Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

РАСУЛ МАМАТКУЛОВГО АЛТЫНАЙ НАРБАЕВА "СҮЙҮҮСҮН БИЛДИРДИ"

№725 23-сентябрь-29-сентябрь, 2016-ж

Концерттин датасы – 16-17-cентябрь
Өткөн орду – Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармония
Башталышы – 16-сентябрь 19:30 (1 саат кечигип башталды)
Көрүүчүлөр – Залдын 90 пайызы
Алып баруучу – Расул Маматкулов
Мыкты номерлер – Расул Маматкуловдун жандуу ырдаган опера ырлары
Билет баасы – 400-600 сом

Акыркы күндөрү Расул Маматкулов эмне эле "Вино", "Быша элек алча" деп ырдап калган десе, көрсө, 50 жылдык юбилей концертине даярданып, репертуарын жаңылап жаткан экен. Билетте көргөзүлгөн убакта филармонияга кирсем, элдин орун алып отурушу жай. Тегеректе бүт шашылбаган адамдар жүргөндөй туюлду. Карасам көбү жоолук салынган байбичелер, топу, калпак кийген кишилер, айтор, Расулдун концертине жалаң улуу муун келиптир.
Ошентип сахна көшөгөсү эл кол чаап жатып 19:30да ачылды. Сахнада музыкалык аспаптар, пианино турганынан "аа, бүгүн Расул опера ырларын катырат го" дедим ичимден. Концерт башталары менен Юрий Бобков менен Гүлбү Ороскул кызы чыгып, ырчы мырзаны мактап-жактап, жетишкендиктерин айтып, сыйлыктарын тизмектеп жатса концертти экөө алпарат окшойт дегем. Жок, юбилейлик концертин Расул өзү алып барды, сахнадан кетпей отуруп коноктордун ар бирин чакырып, айрымдары менен тамашалашып, айымдарга тийишип да жатты. Алина Жетигенова "сага чыгармачылык ийгилик, иним" десе, Расул "көрдүңөрбү, мени иним деп жатат, бул 60ты уруп баратат бир болсо" деп элди күлдүрсө, "өзгөндүк ырчы балдызым" деп чакырган Алтынай Нарбаева сүйүү ырын ырдап бүтүп, куттуктоо сөзүндө "сөзүмдүн баарын ырымда айттым, мен сизди жакшы көрөм, бирок эжемди аяйм" деп тамашалап жиберсе болобу. Атаң көрү, Расул Алтынайды Мерседеске салыштырып ырдаса, ал "кызган мени, кызган" деп эле тынбай ырдап берип калмак экен.
Сахна жасалгасынан өзгөчөлүк көрбөдүм, чоң экрандан Расул Маматкуловдун сүрөттөрүн, конокко келген ырчылардын клиптерин берип жатты. 50 жылдык юбилей кече болгон соң бир аз залдын жасалгасына көңүл буруп койсо болмок экен. Конокко келген Айчүрөк Иманалиева, Асел Турдалиева, Айчүрөк Султанова, Алина Жетигенова, айтор, көп ырчы айымдар Расул Маматкуловду куттуктап өбө берип, анын бетиндеги помадасын кызы Айгерим өчүрүп жатты. Концерттин жүрүшүндө Расул Маматкулов жубайына арнап "Жубайыма" деген ырын созгондо жубайы Катя айым сахнага чыкты, артынан кыздары Айгерим, Аяна, уулу Руслан чыгып бешөө кучакташа ынтымактуу үй-бүлөнүн элесин калтырышты. Ырын ырдап бүткүчө катуу толкунданды окшойт, көзүн аарчып калганын байкадым.
Ырчынын жандуу үн менен аткарган опера жанрындагы ырлары өзгөчө болду. Эл ар бир ырынын сабында кол чаап коштогондон тажаган жок. Расул мырза куда тараптан да адашпаптыр. Анткени Айгеримдин кайненеси да чыгармачылыкты сүйгөн киши тура, куда-кудагый бир шиңгил сүйүү тууралуу созолонтуп жиберишти. Концерттин жүрүшүндө Расул Маматкулов аз ырдады, келген коноктордун баары анын чыгармаларын аткарганы менен, баары бир өзүнүн аткаруусуна жетпейт экен.

Толик Сынчы


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  11 
Комментарийлер(15)
26.09.2016. 09:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик! Уй-булоолук бакыт!
26.09.2016. 09:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Коптон бери Толик Сынчы концертке барбай калды эле. Кайрадан чыкканы жакшы болуптур. Айткан сындары реалдуу.
26.09.2016. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
«Кызы Айгерим очуруп жатты» деп кулдурдунго Толик сынчы
26.09.2016. 09:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Расул байке жакшы ырдайт Жанарым От болдум деген ырлары аябай хит болгон ийгилик каалайм
26.09.2016. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Фотолорунан да жуктоп койбоптурсунар Супер инфо
26.09.2016. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Толик сынчыга рахмат.Концертке барбасак да баргандай болдук.Айрыкча мерседес м.н кызган мени деген жерлериниз олло жакты да.
26.09.2016. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Эт жебесек да шорпо ичип келели дегендей концертке барбасам да баргандай болдум,Толиктин чынын окуп.
27.09.2016. 01:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизда ошол 50 жашка жетели бар болун.
27.09.2016. 19:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы 50 жаш кутман курагыныз кут болсун!!!
28.09.2016. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
акамдин бети кичирейип калыптыр каарыганго
28.09.2016. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баягы эле эски ырларын ырдый берет,от болдум куюп болдум
30.09.2016. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бессмысленные песни поет, песня у него есть где он сравнивает девушку с машиной, как можно человека сравнивать с машиной тупо просто...!
01.10.2016. 22:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Женебиз жакшы эр жакшы.Бактылуу уй було.Коз тийбесин.
01.10.2016. 23:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тойунуз тойго улансын
02.10.2016. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айтатго таксистен ээриң артистен катының деп мурдагы ссөздөрдө 100% чындык бар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо