Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ТААНЫШЫН БӨТӨЛКӨНҮН СЫНЫГЫ МЕНЕН КУРСАККА САЙЫП, КАНАЛГА АГЫЗЫП ЖИБЕРГЕН

№726 30-сентябрь-04-октябрь, 2016-ж

2016-жылдын 21-август күнү түшкү саат 4 чамасында Кара-Суу районунун Шарк айылынан агып өткөн Увам каналында 30-35 жаштардагы белгисиз аялдын жансыз денеси табылган. Анын денеси суунун ичинде бир нече күн туруп калгандыктан чирий баштаган.

«МЕНИ ООЗГО АЛГЫС СӨЗ МЕНЕН СӨКТҮ»

Бул факт боюнча «адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Көп узабай «маркумду өлтүрүүгө тиешем бар» деп 1966-жылы туулган Шерали Болотканов аттуу адам милиция кызматкерлерине өзү келген. Анын айтымында, өлгөн аял 1982-жылы туулган Мадина Тажибаева аттуу таанышы болгон. Тергөө учурунда кылмышка шектүү окуя кандайча болгондугун төмөнкүдөй айтып берген:
– Өзүм Кара-Суу районунун Шарк айылында төрөлгөм. Буга чейин 3 ирет соттолгом. Боштондукка чыкканыма 1 жыл болгон. Ош шаарында убактылуу жашайм. Аялым менен ажырашып кеткем. Ортодо 6 уул, 1 кызыбыз бар. Алар апасы менен кошо Орусияга кеткенине 10 жылдай болуп калды. Туруктуу иштеген жерим жок, кара жумуштарда иштеп жүргөм. 2016-жылдын 6-август күнү жумуштан келип тамак ичтим да, көчөгө чыктым. Көчөдө баратсам Мадина деген тааныш кыз жол боюнда бир жигит, 2-3 кыз менен туруптур. Алардын жанына барсам жанындагы жаш жигит ар нерсени айтып, экөөбүз урушуп кеттик. Мадина «бул байке менин таанышым болот» деп бизди ажыратты. Ошентип алар менен таанышып, чогуу сүйлөшүп туруп калдык. Алар мен келгиче эле ичишкен экен, мен соо болчумун. Мадина мага «акчаңыз болсо арак ичели» деп калды. Чөнтөгүмдө 150 сом бар эле, аны бердим. Ага арак алып Мадинанын бир курбусунун батирине бардык. Ал жактан арак ичтик да, Мадинаны ээрчитип чыгып, экөөбүз менин үйүмө келдик.
Үйдө жарым бөтөлкө арак бар болчу. Аны канал жээктеги бактын түбүндө экөөбүз чогуу ичип отурганбыз. Бир маалда Мадина менин эркектик намысыма тийип, оозго алгыс сөздөр менен сөгө баштады. Ачуум келип бөтөлкөнү ыргытсам тийбей калып сынып кетти. Мадина токтогондун ордуна кайра күчөгөнүнөн чыдабай кеттим. Жердеги бөтөлкөнүн сыныгын ала калып аны курсакка бир сайдым. Ошондо барып токтоду. Мен тамеки түтөтүп жанында отурдум. Бир маалда ал ордунан туруп, тамеки чекти да, капталынан жатып алды. «Тур» десем болгон жок. Жанына барып белге 2 жолу тепсем тоголонуп каналга түшүп агып кетти. Куткарганга жетишкен жокмун. Ошол боюнча жумушка да барбай 3-4 күн арак ичип үйдө жүрө бердим. Адам өлтүргөнүмө өкүнүп жаттым. Акыры акчам түгөнгөнүнөн жумушка чыккам. 22-август күнү көчөдөн тааныштарым «каналдан аялдын өлүгү табылыптыр» деп калды. Аны угуп үйгө келип таң атканча ойлондум да, эртеси Ош шаардык милиция кызматкерлерине өзүм келип, болгон окуяны айтып бердим.

«МАРКУМДУН ТУУГАНДАРЫ ЖОК ЭКЕН»

Жогорудагы окуя боюнча Кара-Суу РИИБинин тергөөчүсү Нуржигит Ташов буларды билдирди:
– Бул факт боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Маркумдун өздүгү такталганы менен, анын жакын туугандары жок экен. Күбөлөрдүн айтымында, ал Өзбекстанда төрөлгөн. Кийин апасы менен Жалал-Абад облусуна келип жашап калыптыр. Апасы өлгөн соң эч кимиси жок, Ош шаарына келип туруктуу жашаган жери жок күн кечирип жүргөн экен.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(3)
06.10.2016. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
атын очкур арактын айынан канчалаган омурлор кыйылууда эх
07.10.2016. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Олтуруп бутуп куткара албадым деп коет ХХХ
Модератор admin_portal түзөттү 2016-10-10 10:13:18
10.10.2016. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Meerinsa, этика нормаларын сактаңыз!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо