Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

BEELINE’ДЫН «БАКТЫЛУУ МИЛЛИОНЕР» ЛОТЕРЕЯСЫНЫН БИРИНЧИ МИЛЛИОНЕРИ!

№723 09-сентябрь-15-сентябрь, 2016-ж

Телекоммуникациялык рыноктун лидери Beeline «Бактылуу миллион» лотереясынын биринчи миллионерин куттуктайт! Жеңүүчү болуп Жалал-Абад облусунун тургуну Манас Сыдыков табылды. Сиздер да оюнга кошулуп, миллион же болбосо миңдеген белектин бирин утуп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуңуз!
Лотереянын 6 жумасында 2760 акчалай белек, 360 даана Beeline Pro 4 смартфону, 10 000 сомдук белектен 10 ирет жана 100 000 сомдук, 1 000 000 сомдук белектен бирден ирет ойнотулду. Жеңүүчүлөр кокустан тандоо жолу менен аныкталып жатты. Ар бир ойнотуу онлайн режимде болгондуктан, каалоочулардын бардыгына ойнотуунун жүрүшүнө катышууга мүмкүнчүлүк берилди. Ал эми
100 000 жана 1 000 000 сомду ойнотууда көз карандысыз байкоочулар жана Beeline’дын социалдык тармактагы баракчасына катталгандар катышты.
Жеңүүчүлөрдүн тизмесин лотереянын million.beeline.kg. расмий сайтынан көрүүгө болот.
Биринчи бактылуу миллионер болуп Сузак районунун Ырыс айылынын тургуну Манас Сыдыков табылды. Ал байланыш жана интернет Beeline кызматтарына акча сарптап,
20 лотереялык билет чогулткан. 18-билет ак жолтой болуп, 1 миллион алып келди. Жеңүүчүнүн айтымында, ага компаниянын өкүлдөрү телефон чалып, Beeline’дын «Бактылуу миллионер» лотереясынын жеңүүчүсү болгондугун жарыялаганда ал Орусияга иштеп келүү үчүн кеткени жаткан. Утуп алган байгесине Манас Сыдыков өз мекенинде эле калып үйүн салып бүтүргөнү жатат. Бир миллион сомдун сертификатын салтанаттуу тапшыруу аземи 30-августта Жалал-Абад шаарындагы Beeline’дын сатуу жана кызмат көрсөтүү кеңсесинде өттү.
«Компаниянын атынан «Бактылуу миллион» лотереясынын 1 000 000 сом байгени уткан алгачкы жеңүүчүсүн куттуктайм! Рыноктунлидерлери катары биз кардарларды сапаттуу байланыш менен гана эмес, шыктандыруучу акциялар менен да кубантууну улантып жатабыз. Лотерея уланып жатат. Алдыда 1 миллион сомдук байге 2 ирет жана 3 миңден ашуун акчалай байге ойнотулат. Катышкыла жана уткула!»- деди башкы директор Ернар Накисбеков.
Лотерея 2016-жылдын 20-октябрына чейин уланат. Көптөгөн акчалай байгелер, Beeline смартфондору жана 2 ирет миллион сомдук байге ойнотулат. Лотереяга катышуу үчүн *777# командасын терип Beeline’дын кызматтарын пайдалануу менен билеттерди чогултуу керек:

  • Байланыш кызматтары үчүн коротулган ар бир 30 сом үчүн («Мобильный Перевод», «Автоплатёж», «Доверительный платёж» кызматтарын эске албаганда) катышуучуга 1 виртуалдык билет берилет.
  • Жаңы Beeline сим-картасын жандырган үчүн 3 виртуалдуу билет.

Билеттердин санын көбөйтүү менен катышуучулар жеңүү мүмкүнчүлүгүн көбөйтүшөт. Лотерея жана катышуу эрежелери боюнча кененирээк маалыматты million.beeline.kg сайты жана 7777 кыска номуру жана
+(996) 772 011 777 номуру
аркылуу алууга болот.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(9)
12.09.2016. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чындыкпы
12.09.2016. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизде 40 билет болду азырга чейин бит да утук чыга элеек .
12.09.2016. 21:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бизде да 18билет болду утуш жокко бир болсо элдер айтмакчы туугандарына эле чыгарып берет окшойт ко
13.09.2016. 06:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
менде да билеттер көп, ар жума ойнотулат дегени да калп ко.
13.09.2016. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Буга ишениш ото кыйын..
13.09.2016. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошентип ала элекмин 500 сомду
15.09.2016. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ЭЭЭ Манас Аке куттуктайбыз Россияга барбай эле коюнуз!!!!!!!!!!!
Ушул жерде элк видео наблюдения кызматыныз болот юолчу
15.09.2016. 21:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kuttuktaim
19.09.2016. 02:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул компанияда жалан аферистер иштейт...мен муну такыр колдонбойм утуш жасалма ишенгиле мага
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо