Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

II ДҮЙНӨЛҮК КӨЧМӨНДӨР ОЮНДАРЫ: НАМЫС КОРГОГОН УЛАКЧЫЛАР, УНУТТА КАЛГАН КОМУЗЧУЛАР...

№724 16-сентябрь-22-сентябрь, 2016-ж

3-8-сентябрь аралыгында Ысык-Көл өрөөнү өзгөчө шаңга бөлөнүп, II Дүйнөлүк көчмөндөр оюну болуп өттү. Бул маараке кызыктарга бай болду. "Той болот, тойдун эртеси да болот" демекчи, экинчи ирет өткөрүлгөн көчмөндөр оюндары эмнелер менен эсте калганын, жетишкендиктерин жана кемчиликтерин тизмектеп өтөлү.


МАКТООГО ТАТЫГАН "МАШ БОТОЙ", БААТЫРДЫН ОБРАЗЫНДАГЫ СТИВЕН СИГАЛ

II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинде өлкөнүн 7 дубанынан тандалып алынган 1000 комузчунун Атай Огонбаевдин "Маш ботой" күүсүн черткени көрөрмандардын канын кызытып, көздөргө жаш тегеретти.
Ал эми оюндарга чакырылган коноктордун сап башында дүйнөгө таанымал америкалык актёр Стивен Сигал болду. Ал ачылыш аземинде көчмөн жоокеринин кийимин кийип, ат минип көрөрмандардын алдынан өттү. Мындан тышкары Москвадагы 17 адамдын өмүрүн алган өрт учурунда кыргыз жарандарын куткарууга жардамдашкан Юрий Лугвин да бул оюндарга кадырлуу конок катары чакырылды. Аны менен кошо кыргыз кыздарын өрттөн куткарган 5 кыргыз жигити көз жаздымда калды. Ошондой эле социалдык тармактардын биринде жүргүзүлгөн фотосынактын катышуучусу, "саз менеджери" аталган орусиялык окуучу Игорь Назаров да бул оюндарга чакырылып, көл жээгинде фотосессия уюштурду. Мындан соң интернет колдонуучулар аны "Ысык-Көл менеджери" деп атаганга да үлгүрүштү. Мааракенин жабылуу аземинде жергиликтүү ырчылардан тышкары Казакстан, Түркия, Франция, Азербайжан, Орусиядан келген 500гө чукул ырчы, бийчи, моделдер да өз өнөрлөрүн тартуулашты. Башында Түркмөнстандын өлкө башчысы Гурбангулы Бердымухамедов, Башкортостандын башчысы Рустем Хамитов жана "Газпромдун" жетекчиси Алексей Миллер келет деп күтүлүп жаткан. Алардын бири да келишкен жок.


БҮЙҮР КЫЗЫТКАН КӨК БӨРҮ


8-сентябрда Чолпон-Ата шаарында ат майданда өткөн көк бөрү боюнча финалдык беттеш эң бүйүр кызыткан оюндардын бири болду. Анда улакчыларыбыз Казакстан курамасы менен кез келип, 15:3 эсебинде утушту. Кыргыз спортчулары атаандаштарга эч кандай мүмкүнчүлүк бербей, аттарды жана өздөрүн оюнга толук бойдон арнашты. Жыйынтыгында улакчыларыбыз алгачкы 20 мүнөттүктө 7 улак, экинчи 20 мүнөттүктө 3 улак жана жыйынтыктоочу баскычта атаандаштарынын тай казанына 5 улак салышты.

ШАШЫЛЫШ БҮТКӨН ЖОЛДОР, УНАА ТЫГЫНЫ, МИЛЛИОНДОГОН ЧЫГАША ӨЗҮН АКТАЙБЫ?

Чолпон-Ата шаарына жетчү Балыкчы-Корумду жолун оңдоп-түзөө иштери шашылыш бүткөрүлдү. Бекем орнотууга бетон тартыш болгонбу, айтор, кээ бир жол белгилери жерде ташка жөлөнгөн абалда турду.
6-сентябрда Чолпон-Атадан Бишкектеги "Манас" аэропортуна учуп келген 280 комузчуну шаарга жеткирүү үчүн эч бир транспорт уюштурулбаганын, оюндардын ачылышынан кийин комузчулар эч кимге кереги жок болуп калганын "Айгине" маданий-изилдөө борбору социалдык тармактардан жазып чыкты. Аталган борбордун өкүлдөрү: "Чолпон-Атадан эки рейс келип "Манас" аэропортуна конгон. Биринчисинде 189 бала келсе, экинчисинде жүздөй бала келди. Биз үчүн бөлүнөт деген транспорт келген жок. Аэропортто 3-4 саатка жакын күттүк. Акырында өзүбүз 20дай кичиавтобус жалдап, балдарды шаарга жеткирдик",- деп билдиришти.
"Көчмөндөр оюндары Олимпиада оюндарынын уникалдуу аналогу" деп төш какканыбыз менен, бул оюндарды өткөрүүгө белсенген өлкө жок. Башында ар бир 2 жылда башка өлкөлөргө өткөрүп берилмей болгон Дүйнөлүк көчмөндөр оюну 2 жыл сайын Кыргызстанда өткөрүлө турган болду. Буга эмне себеп? Балким, миллиондорду чапчыган бул мааракенин пайдасына караганда чыгашасы көп чыгар. Novosti.kg сайтынын маалыматына таянсак, Президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Сапар Исаков экинчи ирет Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө жалпысынан 2 миллиард 4 миллион сом жумшалганын, бул биздин өлкөнүн иш-чараларды өткөрүүдө сарптаган рекорддук сумма экендигин айтты. Ал эми уюштуруучулар азырынча кеткен чыгым аягына чейин эсептелип бүтө электигин айтышууда. Корогон акчалар өзүн актайбы? Бул учурдун башкы суроосу.

Асхат Субанбеков
Алишер Алиев
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(19)
19.09.2016. 09:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
2 млрд акчанын ичинен комузчу артист, кызматкер, тейлегендерге жетишинче берсе болмок экен.
19.09.2016. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
asad9, сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек. Эскертүү!
19.09.2016. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Комузчулар таарынбай эле коюшса болот,башка өлкөдө калып калгансыбай.катышуунун өзү кандай сыймык,сүйүнгүлө андан көрө.
19.09.2016. 19:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Буткон ишке сынчы коп Эми ар нерсе дей беришет
19.09.2016. 21:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Андан коро адамдарды чет олколорго тентитпей жакшы бир завотторду курушбайбы
19.09.2016. 21:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ар эки жылда болбойт го,жок дегенде төрт жылда өткөрүп турушса жакшы болмок. Себеби анда өтө эле кызыгы кетип калат го дейм. Бюджетти соруп түгөтөт го анда.
20.09.2016. 08:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Баары жакшы эле болду бирок ар бир 2 жылда откоргонуно кошула албайм. Биринчиден каражат анан спортсмендер деле даярданыш керек да. 4-5 жылда откону жакшы.
20.09.2016. 10:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
nurelle, ACMAH, сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек. Эскертүү!
20.09.2016. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
2 миллиард аз акчабы? Кочмондор оюну жакшы бирок олкобуз онолбой аран турганда ушундай чон сумма чачып эмне кереги бар эле. Вот почему я не навижу АША
21.09.2016. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Tattybubu93,биз улуу көчмөн тарыхы бар эл болуп туруп 2-жолу дагы сонун даражада өткөргөнүбүз сонун эле болду! Илгери СССР убагында студенттер каникулда колхозго бекер иштеп берип деле өлбөй эле жашашчуу. Биздин өнүккөнубүздү күтуп жүрө берсек канча суулар агат? Биздин калк катары баарыбыз бир муштум болуп, күч биримдикте деп иштегенибизден, ашар иретинде өтүп кетти Көчмөндөр оюну! Болбосо мамлекеттин дарманы жетмек эмес баарын акчага жалдаганга! Рух биримдиги-күч биримдиги! Бир бололу!
21.09.2016. 00:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Оюн эн сонун отту... 4 жылда 1 отуп турса жакшы болот эле... ХХХ ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-09-21 09:48:27
21.09.2016. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Adik1405, сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек. Эскертүү!
21.09.2016. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ruffo90, сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек. Эскертүү!
21.09.2016. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эгер Кыргызстанда эле өтсө ар бир 4-5жыл десе болот. Ар бир эки жыл сайын боло берсе баркы кетет ДКОнун. Эгер башка көчмөн тарыхы бар мамлекеттерге кезек берсек ар бир эки жыл жакшы эле.
21.09.2016. 19:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эмнеси болсо дагы өткөрүп алганга сүйүнөлүчү. Эмкиде уюштуруу ишин орундуктуу кылып уюштурушсун. Кыргызстанга дагы 5 жылдан кийин өткөрсө болчуудай. 2 жыл өтө эле аз убакыт.
24.09.2016. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы отту,бирок ошо миллиард акчаны кайдан алышты ал актадыбы озун,тышкы миллиарддаган карызыбызды толосок жакшы болот беле,дегеле тушунбойм ушу чондорду.
24.09.2016. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Тушунбодум???? неге толька кыркызстан??? башка олкоотколор неге откорбой? Анда ар бир 2 Жылда откоро турган болсо тез эле жука кызынабыздын тубу корунуп калат гоо
27.09.2016. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
surgeon777, adiletik, 1.Колдонуучу сайттын башкармалыгын талкууга алууга болбойт.
2. Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий gazeta@super.kg же portal@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек! 10 күн БАНга!
Модератор admin_portal түзөттү 2016-09-27 13:20:54
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо