Айдана Дека, ырчы: «ӨСПҮРҮМ КЕЗДЕ ЖАКПАГАН ЖЕРИМЕ ПЛАСТИКАЛЫК ОПЕРАЦИЯ ЖАСАТАМ ДЕЧҮМҮН»

№725 23-сентябрь-29-сентябрь, 2016-ж

"Аппагым", "Кыздын сыры", "Бакытым" аттуу ырларды аткарган Айдана Дека элге аз да болсо таанылып калды. Кыргыз шоу дүйнөсүндө жаңы чыгып келе жаткан тал чыбыктай буралган көздүү мончок тууралуу билгиңиз келсе бул макаланы окуңуз.

КААРМАН ТУУРАЛУУ

Туулган жылы, күнү
– 1996-жыл, 5-октябрь
Бою – 165 сантиметр
Салмагы – 45 килограмм
Билими – Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдын эстрада-вокал бөлүмүн аяктаган
Үй-бүлөдө 3 бир туугандын ортончусу, бойдок

– Салам, Айдана! Дека бул фамилияңдын кыскартылганыбы?
– Ооба, сахнага башкача болуп чыккым келген. Концерттерге жаңыдан катышып баштаганда Айдана болуп чыккам. Ырчыларды сахнадан, эфирден тааныштырганда атын, фамилиясын айтканын көрүп, мени чакырса бат эле өтүп кетчүдөй туюлду. Анан Деркембаева деген фамилиямды кыскартып Айдана Дека болуп алдым.

– Апаң дайыма жаныңда жүрөт. Чыгармачылыкка аралашканыңа анын салымы бар болсо керек?
– Апам Искусство институтун бүтүргөн. Ырчы болууга аябай кызыкчу экен. Бирок таенем менен атам каршы болуп ырдабай калыптыр.
11 жашымда телеканалдардын биринде "Волшебная страна" деген долбоорго катышкандан тартып ырчы болууга кызыгуум артты. Эл кол чапса, сахнага чыксам деген кыялдарым күчөй берди. Апам болсо "азыр кичинесиң, окушуң керек" деп бий ийримине катыштырып койгон. Ошентип "Береке" бий ансамблинде бийлеп концерттерге катышып, клиптерге тартыла баштадым. Ырчылардын артында бийлеп жатканда кошулуп ырдай берчүмүн. Сахнага чыкканда да "ушул ырчынын ордунда мен ырдасам, кыздар артымда бийлеп турса" деп кыялдана берер элем. Мектепти аяктагандан кийин Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайга тапшырдым.

– Аябай кыялкеч турбайсыңбы...
– Тааныштарыма "мен жеке концерт бергенде сахнага учуп чыгам, сахнаны мындай жасалгалайм" деген кыялдарды айтам. Алар "бизде андай шарт жок, сен чет элдик ырчыларды көрүп айтып жатасың" деп күлүп калышат. Фантазиям дагы күчтүү. Акылга сыйбаган нерселерди ойлоном.

– Кыргыз эстрадасында жаш ырчылар көп. Алардын арасында калбаш үчүн өзгөчөлөнөйүн дейсиңби?
– Чыгармачылыкка жаңыдан аралашып баштаганда мындай кийинем, тигинтип ырдайм дечүмүн. Бирок мен ойлогон нерселер менталитетибизге туура келбегендиктен эже-агаларыбыздай эле болууну туура көрдүм. Бир эле өзгөчөлүгүм – ободок тагынганым. Клиптеримдин баарына кулактары бар ободок тагынып тартылгам. "Өзүнүн кулактары жетишпей жатабы?" деп сындагандар болгон. Элге таанылгандан кийин сын сөзсүз болот тура. "Баарына жаккыдай доллар белем" демекчи, көпчүлүктүн купулуна толуу кыйын. Апам "өзүңө жакса болду, эл айтып-айтып көнөт" деди. Чын эле азыр бул тууралуу сын деле укпайм. Тескерисинче, күйөрман кыздарым бизге белек кылыңызчы деп суранышат. Башында коллекция кылып чогултсамбы дегем. Бирок күйөрмандарымдын жылуу пикирлерине эрип, баарын белек кылып койдум.

– Кийинүү стилиң өзгөчө, стилист менен иштешесиңби?
– Кийимди өзүм тандайм. Базардан, дүкөндөн жаккан буюмумду сатып ала берем. Инстаграмдан да биздин кийимди кийип сүрөткө түшүп бериңиз деп сунушташат. Андайда өзүмө жаккан кийимди алып, дүкөндү жарнамалап берем.

– Сахнада эле жаркылдап жүрөт десе, жашоодо деле шайыр окшойсуң?
– Кайгылуу ыр ырдап, бирөөнүн маанайын түшүргүм келбейт. Мени көргөндө, ырымды укканда элдин маанайы көтөрүлсө деп ойлойм.

– Сени пластикалык операция жасаткан дешет...
– Өспүрүм кезде жакпаган жерлериме пластикалык операция жасатам дечүмүн. Андайда атам "Жараткан берген өң келбетке ыраазы болуу керек. Жакшынакай эле болуп турасың" деп акылын айтчу. Азыр чоңойдум. Андай ойлор жок. Кээде кыздар эриндериме операция жасатам десе кызыгып кетем. Бирок жасатпайм го, ал нерсе күнөө экенин билем.

– Аваз Акимов экөөңөрдү кыз-жигит дешет. Ачык жооп бересиңби?
– Аваз байке мага "жеке концертимди берип жатам, мени менен ырдабайсыңбы" деп сунуштады. Апама айтсам макул болуп "Аппагым" аттуу ырды экөөбүз дуэт аткардык. Тааныштарыбыз "жакшы чыгарма болду, клип тартпайсыңарбы" дей беришкенинен клип тарттырдык. Андан кийин эле экөөбүздү сүйлөштүрүп салышты. "Кыз-жигитсиңерби?" деп сурашкандарга "ооба" деп коёбуз. "Сүйлөшпөй калган турбайсыңарбы?" десе дагы "ии" деп жооп беребиз. Аваз байкени бир тууган агамдай эле көрөм. Анткени ал менин агам Канат Деркембаев менен дос.

– Байкең дагы ырдап жүрчү эле, үй-бүлөң тууралуу да айтып өтсөң?
– Байкем Канат Деркембаев 2007-жылдары ырдап чыккан. Кийин үйлөнүп, бул чөйрөдөн оолактап кетти. Апам мен ырдап жатканда өзүн сахнада жүргөндөй элестетет экен. Апамдын сахнага чыгам деген кыялын ишке ашырып жатканыма кубанам. Атам чыгармачылыгымды колдойт. Иним болсо ырдаганга кызыкпайт.

"Аваз Акимов экөөбүздү кыз-жигитсиңерби деп көп сурашат".


"Апам чыгармачылыгымды колдойт. Ал продюсерим да, менеджерим да".


Султан Төрөбеков
star@super.kg


Айдана Дека: "Белгилүү болгон жагып жатат"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(26)
SUPER.KG видео
23.09.2016. 19:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айдана эже самая лучшая,простая ,весёлая,красивая .Ийгилииик Айдан эжоу
SUPER.KG видео
23.09.2016. 21:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
1 кл макияж чаптап алыптырго бетине
SUPER.KG видео
24.09.2016. 00:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Аявай сонун кыз экен.Ийгилик
SUPER.KG видео
24.09.2016. 00:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырчылар бир кобойуптур
SUPER.KG видео
24.09.2016. 02:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Айзат эми озуно карап сонун боло баштаптыр го. Азамат. Айдана деле жакшы кыз, тогорогу топ келишкен.
SUPER.KG видео
24.09.2016. 03:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айдана мышыктын кулагын такпай койдунбу же жоготуп алдынбы? )))) тамаша ийгилик!!! Негизи жакшы кыз
SUPER.KG видео
24.09.2016. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Аябай жонокой,назик кыз экен чыгармачылык ийгилик каалайм.
SUPER.KG видео
25.09.2016. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Байкеси кайсы ырчы? Суротунон тааныбадым.
26.09.2016. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ашыкча койрон кыздай туюла берет... Бирок жакындан тааныбаган сон бир нерсе деш кыйын))
26.09.2016. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
сулуу кыз мага жагат :)
26.09.2016. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Вокалды бутуп уну ушундайбы ушул кыздын? Тооба!
26.09.2016. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
"Аппагым"деген ырынарды мыкты аткаргансынар, олло жагат))ЧЫГАРМАЧЫЛЫК ИЙГИЛИК
26.09.2016. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
секелекле жаш кызго какта ырчы
26.09.2016. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Аппагым"аябай жагат,ушкилериниз озунузго аябай сонун жарашат,ийгилик!
SUPER.KG видео
26.09.2016. 18:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын чыгармачылык ийгилик каалайм! Берилген суроолорго так жооп берген кыз экен аябай татынакайсын!
27.09.2016. 00:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Канат деген байкеси ошондо....форумда Айдана Дека сонун эле сонун деп безилдеген Канатчик деген ыорумчу эмеспи?
27.09.2016. 00:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биринчи көрүшүм ушу ырчыны)) Бир да ырын уккан эмесмин)
27.09.2016. 23:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айдана, биринчиден алдыгы ободокторунду чеч, тажатчу болду, экинчиден сен озундун эле келбетин татынакай, жапжаш кызсын, макияжды туура колдоно бил, боёгон кыздарга деле айт кичине азыраак боёгула деп, ото эле чон кылып корсотуп салат. Ишине ийгилик!
28.09.2016. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сен азыр бала элесин ото эле такылдай бербе баарына жаккандай доллар белем деген созун туура эмес менин оюмча,доллар баарына жагат деп кимден уктун,доллар эмес ден соолук кучтуу мындан аркы жашооно ийгилик,ата энени кубантып бактылуу омур сур.
Nurkyz1977 түзөттү 2016-09-28 11:17:18
28.09.2016. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик.Дагы шандуу сонун ырларды кутобуз Дека
28.09.2016. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээ алтыным, кечээ эле торолгон кыз экенсин, косметиканын фанаты болуп алыпсын, ансыз деле сулуу коргозот сени жаштыгын, кийин окунуп калба
28.09.2016. 20:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаш балаго бул, озуно тын бол шоу бизнесте алдап кеткендер коп болотко обычно))
28.09.2016. 21:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эл суйлой берет кербен журо берет деп журсо керек да. Эми чындап айтсам бул кызда ун деле жок да сулуулук эле болбосо чынбы????? Мына ырчы деп Роза Аманова Каныкейди айт туурабы мекендештер
29.09.2016. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
москва суйуусу деген начар кинодон кийин ушул кызды аскат сулаймановду аябай жаман коруп калдым.сыйлабайм
30.09.2016. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айдана, сени ушунчалык таанымал болот эч ойлогон эмес экенмин, анткени сени кичинекей кезинде ыйласан эле маман менен байкен "Сага киим?" деп эле сооротуп эркелетип тургандары али эсимде, убакыт учкан куштай дегендей бат эле ушундай даражага жеткенине бир чети суйуном, молодец, дагы чон-чон ийгиликтерге жетиш! Азаматсын кудачам )))
01.10.2016. 17:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаш кыз дейин десен,ушунча боенуштун кереги барбы озу!? Камерадан тим эле коздору аран ачылып,бул жакта мен кыйналып кеттим байкуш ай.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо