Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

"ВРАЧТАР ТӨРӨТӨБҮЗ ДЕП ИЧИМДИ СЫГА БЕРИП БООРУМДУ ЭЗИП САЛЫШТЫ"

№725 23-сентябрь-29-сентябрь, 2016-ж

Жогорудагыдай эле арманын айтып бизге Динара Насирдинова деген аял кайрылды. Анын айтымында, 4 ай мурун Базар-Коргон райондук ооруканасынын дарыгерлери өз ишин туура эмес аткаргандыктан ай-күнүнө жетип калган баласы чарчап калган.

"КЫЙНАЛЫП ЖАТСАМ ДА 2 КҮН МЕНИ КАРАГАН КИШИ БОЛГОН ЖОК"

– Биринчи баламдан кийин 13 жыл төрөбөй жүрүп, дагы наристе күтүп жатканбыз. Боюмдагы бала 9 ай болгучакты дарыгерлердин көзөмөлүндө болгом. Балама 40 жума болгондо тишим ооруп калды, ошол күн ушул жылдын 22-апрели болчу. Мени карап жүргөн дарыгериме барсам, ал Кандараалы деген тиш доктурга жөнөттү. Ал менин документтеримди карабай туруп эле 2 ийнени бирдей сайып, тишимди чукулай баштады. Сайган ийнеси таасир берген жок. Тишимди чукулаганда катуу ооруп, ордумдан секирип турдум. Ошондон кийин эле ичимдеги балам тез-тезден кыймылдай баштады. Бир нерсе болгонун сезип стоматологдон чыкканда мени 9 ай караган врач Шахида эжеге кирип "Эже, бир нерсе болду окшойт, ичим тез-тез кыймылдап калды" дедим. Ал баланы тыңшап көрүп, башкача боло түштү да, "ооруканага жаткырып кел" деп медайымды мага кошуп жөнөттү. Төрөт үйүнө барсак, Ирода деген врач текшерип көрүп, патология бөлүмүнө жаткырды да "дүйшөмбү күнү көрөбүз" деди.
Ошентип 2 күн ооруканада жаттым, бул убакта эч ким мени караган жок. Тишим ооруганын айтпаңыз, "доктур чакыртып бергиле" десем да болушкан жок. Ошентип дүйшөмбү болду. Бул убакта ичим таптакыр эле кыймылдабай калды. Чыркырап эле дарыгерге барсам, ал "бала жай кыймылдап жатат" деп кетип калды. Айлам түгөнүп апамды чакырттым. Ал келип дароо мени УЗИден текшертти эле, дарыгерлер "бала өлүп калыптыр" дешти. Муну укканда өзүмдү жоготуп, апамдын кан басымы көтөрүлүп, ызы-чуу түшүп эле калдык. "Эми эмне кылабыз?" десем, "кааласаңар Жалал-Абадга, облустук ооруканага баргыла" деди. Мен "баламды кесарево жолу менен болсо да алгыла, балким, тирүү болуп жүрбөсүн. Силер адашып жаткандырсыңар" десем, Аида деген башкы дарыгер "сага болбойт, өзүң төрөйсүң" деди.

"ОНДОН АШЫК ДОКТУР ТӨРӨТӨ АЛБАЙ ЖҮДӨШТҮ"

– Бир убакта төрөт бөлмөгө алып барышты. Биринчи мени ыңгайлуу кушеткага жаткырышкан, анан бул жер болбой калды деп башка кичинекей кушеткага алып барышты. Ал жерге же батпайм. Мени он чакты врач төрөтө албай жүдөштү. Суу эбак кетип калгандыктан бала чыкпай жатты да. Анан алар шейшепти эки жактан кармап ичимди сыга беришти. Ичим эзилип эле калды, баланы айтпай эле коёлу. Мен өлөт экенмин деп баламды эле аларга табыштай бердим. Анан бир эркек хирург келди. Ошентип эки саат бою мени төрөтө алышкан жок. Анан эле жарыкты өчүрүп, 20 мүнөттөй жок болуп кетишти. Мен болгон күчүмдү жумшап, "мен өлүп калсам артымдагы балдарымды ким карайт?!" деп кыйкырдым. Дарыгерлер келгенде "мени кесарево жолу менен төрөткүлө" дедим. Калима деген дарыгер "муну операция жолу менен төрөтүш керек. Өзүнүн айтканы туура" деди. Анан мени араң жан жатканыма карабай операциялык бөлүмгө жөө алып барышты. Менин басканга деле алым калган эмес. Мага операция жасай турган врач аларды "бастырганга акыңар жок болчу" деп урушту.
Ошентип мага операция жасашып, 3-4 күн жандандыруу бөлүмүндө жаткан соң палатага которушту. Баламдын чарчап калганына аябай ичим ачышты. Башкы дарыгерге кайрылып "Кызым кимге окшош экен?" деп сурасам, ал мага атырылып "Сенин кызың 5 күн мурда чарчап калыптыр, денеси да тытылып калган" деди.

"АРЫЗЫҢДЫ АЛ" ДЕП АКЧА СУНУШТАП ЖАТЫШАТ"

– Ооруканадан чыккандан кийин Базар-Коргон райондук прокуратурасына кайрылып, дарыгерлердин үстүнөн арыз жаздым. Алар дагы араңдан зорго арызымды кабыл алышты. Ошондон кийин апамдын үйүнө дарыгерлер барып кечирим сурашыптыр. Мага да "3-4 жолу келип-кеткен чыгымдарды төлөп берели, арызыңды ал" деп 50-100 миң сом акча сунушташты, макул болгон жокмун.
Андан бери 4 ай өттү. Мени төрөтүп жаткан учурда ичимди сыга берип боорумду эзип салышыптыр, эми анын азабын тартып жатам. 3 жылга чейин жумушка да жарабай калдым. Биздин дарыгерлер төрөткөндү билишпейт экен, акчаң болсо карашат, болбосо талаада эле каласың. Менден да 9 айдын ичинде эле тигиге-буга деп көп акча алышкан.
Бир ай мурун Кыргыз Республикасынын Түштүк регионалдык коррупцияга каршы көзөмөл коомдук бирикмесине да кайрылдык. Бирикменин жетекчиси Жапар Пазылов комиссиянын жыйынтыгы чыккан соң бизге жардам берүүгө убада берди.
Бул иш боюнча Базар-Коргон райондук прокуратурасына жана райондук төрөтканага кайрылганыбызда, эки тарап тең "экспертизанын жообун күтүүдөбүз" деп жооп кайтарышты.

Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(20)
26.09.2016. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Туура, Базар КоргонДогу врачтар жоопкерчиликти билбейт. Озум коп эле жолу кубо болгом. Баламдын температурасы 40 градуска чыкканда да бир карап коюшкан эмес " свеча салдыкго куто турбайсынбы ?" деп. Иши кылса ишин тушпосунда врачка.
Тиги эженин арызын жакшылап карап бергиле, куноолуулор жоопко тартылсын!
26.09.2016. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Анан "озун торойсун!" деген созду жаттап алышкан. Олуп баратсанда ошо созун айтып, кыйкырып тура берет. Акыры оздору деле аялго?! Кош мамиле кылбай, жакшылап конул болушсо!
26.09.2016. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
барып барып кайра мурдагы замандай озубуз эле уйдо торойт окшойбуз тынчыраак
26.09.2016. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кудай сактасын доктурларга кор кылбасын. Кантип боорлору оорубайт, Кудайга жакпаган иш кылышат. Таанышын болбосо, талаада эле калчудайсын.
26.09.2016. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Баардык жактагы ооруканалардын врачтары ушундай мамиле жасашат милиция менен врачка ишинер тушпосун деп бекеринен айтышкан эмесда элдер.
26.09.2016. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жетиштуу билимдери жок, анан кайдагы жеткиликтуу иш аракеттери болсун?!
. Аты учун эле врач (дээрлик копчулугу)
26.09.2016. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
antiwithin14,100пайыз кошулам айтканынызга билими жок эптеп Бутуп, тааныш Аркылуу жумушка кирип алгандар коп жерде. Анан да аламгерчилик деген сапатты жумушка орногон кундон унутуп калгандай тообо.
26.09.2016. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул жерде Тиш доктур менен гинеколог врачында куноо
Тиш доктур торотко эки ай калганда караса болот а срогу жеткенде болбойт эле да
А гинеколог врач тапшырылган анализден билиш керек болчу
Эмнеси болсо да жакындарына сабыр берсин
Алланын иши баарыбыздын барчу жагыбыз ошол жак.
Негизи биз кыргыз аялдар ден соолугубузга ушунчалык кайдигер карайбыз .
27.09.2016. 00:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Врачта да куноо бар бирок озу деле 7 айга чейин тишин корсотуш керек экенин билбептирби? Озунуз да оз ден соолугунузга кайдыгер болуп коюптурсуз.
27.09.2016. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Динара эже сизге сабыр берсин кудайым.Мени дагы ошол роддомдо аябай жаман карашкан врачтары ото начар жана акчана гана карап иш кылышат."Суйунчуго аз акча берип койду кайнененен" деп мага док кылышып разрыв болуп жатсам да карабай коюшкан. Роддомдон чыкканча шашкам кан басымым да жогорулап ооруган боюнча чыгып кеткем. Ушунтип ачыкка чыгарганы аракет жасаганда жакшылап прокуратура караштырып тубуно жетсе жакшы болмок. Аз да болсо наристе менен эненин омурлору сакталып калмак.
27.09.2016. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактааа бей куноо наристе бул жарыктыкты корбой кете бериптирдаа
27.09.2016. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Men da turistter m-n Arslanbobto jurgom bir ubakta ele on jagym oorup shashylysh ele Bazar korgondun bolnicasyna bardym. Ulam biroo kelip karap koiot. Sen korson dep jatyp bir ubakta biroosu chykty bilerman bolup appendicit srochno operaciya jasaibyz kim kol koiot dep.Ishenbei oshol ele kunu bishkekke uchup kelip korunsom boirogumdo tash bar eken oshol pristup berip jatyptyr.
28.09.2016. 21:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мындайды укканда ооруканага баргандан да коркосун. Албетте, оздорунун жазасын алышсын, биздин прокуратура башында карамыш болуп, анан тыштап коет эле... Аягына бул ишти жеткизип, кунолулор оз жазасын алат деп ишенебиз
29.09.2016. 01:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанда негизи эле врачтардын айлыгы аз ошого жараша мамиле кылышат болуш керек депутаттын жарым айлыгын акушеркаларга берсе жугуруп карамак
31.10.2016. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
chakieva87,бир эле Кыргызстанда эмес башка олколордо деле айлык майанасы аз турмуш тиричилике эптеп жеткиришет. А ошондой болгону менен алар оорулуу бейтаптарга Жакшы мамиледе болушат Жакшы карашат
29.09.2016. 04:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин чоң окуу жайларда студенттер эмес алардын капчыктары окуп жатса анан кантип кыйратып кесиптерин аткара алышсын?
29.09.2016. 08:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озу Туштук жергесинде ушундай начар карашабы билбедим мен да Ошто городской больницада торогом иии. Эми ал кунду эстегим келбейт киргенине 1ай болгон акушерка тороткон каным 110менен баргам тороттон кийин 60ка тушкон тун балам бир жакшына торогом кыймылдап эле торогом ыйлаган жок деп укол сайышып баламды жок кылышкан арыз жазам десем келип жалынып балдарым бар багышым керек сен дагы торойсун деп ошол ошол болду 2балалуу болдум кудаага шугур Москва да тородум экоону тен бир жакшына
29.09.2016. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми биздин медицинага келсек, аман эле болушсун. Алгач эле мамилеси кирсен иттей арылдап каап чыгат. Этиканы билишпейт, ооруп барган жанын медиктерди коруп туруп конулун тушуп кайра кучоп ооруйт. Мамилени качан уйроносунор медицина кызматкерлери? ООруган адамды жакшы маанай, жылуу соз, бир аз конул буруу да оорусун эсинен чыгарат. Анан да болбогон бир нерселерди айтып узиге, рентгенге деп, озунун тааныштарына жеке клиникаларга жазып, анысы очойтуп чонтогунду сыгып алат.
01.10.2016. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Боорумду эзип салышты деп жазылып турса кечке кыйтыгылап салган го деп ойлоп кетиптирмин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо