№725 23-сентябрь-29-сентябрь, 2016-ж
28 жаштагы белгилүү британиялык ырчы Адель Гарвард университетинде билим алууну көздөп жүрөт. Ал 2006-жылы Лондондогу искусство жана технология мектебин аяктагандан кийин билим алууну уланткан эмес.
"Менин бул пикирим силерге таң каларлык маалымат болуп жаткан чыгар. Музыкалык мектепти аяктап, Англиянын белгилүү окуу жайларына тапшырам деп жүргөм. Бирок ырларымды жаздыруу боюнча сунуш түшкөндүктөн чыгармачылыкты тандап кеткем. Эми жогорку билим алып, жеке жашоомо да көңүл бурам. Ал үчүн 10 жылдай гастролго чыкпайм",- дейт жаш ырчы.
Бактыгүл Момбекова
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
-1
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |