КӨРҮСТӨН КАЗГАН ЧӨӨЛӨРГӨ АДАМДАРДЫН СӨӨГҮ ЖЕМ БОЛУУДАБЫ?

№725 23-сентябрь-29-сентябрь, 2016-ж

Ош облусунун Кара-Суу районунда "чөөлөр көрүстөндү казып, адамдардын сөөгүн сыртка чыгарып салган экен" деген кеп желдей тарап, жергиликтүү тургундардын үрөйүн учурууда. Биз аталган райондун Жоош айыл өкмөтүнө караштуу Мамажан айылына барып, окуянын чоо-жайын билүүгө аракет кылдык.

"КӨРҮСТӨНДӨН АДАМДЫН СӨӨКТӨРҮ ЧЫГЫП КАЛЫПТЫР"
Биз барганда айыл тургундары жаш-кары дебей көркоо чөөлөр тууралуу кеп кылышып, аларды кантип жоготуунун айласын издеп жатышкандыгы белгилүү болду. Окуя тууралуу айыл башчысы Жаныбек Бакиев төмөнкүлөргө токтолду:

– Ушул жылдын сентябрь айынын 8-9дарында биздин айылда белгисиз жаныбарлар айыл этегиндеги мүрзөлөрдү казып кеткенин байкап калдык. Карасак бир топ көрлөр казылып, адамдын сөөктөрү сыртка чыгып калыптыр. Биз сөөктөрдү кайра ордуна салып, топурак менен көмүп коюп, бул окуя кайталанбашы үчүн көрүстөндү жакшылап көзөмөлдөй баштадык. Азыркы күнгө чейин көрлөр казылып жатат. Биз бул көркоо кандай жаныбар экенин ойлондук. Иттер болсо бул жакка келбейт, себеби мүрзөнүн тегереги тосулган, анын үстүнө алар көр казгыдай ачка болушпайт. Башында кээ бир айыл тургундары "көрүстөндөрдү чычкан же келемиштер көөлөп салган" деген ойлорун айтышты. Бирок казылган жерлер чоң. Чычканга мынча чоң тешиктин эмне кереги бар? Ошондон көп узабай айылда чөөлөрдү көргөндөр, түнкүсүн үнүн уккандар болгондуктан чөөлөр эле казып жатат деп божомолдоп, аларды жоготууга аракет кыла баштадык.
Мүрзөнүн жанында сай бар. Ошол сайдын эки жагы көчө бергенинен мурда сайдын эки тарабына бактарды тигип, зым тосмо менен коруп койгон элек. Сайдын ичине камыш, тикенектер чыгып, ичине адам кирүүгө мүмкүн болбой калган. Ал эми чөөлөргө так ушундай жерлерде жүрүү ыңгайлуу экен да. Жер шартына тез ыңгайлашып, тез көбөйгөн жаныбар окшойт. Сайдын ичинде кандайдыр бир жаныбарлардын изи жол болуп түшүп калыптыр. Биз бул жакка адам же мал кире албаса, чөөнүн эле жолу болуш керек деп божомолдоп алардын жолуна сыйыртмак, капкандарды койдук. Бирок чөө куу жаныбар окшойт, оңой менен карматпайт экен. Ушул сай унаалар өтчү чоң жол менен кесилишет. Ошол кесилиштеги көпүрөнүн алдына чөөлөр айылдан чыккан койдун, тооктун өлүктөрүн алып келип жейт экен. Анан бул көпүрөнүн алдына да зымдан сыйыртмак жасап, капкан койдук. Биздин айылдын тургуну Кенжебек Досбаев аттуу жигит ушул жерге капкан салып, 10-сентябрь күнү 1 чөөнү тирүүлөй кармап алган. Бирок адамга айбат кылып асылганда балта менен урган экен, чөө 3-4 сааттан кийин өлдү. Кийинки күнү ошол эле капканга дагы бир чөө түшкөн. Аны биз өз убактысында көрбөй калып чөөлөр өздөрү жеп салышыптыр.

"11 ЧӨӨ ЖҮРГӨНҮН КӨРГӨНДӨР БАР"
– Мен өзүм көргөн жокмун, бирок биздин бир айылдашыбыз кечинде кетип баратып унаасынын жарыгынан 11 чөөнү көрүптүр. Көргөндөр "мурда мындай чоң чөөлөрдү көргөн эмеспиз" деп жатышат. Бүгүнкү күндө 2 чөө өлсө, 9 чөө калды деген ниеттебиз. Угушумча, айыл тургундарынын бири "баламды сугатта жүргөндө чөө кубалаптыр" десе, башкасы "неберем мектепке баратканда кол салыптыр" деп сөз чыгаргандар болуптур. Андан соң "чөөлөр адамдарга да кол салып жатышат, биз коркуудабыз" деп айыл тургундары дүрбөлөңгө түшүп калышты. Бирок мага эч кимиси антип кайрыла элек, андыктан бул фактылар такталган жок. Түнкүсүн чөөлөрдүн коркунучтуу үндөрүн уккан жаш балдардын, аялдардын үрөйү учуп бизге айтышкандыктан бул маселени тезирээк чечкенге аракет кылып жатабыз. Жергиликтүү мергенчилердин чөөлөрдү кармоого мүмкүнчүлүгү жок экен. Себеби алар түнкүсүн чыгат. Ошол себептен Кара-Кулжадан атайын үйрөтүлгөн иттери менен мергенчилерди чакырдык, жакында келишет. Алар "ар бир жок кылынган чөөгө акча төлөп бересиңер" деп жатышат.

"АДАМДАН КАЧПАЙТ ЭКЕН"
Атын атагысы келбеген дагы бир тургун буларды кошумчалады:

– Чөөлөрдү көрүп, үнүн уккандар айылда көп. Кечээ эле биздин айылдашыбыздын бири айылдын жогору жагынан 1 чөөнү көрүптүр. "Адамдан качпайт экен" деп келди. Кыйкырып, тап берсе да качпай туруп алыптыр.

"6 АЙДА 1000ГЕ ЖАКЫН ЧӨӨ АТЫЛДЫ"
Биз жогорудагы окуя боюнча Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу департаментинин бөлүм башчысы Талант Турдуматов менен байланышып, төмөнкүдөй жооп алдык:

– Биздин бардык аймактарда өзүбүздүн өкүлчүлүктөр бар. Сиздер айткан Кара-Суу районуна да барып, окуяны териштирип жатышат. Өлкө боюнча 20 миңдей мергенчилерибиз бар, чөөлөрдү жок кылууга алардан да жибергенбиз. Чөөлөр ачка болгондо көрүстөндөрдү каза башташат. Ал эми көп санда болсо адамга кол салышы мүмкүн, бирок мындай факт бизде катталган эмес. Негизи чөө тез көбөйгөн жаныбар. Быйыл да өзгөчө көп болууда. 6 айдын ичинде эле 1000ге жакын чөө, 400гө жакын карышкыр атылды. Өкмөт тарабынан чөөгө 2 миң, карышкырга 6 миң, бөлтүрүктөргө 1 жарым миң сом сыйлык каралган. 800дөй чөө аткан мергенчилер жергиликтүү өкүлчүлүктөрүбүз тарабынан акчалай сыйлык алышты. Мергенчилер терисин текшертип, анын чөө экендиги аныкталса сыйлыкты алышат, терисин кайра өздөрүнө беребиз.

"ЧӨӨЛӨРДӨ ЖУГУШТУУ ООРУЛАР БОЛУШУ МҮМКҮН"
Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясынын Бишкек шаардык бөлүмүнүн ветеринардык дарыгери Асылбек Ажыгуловго кайрылып, чөөлөрдү кармоодо адамдар эмне кылышы керектигин тактадык:
– Биринчиден, көрүстөндөгү адамдар жугуштуу ылаңдар менен ооруп көмүлгөн эмес. Анын үстүнө жерде жаткандарына көп болсо, адамдардын сөөгүндө жугуштуу оорулар жок. Чөөлөрдү атууга уруксат берилсе, мергенчилер ветеринардык кызматкерлер менен биргеликте атышы керек. Себеби чөөлөр жапайы болгондуктан жугуштуу оорулар болушу мүмкүн. Адамдар да өзүнө сак болуп, ветеринардык эрежелерди сактоосу зарыл. Үйдөгү малды же ошол эле атылган чөөлөрдү сойгондо колуна кол кап кийип, андан соң терисин атайын лабораториядан текшертиши керек. Текшерилбеген терини колдонууга болбойт. Талаа шартында болсо этин терең чуңкур казып, үстүнө хлор сээп, андан соң гана көмүү туура.

20дан ашуун адамдын мүрзөсү казылып калган.


Капканга түшкөн чөөнүн териси.


Асхат Субанбеков
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(25)
26.09.2016. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кудай сактасын.Азыр чоолор айылдарга чейин Келип калыптыр.
01.10.2016. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
emir_muslima,Ал чоолорду атып орттоп жоготобуз,биздин ичибизге кирип алган бей окмот коомдорду,гейлердин укугун таануулаган чоорлорду эмне кылабыз...Алар Ктрк га БиБиСи болуп ,Элтр ге Азаттык + болуп кирип алышты...
27.09.2016. 00:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
бир окуя айтып берейн биз досторубуз м.н тренировка кылып талааларга чуркачубуз.чуркап кетсак бир ундор угулду биз аларды кээ бир досторубуз тамашакойлор деп ойлоп чуркай берлин бир убакта алдыбызда 100метрдей алдыда дагы кыйкырды ошондо билдик досторубуз эмес экенин ушундай адамды башкача кылат экен артур кайрылып бир токтобой жаман тех чуркадыкко чарчап калган болчубуз ал эсте жок 100до айылга кирип бардык тооба азыркы учурларда да кочолорго кириштат жок кылуу керек бул пайдасыз жаныбарды
27.09.2016. 02:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кышында тундо биздин айылдын кочолоруно чоолор коп келет. Андайда зынкылдап уруп, уйку бербеген иттердинда уну очуп кетет. Сайраганын уккам бирок, озун корбогом. Суротундогу башын коруп,кинодогу динозаврларга окшоттум.
29.09.2016. 04:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
jazolina,куштар сайрайт, чөө кыйкырат.
27.09.2016. 04:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менинда эки иним талаага эгин суугарганы барган экен тундосу,коздору жанып жанына келген экен фанаригин жандырса качып кетиптир аны коргон инилерим аркасын карабай чуркап келиптир уйго.Кыргыздар патриотбуз эле дейт балдар ошол балдар кыздарга патриотун коргозбой ошондой жерге барып коргозбойбу ошондо корот элек эр журокторун
30.09.2016. 23:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Guzi88, ой барбы сенде? Бул жерге патриоттордун кандай тиешеси бар?
27.09.2016. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Корккондун кереги жок. Туну эркектер уктап жата бербей ууга чыгыш керек. Кырып салыш керек шакалдарды
27.09.2016. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Корккондун кереги жок туну ууга чыгыш керек кырып салыш керек шакалдарды
27.09.2016. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне кетпейтат
27.09.2016. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХ кирсин кетпесе
Модератор admin_portal түзөттү 2016-09-27 17:49:53
27.09.2016. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Omurbek998, коомдук адепке туура келбеген сөздөрдү жазууга тыюу салынат!
27.09.2016. 22:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биз жакта да чоолор кобойуп кетти эле бир дары менен кыррып койду го азыр унун укканга зар болуп журобуз.
02.10.2016. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ozgeldi, анда кара сууга барышын керек экен.
28.09.2016. 09:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Менимче бир койго же эшекке коп дозада дары сайып туруп ошону талаага таштап коюш керек. Гарантия 500%!!!
Abdurahman түзөттү 2016-09-28 09:13:29
28.09.2016. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биздин айылда дагы коп танкы багымдат намазына азан айтканда кошо ызылдашат конуп деле калдыкко
28.09.2016. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окуп алып мурашки по коже болдум тообо. Мынтык алып журуш керек окшойт ээн жерге чыкканда. Ундору эмнеге окшош карышкыргабы иткеби же башканерсегеби айткылачы уккандар болсо ?
Бирок шакалдар коркот дешет пдамдардан иттерден. Аэрофлот собаки Сулимова деген иттердин породасын багаж жыттатканы колдонот экен. Бул иттер жарым шакал жарым кадимки эле ит экен. Мурду обычный иттен кучтуу болот экен.
tea23 түзөттү 2016-09-28 18:21:45
28.09.2016. 18:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
tea23,Жаш наристенин ыйлаган унуно окшош,унун укканда денен бир муздап кетет,иттер чоонун унун укканда кирерге тешик таппай уну чыкпай калат.
01.10.2016. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
PatriotKG01,карышкыр кылып койдун го..чоону иттер энесин таанытат жетип алса.бирок жеткирбейт чоо.карышкыр келип калса итин койнуна кирип жатып алат .бирде жайлоодо ошондой болгон чоооон ит эле баарыбир коркот экен.
29.09.2016. 07:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактаааа
01.10.2016. 01:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошол камыштарды тегерете бензин чачып орттош керек)Бир жолу ошол))
02.10.2016. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чоолор тугонбойт Мамажанда еле эмес коншу Зарбалик айылында дагы адамдардын тынчын алат мамлекет жагынан катту козомолго албаса болбойт.
02.10.2016. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айылдарда пайда болгону коркунучтуу.Каникулда жайлоого барганда, туну улуганын угуп ,коркот элек.
22.12.2016. 22:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындайлар биз тарапта дагы катталып атат
14.03.2017. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин жаныбызда эле орус мазар бар ошонун арасында толтура журот ага айылда эч ким деле конул бурбайт уйронуп калганбыз,туну ызылдашып эле журот,жарыкта барып карасам эч теке жок экен туну менен тоого чыгып кетишет окшойт,суук тушо баштаганда оздору эле кетишет,кээде уйубуздун устуно да келишет коркпойбуз деле,аа кыргыз мазарда бар ал жака киришпейт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо