Нурсултан Азыкбаев: "1 КҮН КАЛГАНДА ЛЕПСТЕН БАШКА ЫРЧЫ МЕНЕН ЫРДААРЫМДЫ АЙТЫШТЫ"

№724 16-сентябрь-22-сентябрь, 2016-ж

Эл аралык «Жаңы толкун-2016» жаш ырчылар сынагынын катышуучусу Нурсултан Азыкбаев 14-сентябрда мекенине кайтып келди. Ал Орусиянын Сочи шаарында өткөн музыкалык сынакта үч этаптын жыйынтыгы менен 414 упай алып, 16 катышуучунун ичинен төртүнчү орунга ээ болду. 5 мыктынын катарына кирген ырчы сынак тууралуу биз менен маек курду.

– Нурсултан, 4-орунга ээ болушуң менен куттуктайбыз! «Эң башкысы катышуу эмес, жеңиш» деген максатта жөнөдүң эле. Жыйынтык көңүлдөгүдөй болдубу?
– Рахмат, биринчиден, биз аябай жакшы деңгээлде даярданганбыз. Мыкты даярдыктарга карабастан ал жактан өзгөрүүлөр болуп жатты. Мен жеңиш деген позицияда бардым жана төртүнчү орунга жеттим.

– "Стингге сюрприз жасап кайырмасын флейтада ойноп берем" деген элең. Ал максатың ишке ашпай калды окшойт?
– Ооба, тилекке каршы, пландар аткарылбай калды. Бул менин жеке чечимим эмес. Бардык катышуучулар режиссёр Александр Ревзиндин элегинен өтүшөт. Анын койгон талаптары, сунуштары менен даярданып, сахнага чыгып жаттык. Мен Стингдин ырын аткарганда флейтада ойноп коштоп берсем деген оюмду айтсам,"кайырмасын флейтада ойноо аздык кылат" деп койду. Кошумча өзүмдүн «Аттиң, ай» деген ырымдын ордуна режиссёрдун жана композитор Игорь Крутойдун сунушу менен ушул эле сынакта Арсен менен Айбек Замиров аткарган «Чувства мои» чыгармасын ырдадым.

Григорий Лепс менен эмнеге ырдабай калдың?
– Сынактын экинчи бөлүгү Орусиянын Эмгек сиңирген артисти, композитор Виктор Дробыштын чыгармачылыгына арналган. Бул күнү биз атактуу орус ырчылары менен дуэт ырдамакпыз. Сынакка 1 күн калганда Григорий Лепстин атынан чалышып, ырчынын ордуна шакирти Ромади барарын айтышты. Чынын айтсам, Ромадини ошол жакка барганда тааныдым. Экөөбүз 1 күн мурун таанышып, 2 саатча даярдангандан кийин сахнага чыктык. Даярдыгыбыз да жакшы болгон жок. Ромади жактан көп талаптар аткарылбай калды.

– Стилиңер өзгөчө болду. Сахнага өзүңөр тандаган кийим менен чыктыңарбы?
– «Жаңы толкун» сынагынын ичинде дизайнерлердин да сынагы өткөрүлөт. Ага да аттуу-баштуу дизайнерлер ат салышат. Бир катышуучуга 2-3 дизайнер кам көрүп жатты. Бардык кийимдерибизди режиссёр Александр Ревзиндин уруксаты менен кийдик. Анткени сырткы келбетибиз, кийингенибиз ырдаган ырыбызга кошумча көрк берет. Сынактын биринчи күнүндө кийип чыккан костюмду өзүм ала баргам.

– Кыргызстандын атынан сынакка катышып жатканыңды угуп, кайдигер карабай демөөрчүлүк кылгандар болсо керек?
– Жакындарым, туугандарым, досторум материалдык, моралдык жактан колдоо көрсөтүштү. Андан тышкары демөөрчүлүк кылгандар да болду.

– Мындан ары чыгармачылыгыңды улантасыңбы?
– Ооба, улантам. Жашоомдун жарымы чыгармачылык менен өтөт. Мындан тышкары жеке ишкерлик менен алектенсем деген ойлорум бар.

"Ромади экөөбүз эки саат эле даярдандык".


"Сынактын катышуучулары таланттуу болгондуктан калыстар үчүн жеңүүчүнү аныктоо кыйын болду".


Бактыгүл Момбекова
Алишер Алиев
star@super.kg


Ырчы Нурсултан Азыкбаев: “Игорь Крутойдон сунуш түштү"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(15)
SUPER.KG видео
16.09.2016. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Азаматсын биздин олкону татыктуу корсото Алды. Стингдин ырын сооонун ырдады чувство мои деген ыры менен ооруп журом, ийгиликтер болсун!!! PS:Айзаттын боюнда барбы же мага ошондой сезилдиби?
SUPER.KG видео
16.09.2016. 20:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Нурсултан молодец сен татыктуу катышучу болдун мен сени 100% колдодум ар бир аткарган ырынды берилуу менен аткарып жатын азаматсын
Медиа-портал
16.09.2016. 22:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Нурсултан Кыргыз эли сени менен ал жакта утпасан да, бизге жениш алып келдин !
SUPER.KG видео
16.09.2016. 23:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азаматсын Нурсултан! Аябай жылдыздуу, татынакай, таланттуу жигит экенсин. Бар бол сенде баары алдыда!
SUPER.KG видео
17.09.2016. 00:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сахнада Ильяз Андашка окшош экен ал эми жашоодо аябай серьезный бала экен.күлгөнү эле сонунго
SUPER.KG видео
17.09.2016. 09:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын Нурсултан! Голосу Мирбек Атабековго окшоп кетет экен!
SUPER.KG видео
17.09.2016. 23:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ырдоо стили жакты. Ырды журогу менен аткарат экен
19.09.2016. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сонун жигит экен азамат
19.09.2016. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамат,коз тийбесин!
19.09.2016. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсыз мындан ары да ийгиликтер коштоп журо берсин ийгилииииик.
19.09.2016. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ийгилик!
20.09.2016. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Унун жакшы экен жылдыз болсон болот
20.09.2016. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мынча жакшына бала))голосу аябай жакты ийгилик!!
SUPER.KG видео
20.09.2016. 23:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Чон жигит биринчи Лепс менен дуэт ырдап,Игорь Крутой менен "ийгиликтуу"иштешип анан мактансан деле жетишмексин...ХХХ ХХХ алтыным
Модератор admin_media түзөттү 2016-09-21 09:41:06
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо