Ильяз Абдыразаков: "ҮЙ-БҮЛӨМДӨ БААРЫ ЖАКШЫ БОЛГОНДО ГАНА ЧЫГАРМАЧЫЛЫККА КИРИШЕМ"

№724 16-сентябрь-22-сентябрь, 2016-ж

Бир кезде кыздарды азапка салган Ильяз Абдыразаков эки баланын атасы болду. Он сүйлөсөң бир сүйлөгөн ырчы мырза азыр кесиптештеринин ырларын жасалгалоодон колу бошобой жүргөн кези. Учурда Ильяз Расул Маматкуловдун "Жамиля" деген ырын жаңылап ырдап чыгып элдин колдоосуна арзууда.

– Ильяз, Кытайга, Малайзияга барып келдиң ,чет жакка болгон сапарыңдагы сезимдериң менен бөлүшө кетсең?
– Кытайга ал жактагы белгилүү бийчи жигиттин концертине чакырышкан, эки иштен бир иш деп концертке катышкандан сырткары тойлорго да ырдап келдим. Ошону менен катар ал жактагылардын сунушу менен жеке концертимди да тартуулаганга жетиштим. Ал эми Малайзияга экс-элчибиз Кылычбек Султановдун чакыруусу менен 31-август – Эгемендүүлүк күнүнө карата "No name" командасы, Айжамал Кабылова болуп бардык. Ал жактагы кыргыздардын башын бириктирип майрам тартууладык. Негизи концертибиз бир күн эле болду, эс алууга программа түзүп коюшуптур, ошол программа менен толук бир жума эс алдык. Өзүм сахнада ырдап жүрүп, залда эл катарында отуруп концерт көрө элегиме көп болгон экен. Малайзиялыктардын концертин көрүп ырахат алдык.

– Эс алуудан энергия, күч-кубат аласың, ал эми руханий жан дүйнөңдү кантип азыктандырасың?
– Негизи чыгармачыл адамдардын жан дүйнөсү бай болот. Болгону аны толуктап туруш керек деп ойлойм. Мен азыкты жашоодо болуп жаткан жаңылыктардан, окуялардан алам. Тарыхый кинолорду көрөм, кээде китеп окуп калам.

– Малайзияда эс алып жүргөндө да байкап калдым, кээде өзүң менен өзүң болуп, башка дүйнөгө сүңгүп кирип жаткандай элес калтырдың...
– Туура баамдаптырсыз, оюн-күлкү же отуруш, кечелерге караганда мага музыка менен алектенүү кызыктуу. Кээде досторум да "биз менен чогуу жүрбөйсүң, жакшы көңүл бурбайсың" деп капа болуп калышат. Элдин "көп сүйлөбөйсүң" дегени да ошондон болуш керек. Себеби музыка дүйнөсүнө сүңгүп кетип, өзүм менен өзүм болуп жүрө берем.

– Бирок өзүң менен өзүң болуп, элге көп аралашпасаң, сөз байлыгыңа бул нерсенин кедергиси тийбейби?
– Менин кесибим ырчы, музыкант, ошондуктан сөз байлыктын өтө деле кереги жок деп ойлойм. Теле-радио, гезит-журналдарга маек курганы барганда оюмду түшүндүрө алганым мага жетиштүү.

– Ушул жооптон кийин Ильяз Абдыразаков ырчы болбосо ким болмок деген суроо жаралды?
– Бала кезден ырчы болууну кыялданган жаным, башка тармакка деле кызыгып көрбөптүрмүн. Эгер музыкага кетирген энергияны спортко арнаганымда, балким, менден мыкты спортчу чыкмак. Мектепте жакшы окугам, Кудайга шүгүр, башым деле көп нерсеге жетет. Депутат болуу деле колдон келет. Көрдүңүзбү, айланып келип эле элдин адамы болмок экенмин.

– Мүнөзүң аябай токтоо, кайсыл учурда эмоцияларыңды сыртка чыгарасың?
– Мен табиятымдан сабырдуумун, ачуум келгенде деле эч нерсе кылбайм, ошого айрымдар "ээ, буга баары бир экен" деп кетип калат. Бирок өзүмдүкүн да бербейм. Аябай жиним келгенде бильярд ойногону кетип калам. Келинчегим менден башкача, балдар кичине сыркоолоп калса ата-энесине чалып ызы-чуу кылып жиберет.

– Бала демекчи, экинчи жолу ата болгондо жоопкерчилик жогорулайт бекен?
– Албетте, жоопкерчиликти сезип жатам. Негизи ар бир бала ырыскысы менен төрөлөт деп коёт эмеспи. Балдарга суук тийип ооруп калганда келинчегиме кошулуп "переживать" этишип коюп жатам. Медина эне да, кайра-кайра айтып "түйшөлө берсе эч нерсе болбойт, биз топуракта ойноп, баткак кечип чоңойгонбуз" деп сооротуп коём. Үйдө кыз жок, ошондуктан баламды карап, апасы жокто курсагын тойгузуп койгонго жарайм. Эки балам тең мага жакын. Улам кичинекейи ширин көрүнө берет турбайбы. Улуусу Розан башында инисинен кызганып жаткан, азыр көнүп калды. Балдар бакчасына бара элек, мага окшоп ал дагы эшикке чыккандан зериге берет. Келинчегим орус тилинде көп сүйлөгөндүктөн, баламдын тили орусча чыкты.

– Турмушта түгөйлөрдүн кимиси күчтүү болсо, экинчиси ошонун ыгына көнүп кетет дейт. Силерде ким күчтүү?
– Унчукпай эле өзүмдүн оюмду ишке ашыра берсем, келинчегим менин оюма кантип макул болгонун билбей калат. Мага турмушка чыгарда эле ага баарын түшүндүрүп айткам. "Сулуу кыздар менен клипке тартылышым мүмкүн, бир кызга арнап ыр жазылып калат" деп. Гастроль, күйөрман кыздар, айтор, мунун баарын келинчегим туура түшүнөт. Азыр "клипке бул кызды тартпайсыңбы, сулуу экен" деп турат. Музыканы терең түшүнбөсө деле "бул ырың жеңил-желпи болуп калыптыр го" деп көңүл буруп турса сүйүнүп калам. Демек, мен күчтүүмүн деп айтсам болот. Ырчылар тентип эле жүрүшөт деп ойлогон туура эмес. Биздин жумушубуз ошол, үй-бүлөнү багышыбыз керек. Мединанын ушул кезге чейин "бизге көңүл бурбай калдың" деген учуру боло элек. Мен үчүн биринчи орунда үй-бүлөм турат. Алардын көңүлдөрү ток, баары жакшы болуп күлүп-жайнап турганда гана чыгармачылыкка киришем.

"Мединанын ушул кезге чейин "бизге көңүл бурбай калдың" деген учуру боло элек".


"Малайзияга "No name" командасы менен баргандыктан, ар бир күнүбүз күлкү менен коштолуп жатты".


"Куала-Лумпур шаарындагы эгиз мунараны көрүп, биздин Бишкекте да ушундай имараттар курулса деп тилек кылдым".

Замира Рахманбердиев
Алишер Алиев
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  10 
Комментарийлер(36)
19.09.2016. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
уй булолук бакыт,жакшы ырдайт
19.09.2016. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Медина такая красивая
19.09.2016. 09:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Чыгармачылык ийгилик каалайм Ильязга.Азамат!бактылуу болгула
19.09.2016. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ильяз ишине ийгилик! Оноруну баалайбыз,сыймыктанабыз. Капа болбосон бир кенешим уй-булону эч нерсеге муктаж кылбай бакканын жакшы бирок морально камсыз кылганын андан да жакшы. Айтайын дегеним жубайын балдарын сени менен чогуу болгонду каалашат. Чогуу убакыт откоргонго кобуроок конул бурганын да жакшы.
19.09.2016. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
"жакшы маек болгон экеееен"- деп койдум...
19.09.2016. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Iwine iigilik ui bulono bakyt
19.09.2016. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Медина дагы жашарып дагы мурункуданда сулуу боло тушкондойго
19.09.2016. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
ХХХ, теманы коруп еле, дагы не болгон деп, шашылыш окуй калдым, кудайга шугур баары жайында, бактылуу болгула коз тийбесин силерли Жакшы кором
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-09-19 12:07:49
19.09.2016. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Nazikbaigazy, сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек. Эскертүү!
19.09.2016. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мололец , иляьз жаны ырлардын умтундо да иште эми кутуп калдык
19.09.2016. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
теманы жайлайсынар э супер инфо. Адамдын журогун тушуруп,
19.09.2016. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ушул ырчыны сүйөмго. Ишинизге ийгилик, үй-бүлөлүк бакыт каалайм. Балдарыныз аман эсен күлүп жайнап маңдайыңыздарда жүрө беришсин.
19.09.2016. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
"Переживать" этимиш болгону жакшы экен! Чыгармачылыгын баалайм! Ийгилик!
19.09.2016. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бактылуу болгула, талантынды баалайбыз.
19.09.2016. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Азаматсын Иляз,ырчы болбой калганында деле Кыргыздын 1керегине жараган таанымал инсан болуп чыгат элен,сенин ырларынды суйуп угам адамдык сапатынды баалайм,чыгармачылыгына ийгилик,магада сага окшогон токтоо аз саз маанилуу суйлогон жигиттер жагат.
19.09.2016. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-20
Музыканы терен тушунгон адам болуп алыптыр го. Озунун образованиясы бар бекенби ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-09-20 09:54:25
20.09.2016. 04:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Izdeim_seni.,

музыкадан билими бар, таланты бар. Он на практике учился. Насчет образования незнаю
20.09.2016. 09:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Izdeim_seni., кимдир-бирөөнүн кадыр баркына шек келтирүүгө тыюу салынган. Эскертүү!
20.09.2016. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Izdeim_seni.,музыканы терен тушунуш учун сиз айткан "образованиясы " б.а. билими болушу шарт эмес го
19.09.2016. 18:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-17
Неге мааниси жок маек болсо деле ,соонун болуптур дей бересинер
19.09.2016. 19:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Москвада иштеп жургонумдо "Апама"- деген ыры мага дем берчу. Кундо бир маал укпасам кусалыгым ташып кетчу, угуп жатып ыйлаган учурларым азыр да калган жок.
Ийгилик, уй-булолук бакыт!!!!
19.09.2016. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Образованиеси барлар эмнени кыйратып атышат,карапайым инсандар эрки кучтуу адамдардан жакшы политик чыгат,Ильяз сага чыгармачылык ийгилик,уйбулоолук бакыт,азаматсын.
19.09.2016. 21:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
Просто Ильяска ишенбейм депутат болсо эле элдин камын корот деп
19.09.2016. 21:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Иляз жакшы адам бирок аранжировкаларынын жарымы эле чет элдин кочурмосу
19.09.2016. 23:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Аялдын корунушу жакшы болсо куйоосу жакшы дегендей билдирет эгер куйоо начар болсо келин жудоо болгонсуп калат
20.09.2016. 00:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Малазияда уй кийимчен журосун го негизи ырлары эн сонун депутат болсо некен мискенбайып деле журбойбу тамгалап
krem түзөттү 2016-09-20 00:21:48
20.09.2016. 03:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жөнөкөйлүгү менен жагат. Иштериңе ийгилик! Кээбир көралбастардын сөзүнө маани бербей эле кой. Эл адамы ар дайым сында болот.
20.09.2016. 19:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Онорун оркундой берсин ырларынды коп угам
20.09.2016. 19:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Онорун оркундой берсин ырларынды коп угам
20.09.2016. 19:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ушу сенин бир ырынды оло жек корчумун...тамаша))) жалпы аскердеги досторум да жек кордук окшоит туну бою уктабастан деген ырынды туну бою марш шаг тептирип ырдатчу...
20.09.2016. 19:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ошондо ильяз сени шашпа деп калчубуз)))))
21.09.2016. 21:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ырлары сонун. Өзү да жакшы ырдайт бардык ырлары жагат бизге . Бактылуу болгула
21.09.2016. 21:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Красавчик ырларын жагат. Аранжировка зынк!!!
21.09.2016. 23:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ильяз Абдыразаковдун Экинчи баласы барбы тушунбой калдым
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо