№729 21-октябрь-27-октябрь, 2016-ж
Ала-Бука районунун Сары-Талаа айылында 76 жаштагы Каныгүл Сатыбалдиева 13-октябрда көз жумуп, анын сөөгүн аталган айылдын көрүстөнүнө коюуга айылдаштары каршы чыгышкан. Буга маркумдун баптист экени себеп болгон.
"АЛ БАПТИСТ ЭМЕС, БОЛГОНУ БИБЛИЯ ОКУП КОЙЧУ"
Маркумду өз айылынын көрүстөнүнө коюуга каршы чыгышкандан кийин туугандары анын сөөгүн коңшу жайгашкан Өрүктү айылына коюшкан. Сөөк коюлган соң аталган айылдын тургундары да сөөктүн коюлушуна каршы чыгып, кайра казып алышкан. Андан соң маркумдун сөөгү төркүнү Чаткал районуна коюлмак. Бирок жергиликтүү бийликтегилер Ала-Бука районунун борборунда жайгашкан христиандардын көрүстөнүнөн жер бөлүп берип, ошол жерге коюлган. Тилекке каршы, кайра анын сөөгүн казып чыгарып салышкандыктан 18-октябрда жашыруун көмүлгөнү айтылды. Аты-жөнү белгисиз калышын каалаган маркумдун тууганы окуяны мындайча айтып берди:
– Каныгүл эже кадимкидей эле айылдагы адамдар менен аралашып, той-топурда чогуу эле жүрчү. 2 кызы бар. Жакында эле небере кызын турмушка узатып, элдин баары үйүнө келип, той болуп жаткан. Өзү болсо ооруп жүргөн, анан минтип каза болуп калды. Ал баптист эмес, жахаба эмес, болгону Библия окуп койчу. Эң негизгиси адамдарга жамандык кылып, террорчу болгон жок да, туурабы?
Ал каза болгондо эл келип мал союлуп, Оштон, Бишкектен да туугандары келишти. Апасы каза болор алдында кызы молдо чакыртып, дем салдыртыптыр. Эже каза болгондо дин өкүлдөрү келишип, кызына келме айттырып, "кайра ислам динине кайт" деп жатышкан. Бирок ал кайра эле китебин көтөрүп чыгып, "мен ушул аркылуу бейишке чыгам, апамды эмне кылсаңар ошо кылгыла" деп айткан. Мен да Иса пайгамбарга сыйынам, биз кыргыз машаякчыларыбыз. Мага да жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, милиция кызматкерлери түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз дешти, макул болбой койдум.
Бул окуядан кийин биздин бардык туугандар жаманатты болуп калдык, жадакалса мектептен балдарыбыз ыйлап келип жатат. Адам укугун сактоо дегенди билбейт экенбиз.
"АПАМДЫН СӨӨГҮ КАЙДА КӨМҮЛГӨНҮН МЕН ДА БИЛБЕЙМ"
Маркумдун кызы Жылдыз Азаева менен байланышканыбызда ал буларды айтып берди:
– Апам тирүү кезинде болгону "Инжил", "Тоорат" деген китептерди окучу. Аны молдолор деле окуп жүрүшөт. Ал китептерди мен да окугам. Ал китептер болгону адамдарды акылдуулукка, адептүүлүккө, ата-энени сыйлоого чакырат. Апам деле аны элге айтып, туура эмес үгүт иштерин жүргүзгөн эмес. Анан эле баптист деп айтып жатышат. Ал эмне экенин мен да түшүнбөйм. Өзүм Кудайга гана ишенем.
Апам каза болгондо ак кепинге ороп, акыркы сапарга узаталы деп ойлогонбуз. Бирок молдолор буга болбоду. "Жаназасын да окубайбыз" дешти. "Эгерде кызы сөөктү көрүстөнгө койсо, динге өзү кирбесе анда таш бараңга алабыз, же болбосо сөөктү короосуна көмүп алышсын" деп эл айтыптыр. Сөөктү экинчи жолу казып алгандан кийин азыр кайда көмүлгөнүн билбейм. Айтпай да жатышат.
"МАРКУМДУН БАШКА ДИНДЕ ЭКЕНИН ЖАШЫРАЛЫ ДЕГЕНБИЗ"
Ала-Бука районунун имамы Шумкар Чыналиевге байланышсак, ал төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Таш бараңга алабыз деген сөз болгон эмес. Биз маркумдун үйүнө барганда анын кызы "мен түшүнбөй башка динге өтүп кетиптирмин, кечирип койгула" деп ыйлаган. Эл андан "эмне үчүн башка динге өтүп кеттиң же сага акча керек болдубу?" деп сурашканда, ал "мен билбестик, түшүнбөстүк кылдым. Бул динде жүргөндөргө айтар элем, артка кайткыла. Адам өлгөндө ушундай маселенин болорун билбептирмин" деген. Биз маркумдун сөөгүн бир жакка көмөбүз же көмбөйбүз деп чечим чыгарган жокпуз. Тескерисинче, колдон келишинче анын башка динде экендигин элден жашырганга аракет кылдык. Жергиликтүү калк ага болгон жок, сөөктү айылдын мүрзөсүнө коюуга каршы чыкты. Жаназасы да окулган жок, анткени эл келбей койду.
Шариятта ар бир адам көмүлүүгө укуктуу деп айтылат. Негизинен мусулмандын жанына башка диндеги адам көмүлгөн болсо, анын кыйналганына жанындагылар чыдай албайт.
КИМ КАЙДА КӨМҮЛӨРҮН МУФТИЯТ ЧЕЧЕБИ?
Ушул окуя боюнча Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын фатва бөлүмүнүн адиси Бактыяр Токтогазы уулу атайын фатва чыгарышканын айтты:
– Бизде ата-бабабыздан бери сакталган бир эреже бар да. Анда ар бир дин өкүлдөрү өзүнө тийиштүү жерлерге көмүлүшү шарт. Эгерде мындай учурлар болуп калса, анда башка диндеги маркумду көмүү үчүн өзүнчө жер бөлүү зарыл. Мүрзө мусулмандыкы же башка диндегиники деп жергиликтүү эл жана айыл өкмөтү чечип алышы керек. Бул окуядан кийин биз башка диндеги адам каза тапса, мусулмандар мүрзөсүнө коюлбасын деген атайын фатва чыгардык.
"ЭЛ АЛ АДАМДЫН КӨМҮЛҮШҮНӨ КАРШЫ БОЛДУ"
Ала-Бука районунун акиминин орун басары Калчабү Үсөнбаевага кайрылып, жооп алдык:
– Окуяны угарым менен ошол эле күнү аталган айылга бардым. Барсак маркумдун жакындары "сөөктү башка жакка алып кетүүгө шартыбыз жок, ушул гана жерге коёбуз. Кандай болсо да жерге берели, сөөгү талаада калбасын" деп ыйлашкан. Бирок айылдаштары такыр эле баш тартып туруп алышты. Анан райондун борборунда христиандардын көрүстөнү бар, ошол жерге берүүнү чечип, сөөк ошол жакка коюлган. Ал көрүстөн мусулмандардыкына жанаша жайгашкандыктан ал жерден кайра казып чыгарып салышкан соң сөөктү жашыруун көмүүгө аргасыз болдук. Биз бул окуя боюнча жыйындарды өткөрүп, алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз.
Кыргыз Республикасынын Баш мыйзамына ылайык, эч бир дин мамлекеттик же милдеттүү дин катары кабыл алынышы мүмкүн эмес жана дин мамлекеттен ажыратылган. Эч ким жынысы, этноско таандыктыгы, туткан дини жана башка жагдайлары боюнча кодулоого алынышы мүмкүн эмес. Ал эми жер Кыргыз Республикасынын менчиги болуп саналат. Муфтияттын "башка диндеги адамдын сөөгү мусулмандар мүрзөсүнө коюлбасын" деген фатвасы, дегеле окуянын мындай тартипте өнүгүүсү өлкөдөгү мүрзөлөрдүн дээрлик бардыгы мусулмандык болуп калабы деген суроонун жаралышына түртөт. Мүрзөлөр жайгашкан жер тилкелери менчик да эмес, дин кызматкерлериники да эмес, мамлекетке караштуу. Дин маселелерин көзөмөлгө алган мамлекеттик органдар кайсы жакты карап отурушат? Тутунган ишенимине жараша жаңжал чыкса, анда ага ким жооп берет?
Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
-1
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Biz allahtykybyz jana albette allahka kaitabyz
автор сиз да ойлонуп жазсаныз
рохмаанир рохиим.
Мусулман эместерди
мусулмандардын мазарына
койсо болобу? Же
мусулмандарды
кайрыдиндердин кабырына
койсо болобу?
Абу Нуьейм, Ибну Минда Азирети
Абу Хурайрадан (1), Ибн Асаакир
даьииф санад менен Азирети Ибн
Масьуудтан (2), Ибн Асаакир
жана Маалийний Азирети
Алийден (3) болгон риваятта
Пайгамбарыбыз алайхис салам
айтат:
"ﺍﺩﻓﻨﻮﺍ ﻣﻮﺗﺎﻛﻢ ﻭﺳﻂ ﻗﻮﻡ ﺻﺎﻟﺤﻴﻦ، ﻓﺈﻥ ﺍﻟ
Тируу кезинде неге жакшы жолго угуттошпойт, ошол эле молдо-кожолор.
Олгон адамга кучубуз жетип калган экенда.