Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЖАШ КЫЗ БАЛА УУРДАП, КИЙИН АПАСЫНАН АКЧА ТАЛАП КЫЛГАН

№726 30-сентябрь-04-октябрь, 2016-ж

Үстүбүздөгү жылдын 24-сентябрында 19 жаштагы кыз «бир аялды алдап, анын 2 жаштагы баласы менен телефонун уурдап кеткен» деп шектелип кармалды. Кармалган кыз буга чейин да башка кылмыштары үчүн 3 жолу соттолгон.

КЫЛМЫШКА ШЕКТҮҮНҮН АБАКТАН ЧЫККАНЫНА 2 ЖУМА БОЛГОН

Бул кылмыш тууралуу Бишкек шаардык Свердлов РИИБинин опер кызматкерлери төмөнкүлөрдү айтып беришти. 2016-жылдын 14-сентябрь күнү Назира Нурдин кызы (каармандын аты-жөнү өзгөртүлдү) 2 жаштагы баласы менен «Дордой» базарына соода кылганы барат. Ал жерден Мадина Нурлан кызы анын телефону аркылуу бирөө менен сүйлөшүп алууну суранат. Эч нерседен күмөнү жок Назира Нурдин кызы Мадина Нурлан кызына телефонун берип коёт. Мадина Нурлан кызы «бирөөгө жолукмакмын, аны менен табышпай калбайын, ага жолуккуча жаныңызда болуп телефон аркылуу сүйлөшүп турайын» деп, экөө чогуу базар кыдырып жөнөшөт. Бир убакта Назира Нурдин кызы жанында жүргөн кызга баласын кармата коюп, баласына памперс алуу үчүн ары басат. Ошол убакта Мадина Нурлан кызы анын баласын да, телефонун да алып жылт койгон.
Бир нече сааттан кийин Мадина Нурлан кызы Назира Нурдин кызына телефон чалып, баласын кайтаруу үчүн 5 миң сом акча талап кылган. Ошол эле күнү ал милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, наристе энесине кайтарылып берилген. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектелип кармалган Мадина Нурлан кызы болгону 19 жашта экенине карабай 3 жолу абакта отуруп чыкканы билинген. Акыркы жаза мөөнөтү 31-августта аяктаган.

«БАЛАМ КЕЧКЕ АЧКА ЖҮРҮПТҮР»

Баласын уурдатып жиберген Назира Нурдин кызы окуя туурасында буларды айтып берди:
– Баламды уурдап кеткен кыз менен Абдырахманов көчөсүнөн «Дордой» базарына барчу маршруттук таксиге чогуу түшкөнбүз. Жолдо баратканда «Дордой» базарына бара жатканын, бирок базарды жакшы билбей турганын, жанында телефону да жок экенин айткан. Ошондой эле батир карап жүргөнүн, тааныштарым болсо батир табууга жардам берүүнү да суранган. Ал мага 26 жаштамын деп айткан болчу. Мен оюмда жаман нерсе жок ага батир да караштыра баштадым, жакындарын таап алгыча уюлдук телефонум менен сүйлөшүп алышына да уруксат бергем.
Базарга жеткенде ал мени менен чогуу жүрдү, улам-улам бирөөлөргө чалып сүйлөшүп жаткан. Жанымда жүргөндүктөн ага баламды кармата коюп, памперс алганга чуркап кеттим. 10 мүнөткө да жеткен жок, кайра келсем кыз да, балам да ордуларында жок экен. Алгач оюма жаман нерсе келген жок, адашып кетиштиби деп базардан аларды издей баштадым, мени таппай жатышкан го деп. Бир аз убакыт өткөн соң бирөөнүн телефону менен өзүмдүн телефонума чалсам, алган жок. Кайра-кайра чалдым, телефонду алган жок. Анан «мен Назирамын, трубканы ал, баламды ордуна алып кел» деп СМС жазсам, «бирдик сал, анан сүйлөшөбүз» деген жооп келди. Ошол замат милицияга кабарладым, алар менен чогуу өз телефонума 20 бирдик салдык. Анан биз ал кыз менен СМС аркылуу сүйлөшө баштадык. Ал болсо «мен «Ош базарына» кетип калгам, жаныңда милиция кызматкерлери жокпу?» деп сурады эле, мен жанымда эч ким жок экенин айттым. Ошондо ал «балаңды көрөм десең акча тап» деп менден акча талап кыла баштады. Ал баламды кечки саат 5 чамасында Ак-Тилек конушунун жанындагы бир кафенин жанына такси менен алып келди. Ошол замат эле аны милиция кызматкерлери кармашты. Балам кечке ачка жүрүп, коркуп да калыптыр. Ата-энелер кыраакы болуп, сак жүрбөсө, шылуундарга алдатып коюш бат эле экен.
Кылмышка шектелип кармалган Мадина Нурлан кызы бул ишти максатсыз эле кылгам деп көрсөтмө берүүдө. Бишкек шаарынын Свердлов РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан анын үстүнөн Кылмыш жана жаза кодексинин 123-беренеси (адам уурдоо) жана 166-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголду. Мадина Нурлан кызы СИЗОго киргизилип, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(12)
03.10.2016. 09:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тооба, ошол памперске которуп эле кетпейби баласын. Азыр он колун сол колуна душман заман
03.10.2016. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
кичинекей эле көрүнөтго, кантип ишенди экен 26 жаштамын дегенине, 19 жашта болуп 3 жолу соттолсо кийин кандай болот бул кыз, келечеги деле жок
06.10.2016. 20:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байкуш кыз да ата-энеси ичкен же Россияда талаалап жургон ата-энесинен татыктуу тарбия аалалбаган кыз да. Биздин турмонун системасын озгортуш керек Норвегия, Бразилия мамлекеттеринин кээ бир турмолойдой кылып. Библиотека ачыш керек, цех ачыш керек, намаз окуй турган жер ачыш керек. Кыскасы турмодон чыкканда жардам бериш керек. А бизде каякта турмодо бузулуп, наркоман болуп, тубик болуп чыгат.
07.10.2016. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
glaz_almaz,Ооба, Атамбаев менен окмот куноолуу. Жакында кыш да келет, ошого да Атамбаев куноолуу. Эки уч кун мурун жааган жаанды да ошол жаадырган, куноолуу
tram-lam түзөттү 2016-10-07 15:22:03
07.10.2016. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tram-lam, А десе Б дейсинерго...Бироону куноологон жерим жок. Окусанар жакшылап...
03.10.2016. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаш эле кыз экен,эмне мынча очу баркен озундо ушунча кор кылып,жакшына журуп,бироонун ажарлуу кызы,суйуктуу жары,мееримдуу энеси болуп эле журо бербейби.
04.10.2016. 05:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир коргон адамга кантип баласын ишенип тыштап кетти ушул заманда кызык адамго
05.10.2016. 00:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бизда бугун инимди жоготуп жибере жаздадык Бишкектеги эн атактуу садиктен бир чочун Адам агам келе албай калды мен алып барып берем дер алып кетиптир жездемда эжемда оздоруно келе албай жатышат Аман эле болойлучу
05.10.2016. 21:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балада эмне жазык эч нерсе тушунбогон байкуштар бироого жем болушпаса экен:-):-):-)сак болгула тааныбаган адамга карай тур деш кыйын азыркы заман бир козун бир козуно душман...
06.10.2016. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Озу 3 жолу соттолгон адамды 4чу жолу дагы ушундай ишке барган болсо акча коротуп багып отурбай атып эле ташташ керек, 4чу жолу камалып чыкса да онолбойт андай адамдар, же жонокой бечарага зыяны тиет созсуз!!! Абактан чыккан адамдын бети болсо уялып онолоюн деп ойлонот.
Arslan12 түзөттү 2016-10-06 14:17:51
07.10.2016. 05:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tooba,,, adamdar emne myncha ishencheekbiz, balasyn bir korgon taanybagan ele biroogo karmata koiup, pamperske ketkenin kara, kandai zamanda jashap atkanybyzdy bilip turup, kyinalsan da balandy janynda alyp jur, kandai baioo katyn tushunbodum.
08.10.2016. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адамдар эмне болуп баратат. Беш гулунун бирида ачыла элек кыз ушундай ишке барса.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо