Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

"АГАМДЫ АРАКТАН КАЙТАРЫП, ӨЛҮМДӨН КАЙТАРА АЛБАДЫМ"

№724 16-сентябрь-22-сентябрь, 2016-ж

Ушул кезге чейин агамдын мынчалык жайдары болуп, ичпей жүргөнүн көрө элек болчумун. Мурун жаңы жыл да, туулган күн да, катардагы жөнөкөй күн да тынч өтчү эмес. Сөзсүз достору менен ичип алган агам үйгө келгенде атам менен кыйкырышып, аялын сөгүп-сагып тынчыбызды алчу. Мен жүрөккө тийген ошондой ызы-чуудан коркуп, аракты ичимден жек көрүп гана тим болчумун. Арактын айынан чыккан уруш-жаңжалдар мени абдан ойлондуруп, кыйнайт болчу. Кээде кыйналганымдан тополоң болуп жаткан учурда эшикке чыгып ыйлап, Кудайга жалбарып агамдын ичпей калышын суранар элем. Соо болгон кезде:
– Ичкенди качан токтотосуз?! Эскертип коёюн, сизди сыйласам ичпеген абалыңызда гана сыйлаймын, мас болгондо сиз башка адамга айланасыз, ал учурда мен тааныган агам болбой каласыз, сыйлабайм!- деп көп айтчумун.
– Эми кичине көбөйүп кетиптир да. Үйдөгүлөрдүн урушканы жетет мага, кой, сен эркексиң го, мени түшүнүп эле койсоң, сени да көрөм чоңойгондо,- деп кайра мага кысым кылып койчу.
Жаштыгымдагы эң жаман элес калтырган күндөрүмдүн баарына арак себеп болгону үчүнбү, айтор, жинди сууну көрсөм ачууланып, ичкен адамды көрсөм ого бетер сиркем суу көтөрбөй калчу болдум. Адам баласы бир нерсе менен алек боло берсе ал иштин устасы болуп кетет экен. Анын сыңары мен да мас адам менен тиреше берип тажрыйбалуу болуп калган окшойм, агамдын ичкенин укканда эле тез артынан түшүп таап, үйгө тынч жаткызып койчумун. Мен айылда болгон учурда агам ичпейт эле. Буга себеп – менин мүнөзүм.
Ошентип мен да чоңоюп, университетке тапшырдым. Окууда жүргөндө апамдарга тез-тез чалып "агам ичип жатабы?" деп сурайт элем. Бирде кейип, бирде ыйлап апам даттанып алчу. Ичкенин уккан соң ачуум келип айылда болгонумда ичирбейт элем деп кейип калам.
Ошол жайда окуумду аяктап каникулга чыгып, айылга шаштым. Үйгө жетерде агамдын мен жокто ичип, тополоң кылгандарын эстеп, азыр урушам аны деп кадимкидей даярданып алгам. Себеби ал ичкен сайын апам чүнчүп, ден соолугу начарлап баштаган. Атам да анын ичкенин көрүп, "мен өлсөм инилериң ыйлайт, сен ошондо да мас болуп, оонап жатасың" деп кейичү. Бул сөздөр мага абдан катуу тиет эле. Үйгө келип атамдар менен учурашып, сагынычты тараткан соң агама жолуктум. Баягы жиним жок. Эмнеси болсо да бир боор экен. Ичкенин көзүм менен көрбөгөн үчүнбү, бул сапар кечиришим оңой болду. Айтууга даярдаган сөздөрүмдү айтпадым. Жөн гана кучакташып көрүштүк. Чынын айтсам, жаштайыман агам экөөбүздүн ортобузда жаш айырма чоң болсо да, көңүлүбүз жакын болчу. Эч ким түшүнбөгөн экөөбүздүн тамаша сөздөрүбүз бар эле. Ошол тамашалар уланып, кайрадан эле мурункудай мамилеге өттүк.
Менин келгениме бир ай болду, агам оозуна арак алган жок, атам менен апама да өзгөчө сылык мамиле кылып калыптыр. Мен анын мындай кадамына сүйүнүп, Кудайга үнүм жетиптир да, тынч жашоо башталат эми деп кубанып жүрдүм. Ошол күндөрү агам кичине сыркоолоп калды. Мурда да ооруп кайра айыгып кеткендиктен, көңүлүмдү көп бурган жок. Көрсө, бул мурункусунан башкача оору тура. Ичип алганда сууга түшүп, жамгырда, карда, ар жерде жыгылып калып айыккыс дартты илээштирип алыптыр. Акыркы бир айда баары менен жылуу мамиледе болуп, ичпей, үй-бүлөсүнүн көңүлүн алганы бекеринен эмес экен. Өлөрүн билген окшойт. Көп өтпөй ошол оорусунун айынан операциядан чыкпай калды.
Бул окуядан соң өзүмчө сүйлөнүп, "мына, турмуштун муштары сага тие баштады, туруштук бер эми" деп күбүрөнүп ыйладым. Азыр да ойлоп коём, агамдын артынан ыйлап аракка жолотпой жүргөнүм – аны өлүмдөн кайтарганым экен да, көрсө. "Мен өлсөм сен ыйлабайсың" деп айткан атам өзү ошол баласынын жаназасында ыйлап турганын көрүү мен үчүн өтө оор эле. Мына, ошентип арак дагы бир үй-бүлөнү талкалады...

Садыр


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(27)
19.09.2016. 09:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+28
Ушу аракты чыгарбай эле койушса кана ушинтип айтсан даары катары дешет даарысы болсо для лекарство катары кичинекей пенсилиндин ботолкосуно чыгарып, аптекда сатса болот го
19.09.2016. 20:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
jamakeev2015, Каяактан ошол аракты чыгарган адамдар бийликте отурат мисалы Кыргызстан деген партия жалан арак сатып байып бийлике келгендер
25.09.2016. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
aziziko,анын устуно аракка наркотикке окшогон порошок кошушат деп уккам элдерден...ошон учун ичкендер кайра-кайра ичкиси келип калат деп.....арак чыгаргандарды кудай жазаласа экен!
19.09.2016. 09:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Эх арак кимдерди гана жок кылбады сабр берсин .(Карап турсан сыртынан кандай тунук жуз грам ,ичпеймин деп озумо соз берип турам ,эх жуз грамм жуз грамм ичпей сени ит кылам) дегендей эле эч Ким ичпесе жакшы болот эле.
19.09.2016. 09:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Жигит мыкты жигит экен!!!
19.09.2016. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Ушул аракты чыгарбай койсо абдан сонун болмок, канчалаган уй- булонун тынчын бузат ушул арак, жаш балдарды ыйлатат, арагы жок жашоо абдан жакшы болмок деп ойломун, кудайым сабыр берсин, жаткан жери жайлуу болсун, кайрат кыл...
19.09.2016. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Аракты чыгаргандар канча кишинин убалына калып атат,кичине ойлонушпайбы!
19.09.2016. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Ушу аракты чыгарып акча таап жаткандардар,канча адамдын уй булосун бузуп жатат.Кудайым баарыбызга ыйман берсин.Жаткан жери жайлуу болсун,сабыр кыл.
19.09.2016. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Буту колу жок шайтан, андан ачуу суу жаман жигиттээрди занкайган жерге которуп чапкан деп коё беле.
19.09.2016. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Окуп алып ыйладым .Ээ адамдар арактын жаман экенин билип туруп деле ичишет
19.09.2016. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
биз жакта бир самопал арак жасаган катын бар.Этажда эки квартирасы,магазини,машинасы бар.Эми особняк уй куруп атат.Мурда жаны арак мн иштеп жургондо эч нерсеси деле жок болчу.Арактан ушунча байлык топтоп атканына тан калам.
19.09.2016. 19:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Аракты жек кором! Ичкен Адамдын тугуно жетет барыбир! Арак чыгарган завод фирмаларды аябай жаман кором
19.09.2016. 21:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Арак жакшылыка алып барбайт намаз бейиш ачкычы
19.09.2016. 22:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Арак чыгарган заводту орттоп салгым келет, арак саткан , жасаган кишилер онбосун, аракты жек кором
20.09.2016. 02:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Арак деген нерсе бир дагы инсанды алдыга жылдырган эмес. Тескеринче, улуу инсандарды артка тартып, жок кылган. Ошондуктан, колуңарга алаардан мурун ойлонуш керек.
20.09.2016. 05:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Пайгамбарыбыздын (сав) хадисинде ичкилик эч качан шыпаа болбойт.тескерисинче жамандыктын башы ичкилик деген экен.ичсен кырк кун канындан чыкпайт экен. Эхх.........
20.09.2016. 07:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Экөөбүздүн тагдырыбыз окшош экен.
20.09.2016. 08:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
арак жок б.со башка жаман нерселер бар. Мисалы, нашанын түрү бар, жыттагандары да бар, уколдору бар ошолорду колдонушмак да, кайф алабыз деп.....
Жаш кезимде атам айлыгын баарын, арак ичип жок кылып койчу, азыр деле ичет, ар кимге арак алып берип жүрө берет, канча ден соолугун кетирди...
20.09.2016. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул арактын айынан менин да тайкем олгон. Жаткан жерлери жайлуу болсун. Кудайым куноолорун кечирсин.
21.09.2016. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ичпей коюш адамдын озунон. Аракты алып келип анын оозуна эч ким куйбайт
21.09.2016. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушу атын очкур аракты жинди суу туп тамыры менен жок болуп кетсе деп тилейм
21.09.2016. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Eeh ushul abalda azyr biz turabyz! Baikem (atamdyn inisi) murun anda sanda ichip koichu ele, azyr emi kyrktan ashyp, baldary chonoigondo arakka berilip ketti. Balasy baikush yilait, jaldyrait atasyna bolboit. "Ejee uyalam atam ichip ar jerge jatyp kalganda" deit. Boorum oorup yiladym, birok ech jardam bere albaisyn blin! Arak akyry jutup tynaby dep korkobuz! Murun ichpei jurgondo arak daiyma ichken dostoruna baikem "ei turchu sasybai, ushu nege ichesin" dechu ele emi ozu ne b
21.09.2016. 23:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ээ арак дегенди мен да билем, арты жаман папам убагында кыргыз радиосунда журналист болуп, ктр де иштеди кадыр барктуу боло баштаганда аракка берилди, анан уй було урады, биз тайнебизде чонойдук, экинчи жолу уйлонуп кайра ажырашты азыр казакстанда мал багып иштейт экен угушумча карачы арак эмне кылды, азыр папамдын ошол кездеги жардамчы жигиттери элтр дин директору,ктрде Бактыбек Мамытовдор кандай баркка жетишти, баарынан окунучтуусу биз атасыз чонойдук
22.09.2016. 23:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биз таанып жургон аты очкур Менделеев да аракты чыгарган
23.09.2016. 00:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
эээх атын очкур арак
23.09.2016. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
баары адамдын өзүнөн гана,арак чыгарсын мейли, дүйнөдө адамдардын баары эле арак ичип кетпейт го.
адамда эрк күчтүү болсо аракты ичпей коёо алат,анан ошол ичкен адамда кичине ОЙ болуш керек да,эмнеге ичип атам,ичип эмне таптым деген.
23.09.2016. 20:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ээээх дунуйо,дагы бир арак ичкич мени жеп тынат го,Аллахым атама ыйман,ынсап берчи!!!...((((( Менин тилегеним ушул болуп калды го...(((
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо