ЧЕТ ӨЛКӨДӨН УУРДАЛГАН ЫРЛАР

№724 16-сентябрь-22-сентябрь, 2016-ж

Плагиаттык – искусстводо катаал кылмыштардын бири. Уурдалган ырдын сөзү, обону үчүн көп ырчылар мыйзам алдында жооп берип, миллиондогон акчага чөнтөгү жукарган. Биздин ырчылар арасында да ырдын обону же кайырмасынын кайрыктары чет өлкөлүк музыкаларга окшошконун баамдап калган чыгарсыз. Бүгүн ошол чет өлкөлүк ырлардан уурдалган кыргыз ырларын тизмектеп көрөлү дедик.

АРСЕН: "МУЗЫКАДА 7 ЭЛЕ НОТА БАР, АЙРЫМ КАЙРЫКТАР КОКУСТАН ОКШОШ БОЛУП КАЛАТ"

Ырчы Арсендин "Тагдырың сага жазганда" аталышындагы чыгармасынын обонун SUPER.KG порталынын колдонуучулары америкалык Bayje деген ырчынын "Find A Way" ("Багыт табуу") деген ырынын көчүрмөсү деп жазышууда. Америкалык аткаруучунун ырын тыңдап көрсөк чындап эле обонунда бир топ окшоштук бар экен. Анан да ал 2009-жылы жарыкка чыгыптыр. Ал эми Арсен 2012-жылы ырдап чыккан. Чыгармасы плагиат же плагиат эмес экенин билүү максатында Арсенге байланышканыбызда: "Тагдырың сага жазганда" ырымдын сөзү Кундуз Качкынбаевага, обону Мирбек Атабековго таандык. Болгону аранжировкасы Bayje деген ырчынын ырынан алынган. Мен муну плагиат деп эсептебейм, музыкада өзү 7 эле нота бар, айрым кайрыктар кокусунан окшош болуп калат. Ушул эле аранжировка башка элдин ырларында колдонулушу мүмкүн. Сурагандарга мен "аранжировкасы чет өлкөлүк ырчыныкы" деп айтып келем. Негизи плагиат ырларга көз карашым терс. Эгер музыкасын же сөзүн толугу менен окшоштуруп ырдап жаткан болсо башканыкы деп эле айтыш керек",- деди.

АНЭЛЬ "ТАБА АЛБАЙСЫҢ" ДЕГЕН ЫРЫН КАЗАКТАРДАН ТАПКАН

Учурда тынымсыз радиолордон жаңырып популярдуу болуп жаткан ырчы Анэлдин "Таба албайсың" деген ырын угуп калган чыгарсыз. Мына ошол чыгарма сөзү, обону менен кошо казакстандык белгилүү ырчы Алишер Каримовдун "Таба алмайсың" деген ырынан алынган. Кыргызстанда популярдуу болуп жаткан ырлары тууралуу казак ырчысы жакында эле жергиликтүү басылмаларга берген маегинде: "Чет өлкөлүк артисттердин уятсыздыгына нааразымын. Албетте, автор катары КМШ өлкөлөрүндө популярдуу болуп жатканым кубандырат. Бирок баары бир аткаруучуда этикет болушу керек. Азыр интернет бар, ал жактан каалаган адамыңды тапсаң болот. Мындан ары менин ырларымды аткаргысы келген кошуна өлкөлөрдүн ырчыларына жок дегенде менин социалдык тармактагы баракчама жазып коюусун өтүнөт элем",- деп билдирген. Ошондой эле маекте биздин ырчы Анэль Алишер Каримовдон уруксат сурабай чыгармасын аткарып жүргөндүгү тууралуу айтылат.
Ырчы кыз Анэлге байланышканыбызда: "Мен бул ырды автордон сурап эле ырдап жүрөм. Менеджери менен сүйлөшүп турабыз. Бул тууралуу кененирээк кийинчерээк айтып берем азыр сыркоолоп жаткам",- деген жообун айтты.

"ЖАШОО СОНУН, КАРАЧЫ!" ИНДИЯЛЫКТАРДАН УУРДАЛГАНБЫ?

"До+Фа-2" тасмасына саундтрек катары ырдалып жүргөн Чолпонай менен Арсендин аткаруусундагы "Жашоо сонун, карачы!" чыгармасы индиялык "Мүмкүн болбогон сүйүү" тасмасына жазылган "Alisha" деген ырга баштан-аяк окшош экенине бир угуп чыккандан кийин эле ынанасыз. SUPER.KG порталынын колдонуучулары ырдын плагиат экенин билгенден кийин "чет өлкөлүктөрдү туурап ырдабай изденбейсиңерби" деген сын-пикирлерин жаадырышкан. Аталган индиялык тасма 2010-жылы жарыкка чыгып, саундтректи Анушка Манчанда менен Салим Мерчант деген ырчылар аткарышкан. Ал эми биздин ырчылар 2013-жылы ырдап чыкканын билебиз.

Лунара Бекиева
star@super.kg


Уурдалган ырлар

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(35)
SUPER.KG видео
18.09.2016. 01:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Мынча кооп плагиаттар.Озбек ырчылардан кобу кочуруптур,бирок уят да озунор изденишинер керек да.Аны жон эле адамдар да ырдап коёт биронун ырын.
Медиа-портал
18.09.2016. 04:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Арсен музыкасы плагиат болуп турбаибы скрипкасы_нотасы менен окшош- элди гелесоо деп оилоибуз(((((
SUPER.KG видео
18.09.2016. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Arsen karatyp turup kalp aitty go.
Медиа-портал
18.09.2016. 18:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Epteme production tartuulait...
SUPER.KG видео
18.09.2016. 22:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ильястын ыры плагиат эмес ко.
SUPER.KG видео
18.09.2016. 22:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ильздын ыры биринчи сап окшош кийинки сап окшош эмес бул плагиат эмес.
SUPER.KG видео
19.09.2016. 03:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Иляздын ыры такыр эле окшобойтко ал ырга
19.09.2016. 09:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Иляз аранжировкасын бут эле уурдайт чет элдик ырлардан
19.09.2016. 09:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Арсен таза ХХХ ХХХ жооп бериптирсин.
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-09-19 11:08:39
19.09.2016. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aytur, кимдир-бирөөнү мазактоодон алыс болуӊуз. Оозеки эскертүү!
19.09.2016. 09:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
кубиктин айпериси да уурдаган кайнене тууралуу ырында
20.09.2016. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
mahabat., туура, жакында радио угуп баратсам бир чет олколук ыр ото тааныш угулат, эстеп корсом ал ырды Айпери "кыргызчалаткан" экен..
19.09.2016. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
жакында бир ыр уктум арабча кыз бурактын кайдасын жан эркем кайдасын деген ырын.
19.09.2016. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
нелянын илгерки ыры бар итальянскийден ырчыдан уурдаган.неля неля сахнада деген ыры
19.09.2016. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
mahabat.,нелянын жалган деген ыры дагы турктордон которулган
19.09.2016. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ырдагандан кийин авторун астына жазып кой как будто билбей калат деп ойлой берет окшойт ушулар.
SUPER.KG видео
19.09.2016. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Озунордун онорунор оркундосун
19.09.2016. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Булар эле эмес толтура бизде уурулар.Арсендин алдаганына күлкүм келди.
19.09.2016. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Арсен бир эмес экт ырды уурдаптыр да)))билишибизче
19.09.2016. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Уят,Арсен. Ананда нотага шылтайсынар,жетоо эле деп.бир нота билбейт озу.
19.09.2016. 18:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Таланттары жок,одни амбиции
19.09.2016. 23:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ырларды уурдап алышып эле маймыл боло берет турбайбы булар.
Медиа-портал
20.09.2016. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Арсен тан албайтко кайра элди кунолойтко уят.......
20.09.2016. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин ырчылардыкын деле уурдап атышпайбы,коншу олконун ырчылары.Ничего,боло берет.
20.09.2016. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Оздорунун колдорунан эч нерсе келбесе уурдашат да.Жети эле нота бар да деп уялбай айтканын кара сегиз нота болсо уурдабай калчудай болуп сендей ары жок жылдызчалар жети мин нота болсо да уурдайсынар.Анткени силерде талант дегендин жыты да жок.Кичине таланты анча мынча уяты бар киши болсо уялып калмак нотага шылтабай.
20.09.2016. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ырчы Атамбаевке жетпейсиңер.Уурдабай эле самолетто 40 минутада 5 ыр жазган
23.09.2016. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уят эле!!!
23.09.2016. 19:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ильяз Абдыразаковдун ыры такыр еле уурдалган емес ко окшошбосо деле айтабербегиледа. .
24.09.2016. 08:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Нурлан Насиптин Студенттик кундор керемет деген ырын да кошуп койбопсунар даа. Ал Наташа Королеванын Желтые тюльпаны деген таанымал ырынын обону экени баарыбызга эле маалым гооо
24.09.2016. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иляздыкы окшош эмес экен
25.09.2016. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
арсен не мынча алдайсын элди
SUPER.KG видео
28.09.2016. 02:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ильяздын ыры вообще окшошпойт экенго автор калп эле кошуп койгонго
SUPER.KG видео
25.10.2016. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызча ырларды деле кобу которотго,м:(казактар)ошолорду деле жазып чыксанар жакшы болмок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо