Дайыр Исмадияров: «ЖАНАРА МЕНИ КАПКАРА ЭКЕН ДЕГЕНДЕ АЧУУМ КЕЛГЕН»

№726 30-сентябрь-04-октябрь, 2016-ж

Быйылкы күз дагы бир жылдызыбызды бойдокчулук менен коштоштурду. Тактап айтканда, 25-сентябрда ырчы Дайыр Исмадияровдун үйлөнүү тою Ош шаарындагы ресторандардын биринде болуп өттү. Эки жашты куттуктап келген коноктордун саны 600дөн ашуун болуп, тамадалык милдетти Аман Ибраев менен Нурзат Токтосунова аркалады.




Дайыр шоу-бизнеске жаңы аттанганда «тоюмда «Жар-жарды» Динара Акулова айтат» деп ниет кылган экен. Ошол тилеги ишке ашып, эки жашты Динара айым «Жар-жар» ырынын коштоосунда залга алып кирди.



Эки жаштын өкүл ата-өкүл апасы болуп «7-каналдын» директору Алтынбек Жумаев менен жубайы Алтынай айым экөө шайланып, жаштарга жашооңор алтынга ширелип турсун деп алтын шакек тагышты.



Гүлшайыр Садыбакасова, Нурлан Насип, Самара Каримова, Расул Маматкулов, Кенже Дүйшеева, «Кеңеш» тобу, Юлия Руцкая, Данияр Эрматов, Айгерим Расул кызы, Аваз Акимов, айтор, ырчы аттуунун көпчүлүгү Дайырдын тоюнда болушту. Ошондуктан тойдо жалаң кыргыз ырларына бийлешип, башка элдин музыкасы коюлган жок.



Дайырдын шеринелеш, сахналаш достору атайын досуна арнап той ырын ырдап кечени ачып беришти.



Колдоруна алтын шакек тагынышкан түгөйлөр минтип бири-бирин «менчиктегенине» бактылуу.



Эки жаш күндүз Жалал-Абад шаарында досторунун, жакындарынын курчоосунда никесин каттоодон өткөрүп, үй-бүлөлүүлөрдүн катарын толукташты. Ооба, кыздын төркүнүндө никесин катташты. Муну Дайыр «аялы күчтүү дебегиле, ушул чечимди ыңгайлуу деп кабыл алдым» деп түшүндүрдү.



Эки жашты тапкан ата-энелер бүгүн өзгөчө кубанычта. Дайырдай күйөө балалуу болуп жаткан Жанаранын ата-энеси Чынтемир мырза менен Гүлнара айым күйөө баласынын жанында, келин алып колу узарып жаткан Роза айым жана Дайырдын улуу агасы келини тарапта.



Ырчынын апасы эң кичүү келинине арнаган ак жоолугун коноктордун кол чабуусу менен салды.



Тойго арналып жасалган өзгөчө тортту аукционго коюп, 7 миң сомго ырчынын айылдагы классташтары сатып алышты. Таттууну эки жаш бири-бирине ооз тийгизген соң ата-энелерине, чыгармачыл инсандарга да тартуулашты.



– Дайыр, Жанара, куш бооңор бек болсун! Алгач кантип таанышып калганыңар тууралуу кеп кылсаңар.

Дайыр:
– Рахмат! Жалал-Абадда Юлия Руцкая экөөбүз бир кечени алып бармакпыз. Ошого жасануу үчүн Жанара иштеген сулуулук салонго барып калдык. Кезек күтүп отурсам ал жактагы кыздар мага тийишип, өздөрүнчө «татынакай экен» деп сүйлөшүп калышты. Анда арасынан бирөө «койгулачы, капкара экен го» дейт. Аны угуп жиним келип, жаман көзүм менен карасам жакшынакай көздөр мени карап туруптур. Анан чачымды жасап берди. Байкасам өз ишине тың, ашыкча сүйлөбөгөн мен каалагандай кыз экен. Кийин ата-тегин сүрүштүрүп, телефон номерин алып сүйлөшүп баштадым.

– Жанара, айтсаң, Дайыр романтик бекен, деги эле сага кайсы сапаты менен жакты?

Жанара:
– Дайыр романтик деле эмес. Бир жолу Бишкектен гүлдесте берип ийиптир, болгон романтикасы ошол (күлүп). Азыр кыздын колун суунун астынан сураган өзгөчө романтиктер көбөйдү го, Дайыр болсо «андай жоруктар биздин менталитетке туура келбейт» деп кутулат. Негизинен бардык сапаты жагат. Дайырды капкара деп
кесир сүйлөгөн экенмин, минтип жолдошум болуп калды.

– Мынча адамдын башын бириктирип той берүү оңойго турбаса керек?

Д.: – Мен 2 айдан бери той менен убарамын (күлүп). Сөйкө салмай, кыз узатуу, бата той, айтор, кыргыздын салтынан айланса болот. Эми тойдо баарынын көңүлүн табыш кыйын экен. Колубуздан келишинче аракет кылдык. Той мен ойлогондон да жакшы деңгээлде өттү. «Той – тополоң» деп коёт эмеспи, конокторго орун жетпей тополоңдор да болду. Анткени чакырылган коноктордун санынан куттуктап келген коноктордун саны көп болду. Кесиптештериме ыраазычылык билдирем, Жанара экөөбүздүн тоюбузду көркүнө чыгарып, кошумчаларын кошуп кетишти (күлүп).
Ж.: – Даярданып жатканда Дайыр экөөбүздүн табитибиз келишпей бир аз таарыныша кетип жаттык. Анан тойдо убакыт тар болуп, сүйүү баяны тартылган видеобуз коюлбай калды. Атайын тарттык эле деп кичине ичим ачышып турат.
Д.: – Көрсө, мен Жанаранын оюн укпай эле көнгөн адат боюнча өзүмдүн билгенимди жасап жатыптырмын.

– Дайыр, Жанара үй-бүлөңөрдө канчанчы келин болду, келиндик кызматын кандай өтөп жатат?

Д.:
– Жанара үйдө кичүү келин, кайнеже, кайнагаларга бай дегендей. Ошто бир ай кызмат кылып, анан Бишкекке өз үйүбүзгө кетебиз. Жанараны тааныштыра кетсем, кесиби экономист болгонуна карабай визажист болуп иштейт. Буюрса, бардык ырчыларды сулуулай турган салон ачып берем деп пландап жатам.

– Алдыга койгон максаттарыңар ишке ашып, бактылуу болгула!

Замира Рахманбердиева
Адилет Бектуров
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  16 
Комментарийлер(64)
03.10.2016. 21:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кармашкан колуңар түбөлүктүү болсун!
03.10.2016. 23:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бактылуу болгула, кармашкан колунар узулбосун!!! айланайындар ажырашпагыла неси болсо да, калганы озу бактылуу болуп кетет...
04.10.2016. 04:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бактылуу болгулаа!!!!
Дайыр дагы менин куйоомо окшоп озуно выгодный позицияны тандап алыптыр го, куйоомо майрам туулган кун десен эле динде андай майрам жок же менталитетке туура келбейт деп кутулат,
04.10.2016. 08:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Videosu jokpu admin
04.10.2016. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Нурлан Насип корунбойт го
04.10.2016. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Женил ойлуу эркектей мунозу :)
04.10.2016. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бактылуу бол кармашкан колунар эч качан узулбосун.
04.10.2016. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Дайыр бактылуу бол! Уйлонгондон кийин болбогон ойдон чыгарылган пиарларын азайса керек, суйуктуум деп канча кыздын суротун гезитке чыгарып салдын)
04.10.2016. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Озу салондо иштесе чачын тыкыйтып жасап албайбы же жасатпайбы
10.10.2016. 00:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mile,эрте менен эрте жасаткан чач кечки саат ондо ушундай эле болот. Бир жакшына эле корунуп ьурат. Коммент жазаарда кузгудон озунду бир карадынбы?
04.10.2016. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аллахым бактылуулукту насип кылсын.
05.10.2016. 00:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бактылуу болушсун.Ар ким ар нерсени айта берет экенда.Өз башыбызды эптеп алалычы. Сопсонун жубайлар болуптур.
05.10.2016. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аллах бактылуу кылсын оомин
05.10.2016. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
негизи Жалалабаттын кыздары сулуу жана акылдуу келишет.
05.10.2016. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эн башкысы кайын журт, тлркундун алдында жакшынакай кийиниптир келин. Кебироону карасан, аркасы Берлине чейин, алды кокурогунун жарымына чейин ачык, жалжайып, ошончо адамдын алдында жаны келин деп айтканга оозун барбайт. Эне тарбиясын алганы билинип турат.
05.10.2016. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушу макаладан да комменттер мага кызык да чиркин
06.10.2016. 01:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Акпы карабы кыргыздын санын көбөйтсө болду .
06.10.2016. 06:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
eki jash baktyluu bolsun! birine biri jarashyp ele kalyptyr kozdoru jyljyiyp.
06.10.2016. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу болгула...
06.10.2016. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу болгула, кармашкан колунар узулбосун...
06.10.2016. 20:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу болгула
07.10.2016. 02:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу болгула!
07.10.2016. 09:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула гуйо бала.
08.10.2016. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Капкара деди де,буга чейин актарын көрүп жүрсө керек да
08.10.2016. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
2 чи жолуу баш кошуп жатавы деймдп
08.10.2016. 22:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула!!! Кармашкан колунар туболукко бирге болсун.!
09.10.2016. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Адамды корбой туруп ,кантип андай экен мындай экен дейсинер?Мин укккандан бир коргон дейт го.Бакыт каалагандан башка создор ашыкча менимче
Бактынар туболуктуу болсун!
09.10.2016. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эки дуйнодо бактылуу болуп,кооооп балалуу болунуздар!!!
10.10.2016. 00:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адамдардын бактылуу болуп жатканын коро албай негативный комментарий жазган адамдарга жиним келет да. Мынча ичинер тар.
10.10.2016. 00:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула! Ит уро берет, кербен журо берет дегендей негативдуу коментарийлерге конул болбогуло. Главный бири биринерди тушунуп, бири биринерге ишенип жашагыла.
10.10.2016. 00:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Видеосунда жуктоп койсонуздар сураныч!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо