Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ТҮШ КӨРҮҮНҮН СЫРЛАРЫ

№728 14-октябрь-20-октябрь, 2016-ж

Айрым бир убакта сонун түш көрүп жатсаң кычап бирөө ойготуп жиберет, же ойготкуч шыңгырайт. Ал эми кээде коркунучтуу түш көргөндө "бирөө ойготуп жиберсе" дейсиң. Түш жашоодо бизге биринчи эмнелерге көңүл буруу керек экендигин кабарлап турарын көбү биле бербейт.

ТҮШ ТУУРАЛУУ КЫЗЫКТАР

  • Илимий фактыларга таянсак, жаш өткөн сайын түштүн да түзүлүшү өзгөрөт.
  • Адамдардын көбү ойгонгондон 15 мүнөт өтпөй түшүнүн 75 пайызын унутуп коёт.
  • Адам төрөлгөнгө чейин түйүлдүк кезинде деле түш көрөт. Болгону ал чоңдордун түшүнөн кыйла айырмаланып турат.
  • Мырзалар түшүндө эркектерди көп түш көрсө, айымдар экөөнүн образдарын алмак-салмак көрөт.
  • Жаныбарлар дагы түш көрүшөт. Атүгүл эмоцияларды да өзү аркылуу өткөрүшкөнү окумуштуулар тарабынан далилденген.
  • Түшүбүздөгү бейтааныш адамдарды жашообузда кезиктиргенбиз. Алардын жүзүн биз унутуп калганыбыз менен, мээ өзүнүн "дискине" жаздырып алган.
  • Көп илимий ачылыштар түштөгү аяндын аркасында болгон. Анткени ошол учурда мээ маалыматтарды башкача синтездейт. Эскерте кетсек, Д.Менделеев химиялык таблицаны аяндын аркасында түзгөн.

ТҮШТӨГҮ ТҮСТӨР

Кээ бир адамдар "түстүү түш көргөм" дешсе, башкалары "ак-кара өңдөгү түштөр кирет" деп ишенимдүү айта алышат. Ар кандай өңдөгү түштөрдүн кириши адамдын мүнөзүнөн кабар берет. Изилдөөлөргө таянсак, адамдар түстүү түштөргө караганда ак-кара өңдөгүсүн көбүрөөк көрүшөрү белгилүү болгон. Төмөндөгү суроолорду өзүңүзгө көп жолу бергендирсиз. Эмесе, аларга бирге жооп издеп көрөлү.

1. ЭМНЕГЕ ТАПТАКЫР ТҮШ КӨРБӨЙМ?

Адамдар күн сайын түш көрөт. Бул нерсе бир түндө бир эмес, бир нече жолу кайталангандыктан аны киши унутуп калат. Психоаналитик Зигмунд Фрейддин айтымында, түш биздин аң-сезимибизде катылган ой-тилегибиз. Эмне үчүн кээ бир адамдар түштөрүн эстеп калат деген суроо жаралбай койбойт. Анткени ошол түштөр адамдын түпкү сезиминде катылган маалыматка окшош. Ошол үчүн киши көргөн түшүн эстеп калат.

2. ЭМНЕГЕ КҮН САЙЫН ТҮШ КӨРӨМ?

Анткени адам аны жаттап калды. Демек, таасирдүү картинаны көргөнсүз. Эгер уйку 8 саатка созулса, 90 мүнөт түш көрөбүз. Адамдын мээси компьютерден да кыйын экенин ушундан билиңиз, ал аң-сезимге таянып түшүбүздүн сюжетин түзүп чыгат. Маанайыңызга жараша ал сюжет түркүн эмоцияларга боёлот.

3. ЭМНЕГЕ КЭЭ БИРӨӨЛӨР ТҮСТҮҮ, БАШКАСЫ АК-КАРА ӨҢДӨГҮ ОБРАЗДАРДЫ КӨРҮШӨТ?

Ак-кара өңдөгү образдар өзүн-өзү таанууга жардам берет. Бул түш болуп жаткан нерселерге туура ой жүгүртүп жатканыңызды билдирет. Мындай түштү көргөн адамдардын ой чабыты кенен келип, түшүндө да ойлонуп иш кылып жаткан болушат.
Ал эми түстүү түштөр чыгармачыл инсандарга көп кирет. Мындай кишилер түш көргөндө бардык нерсени өзү аркылуу өткөрүп, атүгүл ал жакта көргөн адамдардын кийиминин түсүнө чейин жаттап калышат. Түркүн түстө түш көргөндөр образдарына таасирленип жашашат.

4. ЭМНЕ ҮЧҮН КОРКУНУЧТУУ ТҮШТӨР КИРЕТ?

Мындай түштөрдү көбүнчө куш уйку учурунда көрөбүз. Окумуштуулардын бул туурасында так далилдөөлөрү жок. Болжолдуу маалыматка таянсак, коркунучтуу түштөрдүн себептери төмөнкүлөрдүн бири болушу мүмкүн.

  • Тынчсыздануу;
  • Мээге негативдүү маалыматтын чогулушу;
  • Психологиялык жактан жабыр тартуу.

5. ЭМНЕГЕ АДАМ ТҮШҮНДӨ ЖӨӨЛҮЙТ?

Кээ бир адамдар уктап жатып сүйлөп, бирөө менен урушуп, күлүп, атүгүл көзүнөн жаш чыгып ыйлайт. Кээ бирөө оозун ачып уктагандыктан ооз көңдөйү кургап кетет. Аны нымдаш үчүн чалпылдаган үн чыгарат. Көп учурда наристелер эмчек сүтүн эмип жаткандай оозун кыбыратышат. Ал убакта түшүнө упчу же эненин сүтү кирип жаткан болот. Ал эми чоңдордо бул көрүнүш генетикалык эс-тутумдун аркасында жүрөт. Ошондо чоңдор образ аркылуу бала кезине кайтып барышат. Айрым адамдар түшүндө онтойт. Буга эки нерсе себеп болушу мүмкүн:

  • Алдыда бир жамандык болору жөнүндө эскертүү;
  • Кычкылтектин жетишпестиги же жүрөк оорулары.

Биринчи пунктка ишенесизби же ишенбейсизби өз эркиңиз. Бирок түш көрүп жатып көп онтосоңуз врачка көрүнүшүңүз зарыл.
Түшүндө көп сүйлөнгөндөр көп учурда холериктер болушат. Негизи адамдардын басымдуу бөлүгү өңүндө айткан сөздөрүн түшүндө кайталайт. Бирок бардык учурда эле мындай боло бербейт. Ал көрүп жаткан образын үн чыгарып сүрөттөп жибериши да мүмкүн. Ошондой эле буга стресс, дары-дармектер, уйкунун канбай калышы, баңгизаттарын пайдалануу себеп болушу мүмкүн.

Күндүзгү иш күнүңүз канчалык оор болсо да жакшы нерселерди ойлоп уктаңыз. Анткени тынч уйку ден соолуктун кепили болсо, позитивдүү түш эртеңки күнгө мотивация берет.

ТҮШ КӨРҮП ЖАТКАНДА ШИЛЕКЕЙДИН КӨП БӨЛҮНҮП ЧЫГЫШЫНЫН СЕБЕБИ ЭМНЕ?

Кээде адам уйкудан ойгонгондо жаздыкка шилекейи чууруп калганын байкайт. Мунун бир нече себептери болушу ыктымал.

  • Физиологиялык өзгөчөлүк: Адам таттуу уйкуга кеткенде бүт денеси, анын ичинде жаагы да бошоңдойт. Анын үстүнө бир жак тарапка кыйшайып жатуу дагы шилекейдин эркин агып чыгуусуна себепчи болот. Мындай көрүнүштөн сиз чалкалап жатуу менен гана арыла аласыз.
  • Мурундун бүтүшү: Мындай учурда дем алуу кыйындап, адам оозу менен дем алып калат. Бул нерсе өз кезегинде шилекейдин талаптагыдан көп бөлүнүп чыгуусуна алып келет.
  • Ооз көңдөйүндөгү инфекция: Тиштеги көйгөйлөр да шилекейди көп бөлүп чыгарат. Андыктан тиш доктурга бир барып койсоңуз ашыкча болбойт.
  • Ашказан, ичеги оорулары: Мындай оорулар ашказандагы кычкылдыкты көбөйтүп жиберет. Анын аркасында уктап жатып шилекей чууруп агат.
  • Нерв системинин бузулушу: Бул көрүнүш дары-дармектерди көп пайдалануудан жана уйкунун толук канбай калышынан улам болот. Мындай учурда ак халатчандын текшерүүсүнөн өтүп коюу ашыкча болбойт.
  • Баңгизаттарды пайдалануу: Бул зыяндуу адат да ашыкча шилекейдин бөлүнүп чыгышын шарттайт.

Жазгүл Кенжеева
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  7 
Комментарийлер(52)
17.10.2016. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
түшүндо канаты жок учуп журсо,кантип чечмелейт..ким билееет??
14.03.2017. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nukeww,Учса жакшы болот,коп нерселерге жетишет экенс буйруса анан куноосу аз адамдар да учат
17.10.2016. 23:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен да түстүү түш көрөм дайыма. Эстеп да калам ким кандай түстө кийнгенин
17.10.2016. 23:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен тушумдо только согуном. Аялым чаап ойготот согунбой жатын деп.))))
18.10.2016. 01:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен онтойм кайненам бирде олуп атат окшойт деп аябай коркуптур)))) озум билем кырылдап онтогонуму бирок ойгоно албай кыйналам. Тушту ар турдуу кором.
18.10.2016. 04:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун экен макала
18.10.2016. 04:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ээх тушко эмне гана кирбейт тушундогу тушту корсон бир жерден коргондой болосун бирок таппай каласын
18.10.2016. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен тушумо дайыма отмушумду коро берем артка кайрып алгыс балалыгым.
18.10.2016. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тушундо учуп качып журсо эмне болот буну кандай жооруса болот. Мен тушумдо коп учамын.
18.10.2016. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
airus879015,мен дагы качып канатсыз эле учуп журомун тушумдо. кантип жооруганды билбейм
18.10.2016. 19:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Nukeww,кытайдын кинолорун азыраак корун..коруп жатып мен да учсам деп катту ойлонуп койгонсуз.рл
18.10.2016. 19:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ozgeldi,ахахах анткен деле эмес болчумун вроде
21.10.2016. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Nukeww, менимче жүрөктүн жакшы иштеши, баары жайында болгону болуш керек. Жаш кезде көп уччумун. азыр кээде учуп калам.
18.10.2016. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кзык экен
18.10.2016. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оозун ачып уктагандан кантип кутулам,тамагым кургап калат
18.10.2016. 19:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мен коп секс туш кором.
19.10.2016. 02:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Arslan12,астагфирАллах..
19.10.2016. 04:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Көзү ачык уктагандар жөнүндө да маалымат бергилечи мен досум сүйлөшүп отургам сүйлөй бериптирмин карасам көзү ачык суроо берип күтүп жаткам жообун карасам коңурук тартып жөнөдү бирок көзү ачык
19.10.2016. 18:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кана эде тушторумду суротко тарта алсам, Анда суйгон Кызым менен тушкон суротторум кооп болотле эхх
19.10.2016. 22:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тушундо тиши тушуп калса эмне болот admin_media маалымат берип койосуздарбы
20.10.2016. 02:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
AF0189,тушунуздо тишиниз тушуп калса жакындарыныз кырсыкташы мумкун. Мен бир жолу тушумдо тишим тушуп калган эле эртеси апама айтсам койчу ага конул бурба деген коп отпой аталаш инимден айрылгам
22.10.2016. 23:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jama9210,мен да ушундай болдум,тушумдо устунку жаактагы тиштерим тушуп калыптыр...Атамдан айрылып калдым...((((((Тушко деле маани бериш керек экен,конул болбой койгон элем...((((
29.11.2016. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jama9210,тушту жакшыга жоруйт.туш кандай жоруса ошондой болот дешет го..
22.10.2016. 23:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
AF0189,түштүн мойну кылдай каяка бурсаң ошол жака кетет экен, ошон үчүн дайым жакшы жака буруп койсоңуз жакшы болот, мисалы тиш түшсө жамандыктар үшуну менен түшүп кетсин деп, Чубак Ажыдан уккандан бери ошентип которуп коем.
19.10.2016. 23:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кызыктуу маалымматтар бар экен.Чынында кимдир бироону же бирдемени коп ойлосон да тушуно кирет.Менде ушундай абал коп кездешет.
20.10.2016. 03:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен да тустуу туш корот экемин ар кун сайын туркун тустогу кийимдерди туш кором бул эмнеден кабар берет болду экен
20.10.2016. 09:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туш жоруу же кантип жоруу жолдорун да жазып чыгарсанар болот экен урматтуу супер инфо!
20.10.2016. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тушту ар кимге айта бергенге болбойт,ишенген жакын адамына айт дейт го.Анткени тушту кандай жооруп койсо ошондой болот деп уккам.Ошондуктан жаман тушту да жакшыга жооруп койгон он.
20.10.2016. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мен кундо туш кором бирок унутуп калам чала гана эсимде калат
20.10.2016. 19:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Адам 90 минута туш корбойт, болгону акыркы 13 секундда туш корот деп коп жерлерде жазылган, тушундо ыйлаган адамдын жаман нерселерден тазаланышы, жаман ойлор, куноолор,,
21.10.2016. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менда кундо туш кором
21.10.2016. 18:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уктаарда бутту сунуп укташ керек. Түшүңдө жакшы чуркайсын. Мен түш көргөнүмдө мушташып кетсем дайыма жеңип коем, өтө сейрек жеңилип же ит тиштеп кеткен. Жаш кезде көп уччумун, учкан жакчу эле. Бир күнү түшүм экенин уйку соонун арасында билип калдым, да айылдын этегиндеги жаардан секирип уча баштадым Гагарин ошерден учкан имиш телевзордон угуп аттым.)) Чын чынында түштө эмнени көрсөң унутуп бараткан нерсеңи эстетип койгону го деп ойлойм. Себеби ар бир нерсенин мааниси бар да түштүн дагы. Жаман не
21.10.2016. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаман нерсеби жакшы нерсеби айырмасы жок ошол көргөн нерсең менен өңүңдө кандай мамилең болсо ошого көңүл буруп кой деген эле подсказка да. Эгер кайгылуу түш көрсөңөр өңүңөрдө сөзсүз күлүп жыргайсыңар менде ошондой болот. Ит көргөндө, бирөө менен урушуу кычышуу болот (балдар арасында) деп ишенем. Бийик токой көрсөң жамгыр жаайт. Жылан суу (сел каптап көл болуп) ат минген жакшы кийим кийген жакшы болот деп ойлойм. Ал эми бака жумуртка, ит көргөн жакпайт. Көптөн бери кызыкканым, эшек тууралуу канд
23.10.2016. 00:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен коркунучту тушторду коп корм,1ок жагат коргон. Эгер аЯгына жетпесем тушумдун, эртеси жатып кайра ошол жеринен улантып кете берем. Кыскасы тушумду контроль кыла алам да
23.10.2016. 02:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызыктуу экен. Мен туш коргон нерселеримди, коп жыл отсо деле кээде онумдо болот. Дайыма эле тан кала берем. Дайыма болот, ушуну туш коргом деп эле, тан кала берем. )))
23.10.2016. 08:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тушундо тиши тушсо ден соолукка жакшы кам коруу керек. Эгер дененде кошумча орган кошулуп калса жакшылыктын белгиси мисалы бойдун осуп кетуусу же колу бутун кушумча болуусу. Алтын сойко жакшы куйоо, шакек же чынжырча наристе, эгер узулуп же жоготуп жиберсен бойдон тушуу коркунучу болот. Кош бойлуу кезинде коргон тушуно маани бу
23.10.2016. 08:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кош бойлуу кезинде тушко маани беруу керек. Агарып аткан тан жакшы жашоонун белгиси.
23.10.2016. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да суйлоном тушумдо.
10.02.2018. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Боюмда бар. Тушумдо куйоом салган алтын сойкомдун бироосун жоготуп алыптырмын. Эмне болот?
jama9210 түзөттү 2018-02-10 19:18:47
03.03.2019. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Достор тушумдо куйоом менен ажырашат экенмин, кандай жоорулат?
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо