Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Москвадагы өрттөн аман калган кыз: «ӨЗҮМДҮ ӨЛҮП КАЛГАН ОКШОЙМ ДЕП ОЙЛОДУМ»

№724 16-сентябрь-22-сентябрь, 2016-ж

Кыргыз кыздарынын өмүрүн алган Москвадагы өрт окуясы чырактай кыздарынан айрылган ата-энесинин, бир туугандарынын, дегеле жалпы журттун эсинде түбөлүк сакталары белгилүү. Мына ошол кырсыкта жабыркагандар менен кыздарды куткарууга көмөк көрсөткөн биздин мекендештерибиз окуя тууралуу айтып беришти.

Москвадагы өрттөн аман калган кызга алгачкы жардам берилип жаткан учур.


«АЗЫР ДЕЛЕ ОШОЛ ӨРТ, КЫЗДАР ЭСИМЕ КЕЛЕ БЕРЕТ»

Өрт учурунда куткаруучулар тарабынан аман калган Кызбурак Калбай кызы кырсык тууралуу буларды айтып берди:
-Ошол басмаканага жумушка киргениме 2-3 гана күн болгон. Каза болгон Гүлбара Бообекова менен чогуу иштечүмүн. Гүлбара эже мага жумуштан жардам берип, билбегендеримди үйрөтүп турчу. Иштеген кыздар менен чогуу мен да түнкү нөөмөттө иштеп, аны өткөрүп, чечинүүчү бөлмөдө болчубуз. Баш-аягы отуздай кыз болсо керек. Анан эле «өрттөнүп жатат» деген сөздү уктук. Ошол учурда эшикти ачсам 4-кабатты түтүн каптап калыптыр. Жанымдагылар «эшикти жап» деп кыйкырышты. Мага эптеп эшикке чыгыш керек деген ой келди. Чынында нес болгондуктан кантип чыгып кеткенимди билбейм, өлгүм келген жок. Моюн орогуч менен бетимди ороп, өрттү аралап чуркап чыктым. Ал учурда биз иске уулана баштаган экенбиз. Сыртка чыгып баратып башым менен бир нерсеге урунуп алып, өзүмдү жоготуп коюптурмун. Эсиме келсем, үстү жак түтүн, асты жагында аба бар экен, ошондон бир аз дем алып, эс-мас абалда эшик издеп жөнөдүм. Өзүмдү өлүп калган окшойм деп ойлодум. Анткени аябай коркуп калганда эс-мас боло берет экенсиң да. Бир убакта балдардын чечинүүчү бөлмөсүнө барып калыптырмын. Ал жактагы жигиттер жерге түшүш үчүн кийимдерди байлаштырып жатышыптыр. Аба жетпей баштаган учурда бир жерим сынса дагы мейли, аман калышым керек деп терезеден секирүүгө аракет кылдым. Бирок балдар мени секиртпей кармап турушту.
Жигиттер «жардам бергиле» деп кыйкырышканда ары жактан өрт өчүрүүчүлөр унаанын шатысын алып келип мени алып түшүштү. Анан эле ооруканага алып барышты. Бир аз эсиме келгенде жанымдагыларды карасам, чогуу иштеген кыздар көрүнбөйт. Сураштырсам, алар каза болуптур дешти. Алар да менин артымдан чыгышты деп ойлогом. Өрттөн колум, чачым күйдү. Кулактарым да бир аз күйдү. Азыр караңгы кирсе эле ошол өрт, кыздар эсиме келе берет. Түнкүсүн уктай албай калдым. Дагы деле өзүмдүн аман-эсен экениме ишене албай жатам.

«КОРКТУМ, БИРОК ӨЛӨМ ДЕП ОЙЛОГОН ЖОКМУН»

Өрт учурунда кыздарга жардамга келгендердин бири Азамат Акматов ошондогу абал тууралуу айтып берди:
-Мен ошол өрттөнгөн басмаканада 1 жылдан бери иштеп жүргөм. 26-августта да күндөгүдөй эле түнкү нөөмөттө иштегени чыккам. Эртең менен жуунуп-тазаланып жатсам эле чогуу иштеген балдар чуркап келишти «күйүп жатат» деп. Ошол жердеги балдар өрттөнүп жаткан жерге чуркап барып, өрттү өчүргөнгө аракет кыла баштадык. Аңгычакты өрттөнүп жаткан имараттын ичинен «башка да кыздар калып калды» деп кыздар ыйлап, кыйкырып чуркап чыгышты.
Чындыгында аларды куткарып калууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Себеби ал жак аябай түтүн болуп, киши киргенге болбой калган. Төртүнчү кабатка көтөрүлүш керек болчу. Ошол жердеги балдар шаты менен 4-кабатка көтөрүлүп, 2 жигит менен 2 кызды куткарганга жетиштик. Куткарылган кыздардын бири ооруканага жетпей каза болуп калды. Калган эки жигит менен бир кыз: Кызбурак Калбай кызы, Уларбек Исраил уулу, Нурмухамед Кадыржанов азыркы тапта ооруканада дарыланып жатат деп уктум. Андан кийин кечке ошол жерде болдук.
Иштеп жүргөн учурда биринчи кабатта иштеген Жаңылмырза Коргонбай кызы менен Кыял Алабердиева деген каза болгон кыздар менен мамилем жакшы болчу. Алар ак көңүл, жакшы адамдар эле. Алар ошол жакшы сапаттары менен менин эсимде калды. Өрт учурунда өзүм аябай корктум, бирок өлөм деп ойлогон жокмун. Болгону башыма өрттөн кантип куткарыш керек деген эле ой келди.
Орусиядагы Кыргызстандын элчилиги бизди сыйлайт экен деп уктум. Бирок өзүмдү эрдик кылып салдым деп эсептебейм, анткени ал жакта чогуу иштешкендериң чыркырап күйүп жатса кантип жардам бербей туруп аласың?! 10-сентябрда бир косметикалык компания үчөөбүзгө: Таалайбек Марип уулу, мен жана Адыл Шакировго Ардак грамота тапшырып, белектерин берип, биргеликте курман болгондорго куран түшүрдүк.

Солдон оңго: Азамат Акматов, Таалайбек Марип уулу жана Адыл Шакиров.


Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  7 
Комментарийлер(22)
19.09.2016. 09:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
эх ушул каргашалуу кун тууралуу маалымат укканда эле козго жаш тегеренет. Баары чыга берсе жарымы болсо да тируу калмак беле аттин
19.09.2016. 09:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
жаратканым тынчтык беришин гана тилеймин! Мен да орусияда иштегем окуумду таштап 1 жылдай, чет жакта журсон Кыргызстанынды аябай сагынат экенсин ,1 жыл иштеп окуумдун контрагына акча чогултуп эми окуп атам КНУ Юр.Фак да.2 чи курсмун.кудайга шугур тундо охрана да иштейм кундуз окуйм) чет мамлекетте жургон кыргыздар ар кандай журот бири кооп, акчасын чачып кафе ден чыкпайт, бири акча табалбай кыйналып журот( эмне болсо да АМАН БОЛ, БАР БОЛ КЫРГЫЗЫМ оз тагдырын колунда Озунду озун Сыйла!!!
19.09.2016. 09:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Жаткан жериниздер жайлуу болсун.Ардайым журогубуздо каласыздар.Эстеген сайын журок ооруйтко.
19.09.2016. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
ар кимдин да колунан келе бербейт эрдик кылыш
19.09.2016. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Озунун олумун ойлобой, элдин аман калышын ойлогон азамат жигит экен.
19.09.2016. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эээх
19.09.2016. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Аллах ыраазы болсун силерден
19.09.2016. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
эхх мекенибиз качан онолоор экен))))
19.09.2016. 19:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматар!!!!! Кайсыл олкодо иштебейли кыргыздар бири бирибизге жардам беришибиз керек.
19.09.2016. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-21
мактаныштын ордуна окунбойсунорбу куткарснар куймок эместа 14 кыз
20.09.2016. 05:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кызбурактын артынан келишкенде аман калышмак беле. Эх аттин,жаткан жайлары жаннат болсун
20.09.2016. 20:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Мына кыргыздын кыздары мындай кырсыкта сиздерге бир гана кыргыздын жигиттери куткарууга колдоруну сунушат.Озбектердин, тажиктердин, азербайжандардын, турктордун донжуандарына караганда кыргыздын жигиттери эр журок болушат жана сиздерди эч качан кыйын абалда ташташпайт.
KGstan1981 түзөттү 2016-09-20 20:04:30
20.09.2016. 22:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
KGstan1981,ошо да
20.09.2016. 22:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жандары жаннатта болуп,Аллахым билип билбей кылган куноолорун озу кечирсин,оомиийн.Аллахым озуно керек,жакшы адамдарды бир себеп менен бизден алып кетет экен да...((
21.09.2016. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Февраль айында дагы тогуз жараныбыз Москвадагы орттон каза юолушту эле. Эми минтип он торту. Журо беребизби жарандарыбызды ботон жерде ортко жалматып. ХХХ ХХХ козунорду ачкыла бири биринердин ХХХ ХХХ отура бербей, анткени болуп жаткан баардык нерсеге силер кунолуусунор.
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-09-21 14:19:55
21.09.2016. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
akaichik, этика нормаларын сактап, кимдир-бирөөнү мазактоодон алыс болуӊуз. 5 күнгө БАН!
22.09.2016. 04:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Качан омурлор кыйылганда гана эл эсине келеби?!!! Он гулунон бир гулу ачылбаган наристелерди кантип жалгыз жиберет!?!! Олко чачырайт
Жаштар аз
Мамлекеттин жарандыгынан баш тарткандар канча!? Канча адам ден-соолуктан, бакыттан айрылды бул шаарда?! Жараткандан жалгыз сураарым, жакшы башчы келсе экен! Колуна гитара эмес, китеп кармаган!
22.09.2016. 23:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жерлери жайлуу болсун.Бул кунду эстеген сайын журогум ооруйт аттин канчалаган омурлор кыйылды
24.09.2016. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аман эле болгулачы кагылайындарым, ар бир уйдон барып иштеп,
тиргилик кылалы деп журушот да.Орт тууралуу соз болсо ошо кыздар эсиме тушо берет,коздон жаш тегеренет.
24.09.2016. 22:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бироонун мекени бироонун жеринде ушундай олум табыштан кудай озу сактасын кандай олум кутсода ар бирибиз оз мекенибиз оз жерибизде еле ололу
25.09.2016. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
иске ууланып бул кандай тутун пластиктердин жытыбы?
24.10.2016. 13:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен 3 балага ыраазычылыгымды билдиргим келет кантсе дагы 3 адамдын жанын сактап калыптыр.Бул дуйно менен коштошкондолдун жаткан жайы жайлуу жарык болсун ооммин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо