БАЛИ АРАЛЫНА «БАТКЕНДИН СУЛУУСУ» БАРАТ

№724 16-сентябрь-22-сентябрь, 2016-ж

10-сентябрда Спорт Ордосунда «Тамашоунун» командалары SUPER.KG`нин кубогу үчүн ат салышты. Таймаш «Универсал», «Brooklyn», «Ала-Тоо», «Элестет», «Ассорти» командалары арасында өттү. 1-орунду «Универсал», 2-орунду "Brooklyn" командасы ээлесе, 3-орунга "Ала-Тоо", 4-орунга "Ассорти" жана "Элестет" командалары тең чыгуу менен ээ болушту.

SUPER.KG 10 ЖАШТА

SUPER.KG
порталы аркылуу алыста жүргөн миңдеген мекендештерибиз өлкөбүздө болуп жаткан коомдук урунттуу окуялар, элибиздин жашоо-турмушу тууралуу маалыматтарды алып келишет. Ошондой эле ар кайсы чөйрөдө ийгилик жараткан атактуу инсандар менен кызыктуу маектер, хит болуп жаткан ыр-клиптерди да биринчилерден болуп аталган порталдан табууга болот. Тез арада кыргыз тилдүү сайттарды басып өтүп, алдыга озуп чыккан маалымат-маанайшат порталы быйыл 10 жашка чыгып отурат. Мунун урматына уюштурулган SUPER.KG`нин кубогу үчүн жарыш кызуу жүрдү. Бул ирет калыстар курамында өзгөрүүлөр көп. Алсак ырчы Назгүл Токтакунова, SUPER.KG порталынын директору Айсулуу Алимбекова жана II Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарындагы көк бөрүнүн жылдызы, белгилүү улакчы Манас Ниязов бул күнү командаларга өз баасын берип отурушту. Оюндун жыйынтыгында алдыга озуп, кубокко «Универсал» курама командасы ээ болсо, Бали аралына жолдомону команданын капитаны Калыбек Турдубаев илип кетти. Сулуулар сынагында баткендик сулуунун ролун катыра аткарган Калыбектин өзбек көйнөгү менен маасысы эле бир тайлык болду. Ал эми анын таштап кеткен жигитине арнаган ыры залдагыларды «жарды». 2 саат бою элди зериктирбеген тамашаларга сиз да бир жылмайып коюңуз.

«Баткендин сулуусу» таштап кеткен жигитине ыр арнап жаткан кези.



Калыбек Турдубаев:
– Бул сыйлыкты алам деген ой түшүмө да кирген эмес. Анан «Мыкты оюнчу» деп менин атымды аташканда нес болуп, аябай толкундандым. Командадагы балдар баары чын дилинен куттукташты. Биз кубокту алышыбыз керек деген максат менен келгенбиз. "Мыкты оюнчуну" башка командадагы балдар алса керек деп ойлогом. Ушундай мүмкүнчүлүк түзүп берген SUPER.KG`ге рахмат!

«САЛАМДАШУУ»

Силерде «качать» этип белди чыгарабы? А Баткенде «качать» этип сууну чыгарат.

Бири чаар баштык, экинчиси чемодан сүйрөп алган жигиттердин маегинен.
Чемодан сүйрөгөнү: – Эй, сен бул баштыгың менен каякка жөнөдүң?
Чаар баштыкчаны: – Балиге.
– Сен Балиге эмес эле Баткенге жөнөгөнсүң го.
– Сен бул баштыкка асылба, бул мага чоң атамдан атама, атамдан улуу байкеме, улуу байкемден кичүү байкеме, андан мага тийген. Бул деген эмгек сиңирген баштык! Сен өзүң чет өлкөгө чыккансыңбы?
– Жок.
– Бул баштык Орусияга 7 жолу барып келген. Сага караганда көптү көргөн.

(«Ассорти»)


– Сенин кличкаң ким?
– «Дрыщ».
– А картайганда ким болот?
– «Бырыш...»

Селсаяктар бири-бирине куда түшүп келишет.
– Силерде гүл бар экен, бизде булбул бар, ошого кондуруп койбойлубу?
– Түшүнгөн жокмун, өзүбүздүн тилде эле сүйлөңүзчү.
– Силерде баштык бар экен, бизде баклажка бар, салып койбойлубу?
– Салса салып коёлу, «кыздын барар жери баштык» дейт.
– Келгиле анда, эки жашка бата берип биз жыла берели.
– Ай, бир аз коё турбайт белеңер, саат 7де «мусорный» КамАЗ келет, «ужин» ичип кетмексиңер...

(«Ала-Тоо»)

«Brooklyn» командасы президенттерге арналган тамашасы менен өзгөчөлөндү.


– Кыргыз эли таланттуу, ажолору баш болуп. Мурункусу жакшы бийлечү, азыркысы жакшы ырдайт, эми кийинкиси жакшы иштейт деп ишенебиз.

Brooklyn»)


Гүл сатып жүргөн блондинка Атыркүл эже орус жигитке тийишип:
– Мага апамдар кичинекей кезимде «тентек кылсаң сени орустар алып кетип калат» дечү. Мен азыр деле тентекмин...

Brooklyn»)


«КИМ ТАПАН?»

Чоң энебизге чоңойгонубузду кантип түшүндүрөбүз?

Бектемир Мамаюсупов


– Нью-Йоркко качып кетсек эле түшүнөт го дейм.

(«Ала-Тоо»)


– Бишкекте кандай билбейм, бирок бизде «апа, мен катын алам» десең эле түшүнөт.

(«Универсал»)



– Кыздар Көчмөндөр оюндарына катышса кайсы мелдеш боюнча жарышмак?

Назгүл Токтакунова


– Улуттук чач тартыш.

(«Ассорти»)


– Сиз катышсаңыз көк бөрү эмес, сапсары бөрү болмок.

(«Ала-Тоо»)


– Кыздар ал спортко катышкыча көчмөндөр тарап кетмек.

Brooklyn»)

Атыркүл эже: «Подиумга ушул көйнөктү кийип чыкмакмын».


Эрктүү жигиттер саякат үчүн сахнага ушундай чыгышты.


Селсаяктар кыздын калыңын чечишип жаткан учур.


Мыктылардын мыктысы«Универсал» командасы болду.



Жазгүл Кенжеева
Алишер Алиев
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(20)
19.09.2016. 09:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
азаматсынар экинчи нонейм
20.09.2016. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Boldukan86, но неймге жетиш учун али канча жыл иштеп мээнет кылыш керек бир Кудай билет... Лучше салыштырбай эле койбодун да.... Чобурга карап алып Тулпарсын го тулпар дегенчелик болуп калыптыр....

Но нейм тамашоудан кеткенден кийин тамашоунун кызыгы калбады мурункудай мыкты оюн корсоткон командалар негедир азыр корунбойт го...
frunze777 түзөттү 2016-09-20 11:50:15
19.09.2016. 09:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Алга тамашоу!!!Универсал азаматсынар.
19.09.2016. 09:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Универсал алга! Азаматсынар!!!
19.09.2016. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсынар жигиттер!
19.09.2016. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсынар!
19.09.2016. 11:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Универсал командасы гана мыкты кулдурот, азаматсынар!
19.09.2016. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
30мин аз эмеспи? ошо алтоо бир ай даярданбай эле бир ай бир жерде иштесе деле олдум дегенде беш минден иштесе керек. Анан жол кире, нары бери дегени бар, атайын Оштон келгенден кийин...
19.09.2016. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
omu,туптуура, ал акча кеткен расходду жаппайт бирок негизгиси приз эмес жениш. Бул жениш тамашрунун тарыхында? А элдин эсинде озлорунун журогундо калат!!!
19.09.2016. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Толук Версиясын кайдан көрсөм болот?
19.09.2016. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эми юмор с юмором дечи. Бирок,селсаяктарга кулгон туура эмес. Инвалиддерге да юмор кылып алгандарды тушунбойм. От сумы и тюрьмы не зарекайте сь
19.09.2016. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Толук версиясын качан көрөбүз
19.09.2016. 20:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Универсал Алга,азаматсынар!!!
19.09.2016. 20:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ушул тамашоучуларга еч тушунбоймда. эмне Баткен башка мамлекет бекен а!
20.09.2016. 00:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец Оштуктар
20.09.2016. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
озу эн эле мыкты командалар но нейм универсал
20.09.2016. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошто талантуу инсандардын коп экени 30000призден жогору турат, чыныгы, жасалма эмес Тамаша. Элдин турмушунан алынган, азамат универсал Ош!!!
20.09.2016. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Super.kg оюнду толугу менен качан, кайсы жерден корсок болот? Жооп берип койгулачыыыы please??????
20.09.2016. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Adelka, саламатсызбы? Мүмкүнчүлүк болгондо порталга жүктөгөнгө аракет кылабыз. Сунушуӊузга рахмат.
20.09.2016. 19:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баткендиктер Алгааа !!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо