"ЖАҢЫ ТОЛКУН" СЫНАГЫНДА САЯСАТ БАШТАЛДЫБЫ?

№723 09-сентябрь-15-сентябрь, 2016-ж

Орусиянын Сочи шаарында өтүп жаткан 15-эл аралык "Жаңы толкун" музыкалык сынагына Кыргызстандын атынан Нурсултан Азыкбаев катышууда. Сынактын жүрүшүндө мурун айтылып келгендей Нурсултан Григорий Лепс менен эмес, ырчы кыз Ромади менен "Девочка на шаре" чыгармасын дуэт аткарды. Ырчынын менеджери Иззат Молтоевдин айтымында, Григорий Лепстин убактысы жоктугунан улам Нурсултан менен ырдабай калган.
Бул боюнча ырчынын эжеси Нурайым Азыкбаева өз оюн төмөнкүдөй билдирди: "Мен эле эмес, баары байкап турса керек. Нурсултан сынактын алгачкы күнү аябай жакшы ырдады. Ал эми экинчи күнү Ромади деген кыз менен ырдатып коюшту. Муну атайын жасашты деп ойлойм. Ал кыздан мен такыр профессионалдыкты көрө алган жокмун. Муну менен сынактын деңгээли кандай экенин билсек болот. Орусиялыктар бизге эч качан алдыңкы орунду берген эмес, бербейт дагы. Алар дайыма биздин таланттарды басынта беришет. Буга чейин катышып келген ырчылар деле нааразы болуп келишкен. Мен муну Нурсултандын эжеси эмес, музыкант катары айтып жатам".
Белгилей кетсек, 16 катышуучунун арасында биздин мекендешибиз 5-орунда келе жатат. Ал эми көрүүчүлөрдүн добушу боюнча алдыңкы үчилтикке илинди. 1-орунда украиналык актриса, ырчы Галина Безрук болууда. Аталган сынак 10-сентябрда жыйынтыкталып, жеңүүчү аныкталат.

star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(4)
12.09.2016. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Нурсултан алдынкы 3орундун бирооно татыктуу болчу. Лепс менен атайы Эле ырдатпай коюшту, коп балл алып калат Деп. Жылда Эле бизге эч ким тааныбаган Ромадиге окшогон ырчыларды берип коет. Чуство мои деген ыры аябай жакты. Азаматсын Нурсултан!
13.09.2016. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
акыры не болду канчанчы орунду алды бул балажан
14.09.2016. 21:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы ырдады бирок "Чувство мои " д ыры туура тандалган эмес, кучтуурок, конкурска туура келген ыр ырдаш керек болчу, негизи ал жакшы ыр, бирок конкурс учун эмес
16.09.2016. 02:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бирок "Чувство мои" деген ырды бир жылы Арсен менен дагы бир ырчы ырдап чыкпады беле? Кечке эле бир ырды кайталай беришеби? Жакшы ырдады. Бирок океңде кыкең үчүн биринчи орундукту бере тураганга пейил жокда! Пейилдеринен көрүшсүн.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо