Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ДЫЙКАНДАРГА ЖАРДАМ: МТСТЕРДИН САНЫ КӨБӨЙҮҮДӨ

№729 21-октябрь-27-октябрь, 2016-ж

Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Күн-Чыгыш айыл өкмөтүндө "Төлгө" деп аталган мамлекеттик МТС ачылды. Бул облуста ачылган алгачкы муниципалдык машина-трактордук станция. Техникалар "Айыл Банк" аркылуу лизингге алынган. Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн башчысы Улан Турганбаевдин айтымында, 11 даана айыл чарба техникасы 9 миллион 901 миң сомго сатып алынган жана эсеп боюнча 3-4 жылдын ичинде толук кутулушмакчы. Айыл өкмөт коркпостон лизингге айыл чарба техникаларын алып МТС ачканы чоң жетишкендик экенин иш-чарага катышкан "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев белгилеп, кыйынчылыктарга коркпостон, келечек үчүн МТСти ачкан Күн-Чыгыш айыл өкмөтүн "авангард" айыл өкмөтү деп атады:

– "Өнүгүү-Прогресс" партиясы шайлоонун алдында ар бир район менен айыл өкмөткө МТС ачабыз деп убада берген. Партия жалгыз мындай чоң программаны ишке ашыра албайт, бирок муну иш жүзүнө ашырууга көмөк көрсөтө алат. Мына ушунун негизинде ар бир айыл өкмөткө МТС ачууга мүмкүнчүлүк түзүлсүн деген өкмөттүн буйругу чыккан. Буга Темир Сариев премьер-министр болуп турганда кол коюлган. Ошону биз көптөгөн кабинеттердеги талкуу менен ишке ашыра алдык.
Ал белгилегендей, МТС ачуу тууралуу 86 айыл өкмөтүнөн арыз келип түшкөн, Күн-Чыгыш айыл өкмөтү эң биринчи болуп МТС ачты. МТСтин аркасында жумушчу орундар турат, канча деген жерлер айдалып, ошол жерден биздин дыйкандарыбыз, жөнөкөй элибиз киреше табат. "Тоңдуктар 9 миллион сомго техника алды. Бул эң туура иш болду. Ал 9 миллион сом 7 жылдан кийин инфляциянын арты менен эч нерсеге жарабай калат. Азыр техниканы жаңылатып алууга мүмкүнчүлүк бар. "Айыл Банкка" акчасын да таап бердик. 248 миллион сом лизингге берилди жана
20 миллион долларды да салып бердик. Бул акчаны алып, коркпой иштетиш керек"
,- деди депутат.
Эскерте кетсек, "Өнүгүү-Прогресс" фракциясы айыл жерлеринде МТСтерди ачуу боюнча чечим чыгарып, өкмөткө тапшырма берген. Эми өкмөттүн буйругу менен МТСтерди айыл өкмөттөрдүн негизинде ачууга болот. Бүгүнкү күндө Сокулук жана Ат-Башы райондорунда МТСтер ачылды. Таласта өткөн жумада 7 МТСтин ачылышы болуп өттү. 80ден ашуун айыл өкмөттөн арыз келип түштү. Жакында Өзгөн районунун Куршаб айыл аймагында да МТС ачылганы турат.

Ибрагим Жусуев


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо