Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ТАТТУУ ТОКОЧТОР

№729 21-октябрь-27-октябрь, 2016-ж

Таттуу токочтор – жайылган ак дасторкондун жасалгасы. Мындай таттуулар балдарга гана майрамдык маанай тартуулабастан, дасторконуңуздун көркүн ачат. Таттуу азыктарды жасоо эң жөнөкөй нерселерден – камыр жана ичине ар кандай азыктарды салуудан башталат. Камырдан даярдалган таттуулар ар кандай көлөмдө жана ар кандай түзүлүштө болот. Анда эмесе, үй шартында таттууларды жасап, жакындарыбызды кубанталы.

ЖАҢГАК ЖАНА ЖЕМИШ САЛЫНГАН СЕБЕТ



Камыр үчүн:

Ун – 1 стакан
Каймак май – 100 грамм
Грек жаңгагы – 200 грамм
Кумшекер – 4 аш кашык

Крем үчүн:

Каймак май
– 300 грамм
Жемиштер (банан, жүзүм, малина, киви) – 100 грамм
Кумшекер – 100 грамм

Даярдоо ыкмасы:

1. Каймак майды эритип, грек жаңгагын майдалап алабыз. Эритилген майга жаңгакты, унду кошуп камыр жууруйбуз.
2. Даяр болгон камырды 6 бөлүккө бөлүп, атайын идишке салабыз. Ортосун жемиштерди сала тургандай кылып ачык калтыруу керек. Электр мешинде 200 градус температурада 20 мүнөт бышырабыз.
3. Крем даярдоо. Кумшекерге 50 грамм суу кошуп, 5 мүнөт кайнатабыз. Оттон алып муздатып коюу керек.
4. Эритилген каймак майга кайнатылган кумшекер ширесин кошуп, 5 мүнөт тынбай аралаштырабыз. Крем коюу болушу зарыл.
5. Муздаган себеттин ортосуна кремди салабыз. Эми мөмөлөрдү каалаган формада кесип, кремдин үстүнө коёбуз.

КРУАССАН


Керектелүүчү азыктар:


Ун – 500 грамм
Кумшекер – 100 грамм
Суу – 2 стакан
Кургак сүт – 3 аш кашык
Туз – 1 аш кашык
Каймак май – 300 грамм
Жумуртка – 1 даана
Ачыткы – 2 аш кашык
Шоколад – 100 грамм

Даярдоо ыкмасы:


1. Унга кургак сүт, туз, кумшекерди жана ачыткыны кошуп аралаштырабыз. Каймак майдын 80 граммын эритип кургак аралашмага куябыз да, бөлмө температурасындагы сууну кошуп камыр жууруйбуз.
2. Камырды тамак-аш целлофаны менен ороп, 2 саат муздаткычка коюп коёбуз.
3. Бөлмө температурасындагы 200 грамм каймак майды целлофан баштыкка салып, жалпак кылып жаябыз да, муздаткычка салабыз.
4. 2 сааттан кийин камырды экиге бөлүп, 1-1,5 сантиметр калыңдыкта жаябыз. Анын бир бөлүгүнө каймак майды коюп, экинчи бөлүгү менен кабаттайбыз. Каймак майды камырдын чекелеринен чыкпай тургандай кылып кылдат жаюу керек.
5. Жайылган камырды төрт бурчтук кылып бүктөп целлофанга салып, муздаткычка 1 саат коёбуз.
6. 1 сааттан кийин камырды алып, дагы жаябыз. Жука жайылган камырды төрт бурчтук кылып бүктөйбүз. Кайрадан муздаткычта 1 саат кармайбыз.
7. Камырды 7-8 миллиметр калыңдыкта жаябыз. Үч бурчтук формасында кесип, камырдын эндүү жагына эритилген шоколадды салып оройбуз (шоколадды целлофан баштыкка салып, ысык сууга малып эритебиз).
8. Жылуу жерде 30-60 мүнөт кармайбыз. Бул убакта камыр 2 эсе көтөрүлүшү керек.
9. Жумуртканы чалып, круассандын бетине сүйкөп, 180 градус температурада электр мешинде 15 мүнөт бышырабыз.

ГҮЛ ТАТТУУСУ



Керектелүүчү азыктар:

Каймак май
– 150 грамм
Өсүмдүк майы – 1 стакан
Айран – 1 стакан
Ванилин – 10 грамм
Ун – 2,5 стакан
Туз – бир чымчым
Суу – 1 стакан
Көбүрткүч (разрыхлитель) – 1 аш кашык
Кумшекер – 200 грамм

Даярдоо ыкмасы:


1. Каймак майды эритип, өсүмдүк майын, айранды кошобуз.
2. Туз, ванилин, көбүрткүч жана унду кошуп камыр жууруйбуз. 1-1,5 сантиметр калыңдыкта жайып алуу керек.
3. Жайылган камырды стакан менен тегерек кылып кесип алабыз. Шакекче түрүндө кесилген төрт камырды бири-бирине улаштырабыз.
4. Бир капталынан оройбуз. Так ортосунан бөлүп алып, кесилген жагын түбүнө каратабыз.
5. 200 градус температурада кызарта бышырабыз.
6. Эми кумшекер менен сууну аралаштырып, 5 мүнөт кайнатабыз. Бир аз ысык табы кайтканча коюп коёбуз.
7. Даяр болгон гүлдөргө кумшекер ширесин куябыз.

Бактыгүл Момбекова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  9 
Комментарийлер(9)
24.10.2016. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Соонунн керектуу кенеш экен Рахмат Супер!!!
24.10.2016. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сонун кенештер экен, Рахмат супер инфо)
25.10.2016. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Круассан жасасамбы
28.10.2016. 23:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ram16,жасап бизди чакыр кандай болгонун айтып беребиз
27.10.2016. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соонун рецептер экен, жонокой и женил. Рахмат силерге Суперстан!!!!!
27.10.2016. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Каймак май" сметанабы?
27.10.2016. 22:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
VIK,маргарин
29.10.2016. 08:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биз жазасак эле окшошпой калат
31.10.2016. 05:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каймак май-сливочное масло болсо керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо