактылуу кыз экен, ушундай позитивдуу уй-булоодо чоноюп.
13.09.2016. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кимисинин созуно ишеништт билбей калдым катя уйумду сатайын десем кардар болуп келип калды десе расул он кыздын арасынан козумл урунуп туруп алды артынан кууп барып тааныштым дейт. Тушунбой оллум.
17.09.2016. 18:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
arzuuu,
Кайра, кайра окууңуз түшүнбөсөңүз. Анда да такыр түшүнбөсөңүз билдирүү калтырыңыз. Түшүнгөнүмдү айтып өтөм.
13.09.2016. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мага негизи жагат бул ырчы, бактылуу омур сургуло бактылуу карылык, женебиз да мыкты экен, Расул байке токтон корсонуз эч нерсе эмес эркектин эркеги экенсиз, себеби токтон тамак жасаганга чейин билген эркек аттуулар бар аялына аял болуу мумкунчулугун тузуп бербей, аял жаман деп айткан алар анык катындар.
13.09.2016. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу болушсун
13.09.2016. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ий коз тийбесин
14.09.2016. 19:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Суу паластын усуно туруп алып)))
16.09.2016. 01:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Shahrizaada,Суу паласпы же корккондо чыгып кекенби)))
15.09.2016. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
кыргыздын ырчыларнынын арасынан косерваторияны (СССр маалында кайсы олкодо экени эсимде жок) ушул киши гана бутуп келген. Мен Ошто коцертинде болгом, анда микрафонду бир метр алыс коюп алып ырдаганда эле баалагам, анда Манас Бердибеков алпаруучу болгон
16.09.2016. 01:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баалайм, жакшы ырдайт...
17.09.2016. 20:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
экинчи турмушум деп айтпаптыр го .....маек эң жакшы болуптур, мага жакты.
17.09.2016. 20:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эн жакшы уй булоо коз тийбесин . Бири бириниздерди омур бойу сыйлап журунуздор. Бактылуу каарылык!!!
18.09.2016. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кандай бактылуу адамдар. Менин ата энемде ушундай куракта, аларда суйусуу кучтуу болуп калган.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо