№729 21-октябрь-27-октябрь, 2016-ж
2000-жылдын башынан тарта "Аза универсал" тобунун "Кел, бийкеч", "Көрүшөбүз деп", "Жаңы жашоо", "Көп эстеп" деген ырлары кыргыз эстрадасында жакшы эле хит болгон. Аталган топ популярдуулукту 2007-жылга чейин кармап турду десек болот. Андан кийин турмуш-тиричиликтин айынанбы, кыскасы, топ тарап, жигиттердин дайыны чыкпай калган. Топтун жетекчиси Мырза Айдаралиев спорт тармагына кетип, машыктыруучу болуп эмгектенип жатканын айтат. "Мен бала кезимден эле каратэ, кикбоксинг менен машыкчумун. Кийин бокско ооп кеткем. Мыкты спортчу болуп дүйнөлүк кармаштарды багындырсам деген кыялдар менен жашап келгем. Учурда кулатуу федерациясында эрежесиз эр мушташ боюнча мушкерлерди даярдап жатам. Окуучуларымдын ийгилиги көбөйүүдө",- дейт экс-ырчы.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
3
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |