Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ӨЗГӨЧӨ САПАТЫ МЕНЕН ӨЗГӨЧӨЛӨНГӨН ӨЗГӨН КҮРҮЧҮ

№727 07-октябрь-13-октябрь, 2016-ж

Кыргызстанда өзгөн күрүчүн жок дегенде бир жолу жеп көрбөгөн адам жок болсо керек, бирок ал кантип өстүрүлөрүн билбегендер көп. Атактуу Барпы акын да ырына кошо кеткен бул күрүч жүздөгөн жылдар мурун кантип өстүрүлсө, азыр деле ошол күрүч өстүрүү маданияты анча-мынча өзгөргөнү менен, негизинен ошондой эле сакталып калган. Бул сапар өзгөчө сапаты, баалуулугу менен башка күрүчтөрдөн айырмаланган өзгөн күрүчү кантип өстүрүлөрү тууралуу маалымат бермекчибиз.

Күрүч тууралуу:

  • Күрүчтүн мекени катары Индия саналат. Ал жактан күрүчтүн көптөгөн жапайы түрлөрүн кезиктирүүгө болот.
  • Дүйнөдө күрүчтүн 7 миңден ашык түрү бар.
  • Дүйнө жүзү боюнча жылына 700 миллион тоннадай күрүч желет.
  • Күрүч Япониянын улуттук даны катары саналат жана аны күнүгө 3 маал жешет.
  • Бир килограмм күрүч өстүрүүгө 5 тонна суу керектелет.
  • Азия өлкөлөрүндө 1 адам жылына 150 килограмм күрүч жесе, европалыктарга 2 килограмм туура келет.

«ӨЗГӨН КҮРҮЧҮ ЭСКИ ЫКМА БОЮНЧА АКТАЛАТ»

Өзгөн районундагы Төрт-Көл айыл өкмөтүнө караштуу Макаренко айылынын тургуну, дыйкан Жеңиш Касымбеков күрүч даяр болгуча кандай эмгек талап кылынарын айтып берди:
– Алгач жакшы урук тандалып алынып, ал өнгөнчө сууга чыланып турат. Бул убакыттын ичинде жер айдалып, пал (суу тегиз жаткыдай 4 бурчтуу аянт) даярдалат. Четтерине ылай шыбалган палга суу толтурулган соң ичи чөп-чар, тамырлардан тазалоо үчүн малаланат. Малалоо учурунда палдын ичиндеги суу аябай ылайланат да, дал ошол учурда өнгөн урук себилип, суу тунганда ылай урукту басып калат. Урук 1-2 жуманын ичинде тегиз көгөрүп, 20 күндө чыгат. Ошондой эле көчөт кылып да эгилет, мындай кылып отургузулган шалынын даны чоң-чоң болуп, түшүмдү жакшы берет.
Май айларында эгилген шалы июнь-июль айларында 2 ирет отолот. Шалы канчалык таза отолсо, ошончолук жакшы өсөт да, даны күрмөк аралашпай таза болот. Азыр көпчүлүк дыйкандар сууга түшүп отоп кыйналбастан, чыккан чөптөрдү атайын дары менен жок кылып калышкан.
Шалы сортуна жараша ар кандай убакта бышып жетилет. Мисалы, эң көп эгилген «кара кылтырык» сорту 120, ал эми «марго» сорту 100 күндө бышып жетилип, жыйнап алууга даяр болот.
Шалы саргайып бышкандан кийин суу токтотулуп, жер кургаганда орок менен орулат. Орулган шалынын дандуу жагын ичине, сабагын сыртына каратып тегерек формада, 2-3 метр бийиктикте үймөк кылып жыйналат. Бул учур «шалыны кызытуу» деп аталып, анда шалынын башы кызыл тартып, чыңалат. Эгер шалы кызытылбаса түсү ак болуп калат, ал эми көп кызып кетсе, анда күрүч даста (кээ бирлери өтө кызыл, кээ бирлери саргыч) болуп калат. Күн ачык болсо 10 күндөн кийин кызыган шалыны комбайнга салып, саманы менен даны бири-биринен бөлүнүп алынат. Андан соң дан таза жерге жайылып, 10-12 күндөй кургатылат. Кургатылган шалы эми илгертеден келе жаткан эски ыкма боюнча акжубазда акталат. Акжубазда шалынын кабыгы аарчылып, күрүч сокуда 3 сааттан 10 саатка чейин акталат. Акжубаздан чыккан күрүч жегенге даяр. Мен быйыл 3 гектар жерге шалы эгип, андан 15 тоннага жакын шалы алдым.

«БОЁКТУН ЗЫЯНЫ ЖОК»

Дагы бир дыйкан Замир Сыдыковдун айтымында, өзгөн күрүчүнүн түсү адегенде базардагыдай кызыл болбойт.
– Шалы өстүрүү башка өсүмдүктөрдү өстүрүүгө караганда бир топ эмгекти талап кылат. 1 гектар аянтка 100 килограммдай урук керектелет. Эгер шалы жакшы болсо, бул аянттан 5-6 тоннага чейин түшүм жыйнап алууга болот. Ал шалыны актаганда 3-3,5 тонна таза күрүч чыгат. Негизи өзгөн күрүчүнүн түсү адегенде базардагыдай кызыл болбойт. Күрүч өтүмдүү болуш үчүн гана шалыны акжубазда актап жатканда боёк кошуп коюшат. Анын эч кандай зыяны жок, тамак кылар алдында күрүчтү жууганда боёгу чыгып кетет. Кээ бирлери эч кандай боёк кошушпайт. 2 жыл мурун Орто Азияда биринчи жолу «Биздин жердин күрүчү» деген фестиваль өткөн. Ошондо окумуштуулар «Өзгөн күрүчү башка күрүчкө салыштырмалуу өзгөчө сапатка жана даамга ээ. Анда Менделеевдин таблицасындагы организмге пайдалуу делген элементтердин баары бар экен» деп баа беришкен. Өзгөн күрүчүнүн 2 сорту (ак урук, кара кылтырык) ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн рыногуна чыга алат. Бирок өзүбүздүн элдин керектөөсүнөн көп ашпагандыктан сыртка деле көп чыкпайт.



Шалы эгилген аянт.


Шалынын кызытуу үчүн үйүлүп жыйылганы.


Шалыны жанчуу учуру.


Акжубазсыз өзгөн күрүчү күрүч эмес.


Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(15)
10.10.2016. 09:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Озгон куручундой куруч жок болуш керек дуйнодо
10.10.2016. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-12
Даамы Баткендин Ак-Турпак куручуно жетпейт. Буга мисал Ошко Баткен куручу атайын заказ менен алынат а Баткенде Озгон куручу сатылбайт.
10.10.2016. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Dalil,Кой жомогуну башка жакка барып айт.Озгондун куручуно жетмек каякта Баткендин куручу
10.10.2016. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Urmat_83,озубуз куруч остурбойбуз бирок оштон тааныштарым атайын заказ кылып алдырышат. Жеп корсон анан баа бермексин.
14.10.2016. 19:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Dalil,Баткенде аяш аванар заказ менен алдырса керекда насивай куручунорду.
10.10.2016. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Баткендин Ак калпак айылындакы Коргонбай аканин куручу да эн жакшы,озу ар бир тубун бирден карап остурот ошого даамдуу.Кобунчо Ош Бишкеке заказ боюнча алып кетишет.Быйыл да кырман мол болду деп кубанып турган убагы.
10.10.2016. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ак турпак баржоктоле сатылат россияга 2.3кг заказ кылгандай айтипсин го.озу гуручту остуруудо кандай жерге остурсо болот тез эле бышаткен го.мисалы тоо жакта бышавы
11.10.2016. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин айылдын дыйкандары го
11.10.2016. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
саламатсыздарбы Супер инфо гезити? макаладагы суротто корсотулган пловтун чекесиндеги туйунчокпу же дасторконду озбек калкынын улуттук кездемеси атластан эмес озубуздун эле улуттук кездемелерден жасалган дасторкондор менен корсотсонуздор эн сонун болмок...албетте бул улут болуш эмес жеке менин оюм...
Erkem түзөттү 2016-10-11 11:01:22
13.10.2016. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Erkem,мен дагы ошол атлас матаны көрүп
Улутчул сезимдерим ойгонуп кетти.
11.10.2016. 10:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ал эми темага,гуруч даамына келсек албетте озгон куруч баарибир озгон куруч,бирок даамы жолдошумдун балдарымдын атасынын кундур тундур буту суудан чыкпай эгип бышырган Аланга гуручунун даамына жетпейт:))) кеп даамда эмес Эмгектегоо дейм
Erkem түзөттү 2016-10-11 10:42:58
12.10.2016. 22:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оо,озубуздун дыйкандар го,кырманынар данга толсун!Азаматсынар!
13.10.2016. 22:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Өзгөн күрүчтү билбейм кантип даярдашты. Кадимки Элитадан жасап келатам.
14.10.2016. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aikera1992,Мага да жазап берчи.
06.12.2016. 04:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озгон куручу жалгыз гана озгондуктордун эмес, жалпы кыргыз элинин суйгон куручу. Ак куручтон баскан ашын аштай болбойт. Дирилдеген, тамагында ойногон озгон палоосуна эмне жетсин!?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо