№725 23-сентябрь-29-сентябрь, 2016-ж
Өз ишмердүүлүгүнүн убагында бир топ чемпиондорду тарбиялап чыгарып белгилүү болгон клубдар менен тааныштырууну улантабыз. Бул сапар Кылычбек Саркарбаев, Рашит Аманкулов жана башка атактуу спортчуларды өстүргөн "Мухаммед-Умар" спорт клубу тууралуу баяндайбыз.
Аталышы – "Мухаммед-Умар"
Жайгашкан жери – Ош шаары
Спорт түрү – Самбо, дзюдо, кикбоксинг, кармашып урушуу, ММА
Негиздөөчүсү – Сүйүнбек Өмүрзаков
Президенти – Улукбек Өмүрзаков
Машыктыруучулары – Мухаммед Курбанов, Улукбек Өмүрзаков, Бакыт Жусупов жана Талант Байсалов
Белгилүү мушкерлери – Рашит Аманкулов, Кылычбек Саркарбаев жана башкалар
Аталган клубдун президенти жана машыктыруучусу Улукбек Өмүрзаков клубдун жаралуу тарыхы тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Салам алейкум! Улукбек мырза, айтсаңыз, сиздердин клуб качан, ким тарабынан негизделген жана ал убакыттын ичинде канча спортчу тарбияланып чыкты?
– Алейкум ассалом! «Мухаммед-Умар» спорт клубу 2005-жылы азыркы ички иштер министринин 1-орун басары, милициянын генерал-майору Сүйүнбек Өмүрзаков тарабынан негизделген. Ошондон бери спорттун дзюдо, самбо, кикбоксинг, ушу-саньда, кармашып урушуу, ММА түрлөрү боюнча 3 миңден ашуун спортчуларды машыктырып, тарбиялап өстүрдү. Учурда 2 спорт залыбызда 450дөй бала машыгууда.
– Клубдун тарбиялануучулары көптөгөн мелдештерге катышып байгелүү орундарды алып жүргөнүн билебиз. Кайсы спортчулар менен сыймыктана аласыздар?
– Биздин спорт клуб көбүнчө дзюдо, самбо, уруш түрүндөгү самбо жана эрежесиз эр уруш боюнча мелдештерге катышып, ийгиликтерге жетишип келе жатышат. Кыргызстанда спорт клубдар боюнча алдыңкы үчтүккө киребиз деп ишенимдүү айта алам. Мисалы, 2015-жылы жаштар арасында өткөн Азия чемпиондугунда Баяман Сагынбай уулу эгемен Кыргызстандын тарыхында 1-жолу дзюдо боюнча 55 килограмм салмакта Азия чемпиону аталса, быйыл июль айында Якутияда өткөн «Азия балдары» оюндарында Кубаныч Айбек уулу дзюдодон 46 килограмм салмакта алтын медалга ээ болду. Маркум Мирбек Абдыкадыров ММА боюнча Азия чемпиону, Бекназар Кайназар уулу ММА боюнча Дүйнөлүк чемпиондукта коло медалга ээ болгон. Ал эми уруш түрүндөгү самбо боюнча Максат Мусабаев, Калыс Токтосун уулу, Орозбек Автандил уулу Азия чемпиону, дагы 10дон ашуун спортчу Азия чемпиондугунан 2-3-орундарга ээ болушкан. Кикбоксинг боюнча Эл аралык класстагы спорт чеберчилигине Рашит Аманкулов менен Бекназар Кайназар уулу ээ болушкан. Эрежесиз эр уруш боюнча Кылычбек Саркарбаев, Рашит Аманкулов, Төлөгөн Рахманбердиев жана башка ондогон спортчуларыбыз көп жыл рингден түшпөй, спорттон өз ордун таба алышты. Дзюдо боюнча 8, самбо, күжүрмөн самбодон 21, ушу-саньдадан 18 спортчубуз спорт чебери болушту.
– Спорт клубдун Ош шаарында 2 спорт залы бар экен. Өлкөбүздүн башка да аймактарына спорт залдарды ачуу пландары барбы?
– Ооба, буюрса, Бишкек менен Жалал-Абад шаарларына спорт залдарды ачабыз деп турабыз.
Нурбек Абдыкадыров
sport@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
3
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
"азаптын тубу тозок" дд. соз