Съездбек Искеналиев: "КУДАЙДАН АПАМА 10 ЭЛЕ ЖЫЛ ӨМҮР БЕРЧИ ДЕП СУРАНГАМ"

№727 07-октябрь-13-октябрь, 2016-ж

Элестетсеңиз, күздүн суугураак бир күнү. Сиз сабактан шашыла үйгө кирип келсеңиз, апаңыз ысык наны менен сиз жакшы көрүп жеген тамагыңызды даярдап, жыпжылуу алакандары менен эки бетиңизди аяр кармап маңдайыңыздан сүйүп күтүп алды... Бул бейиш эмей эмне? Бул ирет ырчы Съездбек Искеналиевдин бейиши тууралуу сөз кылалы.

"АПАМ БАЙПАК ЖАМАСА ДА ОРИГИНАЛДУУ КЫЛЫП ЖАМАЧУ"

– Апамдын 40 жашында көргөн 10 баладан кийинки эркеси да, эң ыйлаагы да мен болдум. Атабыздан эрте айрылып, бир этек балдары менен 1990-жылдардагы кыйынчылыкты басып өттү. Бизге бар-жокту билгизген жок. Айылдагы эң даанышман, калыс, кыраакы, кадыр-барктуу апалардын бири болчу. Туугандар арасында түгөйлөр урушуп калышса аларды бат эле элдештире коюп, ала качып келген келиндердин чатагын бир заматта басып отургузуп койгон сөзү өтүмдүү жайы бар эле. Анан да колунан көөрү төгүлгөн уз болчу. Өз колу менен жасаган шырдактары, саймалары абдан кооз. Байпак жамаса да бир башкача оригиналдуу кылып коёр эле. Сүрсүгөн эт менен чучук кошуп бышырылган тамагынын даамы алигиче оозумдан кетпейт.

"БАЛАЛЫГЫНДА МАШАК ТЕРГЕН КҮНДӨРҮ БОЛУПТУР"

– Апам 2 бир туугандын кичүүсү болгон. Улуу эжеси төрөлгөндөн кийин ортодо бир канча балдары төрөлүп эле чарчап калышкандыктан ырымдап Турганбүбү деген ысым ыйгарышат. Балалыгы согуш жылдарына туура келип, таятам согушка кеткен бойдон дайынсыз жоголуп, бир топ кыйынчылык тартышканын айтып калар эле. "Нан таап жеш керек да, машак терчүбүз. Бирок ал кезде бала болуп оор турмушту башыбыздан кечирип жатканыбызды түшүнгөн деле эмес экенбиз. Азыр апамдын тарткан азабын ойлоп боорум ооруйт" деп өз апасын аяп калчу. Балалыгында чоң энесинин эркеси, тентеги болгон экен. Тентектик кылса чоң апасы урушуп коюптур, тамак жээр маал келгенде "ай, Туку, кел, тамак ичели" дешсе, "дагы бир жолу айтса экен" деп жата берип акыры уктап калган экен. Азыр мен да жашоодо бул жорукту тамаша иретинде колдонуп келем. Чакырган киши келбей жатса, "ай, тиги дагы бир жолу айтса экен болуп жатат, барып алып келели" деп.

"АПА, ЭКИНЧИ АНТПЕЙМ" ДЕМЕЙИНЧЕ САБАЙ БЕРЧҮ"

– Бир жолу мектепке баратсам алдымдан кошуна бала чыгып калды. Экөөбүз жолдо баратсак, ал "кел, бүгүн сабакка барбай эле коёбуз" деди. Ага мен да макул болдум, шылтоо табыш керек да. Суунун жээгине барып кийимдерибиздин баарын бирден сууга малып кайра кийип алып үйгө жөнөдүк. Эмне десе, сууга жыгылып түштүк деп айтабыз деп сүйлөшүп алдык. Үйгө барарым менен эле апам калп айтып жатканымды билип мени токмоктоп кирди. Апамдын бир жоругу бар эле, качан "апа, экинчи антпейм" деген сөз оозумдан чыкмайынча сабай берчү. Ошондо катуу таяк жегеним эсимде.
Бир жолу ойноп жүрүп жолго чуркап чыга калсам машина келе жаткан экен, аз жерден сүзүп кете жаздады. Шоопуру чыга калып мага бир тийди, калтырап корккон бойдон үйгө барсам, "жолго эмнеге чуркап чыгасың?!" деп апам да ур-токмокко алса болобу? Бул эми балалык кез да, кийин эс тартканы бир дагы катуу сүйлөгөн жок. Бир нерсеге ачуум келип корсулдап калсам, "кокуй, ыргыткан таштай болбой жөн отур" деп калар эле.

"ЫЙЛАП КАЛБАЙЫН ДЕП АПАМ МЕНЕН КОШТОШПОЙ КЕТЧҮМҮН"

– Эң кичүү бала апасына абдан жакын болот эмеспи. Бир ирет сарык илдетин илештирип алып ооруканага жатып калдым. Улуу эжем ошол жерде иштечү, мени эжеме таштап кетишти. Бир нече күндөн кийин тамчылатма дары алып жатсам терезенин ары жагында апам турат. Ордумдан тура калып ийнени жулуп ыргыттым да, эшикке жулкундум. Медайымдар алы жетпей кубалап жүрүшөт, мен ыйлап алгам, эптеп эшикке жетсем, бекитип салышты. Аябай чыр салган экенмин, тынчтандыруучу ийне сайып жаткырып коюшкан.
Ыйлаак болдум деп кетпедимби, ошол жоругум чоңойгончо калган жок, студент кезде айылга барып, кайра шаарга кетерде ыйлап калбайын деп апам менен коштошпой кетчүмүн. Анан да эсимде калганы – апам мен үйлөнгөндө кубанганынан ыйлап жүрсө, өзүм кошо ыйлап жүрөм (күлүп).

"БУЛ ООРУ АПАМДЫ АЛЫП ТЫНАРЫН ВРАЧТАР АЙТЫШКАН"

– Апам 72 жаш курагында боор оорусунан улам дүйнө салды. Кыраакылыгы ушунчалык, 1 жылдай мурун эле өзүнүн кетерин билип бизди даярдай баштаган экен. 2011-жылы жеке концертимди бергенден кийин үйгө келип тамактанып отурсак, бата берип жатып "балам, мен сага ыраазымын" деп ыраазычылыгын берип койду чочутуп. Андан кийин эле "менин азан чакырып коюлган атым Турганбүбү, Турдубүбү эмес, билип жүргүлө", "чуркап жүрүп мүдүрүлүп өлсөм экен", "өз үйүмдө үзүлөйүн" деген сыяктуу сөздөрдү айта баштады. 2012-жылы катуу ооруп, ооруканага жатып калды. Бул оору апамды алып тынарын врачтар айтканы менен, айыккандай болгонунан ооруканадан чыгарып кеткенбиз. Айылга баргандан кийин эле кайра катуу ооруп калганын айтты. Эртеси бул жактагы бир туугандарым болуп баарыбыз жетип барсак, апам жапжакшынакай эле жүрөт. "Чиркин өмүрдөгү" кемпирге окшоп силерди чакыртып алдым" деп тамашалап күлдү. Ошол түнү оорусу күчөп, бир сутка катуу кыйналды да, эртеси баарыбыздын көз алдыбызда кете берди.
Апам кайтыш болгондон кийин 10 жыл мурунку күнүм эске түштү. Апам катуу автокырсыкка кабылганда Кудайдан "дагы 10 эле жыл өмүр берчи" деп суранган элем.

Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(12)
10.10.2016. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
:'( jatkan jeri janattan bolsun
10.10.2016. 10:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Oshon uchun suiloordo abailap suilogulo.
10.10.2016. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жаткан жери жайлуу болсун
10.10.2016. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мен да апам реанимацияда узулуп жатканда,Кудайдан жалдырап,жалбарып"жок дегенде 10 жыл бере кор"деп ыйлаганмын,азыр ошол кезди эстеп,козумо жаш алдым((((
10.10.2016. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мен да апамды эстеп кеттим.
10.10.2016. 22:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кокуй ыргыткан таштай болбой жон отурчу! дегени жакшы экен)))))
11.10.2016. 00:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кудайым Ата-энелерибизге узун омур берсин ылайым!
11.10.2016. 00:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жаны жанаттан болсун...чон апамды эске салдыныз..чон апам да боору ооруп акыры алып тынды.....
11.10.2016. 02:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эээх Кудай,жаткан жери жайлуу болсун!Энелеримдин омурун тилейм,аларсыз жашоону не переживу. (((
11.10.2016. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
D.Uezalieva, жоок жанылышасыз жашоо улана берет экен. Бул турмуш улана берет экен. Менда айтчумун, турмуш убакыт озу тарбиялайт экен. Туура , кыйын эзилесин ичинден куса болосун бирок олгондун артынан олалбайт экенсин. Жараткандан сабыр берет экен. Анан куран окуп алардын акыретин суранып алаксып калат экенсин. Унутпайсын, куран мн конулун ток журот экенсин.
12.10.2016. 06:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
meerimma84,туура.Жашоо улана берет экен
19.11.2016. 19:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым апаларыбызга узун омур берсе экен. Сизге чыгармачылык ийгилик
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо