Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«АЮ ХОЛДИНГ» КОМПАНИЯСЫ ИЗЗАТ АРТЫКОВГО 2 БӨЛМӨЛҮҮ БАТИР БЕЛЕК КЫЛДЫ

№725 23-сентябрь-29-сентябрь, 2016-ж

«Аю Холдинг» компаниясы оор атлетчи Иззат Артыковго Бишкек шаарынын Көк-Жар конушунан 2 бөлмөлүү батир белек кылды. Үйдүн курулуш иштери ушул жылдын аягында бүтмөкчү.

Сертификатты тапшыруу аземи 19-сентябрда Бишкекте «Аю Холдинг» компаниясынын Сырткы байланыш жана маркетинг боюнча вице-президенти Балбак Түлөбаевдин, «Аю курулуш» ЖЧКсынын аткаруучу директору Жолдошбек Джунушевдин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Канат Аманкуловдун, Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашевдин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук Олимпиада комитетинин башкы катчысы Саламат Эргешовдун катышуусунда болду.
Түлөбаев өз сөзүндө: "Бүгүн биз спортчубуз Иззат Артыковду сыйлап, өзүбүздүн белегибизди тапшыралы дегенбиз. Ага Риодогу Олимпиада оюндары учурунда бизге эмоция тартуулаганы үчүн рахматыбызды айткыбыз келет. Иззат биз үчүн чыныгы баатыр. Өзүңүздөр билгендей, Шаршенбек Абдыкеримов «Аю Холдинг» компаниясынын негиздөөчүсү, Кыргыз Республикасынын Улуттук Олимпиада комитетинин жана Кыргыз Республикасынын улуттук күрөш федерациясынын президенти. Биздин спорт чөйрөсүндөгү иш-аракетибиз анын жеке жетекчилиги жана демилгеси аркылуу өтөт. Ага да ыраазычылыгыбызды билдиргибиз келет",- деди.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Канат Аманкулов мекеме акырына чейин спортчунун укугун коргоорун жана жаралган жагдай боюнча териштирүүлөр жүргүзүлөрүн билдирди.
"Аю Холдинг" Риодогу Олимпиада оюндарынын алдында спортчуларга Кыргызстанга медаль алып келгендерге батир берилерин убадалаган. Алар акыркы учурдагы окуяларга карабастан өздөрүнүн сөзүнө турушту",- деп билдирди Аманкулов.
Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев: "Байыртадан бери кайсы бир өлкөнү белгилүү адамдары менен тааныйбыз. Алар: архитекторлор, доктурлар, жазуучулар жана спортчулар. "Аю Холдинг" компаниясына спортчуларга колдоо көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирем. Менин оюмча, Иззат Артыковдун медалынын айланасындагы болуп жаткандар – бул саясий оюн",- деген оюн билдирди.
Иззатка көптөн күткөн эки бөлмөлүү батирдин сертификатын «Аю курулуш» ЖЧКсынын аткаруучу директору Жолдошбек Джунушев тапшырды. Ал: "Биз Шаршенбек Абдыкеримовдун колдоосу менен кыргыз спортчуларына мындан ары дагы көмөк көрсөтүүгө даярбыз",- деди. Балбак Түлөбаевдин айтымында, акыркы 5 жыл аралыгында «Аю Холдинг» спорт тармагына 1 миллион доллар бөлгөн. "Бул каражаттын көпчүлүк бөлүгү Кыргыз Республикасынын улуттук күрөш федерациясына жумшалган. Биз мындан тышкары жеңил атлетика боюнча марафонго, велоспорт, шахмат, дзюдо жана самбо спортторуна колдоо көрсөтөбүз. Ошондой эле «Аю Холдинг» спорттун улуттук түрүн дагы эске алат. Мисал катары 2-дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына биз 5 миллион сом өлчөмүндө көмөк көрсөттүк. Ошону менен катар «Аю Холдинг» социалдык долбоорлорго дагы жардам берип келет. Компания өткөн жылы мамлекетке болжол менен 1 миллиард сом салык катары төлөсө, быйылкы жылы 8 ай ичинде бул сумма 500 миллион сомду түздү. Бул биздин мамлекетибиз үчүн эң чоң пайда деп ойлойм",- дейт Балбак Түлөбаев.
«Аю Холдинг» компаниясы спортчуларга биринчи жолу эле батир берип жаткан жок. 2014-жылдын ноябрь айында Кореяда өткөн Азия оюндарынын жеңүүчүлөрү: Айсулуу Тыныбекова, Эламан Догдурбек уулу, Жанарбек Кенжеев жана Магомед Мусаев компания тарабынан батирлерге, акчалай сыйлыктарга ээ болушкан.

Ибрагим Жусуев


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  11 
Комментарийлер(10)
26.09.2016. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Охоо жакшы жанылык. Иззат татыктуу
26.09.2016. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Айсулууга деле берип койсо жакшы болмок!
26.09.2016. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Негизи сыйлыктарды мамлекет бериш керек, бирок ушундай компаниялар бардыгы аябай кубандырат.
27.09.2016. 01:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аябай Жакшы кылыпсынар Рахмат силерге
29.09.2016. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодцы
30.09.2016. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айсулуу дагы алганга татыктуу болду эле. Квартиранарды
30.09.2016. 18:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушинтип Жаштарга стимул берген компанияга чон рахмат,мындай жакшы иштер спорттун онугушуно мыкты спортчулардын чыгышына жол ачат
seni.gana түзөттү 2016-09-30 19:04:46
30.09.2016. 18:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чоон раазычылык билдирем рахмат "Аю Холдинг"
30.09.2016. 21:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айсулууга бериптир го,тээ жогоруда турат.
20.10.2016. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ишинерге ийгилик "Аю Холдинг"компаниясы !спортчуларды колдош кк .
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо