№727 07-октябрь-13-октябрь, 2016-ж
Бала болобу, чоң киши болобу бир нерседен катуу коркуп калган учурлар кездешет. Андай кезде жүрөк кабынан ыргып кете жаздагандай же жүрөк оозго капталгандай болот. Мындай учурда "апаптап коёлу" деп калышат. Жүрөк түшүү, жүрөк көтөрүү элдик жана медициналык көз карашта кандай түшүндүрүлөт жана айыктыруунун кандай ыкмалары бар? Карап көрөлү.
"ЭЛДЕ ЖҮРӨКТҮ АПАПТОО ЫКМАСЫ КӨП КЕЗДЕШЕТ"
Бердигул Темирбаев, Кыргызстан эл аралык университетинин доценти, этнограф:
– Өзүмдүн изилдеп жазгандарым боюнча айтсам, кичинекей наристе да, чоң киши да бир нерседен катуу корккондо (мисалы, иттен, уруш-талашка же криминалдык окуяга күбө болуп калганда же автокырсыкка туш келгенде) жүрөгү ордунан козголот. Бирок жүрөк ылдый салаңдап түшүп кетпейт. Элде жүрөк көтөрүү жаатындагы көп колдонгон ыкмалар:
"БЫЧАК МЕНЕН КӨТӨРӨМ, ДЕМ САЛАМ"
Атыркүл Ишекеева, Салттуу дарыгерлер ассоциациясынын төрайымы:
– Жүрөктү көтөрбөсө корккондогу сезим адамдын мээсине сиңип калат да, акырындап баш, жүрөк оору, аз кандуулук, балдарда энурез сыяктуу оорулар келип чыгат. Кийин көзүнө ар нерсе көрүнүп, кулагына угула баштайт. Мындайда айыктыруу кыйындайт. Жүрөк түшүү көбүнчө 5 жашка чейинки балдарда көп кездешет. 2-3 күн дегенде кээ бир балдардын дене табы көтөрүлөт. Аларды ооруканага алып барса, врачтар дары-дармек менен дарылай башташат. Дары жакпай, бала куса баштайт. Канчалык дарылаганы менен, коркуу сезими кала берет да, чочуу кайталанат. Андыктан жүрөктү көтөрүү зарыл. Мен өзүм жаш балдардын да, чоңдордун да жүрөгүн бычак менен көтөрөм, дем салам.
"ЧОҢДОРДУН ЖҮРӨГҮН СЫЛАП КӨТӨРӨМ"
Майрамкан Жетишикова, табып:
– Мен жүрөгү түшкөн 10 жашка чейинки балдарды башын төмөн, бутун өйдө каратып туруп 7 жолу силкип коём, дем да салам. 10 жаштан өйдөкүлөрдүн баарынын жүрөгүн акырындап укалап, өйдө сылап көтөрөм, дем салам. Өйдө сылоо адамдын жашына жараша жүргүзүлөт. Мисалы, 40 жашта болсо, жүрөгү өйдөнү көздөй 40 жолу сыланат.
"ЖҮРӨК ТҮШҮҮ – БУЛ ПСИХИКАНЫН БУЗУЛУУСУ"
Уулкан Итикулова, Бишкектеги "Психикалык ден соолук борборунун" балдар психиатры:
– Медицинада жүрөк түшүү деген диагноз жок. Бул психиканын бузулуусу катары кабыл алынат. Психиканын убактылуу бузулуп, кайра калыбына келген жана өнөкөт түргө айланган түрү бар. Психиканын бузулуусуна көбүнчө бир нерседен катуу коркуу жеткирет. Мисалы, жыландан чочуп калуу, бийиктиктен кулоо, караңгыда көзүнө бир нерсе көрүнүү, балдарда ата-эненин чатагына күбө болуу, уруп-согууга кабылуу. Баланы коркуу сезиминен ошол замат арылтып, коркуп калууга жеткирген себептин дагы да кайталанышына жол бербөө кажет. Мисалы, бала катуу үндөн же ата-эненин урушунан коркуп калса, ошол нерселер кайталанбашы керек. Эгер кайталана берсе, коркуу сезим психикага сиңип, өнөкөт түргө өтөт. Медицинада коркуу, чочуу деген сөздөр фобиянын синоними катары караларын айта кетейин.
Корккон баланы мээримге бөлөгөндөн тышкары нервди тынчтандыруучу чөптөр менен жуунтуу сунушталат. Чоңдор деле коркуп калганда андай чөп-чарларды ичүүсү, өзүн алаксытуусу зарыл. Коркуу өнөкөткө айланса, балабы же чоң кишиби психиатрга алып баруу сунушталат. Ал атайын тесттен жана баш мээни энцефалограммадан өткөрөт дегендей. Башкача айтканда, адам эмнеден коркконунун себебин таап чыгат. Дарылоо ошого жараша комплекстүү жүргүзүлөт (дары-дармек, физиодарылоо, психологдун, кекечтенип калса логопеддин жардамы керектелет). Ата-энеге балага кантип туура мамиле жасоо керектиги түшүндүрүлөт. Коркуу өнөкөткө айланганда адамдын мүнөзү, жүрүм-туруму өзгөрө баштайт. Түнт тартып, баарына кайдигер карап, максатка умтулбайт. Жалгыздыкка ыктап, башкалар менен мамиле түзүүсү кыйындайт. Эгер дарылатпаса, баланын организминде оорулар да жарала башташы мүмкүн. Андыктан убагында дарылатуу зарыл. Бүбү-бакшыларга көрүнүп убакыт өткөрбөй, врачка көрүнүүнү сунуштайм.
ЖҮРӨК ТҮШҮҮНҮН БЕЛГИЛЕРИ
(Элдик дарыгерлердин айтымында, 1 жаш 2 айга чейинкилерде эң негизги белги – эмгегинин түшүшү (бөксөрүшү), шилекейинин куюлушу,чыркырап ыйлоо).
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
4
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Бишкекте адреси болсо берип койсонуздар жакшы болмок.