Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

#придуркизнайте хэштегинин каарманы: "ЭЛДИН ТАЛААЛАП ЖҮРГӨНҮНӨ БИЗДИН ЧОҢДОР КҮНӨӨЛҮҮ!"

№725 23-сентябрь-29-сентябрь, 2016-ж

27-август күнү Москвадагы басмаканада өрт чыгып, анын кесепетинен 17 адам (анын 14ү кыргыз кыздары) каза тапкан. Өрт учурунда "өлкөбүздө турмуш шарт жакшы болсо, бул жактарда азап чегип жүрбөс элек" деп сай-сөөктү сыздата ыйлаган кыз бүткүл кыргызды силкинтип, бириктирди. Биз ошол кызды таап, аны менен маектештик. Бийликке карата ачуу чындыкты айтып ыйлаган Мээрим Абдыкалыкова Орусияда иштеген мекендештерибиздин абалы тууралуу кеп курду.

"Мен биздин коррупционерлерге айткым келет: Эгерде бизде баары жакшы болсо, бул жакка келбейт элек, өз өлкөбүздө иштеп, жашайт элек, ушинтип кыйналбайт болчубуз, акмактар, билгиле!"


– Саламатсызбы, Мээрим? Бийликтегилерге катуу сын айттыңыз. Мекендештерибиздин өз өлкөбүздө жумуш жок, чет мамлекеттерде иштеп жүрүшүнө эмне үчүн бийлик күнөөлүү деп эсептейсиз?
– Саламатчылык! Бийликте отургандар жаштарды башка өлкөгө тентитпей, аларды өз өлкөбүздө эле жумуш менен камсыз кылсын. Мына, жаш кыздар кетип жатат. Алардын тагдырлары ал жактан кандай болот, ким билет? Мен деле жогорку билимдүүмүн, жумуш жок айласыздан Москвага барып иштегенге туура келди. Мага окшогондор толтура да. Өкмөт бизге жумуш маселесин чечип берсин. Элдин талаалап жүргөнүнө туура эмес иш жүргүзгөн биздин чоңдор күнөөлүү болуп жатпайбы!

– Бийлик Орусиядагы мигранттардын абалын жакшыртуу үчүн кандай кадамдарды жасашы керек эле деп ойлойсуз?
– Негизи сыртка иштегенге чыгарбай койсо жакшы болмок. Москвада канчалаган жаш кыздар идиш жууп, колуна тийген түрдүү оор жумуштарды жасап жүрүшөт. Жаштайынан ден соолугунан айрылып жатса, кантип кыргыздын тукуму көбөйөт? Биздин байкелерибиз, инилерибиз деле кыздарды ойлобойт. Кыздарды иштетип коюп, өздөрү ичип-чегип жүрүшөт. Анысы аз келгенсип кыздарды жаманатты кылып сөз чыгарышат. Күйгүзгөнү – боюна бүтүрүп коюшкан балдарына жоопкерчилик алышпай, ымыркайларды таштап кетип жатышат. Эркектерге да кайрылат элем, аз болсо да кыздарды аяшса, аларга болгон мамилесин оңдошсо.
Азыр үйлөнүү тойлордо 10-15тен ашык кымбат машиналарды чыгарып жатышат. Ошол кыргыздарга керекпи? Ал акчанын көбү чет өлкөдө кыйналып иштеп табылып келген акчалар. Андайга тыюу салган мыйзамдарды депутаттар киргизип, ысырапкорчулукту тыйса.

– Анда Орусияда иштеп жүргөн мекендештерибиздин негизги көйгөйлөрүн өзүңүз айтсаңыз...
– Москвадагы өрт окуясындагы эле негизги көйгөйлөрдү айтып берейин. Мына, кырсык болду, Орусиядагы кыргыздар колунан келгени да, келбегени да куран окутуп, жабырлануучуларга жардам деп акча чогултушту. Бирок ошол акчалар кайда кетти, ким алды, ал акчаларды эсептеген адам барбы? Ооба, кырсыктан каза болгондорго жардам берилип жатат, бирок ошол өрттө документтери өрттөнүп кеткен кыргыздар эмне болуп жатат деп ойлогон адам жок. Өрт учурунда 15тей кыз имараттан качып чыккан, мына ошолорго деле жардам бербейби. Алар же жумуштан жок, же документинен жок талаада калышты.

– Сиз да ошол басмаканада иштечү белеңиз? Ал басмакананын жетекчилиги кызматкерлерге кандай мамиле кылчу эле?
– Мен ал басмаканада мурда иштеп кеткем. Бир тууган сиңдимдин ал жерде иштеп жатканына 3 жыл болгон. Биз "жумуштан чык" десек, "ал жакта досторумдун баары иштейт" деп болбой койгон. Ошол досторунун баары өрттө каза болуп калышты. Өрт учурунда ал мага телефон чалып "Мээрим эже, өрттөнүп жатат, досторум ичинде калып калды" деп ыйлады. Мен жакын жашагандыктан чуркап бардым. Барсам сиңдим эсин жоготуп сүйлөй албай жатыптыр. Ошон үчүн камерага анын ордуна мен сүйлөп калдым. Ал түнкү нөөмөтүн өткөрүп жатса мастерге бирөө "өрт болуп жатат" деп кыйкырыптыр. Ал болсо жанындагы сумкасын алып сыртка чуркап жөнөйт. Терезеден кара түтүндү көрүп сиңдим да эшикке чыгат. Биринчи кабатта өрт болуп жатса да төртүнчү кабатта сигнализация иштебептир. Сиңдим сыртка чыкса 1-кабаттагы кыздар эбак эшикте экен. Негизи өрт биринчи эле кабатта болгон, лифт аркылуу барган ис 4-кабатты каптап, кыздар ууланып жатышпайбы.
Ал эми басмаканада болсо талап катуу, орустар дайыма бизге үстөмдүк кылып турушат. Иштегендер үчүн шарттар да каралган эмес. "Силер качан орусча үйрөнөсүңөр" деп орусча билбегендерди урушат. Мен да орустардын ушундай басмырлоосунун айынан алар менен урушуп, иштен чыгып кеткем. Эгер 5 мүнөт кечиксең 1000 рубль айып пул салат. Жумуш убагында уюлдук телефон менен сүйлөшпөө сыяктуу көп нерселерге тыюу салынган. Түнкү нөөмөттө иштегендерге саат 12де тамактанууга 40 мүнөт убакыт берилет. Таңкы 5те болсо 15 мүнөткө чай ичип алууга чыгарат. Ал ортодо суу ичкенге же башкага уруксат жок. Ошол эле жерде иштеген орустар 10 мүнөт сайын чылым чегүүгө чыгып турушат. Жадакалса намаз окуганга да уруксат беришпейт. Айлык акыбыздан сөзсүз 1000-2000 рубль айып пул деп ар кайсы шылтоолорду айтып кармап калышчу.

– Эмгек келишимин түзүп иштеген кыргыз жарандары көппү?
– Менин оюмча, Москвада эмгек келишимин түзүп иштегендер 30 пайыз болсо керек, 70 пайызы жумуш тапкандарына сүйүнүп иштеп жүргөндөр. Басмаканада да келишим түзүлгөн эмес, ал жерге тааныш аркылуу киресиң да, паспортуңдун көчүрмөсүн берип койсоң жетиштүү.

– Жогорку билим алгам дедиңиз, Кыргызстанда жумуш табуу кыйын болдубу?
– Мен ОшМУнун юриспруденция кафедрасынын криминалистика факультетин аяктагам. Бирок жумушка кире алган жокмун. Ишке орноштурууга 3-5 миң доллар пара сурашкан. Менде кайдагы акча? Ошентип Москвага иштегени кетип калгам. Кыргызстанга кырсыктан кийин келдим, кайра качан кетем белгисиз, азыр жумуш жок отурам.

"Кыргызстандык жигиттер өрт өчүрүүчүлөргө караганда кыздарды куткарганга болгон аракетин жумшашкан".


Айсалкын Качкынбаева
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(48)
26.09.2016. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Референдумду дагы колдогула туугандар,чондорго шарт тузушубуз керек экен ,шартары начар болуп атыптыр байкуштардын
26.09.2016. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кимге ишенип кантеп жашайбыз? Жплан алдым жуттумдар! Бугун соз бергенин эртен унутуп калышат... биз конупкалдык мындай бийлике биздин балдарыбыз неберелерибиз эмне болот кандай жашоого туш болушат мындай темп менен
26.09.2016. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бийликти түп тамырынан бери алмаштырыш керек болбосо ушу көрүнүш жемей жутмай кызарган жерди жулуп алмай еч бир кыргызга күйгөн кыргыз деген адам жок
26.09.2016. 21:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жакшы тунук суйлотур. Ушуну айтса болот жакшы маек болуптур деп
26.09.2016. 23:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ушул кызды озум келин кылып ала турган экен.Оштук болсо укам бар
01.10.2016. 22:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Daniel-89,нарындык болсо албайсынбы? Былыктыгын корушуп турат
27.09.2016. 04:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Жашы 18ге чыкпаган кыздар болчу куйуп кеткен кыздар,деп орт учурунда туура эмес интервью берди го бул кыз?Анын негизинде орусияанын массалык маалымат каражатары тескерисинче жазып чыгышты."Нелегально иштешчу экен деп.
27.09.2016. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
shamshiev.80 адам паникага тушкондо суйлосо суйлойтда тура эмес. Сизди корот элем ошол убакта эмне деп суйломоксуз.
Ошончонун арасынан суурулуп чыгып элдин намысын ойготчу создорду айтып, какшап атты.Азамат!
28.09.2016. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
shamshiev.80,туура айтасынар ошол соз он сегизге чыга элек болчу деп орустардын ар бир каналы типа кыргыздар акча дегенде жашы жетпеген кыздарын да иштете берет деген талкуулар коп болду негизи эн кичуусу он сегизде десе болмок бул менин оз пикирим анан да биздин туугандарыбы эн кичуусу он сегизде эле деп айтышты
28.09.2016. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
shamshiev.80,ошо 18 жашка чыгарбай иштеткенибиз кайра эле акча маселесине келип такалат, Кыргызстанда ошо 18 жашка чыга элек кызды бага турган ата энесине жумуш жоктугуна келип такалат, окуума акча чогултам деп кетсе кайра эле коруппцияга келип такалат. Бул бир чети элн
Lekarstvosvoegomuja түзөттү 2016-09-28 15:36:17
27.09.2016. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
1 чиден туугандар референдумдун эч тиешеси жок!окуб чыккыла интернеттен тапсанар болот каерин озгортобуз дегенин!2ден элибизге жараша бийлик шайлаб атканда ойлонуш керек акчаны алыб калпеле жамандабай!шартты озубуз озубузго тузуш керек куранда бар туугандар мамлекет бизге не кылды дегенден мурун мен мамлекетке эмне кылдым деген суроо берип кордунорбу??Эгер ошондой суроо берип мамлекетке кылсак бит нерсе онугобуз!аллахым билет силердин биздин арабызда да келечектеги депутат министирлер балким бар
27.09.2016. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыздар тууралу!аллахым бейшин берсин бул ажаал!мамлекеттин куноосу жок сабыр кылгала!
27.09.2016. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Туугандар мен ОшМУда мугалим болуп иштейт элем. Эки жыл мурун Ошто ооруй бергенимден доктурга барсам матканын рагы жаны башталыптыр, матканды алуу керек дешти, ишимден акысыз эргуу алып Москвага кеттим, баары иштегени кетти деп ойлоп калышты окшойт. Барсам эндометриоз, плацентарный полип деп орустар сонун кылып эле даарылап коюшту. Быйыл келдим. ОшМУдан кайра ордумду беришбеди, кыскартуу энене бар, атана бар кылышты, шаар боюнча эки ай иш издеп таба албай жатам. Мен кайра мигрант боломбу?
28.09.2016. 01:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Биз, жолдошум экөөбүз дагы жогорку билимдүү инсанбыз.
Бирок, жогорудагы форумчуларга окшоп, 2002 жылы Россияга сапар тарттык. Анткени жумуш жок, болсо дагы маянасы аз. Эң кызыгы, бөтөн элде араң арабавызды сүйрөп жүрсөк, Маданият министрлигинен окүлдөр келишип, акча топтоп кетишкен. Патриотсуңарбы, өлкөбүздүн маданиятын көтөрөлү, - деп.
Ошондо эле түнүлгөнбүз, биздин "чоңдордон".
kofesmolokom түзөттү 2016-09-28 01:01:04
28.09.2016. 01:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Уй-було багуу кыз-келиндер, апаларга жуктолгон. Аял алсыз дейт азыр тескерисинче.
28.09.2016. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
чалынып жыгылып кетсен да окмот кунолуу.бироого догурунуп жашагандар омур бою жакшылык корбой отуп кетишет.
29.09.2016. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
vangolu, эгер Окмот элдин камын ойлобой турган болсо анда алардын элге эмне кереги бар?!! ОКМОТ, Жогорку Кенеш,президенти жок эле жашай берели жылына канчалаган миллиард жумшап багып кыйналбай?!! ОКМОТ менен Жогорку Кенештегилер эмнеге бийликте отурганын унутуп койгондой жеке конторасы кылып...
28.09.2016. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Салам супер!!!Озбек байыса там салат Кыргыз байыса катын алат деп бекеринен айтылган эмес!!!Бироосу сунуш кылды бироосу колдоду болуп эле,оздорунун бир аялын бакканы алы жетпейт да закон киргизгендерине кулкун келет депутаттардын айтпаса адамдын кыжырын келтирген.Эмне торт аял алганы закон чыгарып ар бир уй-булоонун турмушун барып карап келе тургансып законду чыгара беришет оздорунун акчасыашып ташып жатпайбы депутаттардын кара пайым элди ойлоп да койгон жок закондорунда мага десе 20аял алышсын
28.09.2016. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кечиресиңер темадан алыстап кеттим..Алган айлыктын канча % налогко төлөйсүздөр
29.09.2016. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
kgz.Begish, Кыргызстанда мен билгенден маянанын 18%ти кармалат салык жана свой.фондго деп отуруп... Ошондо кармалган акча колго тийген акчанын 22%тин тузуп калат. Эгер сен таза 10000 сом айлык алсан, демек сага болунгон 12195сомдун 2195 сому кармалып калат. Албетте мен бухгалтер эмесмин, так эсептеп беруу учун, бирок тактаганда ушуга жакын эле болот...
28.09.2016. 19:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
"Кор болду ,кыргыз кор болду"жогоруда айтылган создорго толугу мн кошулам.Москвада менмин деген кыргызстандык улан кыздар кор болуп кор тирлик мн алпурушуп алтындай омуру отуп жатат.Алардын кобу кундун отконун айлык алганда гана билишет копчулугу жумасына 1-3 жолу эс алат.Айына 250-360саат иштешет.Арасында ооругандары ото коп айрыкча туберкулез дарты кыргыздардын арасында ото жайылган.Квардиранын бир болмосундо азы 5 адам жашайт ошонун бешинчиси созсуз кургак учук мн ооруган болуп чыга
29.09.2016. 08:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул кыз кайсыл жерден экен ошол боюнча да жазып койбоптур админ
01.10.2016. 21:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Guzi88,Оштон болот.Озгур айылынан.
29.09.2016. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Таможный союз деп айтканы
Менен бир гана патент жок калганын баары мурдагыдай докуметтин иши бутпой кыйналып акча табасын орунга туруп жуунуп таранасын.Айлыгын тиери менен башталат аны кызын тойу буга жылдыкка барыш керек деп тапканын баарын озуно эмес той топур башкага кетет.Жок дегенде урматтуу депутаттар балдарынарды чет откондо окутканга коро элинерге акыретиниздер учун соопчулукка бир жумуш орундарын ачкылачы коттеж элитный квартира алгандын ордуна
29.09.2016. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Tomega? Darin эн туура пикиринерге кошулам. Азыр Текебаев деле Атамбаев экоо чукулашпай ушундай нерселерге конул буруп, элдин тагдырын ойлоп, иш менен камсыз кылуу, экономиканы которуу, жумушсуздукту жоюу ушуга окшогондорду чечсе жана да талаш жерлерди чечсечи. Анан да бюджетте 22 млрд дефицит. Тушум болбоду тигил бул деп кайра эле дыйкандарга асылышат. Бюджетти силер толуктагыла урматтуу атка минерлер.Кантип, кандай жол менен? ушундай суроолорго баш ооруткула биринди бирин чукубай.
29.09.2016. 19:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргыз эли кыйын кезенде башын бириктирип жашап келген, ата бабанын жолун улантуу,жер шаарында кыргыз элин ааламдашуу убагында сактап калуу озубуздун колубузда,кыргыз эли озу куноолуу азыркыдай бийликти шайлаганга, мекенчил адамдардан турган гана бийлик онуктуруп кете алат деп ойлойм, мекенчил сапат ар бир кыргызда ойгонуш керек, кыргыз жери,кыргыз эли кылымдарга омур сурушуно салым кошолу,
29.09.2016. 21:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чынында Кыргызстанда жашоо ото эле оор. Биз келинчегим экобуз тен иштейбиз жана балабызды да карап жетишебиз, бирок батирде турганыбыздан кунумдук жашоо менен жашап, жок дегенде жер алганга эч акча чогулта албадык мына жашоо Кыргызстанда
29.09.2016. 23:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мамлекеттен умут кылбай,озунорду озунор баккыла деп ,президентибиз дайым эле айтат го.Ошооо озубузду багып журобуз талаалап.Мекенде тырмышып,куну-туну иштепда эч нерсеге жетише албай келебиз.Эптеп кунумдук жашоого гана жетет.Бул баарына белгилуу
Aselina_kg түзөттү 2016-09-29 23:04:00
30.09.2016. 03:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Умут узбойлу биздин заманыбызга онолбосо дагы . Жок дегенде мотурайган балдарыбыздын келечегине онолуп калаар. Ошол убакта балдарыбыз бизге окшоп балдарын ата энесине саргайтып таштап чет жакта иштегенге муктаж болбой турган,жетишкен заманы келип калар.
30.09.2016. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Айта турган соз коп,бирок созду синген жерге айтыш керек. Мен кошулам мигрант болушубузга Чондор кунолуууууууууууууууууу
30.09.2016. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошону учун азыркы муунду илимдуу билимдуу кылып остуролу. Жаш балдары барлар ата энелер азыр копчулугу россияда акчанарды болбогон той топур кылып же озунор жашабаган кабат кабат особняктарга коротпогула. Акчанарды балдарынардын келечегине тиккиле.Аларды эн алдынкы окуу жайларга окуткула биздин коррупцияга белчесинен баткан универлерде эмес колунардан келсе Япония Корея Англия Германияга окууга жибергиле.Бизди кедейликтен туркойлуктон илим билим гана куткарат.Келечегибиз биздин балдарыбызда.
30.09.2016. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Айта берсең арман көп.Байкуш эл. Эптеп төрөлүп эптеп өлүп атпайбызбы. Ыйлайсың...ыйың же жетсе эмне жетер жерге. Үй бүлөөлөрдүн бузулганычы,бириң кырда бириң түздө жүрүп.Кайсы бирин айталы?! Ата эне мээримине тойбогон бала ач болот болуп балдарыбыз калат эки көзүн жалдыратып. Башка айла барбы,иштебесең ач каласың(ыйлап атам). Күнөөнү дагы кимден издейли?...
30.09.2016. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Акча-акча деп эле акчанын артынан тушпой кудайга да тобоо кылыш керек. Чет жакта иштеп келип уй салып, машина алып, той берип чачкандар толтура. Коптор учун жер айдап, мал багып жургондон коро чет элдин кочосун шыпырган артык экенин коруп эле журобуз. Илим-билимден аксап калганбыз. Балдарыбызга татыктуу тарбия-билим бермейин ушул сазда тура берерибиз анык. Ошондуктан балдарын кемпир-чалдарга, туугандарга бактырып коюп байлыктын артынан кууп жургон ата энелер ушуну тушунушсо.
01.10.2016. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бакиев куноолу
01.10.2016. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргызстанда 2 революция болду дейт.Эч кандай революция болгон жок. Болгону президенттер алмашты.Мурунку жеп-жутарлар кайра эле оз ордуларында калып калышты. Эл жонундо, мигранттар жонундо ойлогон эч ким жок азыр.
02.10.2016. 03:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмне учун 5млн элди эптей алышпайт ошого куйомун.озбекстандай 30млн болсо эмне кылышмак тушунуксуз
03.10.2016. 06:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыскасы Азыркы бийликтин туп тамыры менен жок кылуу керек
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо