ЫРЧЫНЫН "ТАЗАРГАНЫН" ДАЛИЛДЕГЕН КОНЦЕРТ

№729 21-октябрь-27-октябрь, 2016-ж

Аталышы – "20 жыл сахнада"
Өткөн жери – Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармония
Өткөн күндөрү – 12-13-октябрь
Башталышы – 19:00, 10-30 мүнөт кечигип башталды (12-13-октябрь)
Көрүүчүлөр – Залдын 70 пайызы
Билет баасы – 500 сом
Мыкты номер – "Апа", "Аллага кат", кызы Томирис менен аткарган "Ай, кызым" деген ырлары

"Концертке барбагыла, жардыруу болот"... Интернеттеги социалдык тармактарда Кенже Дүйшееванын концертине карата мына ушундай сөздөр жазылып жатты. Жанагы УКМК айтып жаткан террорчулар жардырган жатканбы деп чочулаганыма карабай 2 күн тең бардым. Жок. Жөн эле бир көрө албастардын кылганы көрүнөт, концерт тынч өттү.
Биринчи күнү Кенже айымдын туулган күнүнө туш келген экен, 10 мүнөт кечигүү менен башталды. Ырчы бул жолу көшөгөнүн артынан эмес, эл отурган залдан "Жебе" тобунун жигиттеринин, бийчилердин коштоосунда кирип келип сахнага өттү. Кенже айымдын ырына караганда сөзү көп болду. Ар бир ырынын жаралуу тарыхын, маанисин, кандай маалда, эмнеден улам жаралып-ырдалып калганын айтып жатты. "Жебе" тобун чакырарда "бул топту ачканымда мени "кыздар менен иштешип жүрүп жигиттер менен иштеше алар бекен? Жигиттери ырдай албайт... Кыздарга окшош экен" деген сындарды айтышкан. Арадан 5 жыл өттү. Мына, жөжөнү күздө санайбыз" деп жигиттерге микрофон сунду.
Концерттеги бир жаңылык: Кенже Дүйшееванын кыздардан топ ачканы болду. Топтун атын "Булбул" деп атап, элден бата сурап туруп сахнага чакырганда кадимки Барби куурчактарын элестеткен 2 кыз чыга келди. Жаңы топ жаңы ырды аткарат деп күткөм. Андай болбоду. Башында угарманды байкап көрөлү дегениби, кадимки "Ламбаданы" кыргызчалап ырдашыптыр. Ырчынын кызы менен сахнада окшош көйнөк кийип ырдаганы элди кызыктырды. "Бешиктеги баланын бек болорун ким билет" дейт, балким, бул кичинекей кыз да апасындай ырчы болор. Кызы менен жубайынын ырдаганына элжиреген Кыргызстандын күйөө баласы, Кенже айымдын жолдошу ырчыга кучак толо роза тартуулап, кызын сахнадан көтөрүп алып чыгып кетти. Бир убакта "алыстан ат арытып келген кайним, кол чаппасаңар болбой калат" деп элди күлдүрүп жатып сахнага казак ырчысы Дархан Дүйсеновду чакырып, экөө дуэт аткарышты. Андан сырткары Жумагүл Раимжан кызы эжекеси менен дуэт ырдады.
Сакиш аты менен элге белгилүү болгон Айнура Тургунбаева элдин маанайын жакшы көтөрчү эле, бул жолу даярдыгы начар болдубу, айтор, бийчи кыздар менен узакка созулган кайнене-келиндин окуясын чагылдырган интермедия аткарды.
2 жарым саатка созулган концерт Кенже айымдын элди-жерди даңазалаган "Кыргызстан" деген ыры менен жыйынтыкталды. Башында айтпадымбы, ырчынын ырынан да ар бир ырдын алдында сүйлөгөн сөзү көп болду деп. 20 жылдан бери сахнада жүрүп чогулткан ыр дүнүйөсүн, сахна артында жүрүп кагылып-согулган ич күптүсүн, тарткан кыйынчылыгын, тапкан кубанычын бүт чыгарып алды. Катуу бут тосууларга кабылган кезинде "Кудайга кат" жазган экен, "сыноосуна макулмун, ак-караны ылгап алдым, тазардым" деп. Ошол тазарганын далилдеген концерт болду.

Толик сынчы


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(12)
24.10.2016. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эркекче сыйлайм ушул айымды. .
24.10.2016. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Концерт сонун болду,Кенже эжеге ыраазылык ушунча энергия тартуулаган концерт үчүн.ошондон бери өзүмчө эле көңүлдүү жүрөм.
24.10.2016. 19:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
fanatka19,эмнегедир Толик сынчыга жакпаптыр.
24.10.2016. 19:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
fanatka19,эмнегедир Толик сынчыга жакпаптыр.
25.10.2016. 01:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жашым 28 де ушул убака чейин бир да ырчынын концертине барган эмесмин мага концертке баргандан көрө толик сынчынын сынын окусам концертке барып келгендей эле болом сага ийгилик толубай сынчы
25.10.2016. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кееже эжн сизге ийгилик
25.10.2016. 20:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Э айланайын кудай томириси эмне деген ат
25.10.2016. 21:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кенже эже сизге чыгармачылык ийгилик ар дайым ушунунуздан жазбаныз.
26.10.2016. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Барбасак да баргандай болдук суротторунон кобурок жуктобопсуздор
26.10.2016. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Концерт качан жүктөлөт болду экен
26.10.2016. 20:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Томирис елгерки кыргыздардын Аты
28.10.2016. 02:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ийглик каалайм! даагы кооп балалуу болгула, денсоолугунар чын болсун, аябай бактылуу аялсыз, эн башкысы уй булоолук бакыт каалайм.
Eliza-2014 түзөттү 2016-10-28 02:07:21
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо