№725 23-сентябрь-29-сентябрь, 2016-ж
Өмүрүндө бир да жолу кызганбаган адам болбойт. Ар бир адам кызганат, бирок айрымдары аны билгизбей коюшу мүмкүн. Бул сапар окурмандардан келген каттарга орун бердик. Ошондой эле психолог Жазгүл Атагулова кызганыч туурасында талдап берди.
«АЯЛЫМДЫН КЫЗГАНГАНЫ ЧУЧУГУМА ЖЕТТИ»
- Үйлөнгөнүбүзгө 5 жыл болду. Ортодо 1 балабыз бар. Экөөбүз бири-бирибизди катуу сүйөбүз. Аялымдын электрондук дарегиме келген каттарды текшергенин, социалдык тармактарда кыздарга менин атымдан сөгүп жооп жазгандарын, ар бир кыймылымды көз жаздымда калтырбай көзөмөлдөгөнүн сүйүү деп түшүнчүмүн. Жадакалса маршруттук таксиге түшкөндө бейтааныш кыздын жанына отуруп калсам да балээге калам. Шаардын кайсы бурчунда, эмне кылып жүргөнүмдү күнүгө так айтып турушум керек. Кыскасы, ээн-эркин баса албай калдым. Аялымдын мындай жоруктары мурун мага анча деле олуттуу маселедей туюлчу эмес. Акыркы күндөрү кысыла баштадым. Кызганганы сөөгүмөн өтүп чучугума жеткенсиди. Ажырашып кетүүдөн башканы ойлобой калдым. Бирок мен да аны сүйөм, эмне кыларымды билбейм.
Белек, Бишкек
«ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫН ТЕКШЕРИП КЕЛГЕН ЭСЕПЧИДЕН ДА КЫЗГАНАТ»
- Кээде жүрөгүм жанчылгансыйт. Кээде адам жок жерге качып кетким келет. Кай бирде тоого чыгып алып бакырып-өкүрүп ыйлагым келет. Акыркы күндөрү аябай буулугуп жүрөм. Мунун баары күйөөмдүн айынан экенин билем, бирок эч нерсе колумдан келбейт. Күйөөм мени үйгө электр энергиясынын көрсөткүчүн текшерип келген эсепчиден да кызганат. Көчөгө чыксам же бир жумушта иштесем эмне болмок, билбейм. Турмушка чыккандан бери 3 бала менен үйдөмүн. Күйөөмдүн кызганганын калтырам деп канча аракет кылдым, бирок жыйынтык чыкпады. Айлам кетип бир жолу кайненеме да даттандым. Чогуу жашагандан кийин кайненем деле менин үйдөн чыкпаган, эркек менен сүйлөшпөгөн келин экенимди билет да. Анда кайненем «ыраматылык кайнатаң да ушундай адам болчу» деди. Кызганыч деген балээ тукум кууйт окшойт...
Гүлайым, Балыкчы шаары
КЫЗГАНЫЧ
Кызганыч адам ооруп, кайра сакайып кетүүчү ангина, сасык тумоо сыяктуу илдет. Бирок мында белгилүү бир органыңыз эмес, жан дүйнөңүз ооруйт. Кызганса сүйөт деген туура эмес. Психологияда сүйүү менен кызганыч таптакыр эки башка нерсе.
КИМДЕР КЫЗГАНАТ?
СҮЙҮКТҮҮҢҮЗ КЫЗГАНЧААК БОЛСО...
КЫЗГАНЧААКТЫКТАН "АЙЫКСА" БОЛОТ
Сүйүн Кулматова
kenesh@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
3
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |