КОЛУНДА БАР АТА-ЭНЕСИНЕН КОЛДОО ТАППАГАН ТИМАТИ

№729 21-октябрь-27-октябрь, 2016-ж

Тимати деген ысымды укканда эле көз алдыбызга калың чынжырчаларды тагынган, татуировкалары көп, жарашыктуу сакалы бар, рэпти катыра айткан жигиттин элеси тартылат. Ооба, дал ушул биз элестеткен Тимати орус эстрадасында soul, RnB жанрларынын популярдуулугун арттырган. Ырчылык менен катар бизнестин көзүн тапкан жылдыз жараткан ийгиликтерине өз күчү менен гана жеткен.

"КӨП ИШТЕЙМ, КӨП АКЧА ТАБАМ, ОШОН ҮЧҮН ТЫНЧ УКТАЙМ"


Бардар үй-бүлө экенине карабай ата-энеси "баарына өз күчүң менен жетесиң" деп баласына материалдык колдоо көрсөтүшкөн эмес. Бүгүнкү күндө Тимати орус шоу-бизнесиндеги көп киреше тапкан атактуулардын катарын толуктап турат. Коомчулукту рэпердин байлыгы гана эмес, гонорары да кызыктырат. Концерттеги орточо гонорары 15 000 евронун тегереги. Көпчүлүк концерттерин чет өлкөдө өткөрөт. Мисалы, Дубай шаарында өткөн концерттеринин биринде 18 000 евро өлчөмүндөгү гонорар алган. Жеке ишкерлиги, продюсерлик борбору, чыгармачылыгы, жарнамаларга тартыла коймой да жайы бар, айтор, киреше алып келчү булактары абдан көп. Бир жылдык кирешеси 5-6 миллион долларды түзөт деген да маалыматтар бар.

"BLACK STAR INS" МУЗЫКАЛЫК ЛЕЙБЛ


Тимати 2006-жылы "Black Star Ins" музыкалык лейбл, продюсерлик борборун түптөгөн. Максаты – ар кандай багыттагы soul, RnB, hip-hop ырларды аудиторияга тартуулоо. 2010-жылы "Сливки" тобунун ырчысы Карина Кокско 1,5 миллион доллар сунуштап, өзүнүн курамына алган. Продюсерлик борбордун алгачкы тарбиялануучуларынын бири Жиган келишим соңуна чыккандан кийин өз алдынча чыгармачылыгын улантып келет. Учурда бул музыкалык бренддин курамын Натан, Кристина Си, Мот, Mc Doni, Dj Kan, Dj Philchansky, Ангелина Гагаркина, Жонри Зантарая, Марина Лайф, Егор Крид аттуу таланттар толуктап турат.

КЫЗЫНЫН КИНДИГИН ӨЗҮ КЕСКЕН

Ырчы Алекса менен болгон махабат мамилесинен кийин 2012-жылы ырчынын жашоосунда модель Алёна Шишкова пайда болот. Түгөйлөр 2014-жылы Алиса деген кыздуу болушкан. Баласаак Тимати сүйүктүүсү көз жарган учурда анын жанынан карыш жылбай, наристесинин киндигин да өзү кескендигин басылмалар жазып чыгышкан. Учурда түгөйлөр эки башка жолго түшкөн болсо да, кызы үчүн достук мамилелерин сактап калышкан. Ал эми рэпер кызы менен тез-тез жолугуп, Алёнага да жардам берип турат.
Социалдык тармактарда Тимати модель Анастасия Решетова менен мамилеси бар деген кептер тараган. Бирок көп узабай ал маалымат четке кагылып, модель Маргарита Старостина менен сүйүү мамиледе экени айтылып жүрөт.

ИЙГИЛИКТЕРИНЕН


  • Түнкү клуб, тез тамактануу жайын, эксклюзивдүү кийимдер коллекциясын чыгарган жеке ишкер.
  • Ушул жылдын ноябрь айында Москвада тату-салонун ачуу алдында турат.
  • Акыркы эки жыл ичинде Тимати "Классташтар" тасмасынын уландысына тартылган.
  • "Капсула" деген аталыштагы кыска метраждуу тасманы экранга чыгарууга жетишкен.
  • 2014-2015-жылдары "Борода", "Понты", "Девочка Бомба", "Утёсов", "ГТО", "Слышь, ты чё такая дерзкая?", "Ключи от рая", "Баклажан" жана башка ырлары хитке айланган.
  • Чет элдик мультфильмдердеги башкы каармандардын үнүн коштогон ("Артур жана Минипуттар").

Бактыгүл Момбекова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(7)
24.10.2016. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Black Star Burger тез тамактанчу кафесинде иштейбиз загатовщик болуп.озгочо бургерлери бар.келгиле Арбатскаяга
24.10.2016. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
L one жок го тизмеде
24.10.2016. 19:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Белорусский вокзал жакта ночной клубу барго. Бирде ошол жактан Биланды коргом Тиматинин клубу дешкен
24.10.2016. 22:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Коп иштейм коп акча табам тынч уктайм жакшыыы мен да ушинтем.
24.10.2016. 23:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Улуту кайсы?
24.10.2016. 23:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
altynka95,Улуту татар атасы татар апасы эврей эврейлердин салты бойунча апасы эврей болсо баласы да эврей деп айтылат
25.10.2016. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
иштерине ийгилик..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо