Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Жалгыз бой эне: "КАРАЖАТ БОЛСО УУЛУМА ДОНОР БОЛМОКМУН"

№726 30-сентябрь-04-октябрь, 2016-ж

Кезектеги каарманыбыз Акылбек Чымчыкеев 7 жашта. Ал мектеп босогосун аттаарда ооруга чалдыгып, чет өлкөгө барып боорун алмаштырууга муктаж. Уулунун өмүрү үчүн күрөшүүгө каражаттын тартыштыгы жол бербей жатканын айткан жалгыз бой эненин арманын угуу үчүн бет алдык.

"УУЛУМДУН БООРУН АЛМАШТЫРБАСАК БОЛБОЙТ ЭКЕН"

Биз барганда Акылбектин апасы Дилара Чымчыкеева уулу менен эрмектешип кичинекей бөлмөдө отурган экен. Андан жашоосу, уулу тууралуу уктук:
– Жашым 47де. Өзүм Жалал-Абад облусунан болом. Турмуш-шартка байланыштуу Бишкек шаарына көчүп келгениме 9 жыл болду. 2 уулум бар, улуусу 16 жашта, кичүүсү 7 жашта. Кичүү уулум Акылбек ушул жылдын март айында ооруп калды. Бала бакчага барып жаткан эле, бир күнү эжекеси "тамак ичпей, түштө тынч уктай албай жатат" деп калды. Үйгө келген түнү уулумдун дене табы көтөрүлүп баштады. Эртеси педиатрга алып барып көрсөтсөм, "анализ тапшыргыла" деп жиберди. Андан соң дарыгерлерге алып барсам "баланын боору чоңоюп турат, шишик бар окшойт. Доплерге текшерткиле" дешти. Анысы кымбат экен, "акчам жок эле" десем ошол жерде бир дарыгер демөөрчү таап берип, баламды текшерттик. Андан соң кайра дарыгерге кайрылсак "баланын каны азайып кетиптир, канын көбөйтүш керек, болбосо азыр эч нерсе кыла албайм" деди. Кайра балама ийне сайдыртып, атайын кан көтөрө турган тамак-аштарды берип барсам текшеришип "циррозго өтө баштаган гепатит" деген диагноз чыгарышты. Ошондо эле дарыгер "балаңыздын боорун алмаштырбасаңыз болбойт. Бала чоңойгон сайын шишиги да чоңоё берет" деди.
Түркияда же башка чет өлкөлөрдө алгач оору эмнеден пайда болгондугун аныкташып, андан кийин гана боорду алмаштырат экен. Индиядагы бир оорукана менен сүйлөшсөк, дарыгерлери баламды текшерүүгө эле 5 миң доллар керек экендигин айтышкан. Аңгыча эле ал дарыгерлер Бишкекке келип калышты. Бизди чакыртышып, оорунун тарыхын текшерип көрүп, "биз бала жаш экен, балким, күчтүү дарылар менен айыктырса болот деп ойлогонбуз. Бирок андай эмес экен, баланын боорун алмаштырбаса болбойт. Боорду алмаштырууга 38 миң доллар керек. Ал эми донорду караштырып көрөбүз, эгер табылса ага өзүнчө төлөнөт" дешти. "Өзүм донор болсом кантет?" деп сурасам "өзүңүз донор болсоңуз болот. Ал үчүн сизге да операция жасалат. Жаныңызга экөөңөрдү карай турган жардамчы алып барышыңар керек. Индияда 3 айга жакын болосуңар. 21 күн гана бекер тамак-аш жана жашай турган жер болот. Андан кийинки тамак-ашка, жашаган жерге, жол киреге өзүнчө төлөйсүңөр" деп жооп айтышты.
Бирок бизде анча каражат жок. Саламаттыкты сактоо министрлигине кайрылсам, "2017-жылдын ортосунда Түркияга квота болуп калышы мүмкүн" дешүүдө. Ага чейин баланы дары менен жакшылап кармап туруш керек. Квота болгон күндө деле 50 пайыз каражатты өзүбүз төлөйт экенбиз.

"2 БАЛАМ МЕНЕН КҮРКӨДӨ ЖАШАП ЖҮРДҮМ"

– Жолдошум менен ажырашып кеткениме 6 жыл болду. Мурда тигүүчү болуп иштечүмүн. Кийин бир күркөнү ижарага алып, ал жактан куруучуларга тамак жасап берип жүрдүм. Батирге каражат тартыш болгондуктан ошол күркөдө 2 балам менен 2 жылга жакын жашадым. Кышкысын ичи суук болчу. Жарык өчүп калганда үшүп калчубуз. Күндүзү балдарымдын улуусу мектепке, кичүүсү бала бакчага кетет. Кечинде алар келгенде жылыткыч сайып жатчубуз. Кийин балам ооруп калганда интернет аркылуу жардам сурап кайрылгам. Окуп калган окшойт, күркөнүн кожоюну келип "бул жерди силерге ижарага бербейм, чыккыла" деп баштады. "Балам ооруп жатат, барар жерим жок, жашай туралы. Батирге чыгууга каражатым жок" деп сурансам "мен эч нерсе билбейм, балаңды алып кайда барсаң ошол жакка бар" деп бизди чыгарып койду.
Андан кийин бир топ батир котордук. Азыр бир бөлмөгө айына 3 жарым миң сом төлөп батирде турабыз. Меши жок экен. Кышкысын жарык өчсө кантебиз билбейм. Башка жакка көчөлү десек кымбат болуп жатат. Анын үстүнө тапкан акчабыз уулумдун дары-дармегине эле кетет. Улуу балам 2 жылдан бери унаа жуучу жайда иштеп, тапканын тапкандай инисине дары сатып берет. Дарысын 1800 сомго сатып алып, күнүнө 2 маал ичиребиз. Ооруп калганда күн сайын, оорубаганда 3 күндө 1 дары сатып алып беребиз. Өзүм болсо баламды карап үйдөмүн. Үйдөн коңшулардын анча-мынча кыскартчу кийимдери болсо кыскартып берем. Балама тез-тез тамак жасап берип, убагында дары ичирип, ары-бери басканда көзөмөлдөп турбаса болбойт. Жолдошум болсо көчүп-конуп жүргөнүбүздү деле билбейт. Уулунун ооруп жатканын билсе деле кабар албайт. Уулума жакындан тарта "майып" деп жөлөк пул ала баштадык. Айына 3 миң сом алабыз. Акылбекти дарыгерлер "көп ойнобой, оор көтөрбөй, чуркабай, секирбей, диета кармап үйдө жатсын" дешкен. Күнүнө балдар менен 1 сааттай ойнотуп келем. Бирөө-жарым уруп-согуп жибербесин же чуркап кетпесин деп карап турам. Калган убактысында мультфильм көрүп, сүрөт тартып, мектепке даярданып үйдө эле болот. Быйыл, буюрса, мектепке алып барам.

Асхат Субанбеков


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -2 
Комментарийлер(18)
03.10.2016. 09:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Урматтуу! Админ. Ушул эженин номеринби же р/с болсо жазып койсонор жакшы болмок.колдон келишинче жардам бермекпизбермекпиз.
03.10.2016. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эженин номери: 0773184559. Ушуга чалып байланышсаныздар болот.
03.10.2016. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Балдар оорубасынчы?
03.10.2016. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Баланыздын айгып кетуусун жараткандан тилеп калабыз эже,элибизде бай адамдар коп,каяктагы бир темир номерди 1,7 млн го сатып алгандан коро ушундай балдарга жардам берсе болмок,байлыкты о дуйного алып кете албайбыз туугандар,ушундай адамдарга жардам берсек сооп болот,бир гана соопту алып кете алабыз ! Колумдан келсе жардам бермекмин,умутунузду узбонуз эже,Алла таалам бироону себепчи кылат уулунуздун айыгып кетишине !
03.10.2016. 18:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Жанагы номер алган кишилер жардам берип коюшса го
03.10.2016. 20:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ошол номерди стакан орган деле жардам берсе болмок экен. Айыгып кет бобок
03.10.2016. 21:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ошол акчасы коптор жардам беришсе сонун болмок счет ачып койунуз аздан болсо да жардам берели коп тукурсо кол болот,,оору тооруган жаман сакайып кесин Акылбек кооп жаша..
03.10.2016. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Айыгып кетсин. Форумчулар аздан жардам бербейлиби колдон келишинче?
03.10.2016. 23:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Айыгып кетсин
04.10.2016. 04:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Айыгып кетсе экен
04.10.2016. 21:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sirke, жалаң баш тамгалар менен жазууга болбойт!
04.10.2016. 21:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Колумдан гелсе жардам берет елем.Алла шыпазын берсин
konfetka.medik түзөттү 2016-10-04 22:04:26
04.10.2016. 22:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Алла шыпасын берсин
05.10.2016. 09:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул бир сыноо. Буйруса силердин кочодо да майрам болот. Бул кундор отот кетет, хаа деген соз да кулуко кубат.
05.10.2016. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эже баланыздын сакайып кетишине, чын дилден тилектешмин. Сабыр кылыныз, баары жакшы болот. Счет ачып койсонуз, 100 сомдон болсо да салсак коп болот.
05.10.2016. 20:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Миллиондорду жумшап машинага номер алгандар, ушундайларга жардам берсе болмок. Аллах жардам эже, сураны....
07.10.2016. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Allahym wypaa bersin
08.10.2016. 01:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жардам бериш керек экен. кудай шыпасын берсин эми омиийн.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо