Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Каныкей: "УУЛУБУЗДУН КЕЛБЕТИ МАГА, МҮНӨЗҮ АТАСЫНА ОКШОШ"

№725 23-сентябрь-29-сентябрь, 2016-ж

"Заманыбыздын супер ырчысы" аталган Каныкейдин сахнага кайтышын күткөндөр көп. Бир жылга чукул убактан бери "өргүүдө" жүргөн Каныкей күйөрман, окурмандарыбызга жашоосундагы өзгөрүү, жаңылыктары тууралуу айтып бермекчи. Албетте, баарын башынан, Каныкейдин жарык дүйнөгө келген күнүнөн баштайлы.

"ЖАШАБАЙ КАЛЫШЫМ МҮМКҮН ЭЛЕ..."

- Апам мени кыйынчылык менен төрөгөн экен. Балким, азыр жашабай деле калмакмын. Анткени дарыгерлер "баланы аман сактап кала албайбыз, сизди сактап калганга аракет кылабыз" деп айтышкан экен. Төрөгөндөн кийин апам 10 күн тамчылатма дары алып жатып мени көрбөптүр. Мени алып келишкенде да көпкө ишене албай жүргөн экен. Кийин эле үйгө чыгып, апам буламык жасап берип жатып болтойгон кыз болуп чыга келиптирмин.
Бала кезди эстегенде көп окуялар эске түшөт. Курдаштар курчтук менен талуу жериңе тийгизе бир нерсени айтса ошол бойдон сынып каласың. Мисалы, ал кезде ата-энемдин ажырашып кеткени, курдаштарга социалдык жактан тең келе албаганым, жетишпеген жашоодо жашаганым мен үчүн кемчилик болчу, өзүмчө эле басына берчүмүн. Кийин чоңойгондо гана ал нерсе турмуш экенин, андан уялбаш керектигин түшүндүм.
Азыр менде корунуу, басынуу деген жок. Сулуулук менен оорубайм. Өзүмдү кандай болсом ошондой кабыл алам. Бирөөгө атаандашпайм, эч ким менен өзүмдү салыштырбайм. Бирөөгө атаандашуу, менимче, туура эмес. Өзүнө ишенген адам эч качан бирөөлөр менен атаандашпайт.

"ТУРМУШКА ЧЫГАРДА ИНТУИЦИЯМА ИШЕНДИМ"

- Азыр эл алдына көп чыкпаганым менен, өзүмдүн үстүмдөн, чыгармачылыкта изденүү менен иштеп жатам.
Ушул кезге чейин мага жолуккан адамдардын баарына рахмат айтам. Жакшыларына да, жамандарына да. Себеби ошол адамдар болгону үчүн мен азыркыдай күчтүү болдум. Чыгармачылыкка аралашканда профессионалдык деңгээлде өсүүнү гана ойлодум. Өзүмдүн үстүмдөн тынымсыз иштеп жүрүп ушул даражага жеттим. Албетте, карьеранын артынан атактуу болдум, жакшы акча таптым, Каныкей деген атымды чыгардым. Мага деле көз артып, сөз айткан адамдар болду. Бирок жеке жашоо, үй-бүлө күтүү темасына келгенде терең ойлондум, интуицияма ишендим.
19 жашымда, Каныкей деген ысымды эч ким биле электе, катардагы студент кезде таанышкан Медерди тандадым. Себеби Медер ошол кезде эле мени чын дилинен сүйгөн. Жаңы таанышкан учурда экөөбүз тең жаш болчубуз, окуу менен алаксып, кыз-жигит катары кол кармашып сүйлөшүү деген түшүнүк бизде болбоптур.
7 жылдан кийин атым чыгып, максаттарымдын баарына жеткенде мен өзүмө суроо бердим. Мындан ары мага эмне керек? Менде баары жетиштүү болчу. Ошондо турмуш куруу, үй-бүлө күтүү жолун тандадым. Медер экөөбүз 26 жашыбызда Америкадан кайрадан жолуктук. Медердин жакшы сапаттарын санап көрсөм абдан көп экен. Жолукканыбызда "үйлөнүшүм керек, баарына жетиштим" дегенде, "үйлөнсөң мага үйлөн" дедим (күлүп). Мен аны баарынан бийик көрүп, номер 1 деп бааладым. Биз баш кошордо эч кимди кыйнаган жокпуз, ысырапкорчулук кылгыбыз келген жок.

"МЕН ДҮЙНӨГӨ ЫРДАШ ҮЧҮН ЭМЕС, УУЛУМДУ ТӨРӨШ ҮЧҮН КЕЛГЕМ"

- Мен оңою менен бирөөлөргө ишенип, сырымды төкпөгөн адаммын. Досторум деле көп, бирок баарына ишене бербейм. Табиятымдан ошондоймун. Мурун кубаныч, кайгы болобу, маселе жаралганда апама айтчумун. "Чыккан кыз чийден тышкары" дегендей, азыр сырдашым, курдашым да Медер болуп калды.
Өткөн күндөргө саресеп салып көрсөм, бойдок кездеги чоң маселелер азыр болбогон эле нерседей кабыл алынып калды. Эне болгондон кийин сабырдуулукка үйрөндүм. Уулубуз Алим азыр 11 айдан ашты. Аны колума алган сайын "Алимчик, мен бул дүйнөгө ырдаш үчүн эмес, сени төрөш үчүн келгем" деп эркелетем. Баламды карьерадан бийик коём. Алимдин келбети меникине, көздөрү Медердикине окшош. Мүнөзү азыртадан эле атасыныкындай. Шайыр, элди, элдин назарын жактырат. Анан да атасы тамакты тандап, даамдуу болсо гана жейт. Алим да Медерге окшоп тамакты ылгайт.

"Алим атасын тартып мүнөзү абдан шайыр".


Каныкейдин жандуу үн менен ырдаган тушоо кесүү концерти дагы деле күйөрмандарынын эсинде.


Гүлжамал Бөрүкулова
Алишер Алиев
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  18 
Комментарийлер(30)
26.09.2016. 09:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сахнага качан кайтышын айтбаптырго
26.09.2016. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Бактылуу болунуз уулунуду аман эсен чонойтуп алыныз сизге уй булоолук бакыт каалайм!!!
26.09.2016. 09:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+31
Коп ырчылардан айырмаланып,канча жолу интервью берсе да, ар дайым сонун, жеткиликтуу, так так жооп берет! Азамат! Уйбулоолук бакыт!
26.09.2016. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Азамат!!!
26.09.2016. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Баласы ширинго) уй булолук бакыт каалайм!
26.09.2016. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Продюсери менен мамиле узбош керек болчу. Эми мурдагы ырларын ырдай албайт, жанысын гана ырдап чыкпаса.
Экоонун мамилеси бузулушуна эмне себеп болду экен
26.09.2016. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Бактылуу бол Каныкей! Акылдуу аял экенсин уй-булоонду биринчи орунга койгон, азаматсын!
26.09.2016. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бактылуу болгула!
26.09.2016. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кыскасын айтканда Мыктысыз жакшы кором сахнага кайтыныз сиздей таланттар керек бизге.
26.09.2016. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Журок сыздайт деген ырын журокко жеткире ырдаган азаматсын уй-булолук бакыт,чыгармачылык ийгилик каалайм!
28.09.2016. 19:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Alixan-Nookat.2015,айтпа козго жаш айланып кетет го чиркин
26.09.2016. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
ар дайым жонокой жана так суйлогон айым мага да ошол ыры аябай жагат уй булоолук бакыт... баласы мынча шириин.))
26.09.2016. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Далдырап аны муну уй жайын машинасын кийимин айтып мактана бербейт. Байлык шаан шокоттон такыр коз каранды эмес. Майда эмес. Человек без комплексов. Ушундай адамдар бар болсун. Каныкей сен эн бактылуу аялсын. Зависть адамды олтурот ооруга чалдыктырат бироого атандашпай бироого оздугуну салыштырбай жашаганын эн туура.
26.09.2016. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Менин кумиримсиз да сиз)) Туболуктуу бакыт, суйуу, тынчтык, ийгилик каалайм!
26.09.2016. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Дайым ойлонуп орду менен жеткиликтүү сүйлөйт!!! Чыныгы эл адамы ушундай болуш керек. Сөз байлыгы да жогору!Ийгилик! Бар болуңуз.
26.09.2016. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу болгула
26.09.2016. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Сонун интервью болуптур,ийгилик,уй-булолук бакыт каалайм!
26.09.2016. 18:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
"Мен ырдаш учун эмес ,уулуму торош учун келдим " ,"жетишпеген жашоодон уяла берчумун ,кийин ал нерседен уялбаш керек экенин тушундум " кандай гана так жана туура создор . бактылуу болунуз .
26.09.2016. 21:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Алга Каныкей. Счастья тебе желаю.
27.09.2016. 00:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу болгула. Уулунар силерди сыйлаган акыл-эстуу жигит болсун!
27.09.2016. 00:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушул кыздын суйлогону ото маанилуу. Чынын айтканда ушундан уйронуш керек. Талантына соз жок.
27.09.2016. 00:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Колунар узулбосун баланыз озиго сиздин
27.09.2016. 00:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Айпери Кубик кызы экоонун интервьюларын салыштырып корсон Каныкей абдан акылдуу экен,уй-булоолук бакыт,чыгармачылык Ийгилик каалайбыз.
27.09.2016. 09:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бактылуу бол акылдуу аял экенсин. башка кыздарыбыздай болуп мен сексуальноя элем, мен фигурноя элем деп чечинип кочого чыгып албай уй булону 1- орунга койгонунду бааладым.
27.09.2016. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Каныкей саламатсызбы! Сиз менен кыргыз эли сыймыктанат! Бактылуу эне болгонуңуз абдан сонун! Ансыз деле балаңызды карап үйдө экенсиз экинчисине дагы аракет кылыңыз. Эки бала чоңоюп калат. Анан балдарыңыз чоңойгондо сахнаны деле сагынган күнүңүз келээр!Кийинчерээк бизге кубулжуган үнүңүздү тартуулап турсаңыз. Ооба үй бүлө биринчи орунда болуш керек.Бирок балдар чоңойгондо убактыңыз болотда.Бактылуу болуңуздар!
Sajakat14 түзөттү 2016-09-27 16:20:27
28.09.2016. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эки дуйно бактылуулугун каалайм!
28.09.2016. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каныкей таланттуу,баалайм унун,бирок Асан Усон деген кыздардын кийимин кийип модель жигиттерди колдоп Озбек Ажы мн айтышканда,ошонусу жакпайт,а так уну укмуш
28.09.2016. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бактылуу омур сур Каныкей. Уулунар акыл-эстуу болуп чонойсун! супер инфо Бегимай Эсенгулова жонундо да маалымат берип ,интервью алсанар балалуу болуп калса керек ал да. эч эле кабары жокболуп кеттиго!
29.09.2016. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырдаган ырлары жакпайт. Бирок уйбулоо жактан жакшы жар окшойт. Уй булон менен бактылууу бол.
03.10.2016. 03:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каныкей так жана даана сүйлөгөнүн,чынчылдыгын баалайм. Үлгү алам.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо