Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ДАРЕГИНЕН ЖАҢЫЛГАН НАРИСТЕ...

№727 07-октябрь-13-октябрь, 2016-ж

Көпчүлүк сыяктуу эле мен да 5-6 жылдан бери Бишкекте батирлеп жашайм. Батир жашоосунда көп эле кызыктар, кыйынчылыктар болот дечи, бирок бир окуя жүрөгүмдүн үшүн алып, жашоо тууралуу дагы бир ирет ойлонууга түрткү берди.
Шаардын 10-кичи районунда батирде иним, жээним болуп үчөөбүз жашайбыз. Мен иштейм, берки экөө студент. Жайкы каникул болуп студенттерди айылга кетирип жиберип, өзүм жалгыз калдым. Ал күн дем алыш болчу... Түшкү саат 11лерде туруп курсакты кампайтып алып кайра жаттым, эч жакка чыккым келген жок, жадакалса эч ким чалбай эле койсо экен деп телефонду өчүрүп койдум. Эк, мындай камылгамды эшиктин коңгуроосу бузуп салбадыбы. Ыргылжың боло эшик ачтым.
– Чоң кыз, силердин ваннаңарга, унитазга суу толуп калган жокпу? Биз силердин үстүнкү кабатта жашайбыз…- деп орус улутундагы кошуна безеленди.
– Жок, бизде баары эле таза, суу агып жатат.
– Биздин унитаз менен ванна бок-сакка толуп калды. Түтүккө бир нерсе тыгылып калган окшойт. Үйгө кирип текшерип көрсөм болобу?
Түтүктөрдү кармалап, ары чукуп, бери чукуп алып кетти. Кошунамды узатып коюп кайра жылуу төшөккө кирип кеттим. Бирок мемиреп уйкуга баратканымда кайрадан эшиктин коңгуроосу кагылды. Балээ баскырдыкы, коңгуроонун үнүн өчүрүп салбай... Баягы эле кошунам экен, жанына подъезддин чоңу болгон аял жана сантехник кошулуп алыптыр. Биз турган батирден гана түтүктү ачып көрүүгө мүмкүн экен. Эмне демек элем, кожойкеге чалсам ал уруксат берди. Ошентип 3-4 адам убараланып жатып ачышты. Эми түтүктүн ичинде түркүн оокат бар экен, кичинекей кол чатыр, чүпүрөк-чапырак, кум-таш… Кызык, булардын баарын кандай адам салат болду экен деп коём өзүмчө.
– Жакында буларды батыра албай түтүк жарылмак экен. Ошондо накта концерт болмок, - деп күлүп койду сантехник.
– Колунан кармап албагандан кийин кимди күнөөлөйсүң?! - деп дагы бири сөзгө аралашты.
Бирок андан кийинки чыккан нерсе баарыбыздын сөзүбүздү жулуп, күтүлбөгөн жерден муздак суу чачып жибергендей ичиркентти окшойт. Же мен эле ошондой абалда болдумбу…
– Чёрт! - орус сөгүнүп алды. – Это же ребёнок?!
"Түйүлдүк экен" дешти… Көңүлүм айланып эшикке чуркап чыктым. Байкуш кайсы макулукка (адам деп айтууга оозум барбады) буюрган бала болду экен?! Балада эмне күнөө?! Жок дегенде күкүккө окшоп башка үйдүн алдына таштап кетсе өз күнүн көрөт эле го ал бала! Жаман чымчыкча боло алган эмес экен эне сөрөй… Ушундай адамдарга наристе жиберип жаткан Кудай дарегин алмаштырып алат окшобойбу, антпесе бала жытына зар болуп жүргөндөр канча…
Өзүмдү күнөөлүү сездим негедир. Оюма өткөндөгүм келди дароо... Мен сүйгөн адамыма турмушка чыгып, экөөбүз үйлөнгөндөн бир жума өтпөй менден кичүүлөрү "жеңе, качан бөбөктүү кыласыз?" десе, улуулары "бирдеме барбы курсакта?" деп айламды кетиришчү. Башкаларчылап 5-10 жыл күтүп убара болгон жок, 2 жылдан соң "мен туяксыз өтө албайм, үйдөгүлөр жанымды койбой койду" деди... Мени түбөлүк сүйүп, алаканына салып бакчу адамдын махабаты 2 жылга чыдады... "Жок, мен кетпейм, бир күнү төрөйм, чыда" демек белем?! Менде да намыс бар, мен да бирөөнүн бапестеп баккан баласымын. Кете бердим...
Көз алдымдагы окуядан соң жогорудагы дарегинен жаңылган наристени Кудай мага жибергенде баары башкача болот эле го деп сыздадым... Кыз болуп туруп кыздар үчүн уялдым биринчи жолу. Бул батирден кетүүм керек, жок дегенде өзүмдү ушинтип алаксытайынчы…

Мээрим


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(26)
10.10.2016. 09:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мээрим , бул жалган дуйнодо эмнелер гана болбойт. Бироого зар бироого кор дуйно деген ушул да. Жашоодо дагы көп нерселерди корууго даяр болушубуз керек го биз адамзат. Бул деген жашоо.
10.10.2016. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кереги жок бала болсо бизге эле бергилечи. Ашка тойгон бар, башка тойгон жок деп багып алалы.
10.10.2016. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ee Kudai bul emne degen shumduk! Maga berip koiso bolboibu Jaratkanym ushintip kor kylgycha (((((
10.10.2016. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бироого зар бала, бироого кор бала...
10.10.2016. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Журоктору тутконуно танмын.Ушинтип кантип таштайт болду экен тообо?
10.10.2016. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Буларды адам деп да айтууга ооз барбайт
10.10.2016. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
эх байкуш наристе, торолгону учун куноолу эмес, Адам эмес айбан да кылбайт муну
10.10.2016. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
ой Кудайым баарыбызга ынсап ыйман бере кор :((( озун сакта
10.10.2016. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Аллахым бизге дагы береерин унутпаса экен... биз бала деп балага жетпей журсок ээх анчалык эле болсун бироого берип же таштап койбойбу!!! Андайларды адам деп айтууга ооз барбайт.
13.10.2016. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Janyl_93, биз дагы 5 жылдан бери бала кутуп балага зарлап журобуз. Окуяны окуп озум коруптургандай ушуп кеттим го. Билбейм, эч нерсе айта албайм.
10.10.2016. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аба жетишпей тумчугуп кеттим,ушундай да болобу?..
11.10.2016. 04:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызык
11.10.2016. 04:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллах озу сактасын
11.10.2016. 09:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллах ырайым кылып пендесине бала насип этсе, адам ыраазы болбой ошол ишке барып жатат. Чын эле жок дегенде бир үйдүн алдына таштап койсо мүмкүн баары башкача болмок.
11.10.2016. 09:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кудай ай, ушундай да болобу,
11.10.2016. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Келечекке кошкон салымыбыз болсун туугандар аз да болсо!
11.10.2016. 21:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ушул комменте Бала сурагандарга Аллахым бала берсин , амин
11.10.2016. 22:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
эх бироого кар бирооого зар.жалган дуйно
12.10.2016. 00:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
бул жон эле чыгармаго ойумча катип эле ваннанын кичинекей тешгинен и унитаздын муштумдай тешигинен туйулдук отуп кетсин унитаздын суу кетчу жери ойдо карай ийри болот . мен ишене албадым
13.10.2016. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Edik_86, унитазды алып салса чон эле ишене бергиле, аялдан амал качып кутулбайт, бир нерсе менен турткулоп тушургондур желмоогуз.
12.10.2016. 08:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
мен да ишенбедим ал тешиктен туйулдук отпойт
12.10.2016. 21:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргыздардын фантастикасы
12.10.2016. 23:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Точно фантастика.
14.10.2016. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушундай да болобу кантип батынды ушуну жасашка кудайым ОЗУ жазаласын
14.10.2016. 22:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менин оюмча боюнан тушуп калган наристе болсо керек. Боюнан алдырса больницадан эле жок болмок болуш керек...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо