Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

"СЕНСИЗ ЖАШАГАНДЫ ҮЙРӨНӨ АЛБАЙ КОЙДУМ..."

№726 30-сентябрь-04-октябрь, 2016-ж

Негизи эле маңдайыма "бактысыз болосуң" деп жазылган окшойт. Болбосо 5 жашымда апам, 7 жашымда атам каза болуп, сиңдим экөөбүз таежемдин колунда калганыбызды кандайча жоруюн?! Башка түшкөндү көрөт экенбиз. Кагылып-согулуп жүрүп сиңдим экөөбүз чоңойдук. Таежемди жамандагым келбейт. Колунан келишинче тарбиясын берди. Кийинтти-ичинтти. Бирок... Мээрим бере алган жок. Мен эс тарткандан бери эле мээримге зар болуп келатам. Өмүр бою эле жылуулук издеп келгем.
Анан капысынан сага жолуктум. Бишкекке келип кафеде официант болуп иштеп жүргөм. Бир ирет чогуу иштеген кыз туулган күнүн белгилемекчи болуп, кечеге чакырды. Бардым. Мен тааныбаган бир топ чоочун адамдар бар экен. Ошончо чоочундардын арасынан көзүмө сен илиндиң. Он чакты адамдын ортосунда гитара ойноп, жагымдуу үнүң менен бир обонду созуп жаткан экенсиң. Анан мени бир карап алдың. Мага ошондой сезилдиби билбейм, айтор, көздөрүңдө мээрим толтура болчу. Алгач көздөр бир нече ирет чагылыша түштү. Анан тааныштык. (Сенин атыңды атабай эле коёюнчу. Ысымыңды айтсам эле ыйлап жиберем...)
Ошол күндөн кийин күн сайын жолугушчу болдук. Ортобузда жашыруун сыр калбады. Апаңдын жалгыз уулу экениңди, атаң тээ кичинеңде эле каза тапканын айттың. Башкы максатың апаңдын ак сүтүн актоо экенин айтып, "апам сыймыктаныш үчүн жакшы бала болуп келатам. Эми аны ыймандуу келиндүү кылсам..." деп мени бир жылмайып карап алганың күнү бүгүнкүдөй эсимде.
Кыз-жигит болуп толук бир жыл сүйлөштүк. Бири-бирибизсиз жашай албай калдык. Ушунчалык мээримге муктаж болгон экенмин, ар бир жылуу сөзүңдөн, жакшы көрүп караганыңдан болуп көрбөгөндөй ырахат алып, өзүмдү толук сага арнап, жан дүйнөмдү сага көндүрүп салдым. Эмнегедир эле бала кезимде "менин күйөөм сөзсүз гитарада ойнойт" деп кыялдана берчүмүн. Бул балалык кыялдарымды эстеп, маңдайымда сулуу манжалары менен жансыз кылдарды терметип сонун обондорду ойноп жаткан сени көргөндө бактым ашып-ташып дүйнөгө батпай кетчүмүн.
Бир жолу "мен көбүрөөк акча табышым керек. Үйлөнөбүз" деп Казакстанга жөнөп кеттиң. Эки жумада бир же бир айда бир келип кетчүсүң. Сен келгенче сагынычтан саргарып жүдөп кетер элем. Жаныма келгениңде кетиргим келчү эмес...
Ошол күнү да кетиргим келген эмес. "Кетпей эле койчу?" деп моюнуңа асылганымда "Бир ай. Бир айдан кийин келем, үйлөнөбүз" деп маңдайымдан өөп, мээрим толгон көздөрүң менен жылмая карап алгансың. Кечки такси менен жөнөп кеттиң... Ошол бойдон сенин мен зар болгон мээримдүү көздөрүңдү жоготуп алдым. Автокырсыкка кабылып, жан бериптирсиң. Ыйладым. Колумдан эч нерсе келген жок. Боздоп эле кала бердим.
Канча жыл өттү андан бери... Бир да адамдан сеникиндей мээримдүү, сеникиндей сулуу көздөрдү көрө албадым. Өзүмдү соорото албай койдум... Мейли телевизордонбу, радиодонбу же көчөдөн кимдир бирөөнүн гитара ойноп жатканын көрүп-угуп калсам көз жашымды кармай албайм. Мага ээ-жаа бербей эле сызылып агып жөнөйт... Же ойнолбой эле турган гитара көрсөм да көкүрөгүм бошоп, кылар айламды таппай калам.
Ата-энемдин мээриминен куру калып, жылуулук издеп жүрүп сени тапкам. Эми сен да жоксуң. Кимди күнөөлөйм билбейм. Кантем билбейм. Жашамыш болуп жүрөм. Сен, албетте, мага башка дүйнөдөн көз салып, аяп жүрсөң керек. Канчалык сагынганымды сезсең керек. Ушуларды ойлойм да сен үчүн, сен экөөбүз чогуу кыялданган кыялдар үчүн жашагым келип кетет. Бирок сенсиз жашаганды үйрөнө албай койдум... Адашып жүрөм...

Сабина


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(28)
03.10.2016. 09:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Сабыр кылыныз
03.10.2016. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+34
Дагы ошондой адам жолуксун деп тилеп кетебиз
03.10.2016. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
сабыр кыл карындашым демекчимин тагдырдын буйругу ушундай жакшы адамдардын өмүрү өтө кыска болот.
03.10.2016. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Ал озунун жолунда кетет, сен учун жашап бере албайт. Куран китепте жазылган "Эгерде менден артык бироону жакшы корсон, тартып алам деген"- хадис бар. Алланы жакшы коруу керек. Ал учун ыйлагандан коро апанызга дуба кылыныз. Намаз окуунуз, акыл менен кенешип журокту угуп чечим чыгарыныз." Мончок таш жерде калбайт "дагы да жашсыз жакшы адамдар жолугат ал сиздин кыялыныздан болот
03.10.2016. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жашоо токтоп калбайт, жакшы умут жарым ырыс.
03.10.2016. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тенинди таап бактылуу бол синдим!
03.10.2016. 20:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сабыр кылыныз. Сабырдын тубу сары алтын. Андан да жакшысына жолугунуз Иншаллах.
03.10.2016. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сабина, сени сендей аруу суйууго кабылган Гана Адам тушунот. Сен бактылуусун .айрымдар мындай сезим бар экенине да ишенишпейт! Туура, сен жашашын керек, экоонор учун бактылуу турмушту сурушун шарт.Ал сени менен
дайым бирге болот, ошондой эле бактылуу болушунду каалайт. Ты самая счастливая что испытала счастье. Найди ее маму, если она одна может в тебе нуждается.
03.10.2016. 23:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
"Келатат, айтор "деген создорду форумда гана жазышса керек дегем...
03.10.2016. 23:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тушуном...(((
03.10.2016. 23:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сабыр берсин жаратканым. Жакшы кундор алдыда
03.10.2016. 23:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
П.С ата-энесиз да сабыр кылып жашап, ушул кунго жеттиниз. Эми жигитинизсиз да жашаганды уйронунуз, алдыда жакшы кундор кутуп тургандыр. Олум-бул жашоонун мыйзамы. Эртеби кечпи бараар жерибиз бир.
04.10.2016. 00:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жогоруда туура айтылган.Аллах Таала"кимди менден артык корсон,аны сенден алып коём...","Мен инсандар менен жиндерди озумо сыйынуу учун гана жараттым(зарият сур,56-аят)Ансыз жашап келгенсиз,эми да жашайсыз (эми олбостун куну ото берет демекчи)
04.10.2016. 00:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башка тушконду коз корот демекчи сабырлуу болуп тагдырга баш ийиниз,тушуном унутуш кыйын бирок сиз учун дагыда болсо жакшы таттуу турмуш келишине ишениниз
04.10.2016. 07:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Карындаш сабыр кыл. Жараткан Аллах бир жакшы көргөн нерсеңди алган болсо, андан да жакшысын берүү үчүн алган. Үмүт менен сабыр кыл...
04.10.2016. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушундай сезимдерди мен таппай журом.же ишенбеймби билбейм
05.10.2016. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эээххх .
05.10.2016. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ыйлап алдым.....
сабыр кылыңыз, жакшылыктын баары алдыда!
05.10.2016. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Жакшы башталып эле аягы армандуу аяктап калганы жаман экен... Окунучтуу...
Атмакчы, Атамбаев дагы гитара ойнойт го, ошонун коздорун байкап корбойсунбу...
06.10.2016. 02:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
LIVER,эх т аппарат спала календарь экенсинго
06.10.2016. 02:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
LIVER, эххх таппасан сыпалап кал экенсинго кечиргиле т9 озгортуп жиберди
05.10.2016. 21:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн биринчи Аллахты суй. Аллах сени суйсо эн бактылуу адамдардын катарына кошуласын, Жаратканды суйсон адашпайсын баарын берет.
06.10.2016. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Суйуу сезимин таткан Адам аябай бактылуу болуш керек,демек бактылуусун,убакыт баарын дарылайт,канчалар ушл сезимди билбей,сезбей жашоодон отушот.
06.10.2016. 23:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кандай Сабина. Сабыр кыл менин да жигитим каза болгон. Менда кыйналып,журдум .. даже ата-энем бир- туугандарымды таштап кетким келди.. бирок тагдыр экен айла жок.. дагы деле ойлойм.. бирок бир жигитке жолуканда каза болгон жигитиме болгон сезим пайда болду. Азыпкы жигитим экообуз бирге болобузбу жокпу аны бир гана кудай билет. Кудайдан тилеп бул дуйнонун бактылуу ширин даамын татып жашагым келет...Сага суйуу бакыт каалайм. Озунду таштаба бир нерсеге алаксы баары жакшы болот.
07.10.2016. 18:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суйууго кабылуунун озу бакыт, экобунорду олумдун коралбай ажыратканы окунучтуу. Сабыр тилейм. Турмушта чокпо.
08.10.2016. 22:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыйынчылык тунго окшош. Тун канчалык узун болбосун созсуз тан ытышына ишенип умут менен жашайбыз. Анткени куранда умутсуз "шайтан" деп жазылган. Лучшие дни впереди ИНША АЛЛАХ!!!
09.10.2016. 18:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кечеки кун Тарых,бугунку кун Белек,ертенки кун табышмак!Сабыр кылыныз!
12.12.2016. 18:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир кем дуйнооо..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо