КЫЗ – БУЛ БАКЫТ!

№728 14-октябрь-20-октябрь, 2016-ж

Жөн гана бир бактылуу көз ирмем менен бөлүшкүм келди. Борбор калаада турам. Үч балам бар. Эки уул, бир кыз. Уулдарымдын улуусу 6-класста, кичүүсү 4-класста. А кызым 3 жашта. Ким балдарын жакшы көрбөсүн?! Айрыкча кызымдын бал тилине тойбой, ага арнап алып келген кийимдиби, таттуунубу же оюнчуктубу, кубануу менен алып, мага ыраазы болуп рахмат дегендей бетимден чоп эттирип өөп койгондо телегейим тегиз боло түшөт.
Бир ирет жумуштан абдан чарчап келдим. Дене табым көтөрүлүп, өзүмдү жаман сезип жаткам. Келинчегим бир жакка жумуштап кеткен окшойт. Үйдө эки уулум, кызым чурулдап жүрүшкөн. Өзүмдү алаксытайын деп телевизор көрүп жатып уйкуга кетиптирмин.
Бир убакта кызым колумдан тартып, илгичте турган сүлгүнү көрсөтүп "тигини, тигини" деп кол жаңсады. Денем талыкшып турган, "кызым, бар ойночу" деп чала бучук айтып, кайра уйкуга кеттим. А кызым жанымда чебелектеп, өзүнчө булдуруктап сүйлөнүп жүргөн. Бир топко уктаптырмын. Дене табым да кайта түшкөндөй. Көзүмдү жумуп алып талыкшып жатсам, сырттан келинчегим келип эле күлүп жиберди. Эмне болуп кетти деп көзүмдү ачсам, үстүмдөн балдарымдын кийимдери шыпырылып түшө баштады. Көрсө, мен уйкуга кеткенден кийин кызым бою жеткен, кол жеткен жерден байкелеринин кийимдерин, апасынын жоолуктарын, жадакалса столдун үстүндөгү майлыкты алып мени үшүбөсүн деп үстүмдү жаап койгон экен. Баарынан кызыгы, менин бутума өзүнүн кичине байпактарын жааптыр. Өзү жанымда жылаңайлак буттарын бойтойтуп отурат. Көрсө, мага бардыгын жаап жатканда буттарым ачылып калган экен. Анан мага келип "тигини" дегени, "сүлгүнү алып бер, бутуңа жабайын" дегени тура. Мен көңүл бурбай коюптурмун. Акыры эч нерсе таппай калганда өзүнүн байпактарын чечип менин бутумду жааптыр да. Ушунчалык ичим элжиреп, көкүрөгүмө сезимдер толду да, кубанганымдан көзүмдөн жаш чыгып кетти. Мына ушул 3 жаштагы кызымдын ушунчалык таза, аруу, эч бир жасалмалуулугу жок жакшы көрүүсүнө татыганыма бактылуу болуп, кызымды боорума кысып алып, жытына тойбой турдум.
Уулдарым болсо эч нерседен бейкапар телевизор көрүп отурушат. Эл ичинде "кыз бала ата-энеге күйүмдүү болот" деп коюшат эмеспи. Бул сөздө эч калет жок экен дедим ичимден. Кээ бирлер "кыз болуп калды" деп жаңы төрөлгөн наристесин жеришет. Кыз – бул бакыт, туугандар! Кыздарыңарды барктагыла, алардын бизге болгон сүйүүсү чексиз...

Мурат


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  20 
Комментарийлер(24)
17.10.2016. 09:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Туура, менин кызым да ушундай, баламдын иши жок журо берет , кызым болсо жароокер!
17.10.2016. 09:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+24
Кызыныз омуру узун ден соолугу чын,бактылуу кыздардан болуп чонойсун.
17.10.2016. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Туура
17.10.2016. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Туура
17.10.2016. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Менин кызым да ширин да ширин тойбоймго))
17.10.2016. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
окуп алып менда элжиреп кеттим. Менинда Жасмина жана Арууке деген сулуу кыздарым бар:)
17.10.2016. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
менин кызым да 2 жашта чай ичип жатсак оозубузга тамак салат жатсак устубузго ар нерсени жаба берет
17.10.2016. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Кыз эмес уул дегендер козунорду чоон ачып окугула негизи уул деле кыз деле жакшы бирок кыз башкача куйумдуу болот эртең карыганында тырмагыны чачыны алып берген ошо кызын болот
17.10.2016. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Так что эркектер кызды көп жерибегиле
17.10.2016. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Как хорошо когда есть дочь
Как солнце яркая точь в точь
17.10.2016. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мен да уч уулдан кийин кыз тороп аябай кубанганбыз. Кыз аябай жароокер,куйумдуу,ширин болот экен.
17.10.2016. 19:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эхх кандай сонун бактылуу балалык каалайм,менин да козумдон бакылуулыктун коз жаштары тамчылап кетти
18.10.2016. 01:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Менин кызымда 2 жарым жаш болду. Я люблю признаться всех, а маму люблю больше всех деп кундо кайталайт. Ой ситёт калина поле у лючя, пальня болодова полибила я, пальня полибила и сваи биди, и богу иситься сов я и найду деп ырдайт. Ырды кызымын тили менен жаздым))))
18.10.2016. 07:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
менин да ичим элжиреп ыйлагым келип кетти эки уулумдан кийин торолгон кызымы атасы аябай жакшы корот кичинесинде быйтыйган алаканы менен ээгин сылап жатчу колуна атасынын сакалы сайса атам жанымдакен деп уктачу
18.10.2016. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
туура айтасыз! менин синдим да кичинекей кезинде атам уктап калса устун жаба берчу, платочка, носки,озунун кукласынын кийимдери менен болсо дагы.
18.10.2016. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Туура айтасыз. Уулдарынызда ыймандуу балдардан болсун. Бала жакшы тарбия берсен мээрим менен чонойтсон озуно да ошондой мамаиле кылат картайганда.
18.10.2016. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
А Менин эки уулум бар .Аллахтан кыз тилеп журом.Бул макаланы окугандан кийин эки эсе кыздуу болгум келип батат.
18.10.2016. 19:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биздин кызыбыз да атасына жакын. Мойнунан кучактап, кыткылыктап кулуп, атасы учун таттууларын бекитип коет. Уктап калса озунун плетин жаап, озу жанына жатып алат. Кыз бала озгочо куйумдуу болот деген чын.
18.10.2016. 20:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Иий буйтуска, озумдун кыздарымды элестетип кеттим, алар да папасын аябай жакшы корушот.
18.10.2016. 22:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Буйруса менде да бойтойгон уул-кыздарым болот ..уйлонуш керек эле кыз таап бергилечи
18.10.2016. 23:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен да super.kg ге катталып тим эле ушуга окшогондорду окууп алып. Өзүмчө эле бир бактылуу болом...

Мен да турмушка чыккым келип кеттат, ушуга окшогондорду окууп алып (хе хе)
suiuu345 түзөттү 2016-10-18 23:46:32
19.10.2016. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ооба кыз бала бул бакыт кудайым бизге да ширин кыздарды берсе экен
20.10.2016. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Омурун берсин кызыныздын, окуп козумо жаш келдиго.
31.10.2016. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызынызга дагы бир шерик синдиси торолсун. Балдарыныз омуру, ырыскысы, акыл эси менен болсун. Бактыныз туболук болсун.....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо