Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Төрөттөн каза болгон аялдын эжеси: "СИҢДИМ ЖАҢЫ ТӨРӨГӨН БАЛАСЫН БИР ЖЫТТАБАЙ КЕТЕ БЕРДИ"

№725 23-сентябрь-29-сентябрь, 2016-ж

Быйыл 16-августта М.Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборунда 39 жаштагы Саадат Мураталиевага 2 жолу операция жасалгандан кийин каза болгон. Анын артында боздогон ата-энеси, бир туугандары, жолдошу жана алмончоктой болгон 5 баласы калды.

"ТАК ДИАГНОЗ КОЁ АЛБАЙ КОЮШТУ"

Биздин кеңсебизге "Саадат Мураталиева дарыгерлердин шалаакылыгынан улам каза болду" деп Токмок шаарынын тургундары Бактыбек Турсалиев жана Жаркынай Мураталиева кайрылышты. Маркумдун жолдошу Бактыбек Турсалиев окуя тууралуу төмөнкүчө айтып берди:

– Токмок шаарынын Ибраимов айыл өкмөтүнө караштуу Талды-Булак айылында жашайбыз. Жубайым Саадат экөөбүздүн ортобузда 2 кыз, 2 уулубуз бар. Жубайым кош бойлуу кезинде Чүй-Токмок аймактык ооруканасына келип катталып, акушер-гинеколог Фарида Максүтованын көзөмөлүндө болуп келген. Ай сайын медициналык кароодон өтүп турчу. Жетинчи айында эсин жоготкон абалда ооруканага алып келсем, Фарида Максүтова эч кандай медициналык кароо жасабай туруп, "жаш курагы өтүп калганда бала көтөрүү ар кандай мүнөздөгү оорулар менен коштолот" деп койду. "Эмгек өргүүсүнө чыгып жатам, терапевтке баргыла, ошол карайт" деп кетип калды. Терапевтке кезегибиз келип кирсек, дарыгер Но-шпа деген убактылуу ооруну басаңдатуучу дары берип, "кете бергиле" деп койду.
Аябай шишип кеткен болчу. Кан басымы да жогору болуп жүргөнүнөн башка ооруканага барып медициналык кароодон өтсө, дарыгерлер "баары жакшы, сен өзүң эле төрөйсүң, жашы өтүп калгандагы кош бойлуулук ушундай жагымсыз болот" дептир. 2-августта аялымдын кан басымы жогорулап, ооруканага алып келдик. Оорукананын акушер-гинекологдору кесарево жолу менен төрөтүшүп, эненин да, наристенин да абалы жакшы экенин айтышты. Эртеси күнү кечке маал Саадаттын абалы начарлап, көп кан жоготкондуктан ага тез аранын ичинде операция жасоо керек деп дарыгерлер бизди чакырышты. Так диагноз коё алышпай, Бишкектен дарыгерлерди чакыртышыптыр. Бир канча анализден кийин борбордон келген дарыгерлер «эклампсия» деген диагноз коюп, операция жасашты. Операциядан кийин Саадаттын абалы жакшырбай эле кан жогото баштады. Башында «10 донордун канын куюшубуз керек» дешти, кийин «40 донор тапкыла» дешти. Акырында 61ге жетип, кан сатып алып куйдуруп жаттык. Аялым эсине келбей комага түшүп, көп өтпөй каза болуп калды.

"ДАРЫГЕР "КЫЗЫҢАР КИШИ ДЕЛЕ БОЛБОЙТ, БЕКЕР ЭЛЕ АКЧАҢАР КЕТТИ" ДЕДИ"

Маркумдун эжеси Жаркынай Мураталиева да төмөнкүлөрдү кошумчалады:

– Вакуумда жаткан жээниме жалаяк алып барсам, бөлмөдө гинекология бөлүмүнүн башчысы Анара Мунапысовна менен балдар дарыгери бар экен. Анара Мунапысовна мага "колубуздан келишинче аман алып калууга аракет жасап жатабыз. Бишкектеги 6-төрөт үйүнүн дарыгерлери менен сүйлөшүп, бош орун болуп калса ошол жакка жөнөтөбүз. Болбосо даярдана бергиле, кызыңардын боору катып калган, киши деле болбойт. Бекер эле акчаңар кетти" деп басып кетти.
Ошентип, 6-августта Саадатты Бишкектеги 6-төрөт үйүнө которушту. Ал жакта 5 күн жатып, дарыгерлер көзөмөлгө алып, жакшы карашты. Сакайып кетет деп үмүт кылып М.Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборуна котордук. Акыбалы жакшы болчу, анан эле 16-августта жаңы төрөгөн баласын бир көрбөй, жытын да жыттабай бул жарыкчылык менен коштошуп кете бербедиби...
Эгер баштапкы кароодо эле Саадаттын эклампсия менен ооруганын аныкташса, катуу көзөмөлгө алып дарыласа, азыр жээндерим жарым жетим болбойт эле. Эми шалаакы дарыгерлер жаза алсын деп үнүбүз жеткен жакка кайрылып жатабыз.
Биз бул окуя боюнча Чүй-Токмок аймактык ооруканасынын кызматкерлеринен маалымат алуу үчүн байланышканыбызда, оорукананын жетекчиси Клара Асекеева менен акушер-гинеколог Фарида Максүтова бул иш боюнча комментарий берүүдөн баш тартышып, бул маселеге байланыштуу бардык тиешелүү документтерди Саламаттыкты сактоо министрлигине өткөрүп бергенин айтышты. Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлиги түзгөн атайын комиссия жыйынтык чыгарып, прокуратурага өткөрүп берген. Чүй облустук прокуратурасынын тергөөчүсү Нурлан Бейшеналиев комиссиянын чыгарган корутундусун алганын жана азырынча иликтөө иши баштала элек экендигин билдирди.

Бактыгүл Момбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -2 
Комментарийлер(8)
26.09.2016. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Супер Инфо жамааты сиздер бул иштердин дыкат изилденишине,куноолуулор жазасын алуусун козомолдоп турасынар деп ишенем.Тороттон олгон аялдардын саны арбып баратат ,эн окунучтуу.
26.09.2016. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кылгылыктын баарын кылып коюшуп тымпыйып комент бербей койгондорун кара
27.09.2016. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Оо кудай аман эсен тороп алсам экен
27.09.2016. 21:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушундай окуяларды окугандан кийин тороттон да конкур, торогун кеглей калат
29.09.2016. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Догдурга барасын ишенип.анан эле мындай нерсе уксан настроение болосун.Аларга баргын келбей.
30.09.2016. 23:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Оооба гинеколоктор жакшы иштебей атат. Мына мен торотуп койду да палатага чыгарды да 3кун жатым чыгаарда да бир келип караган жок врач.
01.10.2016. 08:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Окунучтуу, ыйладык окуп жакшынакай адам экен!!!
02.10.2016. 01:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыйналып кысталып торогондон кийин биринчи суйлогон созу бул акча сурагандары. Аябай жаман кором ошол моментти
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо