Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

АРТЫК БАШ БУЮМДАРДАН АРЫЛ!

№723 09-сентябрь-15-сентябрь, 2016-ж

"Керектүү буюм менен гана жаша!" Минималисттер дал ушундай ураан менен өмүр сүрүшөт. Алар керексиз буюмдардан арылуу менен өздөрүн бактылуу сезип, мындай кадам ийгиликке жол ачат деп ишенишет. Биз бул сапар дизайндагы минимализм дегенге токтолобуз.




МИНИМАЛИЗМ ДЕГЕН ЭМНЕ?

Бул – жашоо стили, багыт. Артык баш буюмсуз жашоо десек жарашат. Дизайндагы минимализмге келсек, ал баарынан мурун жөнөкөйлүгү менен айырмаланат. Үйдө керектүү буюмдар гана калтырылып, пол, дубал менен шыптын өңү көбүнесе көзгө урунбаган ак, боз, көгүш түстө болот. Бул стиль менен жашагандардын арасында япондор эң атактуу келишет. Аз, бирок саз болсун дешет алар.




ЭМНЕ ҮЧҮН ЭСКИДЕН АРЫЛУУ КЕРЕК?


Анткени алар өзүндө өткөн эмоцияны, эскерүүнү сактап жүрөт делет. "Эмоционалдык казык" түшүнүгүндө үйдө көп жылдар бою пайдаланылбаган буюм болсо, аны колдонгон сайын эски жашоо сизди имерип алгандай болот. Биздин көз карашыбыз, ой толгообуз жашообузду өзгөртүүчү факторлор. Ал эми ой жүгүртүүнү жаңылаш үчүн таштандыдан арылыш керек.


Эгерде эскинин ордуна жаңы келсин десеңиз, анда колдонбой калган буюмду жоготуңуз! Колдонбогон буюмуңузду ыргытып жатып "балким, жаңы алганга акча таппай калам" деп ойлобостон, эскини ыргытсам, жаңы буюм алганга акча табам деңиз.



ЭМНЕДЕН БАШТАЙБЫЗ?

Колдонулбай калган буюмдарды аныктап алыңыз.
Алдын ала тизме түзүп, атайын бир күндү белгилеп, таштандыдан арылуу күнүн жүргүзүңүз.
Үйдү тазалоодо алгач узак убакытка сакталуучу буюмдар­дан баштаңыз. Буюм жылдар бою сакталып, бирок ал колдонулбаса, анда ке­рексиз буюмга айланат.
Эгерде ыргытууга көңүлүңүз кыйбай жатса, туугандарыңызга же тааныштарыңызга бериңиз. Ошондой эле аны жаңыртып да колдонсоңуз болот. Эң башкысы ал сизге кызмат кылышы керек.
Керексиз буюмдар менен коштошуучу эң жакшы мезгил – бул жай айлары. Себеби жайында сиз үйүңүздү актап, сырдап гана тим болбостон "таштандыдан" да тазалайсыз.
Керексиз буюмдар үчүн чоң кап алыңыз. Эми өзүңүзгө "27 даана керексиз буюмду ушул мүшөккө салам" деген тапшырма бериңиз. Жакшылап караңыз, сиз көп жылдан бери колуңузду тийгизе элек буюмдар абдан көп. Алар жукпай калган калем, жакпай калган кийим, окулуп бүткөн гезит жана башкалар болушу мүмкүн.
Таштанды үчүн тумбочка бөлсөңүз да болот. Ал жакка колдонулбаган, бирок ыргыткыңыз келбеген буюмдарды чогулта бериңиз. Аны 1 айда бир тазалап туруңуз. Күн сайын кечинде таштандыдан арылууга 10 мүнөт убакыт бөлүңүз. Жыйынтыгы сиз күткөндөй болот.
Бекер эле ыргыттым деп капа болуунун кажети жок. Мейли аз эле буюм, бирок сапаттуу жана сиз колдоно турганы болсун. Мунун жакшысы – көп ичинен керектүүсүн издеп убара болбойсуз.
Учурда буюмдарды мода кууп алуунун зарылчылыгы жок. Себеби сиз жаңы алдым деген нерсе бат эле модадан өтүп кетет. Андыктан сизге зарыл болгон буюмду гана алыңыз.
Минимализм бир гана таштандыдан арылууга үйрөтпөстөн, убакытты жана акчаны үнөмдөө адатыңызды калыптандырат.

Жазгүл Кенжеева
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(16)
12.09.2016. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кыргыздар ушундай минимализмде жашаганда качан эле байып кетмекпиз особенно тойлорду минималистичный кылсак эххх.....
12.09.2016. 22:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Чон энесинин, чон энеси колдонгон чыны чайнектери журотго бизде эстеп журолу деп.
17.09.2016. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Donchik09,менда арылгым келет эски оокаттан. Кайненем идиши ото коп. Жадакалса ичи сынган термостор бар 5,6 сынбаганынан эле 4 . )))
12.09.2016. 22:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен таштап эле салам. Кийимдеримди бироого берип калганын таштандыга таза капка салып таштап коём кимдир бироого керектир деп.
12.09.2016. 23:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Эххх,ушуларды апалар окушат болду бекен? Бир нерсесин кармасан "ой тийбе ал менин апамдыкы,аны да жайына кой,сенин кичине кезиндеги жапжаны бойдон" деп тажата беришет
13.09.2016. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен да берип салам туугандарыма андан коро сен колодонуп сал деп, кийимдерди да бергенге аракет кылам антпесе салбыратып кийип алам андан коро берип салсам эски кийим кийбейм козум корбойт. Бирок дагы эле бытыраган нерсем аябай коп да.
13.09.2016. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мен анда минималист экем кээде жолдошуман тил угуп калам сен бат эле жоготосун кереги жок болсо эле деп, бирок ушуну кайненеме окутуп коюшум керек экен, уйундо керексиз оокаттар коп коруп алып жинин келет, кереги тиет деп эле плюшкин боло берет.
13.09.2016. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Менин да кайненем плюшкин, чогу турганыбызга бир был болду тазалап бутпой койдум, озубуз жашаганда мындай проблема жок болчу,азыр тигиге тийбе,буга тийбе...
13.09.2016. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мен да керексиз буюмдарды бироого берип, таштандыга таштап, ортточусун орттоп турам. Негизи бир жылдан ашык колдонулбаган буюмдун да сурагы болот дешет. Ата-бабаларыбыз кочмон эл болгондуктан, ашыкча дунуйо жыйнабай ото жонокой жашашкан. Эскиден арылмайынча жаны келбейт деген да туура.
14.09.2016. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен , мындан 6-7 жыл мурун бир семинарга барып окуп келип , туну мене уйду жыйнап коп нерсени жараксыз деп чыгаргам , ошондо уулум айтып жатпабы Апа мурунтан эле окусаны болмок экен деп . Азыр ай сайын керексизди ыргытып турганга аракет кылам. Негизи бизде кыргызда энесинин оокаты деп чогулта беребиз го, аны келиндер барктап урунса жакшы.
15.09.2016. 19:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Минималистка боло коём деп балеге калгам го чиркин омур.))) Апамдын эскирээк, омуру кийилбеген койногун мусорго ыргытып таштадым эле, эки кундон кийин "Кана койногум?" деген суроого мусордо деп жооп берсем бар таап кел деген э.)) Анан жургом мусордун арасында койнок издеп, бомжга окшоп))
16.09.2016. 03:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
gulzar_gulu,эздинизго
27.01.2017. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
gulzar_gulu, :))))))))
16.09.2016. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен плюшкинмин, бирок керектүүсүн гана жыйам. үйүмдө кереги жок буюм табылбаса керек
18.09.2016. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайынэненерге шек келтирбегиле бир нерсе болсо эле шылтоолой бергиле сенин оз энен да атан да бироого кайыната кайынэне туурабы жамандагандын кажети жок темадан алыстасам алдын ала кечирим сурайм
03.11.2016. 18:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен да минималистмин,керексиз кийимдеримдин баарын коншуларыма берип салам,жолдошум аларды коруп алып мени карап жылмайып коёт,жолдошум да минималист болгондуктан каршы болбой,"Сооп болот,беребер озун кийбесен"-дейт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо