№727 07-октябрь-13-октябрь, 2016-ж
Mодель, телеалпаруучу Айжамал Осмонова Түркиянын Бодрум шаарында өткөн "Жер шарынын ханбийкеси-2016" сулуулар сынагында "Азиянын ханбийкеси" деп табылды. Бул тууралуу ал: "Сынактын уюштуруучусу – армениялык Ашот Хачатрян өз ишин мыкты билген адис. "Жер шарынын ханбийкеси" сынагына катышкан 20 кыздын арасынан мен алдыңкы мыкты 7 сулуунун катарына кирип, "Азиянын ханбийкеси" деген наамды алдым. Мындан сырткары "Келишимдүү сулуу" деген наам да беришти. Сынакта кыздардын бир гана сулуулугуна эмес, билимине, тартибине, жүрүм-турумуна карашты", - дейт.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |