Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«ТҮРМӨДӨ ЖАТКАН ЖИГИТТЕН ТӨРӨП АЛДЫМ»

№729 21-октябрь-27-октябрь, 2016-ж

– Жүрөктү өйүп, жүзүмдү жашка жууган окуямды кимге барып айтып, кимден жардам сураарымды билбейм. Адашкан аркардан бетер ара жолдо калганымды туйган жакын адамдарым жок, болсо да алар үчүн мен чоочун адаммын. Бул жашоодо адам атым эле болбосо, жан дүйнөм эбак муздап, сезимим сенек болуп, тирүүнүн өлүгүнө айланганыма көп болду. Тагдырдын сыноосуна баш ийип, акыркы үмүтүм, тирегим болгон баламды кучактап күн көрүүдөн башка айла жок. Балам гана мени ажалдан арачалап, келечекте жакшы жышаандан кабар бергенсийт...
Эмесе сөз башынан болсун. Мектепти жаңы аяктап, шаарга келип жогорку окуу жайлардын бирине тапшырдым. Жатаканада жашап, эл катары окуп да, иштеп да жүрдүм. Көр тириликке моюн сунуп, жигит жандап, сүйүү даамын таткан жокмун. Сөз айтып, артымдан чуркаган жигиттер болсо да, алар көңүлүмөн түнөк таба алышпады. Качан гана 3-курсту аяктап жатканда социалдык тармактардын биринен Асылбек аттуу бир жигит менен таанышып, жылдызыбыз келише түштү. Экөөбүз бет маңдай жолукпасак да, күндө 2 саатка жакын жазышпасак жарпыбыз жазылбайт. Ата-тегибизден тарта эмне тамак жегенибизге чейин жазышып, бири-бирибизди жакшы эле түшүнгөндөй болдук. Бара-бара жазышуудан телефон чалышууга өттүк. Же Асылбек "жолугалы" дебейт, мен болсо кыз башым менен аны жолугууга чакыруудан тартынам. Ошентип билинбей эле жарым жылдай өттү. Анын жүзүн көрбөсөм да сүрөтүн көрүп, коңур үнүн угуп, ага болгон жактыруу сезими ойгонду. Акыры чыдамым кетти. Намыс менен абийир экөөнү кошуп туруп жыйнаштырдым да, "Асылбек, мен сага жолуккум келет" деп жаздым бир күнү. "Азыр иштерим көп, айылда чөп чаап жүрөм, Бишкекке шашпай барам" деп койгон. Ойлондубу, айтор, ошол күнү чалып, чындыкты айтты. "Айка, мен сага таанышканда эле чындыкты айтпаганым үчүн кечирим сурайм. Мен айылда эмесмин, түрмөдөмүн!" Бирөө союл менен башка чапкансып, уккан кулагыма ишене албай турдум. "Эмнеге?" Оозума башка сөз келген жок. Дендароо болуп, көзүмдөн жаак ылдый тамчы жаш кулады. Асылбек шашпай иштин чоо-жайын түшүндүрүп жатты. Көрсө, ал достору менен чогуу балдар менен мушташып, жыйынтыгында 1 бала ур-токмоктон улам каза болуп, "адам өлтүрүү" беренеси менен соттолуп кетиптир.
Чыркыраган чындыкты билсем да, андан ары Асылбек менен мамилемди үзүп салууга кудуретим жетпеди. Тескерисинче, аны көргүм келип, жолугушчу күндү эңсечү болдум. "Качан чыгасың?" десем, "1 жыл мөөнөтүм калды" деген жообун айтты. 1 жыл. Бул мен үчүн кылымга тете эле. Акыры чыдабай бир күнү тамак жасап, ал жаткан түрмөгө бардым. Асылбек келбеттүү, шайыр жигит болуп чыкты. Тамаша аралаш сүйлөп бат эле өзүнө арбап алды. Ал жакта атайын мейманкана бар экен. Үй-бүлөлүү адамдардын аялдары келгенде жолугушчу жай. Асылбектин суранычы менен ал күнү ошол жакта калып калдым. Жаман оюм жок, жакындан таанышып отурууну каалагам. Бирок ал түнү Асылбек менин жалынып-жалбарып каршылык көрсөткөнүмө карабастан, ой-боюма койбой зордуктап салды. Бирок сүйүү адамды сокур кылат бейм, Асылбек эркиме каршы иш кылса да андан кол үзө албадым. Экөөбүз күн алыс болбосо да ай сайын жолугуп, таттуу көз ирмемдерди башыбыздан өткөрүп жүрдүк. Ал ортодо мага дагы бир турмуш чындыгы жүзүн ачты. Асылбек 1 жылда эмес, 8 жылда эркиндикке чыгат экен. Бир жолку жолугушууда "балким, мунапыска илинип калсам андан эртерээк чыгып калышым ыктымал" деди ал, менин жүрөгүмдү тиле бейкапар жылмайып. Ошол мүнөттөрдө мени алдаганы үчүн аны жек көрүп кеттим. Жок! Кечире албайм! Өзүм да күнөөлүүмүн! Оңой-олтоң тузакка түшкөн өзүмдү да жемелеп жаттым. Ошол боюнча ага кайрылып барган жокмун. Боюмда бар экенин билгенде Асылбекке айтайын деп чалсам телефонун албайт, түрмөгө издеп барсам "билгениңди кылып ал! Экинчи мага келбе, боюңдагы бала кимден экенин ким билсин?" деп койду.
Андан ары жашоомдо тозоктуу күндөр уланды. Курсагым чоңойгон сайын суук сөздөн кысынып окуумдан да чыгып калдым. Менин никесиз кош бойлуу экенимди эжемден уккан атам "экинчи босогону аттабасын, менин андай кызым жок!" деп кесе айтса, агаларым "биздин эл караган бетибизди жер каратты, экинчи бизди "ага" дебесин" дешиптир. Кээде апам байкуш тирүү болгондо, балким, күйпөлөктөп мени канатына калкаламак чыгар деп ойлоп коём. Акыры курбу кызымдын батиринде жашап жүрүп уулумду жарык дүйнөгө алып келдим. Курган жашоо улана берет экен, курбума ашыкча жүк болуп уулум торолгуча анын үйүндөмүн. Ымандай сырымды курбумдан бөлөк эч кимге айта албай, ыйлаган боюнча күндөрүм уланууда...

Айгерим


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(104)
25.10.2016. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Сабырдуу болунуз эми.
25.10.2016. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Откон иш отту, эми келечекте туура жолдо журсон, баары жакшы болот.
25.10.2016. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Адам адашпаса, периштеге айланат деген экен. Анын сынары адам болгондон кийин баарыбыз адашабыз. Мына ушул адамзаттагы алсыздыкты билип улуу ааламдардын рахматы учун жиберилген пайгамбарыбыз Мухаммед (С. А. В. ) озунун улуу созундо :( Баардык адам ката кылуучу, алардын эн жакшылыры, каталарына тообо кылып, кайра катасына кайтпагандар ) деп айтат.
Модератор info түзөттү 2016-10-28 09:16:42
25.10.2016. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Откон отту кеткен кетти.Айла жок,озгорто албайбыз.эн негизгиси тороп алганыныз жакшы болуптур.коросуз кийин сизди ошол баланыз багат.артка кылчайбастан белди бекем байлап,баланызга жакшы тарбия бериниз.иштениз бутунуздан турунуз.
25.10.2016. 23:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Атаныз,агаларыныз баардыгы бир убакта бул нерселер унутулат убакыт баарын дарылайт.Андан коро баланызды жакшы тарбиялап алыныз.
26.10.2016. 00:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Сабырдуу болунуз эжеке
Бул кундор да отот.
И на вашей улице будет праздник!
26.10.2016. 02:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сабыр кылыныз эми андан коро баланызды чонойтунуз эми турмуш ото беретта
nakusia.98 түзөттү 2016-10-26 02:28:35
26.10.2016. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушундай болбос учун кыз-жигит болуп суйлошууну АЛЛАХ ТААЛА арам кылган,шарият катуу тыйуу салган!!!
Шарият менен жашайлы мусулман бир туугандар.
26.10.2016. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
жанкы сатылбековдун ырындай болупсунда.
озун кунолусун
27.10.2016. 02:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атасы агалары чон ката кылыптыр
27.10.2016. 05:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудайым сабыр берсин абдан боорум ооруду эгер мумкун болсо мага байланышсаныз маралдык жана матиралдык жактан жардам берем
27.10.2016. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тууган туяк туубаган уят ал буйрук баары кудайдын колунда
27.10.2016. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ата бир аз капа болотда кечирет небересин корсотуп кечирим сураш керек
27.10.2016. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
куноо жигитте болуш керек деп ойлойм анткени кыз жаман ою мн эмес ишенип барды а бирок бала озунун оюн орундатып анан эн аягында менин балам эмес деп кыздын тагдырын бузуп салды бирок кызга айтарым баары кудайдан альбетте бир куну эмес бир куну жакшы болот ата энен бир туугандрын кечирет баландын тагдырын ойлон
27.10.2016. 19:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баарын жаман дебейсин,азыркы заманда чындап суйгондор бар,бирок кунумдук кунун ойлогондор коп,ошолор ушундай ишке барарда карындаш бир туугандарын ойлобойбу деймда(((
27.10.2016. 19:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул дуйнодо баары адашат экен
27.10.2016. 21:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жашоодон алынган чындык болсо кыздын номерин жазыныздар мен жардам берем.Жаныма кошуп алам магада караан болот.
27.10.2016. 22:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Анда агалары башка бирөнү ушундай кылган окшойт, карындашынын башына түшүптүр эми. Агасы күнөлүү. (Тамаша) шутка деп ойлобогула
27.10.2016. 23:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Макала ойдон чыгарылган же кыз кайсы бир жерде калп айтып атат. Турмого соттолуучунун аялы экенин аныктаган документ болмоюнча туноп калуу мумкун эмес.
28.10.2016. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ал бетте мен ал кызга да тушуном бирок ал кыз башка далай еле бош жургон балдардын шагын сындырса керек да егер ошо балдардын бирине турмушка чыкса мында болмок беле
28.10.2016. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кичине абийринди сактасан боло суйуу козунду кор кылат экен деп жатып албай туромушуктордун колунан Ошо иш келет да алы Ким билет даны канча нерсе жашырганы бардыр тооба Эми Сабыр берсин
29.10.2016. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жомок го
30.10.2016. 00:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куноо озундо, ойлонуп иш кылышын керек эле, атанын ачуусу келет да кызы жузун жерге каратса, кыздык намысынды сакташын керек эми минтип кайгыра бербе баарибир эч нерсе озгорбойт, мындан кийин кантип туура жашаш керек экенин ойлон, сабыр сабыр сабыр.
30.10.2016. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайсы акылын менен тюремщике ночько бардын?! И что ты ожидал от него? Турмодо жалан эркектер болсо...Кок мээ кыз экенсин,ты получила свое..Впредь будешь умнее! Эми сабыр кыл,онолуп кетет жашоон буюрса!
30.10.2016. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайсы мээ менен бардын ага??? Жазанды алдын,эми акылдуурак болосун
30.10.2016. 21:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бакиев куноолуу))
30.10.2016. 21:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы жомок болуптур
31.10.2016. 08:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыздарга акыл берсин кыздар кайсыл Жака бара жатабыз?
02.11.2016. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сизди тушунуп турам... Сезимдерге чек жок журокко буйрук бере албайсын,сиз ага ишенип алган экенсиз бешенеге жазылганын коросуз кудай буйруса баардык жакшылыкты баланыздан корунуз
21.12.2016. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшына кыз, тарбия алган кыз, ночько турмого бармак беле, озун кайра кайра барган турбайсынбы. Башынана барбай койсон суйуун деле унутулмак. Тигил бала да акмакчылык кылган. Эркектин ою ошол да, эптеп моокумун кандырыш керек да. Тем более турмодо жатса. Эркиндикте журсо бир жон эле да. Атанды, агаларыны уят кылыптырсын, мудурулбос туяк болбойт, болоор иш болуптур да. Суйуу козунузду сокур кылыптыр.
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо