ЖОГОЛГОН ПАСПОРТТОР, БИЗНЕС КЫЛГАН РАДИОТҮЙҮНДӨР...

№727 07-октябрь-13-октябрь, 2016-ж

Чөнтөкчүлөрдүн курмандыгы болуп же башка себеп менен документтерин жоготуп алгандар арабызда көп эле кездешет. Ушундай окуяга кабылып, ичинде акча, документтери бар капчыгын жоготуп алганын, аны кайтарып алуу үчүн радиотүйүндүн кызматкерлери акча талап кылганын Руслан Бекбаев аттуу жаран социалдык тармактар аркылуу жазып чыкты.

ПАСПОРТ ҮЧҮН 500 СОМ, АЙДООЧУЛУК КҮБӨЛҮК ҮЧҮН 1000 СОМ

Руслан Бекбаев борбор калаадагы "Ош базарынан" капчыгын жоготуп алган. Капчыгы менен кошо паспорт жана айдоочулук күбөлүгү жоголгондуктан ал издеп жүрүп, ошол эле базардагы радиотүйүндөрдүн биринен тапкан. Ал жерде иштеген кызматкер "паспорт үчүн 500 сом, айдоочулук күбөлүк үчүн 1000 сом бересиң" деген. Ошондой эле ал төлөгөн акчасы үчүн дүмүрчөк бериле турганын да айткан. Ага документтерин сата тургандыгын, жаңы алса деле ушул акча кетерин айтышкан. Мындайды күтпөгөн Руслан Бекбаев социалдык тармакка жазып, бул окуя Бишкек шаарынын Токтогул-Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишиндеги радиотүйүндө болгонун, муну эл окуп чыгып жыйынтык чыгарууну өтүнгөн.

"ДҮМҮРЧӨК ЖАЗЫП БЕРБЕЙБИЗ"

Окуянын чоо-жайын билүү үчүн "Ош базарына" бардык. Аты аталган жердеги радиотүйүнгө барганда сүрөттө көрсөтүлгөн паспорттордун бири жок. Терезелердин бардык жагында барактардагы жарыялар гана илинип туруптур. Ал жерде иштеген Нагима Ташматовага кайрылсак, буларды айтып берди:

– Бул жерде иштегениме 3 ай болду, биз 3 кыз кезектешип иштейбиз. Жеке башыма жооп берсем, мен акча талап кылган эмесмин жана мен иштеген убакта андай окуя болгон эмес. Мен келген жарнамаларды окуйм жана ар бир келген адамдарга колдон келген жардамымды берем. Билбейм, ким антип бизди жаманатты кылып жатканын, балким, жөн эле бирөө жазып койгондур. Мага ошол адамды алып келгиле, анан териштирип көрөлү. Бизде эч кандай дүмүрчөк деген нерсе жок, андайды жазып да берген эмеспиз. Витринага үч айдан бери паспорт койгон эмеспиз (ред. 2 күн мурун эле документтер тизилип турган деп ошол жерде соода кылгандар айтып жатышкан). Сүрөттү качан тартып алганын билбейм, балким, бир жыл мурункудур. Мен башка эч нерсе айтып бере албайм.

"СҮЙҮНЧҮСҮ БАР" ДЕП АЙТТЫРА БЕРИШЕТ"


"Ош базарындагы" дагы бир радиотүйүндө иштеген Гүлзада деген айым төмөнкүлөргө токтолду:
– Негизинен бизге документимди жоготуп алдым дегендер көп кайрылышат. Бирок бизде дүмүрчөк, ставка деген нерселер жок. Башкаларда болсо болгондур, менде жок. Эл да жаман көндүрүп коюшкан да, радиотүйүн аркылуу таап алгандарга "сүйүнчүсү бар" деп айттыра беришип, элдин кулагы ошого көнүп калган. Бизге көбүнчө документ таап алдым деп алып келишет. Кээ бирлери номерлерин беришип, "эгер ээси табылып калса берип коёсуздарбы" деп таштап кеткендер бар. Документтердин ээси келсе биз андан эч кандай акча талап кылбайбыз. Чай ичип койгула деп 200 сомдон 500 сомго чейин берип кеткендер бар.
Чөнтөкчүлөр милиция кызматкерлери менен бирге иштешет деп айтышат. Мен радиотүйүндө иштегениме 9 жыл болду, бул убакта андай окуя болгонун көргөн эмесмин. Милиция кызматкерлери радиотүйүндү текшерип турушат. Аларга документ уурдалды деген арыз түшкөн болсо, бизден карап, кээде документтерин жоготкон адамдарды ээрчитип келип, чогуу алып кетишет. Ал эми витринага койгонубуз туура деп эсептейм, биз ээлери документтерин таап алышса деген ой менен эле илип койгонбуз. Эми кимдир бирөө паспорт алып келе турган болсо мындан кийин албайм деп чечтим, антпесе жаманатты болот экенсиң.

"БАЛКИМ, АРАБЫЗДА ЧӨНТӨКЧҮЛӨР МЕНЕН ИШТЕШКЕНДЕР БОЛГОНДУР"

Мындай жоопторду уккан соң базардын ичиндеги бардык радиотүйүндөргө бардык. Баарында шыгырап тизилген паспорт же башка документтер жер жутуп кеткендей жок болуп чыкты. Алар документтерди алдырып салышканын, экинчи паспортторду албай турушканын айтып жатышты. Андан ары бул иш боюнча "Ош базарындагы" милиция бөлүмүнө кайрылганыбызда, атын жашыруун калтыргысы келген кызматкер төмөнкүлөрдү айтып берди:

– Бизге күнүгө көптөгөн адамдар арыз менен кайрылышат. Документ, буюм жоготуп алдым, уурдаттым дегендер көп. Документ жоголду деп арыз түшкөндө биз "Ош базардагы" бардык радиотүйүндөргө барып карап чыгабыз. Кээде бир күндө он чакты ирет кыдырабыз. Расмий документтердин мындай ар кайсы жерде жайылып жатышына эл өзү күнөөлүү. Документ таап алышса эле радиотүйүнгө алып барып беришет экен. Албетте, бул мыйзамсыз, эмне кылабыз анан эл ошого көнүп калышса? Негизинен милицияны жакшы көргөн киши жок, иштери түшсө ыйлап-сыктап жетип келишет, аягында эле биз күнөөлүү болуп калабыз баарына. Бизди чөнтөкчүлөр менен иштешет деп айтышат, балким, арабызда андайлар болгондур, бирок аны далилдеген бир да факт болгон эмес.

Жогорудагы окуя боюнча юрист Айнура Сыдыкова жооп берет:
– Жоголгон документти кайтарууда эч кимдин акча талап кылууга укугу жок. Бирок өзүңдүн каалооң менен ыраазычылык билдирүү максатында акча берүүгө болот. Табылган буюм же документтер мамлекеттик табылган буюмдар бюросуна тапшырылышы керек. Эгерде сизден сүйүнчү катары кимдир бирөө акча талап кылган болсо, анда милицияга кайрылыңыз.

Бул иш чуу болуп, радиотүйүндөрдө иштегендер да сүйлөшүп алгандай бирдей жооп берип жатышты. Суроо узатсаң жооптору эзели андай ишти кылбагандай, баарыныкы окшош болуп чыга келди. Бирок радиотүйүндөргө жок дегенде бир жолу иши түшүп барган адам да витринадагы шурудай тизилген документтерди көргөнүн танбайт. Ушунча көп документтердин баарын таап алгандар радиотүйүнгө алып келип таштап кеткенине да ишенбей кетесиң.

2 күн мурун эле ушинтип илинип турган документтер көздөн кайым болуп, ордуна башка жарнамалар илинип калган.



Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(24)
10.10.2016. 09:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Мен Ош базарындакы Берекет соода борборуна шоколад саткан жердеки, радио туйунго бир жолу иш менен киргем.Ошондо бир тарабы толо паспорттор илинип турган,мен да озумдун жоголгон паспортум бар бекен деп карагам.Радио туйундокулор олуп бара жатсанар да чынын айтсанар не болосунар?паспортту силер уурдаган жоксунар го.
10.10.2016. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Калп эле актанышат го!булар ошол уруулар менен бирге.Мен да кошелегумду уурдаткам ичинде паспорт менен.5000сом бар болчу,эртеси радиотуйунго барсам турат паспортум илинип.1000 бер деген,бер десем болбойт.Анан 500 сомум эле бар деп алгам паспортумду.Ким алып келип берди паспортту десем,билбейм тааныбаган эле бироо дейт.Анан ал уруулар да десем,жооок ал бала андай эмес дейт кайра.Ошондо созунон кармалган да.Значит бир иштешет.
Stervamyn түзөттү 2016-10-10 10:43:28
10.10.2016. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кыргызстанда жоголсо табасын Москвада озбектер жасап жатышат КГ паспортун посольствого айтсак караштырабыз деген(5 ай алдын)бул чындык менттер менен иштешкени не ужели до такого степени пас келебиз эмнеге чара колдонбойт биздин элчилик эмне жумуш кылат ?????????????????
10.10.2016. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Уурулар м.н чогуу иштешсе керек деп ойлойм,эжем кошелегун уурдатып ийген Ош базардан,паспорту ичинде экен.ызы чуу түшүп калдык,арадан бир сааттай өткөндө,жок дегенде паспортун издейли деп,жарыя бергени радио узилге барсак.ошол жерде экен паспорту.
10.10.2016. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Документ жоголсо туура радио узилге бара бериш керек экен да...тапкан бизнесин карагыла,ары жоктор!
10.10.2016. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Милиция да тартипти жакшылап карабайбы,адам коп болгон жерлерди,катуу кармабайбы,жазаны кучотуу керек,ууру адамды кармаганда колдорун сындырыш керек,катуу жаза койбосо эртен корсотуп коз алдында койнуна салып акчаны алып коюшса да эч ким ундобой калат,уурулар мн милиция кызматкерлеринин да тили бир болсо керек,албетте баарынын эмес,бирок арасында сасыткысы бар да
10.10.2016. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Текебаев Ө.Ч. коррупцияга байланыштуу маселелерди изилдейм деп бир специально_для_вас деген почта ачты беле? Редакция, ошол жакка кайрылсаңар кантет? :)

Радиотүйүндө иштегендер, менттер, албетте, танышат. Аларды баягы "Пила" киносундагыдай кылып эле тутуп алып кыйнап мойнуна койбосоң "Ууру тойгончо жеп, өлөрчө карганат".

Бир чети жалко эле байкуштарга - кирешесинин бир булагынан айрылды. Эми такыр илишпейт го. Илишсе эле "Элдик кабарга" чы
10.10.2016. 20:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жанынды жегир жан кечтилер! Олуп баратса да чынын айтып коюшпайбы ооба илинип турат деп эле
11.10.2016. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мен жакында эле радио туйунго барганда паспорттор шурудай эле тизилип турган. Ашып кетсе 10 кундон ашкандыр. Мынча калп айтышат. Жанын жегирлер!!
11.10.2016. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
"Жашоомдогу жагымсыз көз ирмемдерди" окусаңыздар. ))))
11.10.2016. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ош базарына кирбеген кыргыз жок же аз Ар бир кыргыз билет радио туйундору бироонун паспорту менен бизнес кылаарын жанаош базарынын милициясы чонтокчулор менен иштешерин.Ушунча КЫРГЫЗДЫ алдаган Нагима Ташматованын бети бет эмес ххх экен.
11.10.2016. 22:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
эшектен эми паспорт бизнеске оттукбу кыргыздар. ай кайран кызгыздар
12.10.2016. 01:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен россияда загран и миграцони жоготуп алдым ананда кеттелбай атам кыргызстанга кимге кайрылсам болот кенеш бергилечи
12.10.2016. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kalmurzaev8900,посольствого кайрыласын учасковойдон справка 3/4-торт шт сурот и 1000 руб акча
Контактная информация
Телефон доверия: +7 (499) 237-44-52
Тел.: +7 (499) 237-48-82, 237-46-01
Факс.: +7 (495) 951-60-62
info@kyrgyzembassy.ru
http://kyrgyzembassy.ru

Адрес Посольства Кыргызстана
119017, Москва, ул. Большая Ордынка, д. 64

Метро Добрынинская
12.10.2016. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Думурчо дегени эмне?
12.10.2016. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
kanatt,kvitansia
12.10.2016. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
kanatt,ставка
16.10.2016. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kanatt,чек-квитанция.
13.10.2016. 07:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ошол кылган бизнестери жукпай калсын.
14.10.2016. 00:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Онбой калгырлар канча адамдын каргышына калдынар экен
15.10.2016. 03:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыскасы кошелек уурдатсак уурунун артынан чуркабай эле туура радио туйунго чуркашыбыз керек экен туугандар))) ошол жерден ууруну да,документтерди да кошелекту да кармайсынар)))
15.10.2016. 19:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озуно сак бол кошнанды ууру тутпа демекчи биринчиден озубузго сак болойлу жокту суроо табат дегендей радио туйундордо еч кандай куноо болбосо керек алар оздорунун кызматын гана кылышат баарынын еле дакумннтин уурдай бербейт да оздорунун шалакылыгынан
28.10.2016. 23:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен дагы паспортумду жоготуп алып барганда толтура паспорттордун арасынан озумдукун издегем,терезеде жармашып турган паспорттор.
22.12.2016. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аферистер коп ош базарда кыжырды келтирген акча алмаштыруучу жайларычы эх соз жок...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо