«ДАГЫ ЭЛЕ СЕНИ САГЫНЫП ЖҮРӨМ...»

№730 28-октябрь-03-ноябрь, 2016-ж

Азыр бармагымды тиштеп отурам. Эмнеге чечкинсизмин?! Өзүмдү өзүм жемелегенден башка аргам жок.
Жаңыдан студент болуп келген кез. Ар кайсы дубандан чогулган балдар, бири-бирибизден чочуркап, тыңыраак сүйлөшө албай аудиторияда чогулганбыз. Анан калса кийингенибиз да окшош сыяктуу. Жарашыксыз. Арабызда сен гана өзгөчө болуп турдуң. Бишкекте чоңойгон кыз, кыргызча үйрөнүү үчүн кыргыз группага атайын кошулуптур деп күбүр-шыбыр болуп жатканын уктум. Көрсө, сен шаарда өсүп, жарашыктуу кийингенди, өзүңдү караганды үйрөнүптүрсүң. Айылдан келген мен сыяктууларга сен Үрдүн кызындай, периштедей көрүндүң. Чала-бучук кыргызча сүйлөйсүң. Эч нерседен тартынбаган, жөнөкөй, бой көтөрбөгөн кыз экенсиң. Группабыздагы бардык жигиттерге жактың. А бирок жигитиң бар экен.
Эсимде, акыркы үлгүдөгү унаа айдаган узун бойлуу жигит окуу жайга алып келип, алып кетчү. Келбеттүү жигитиңди, анын унаасын көргөндө «духум» түшүп калган. Мен үчүн кол жетпеген максатка, кыялга айлангансың. Бирок сага ашык элем. Мен жакшы окуган үчүнбү же группада орусча сүйлөй алган жалгыз айылдык жигит мен болгон үчүнбү, сен мени менен көбүрөөк сүйлөшөр элең. А бул мага бакыт болчу. Лекция жүрүп жатканда экөөбүз акыркы партада ар кайсыны сүйлөшүп отурчубуз. Атың Айжан. А мен сенин номуруңду телефонума «Лунная красавица» деп орусчалап жазып алгам. Окуп алып жагымдуу жылмайып койгонуң эсимде. Анан бир ирет жигитиң менен тил табыша албай жатканыңды айттың. Мен болсо сага жигиттердин психологиясын түшүндүрүп берип, сага кеңеш айткан кишиге айландым. «Курбуң» болуп калдым. Жигитиң болушум керек эле. Чечкинсиз болуп, «койчу, ушу кыз мени кантип карасын?! Бул ким да, мен ким?» деп өзүмдү басынтып, эч бир батынып сезимимди билдире албай койдум.
Убакыт өтө берди. Жигитиң менен кол үзүштүң. Кубанганымды айтпа. Бирок ошондо да мүмкүнчүлүктү пайдалана алган жокмун. «Курбуң» бойдон эле калдым. «Кандай гана жакшы адамсың! Сага жолуккан кыз бактылуу болот» дечүсүң.
Кийин турмуш-шартка байланыштуу сырттан окуп калдым. Кээде гана мен окуу жайга келгенде жолугуп калчубуз. Жолукканда да бир күн кечке сейилдеп, киного барып, чер жазыша сүйлөшөбүз. Кеч киргенде унааң менен үйүмө жеткирип барасың.
Бир ирет жатып алып «унаа алайын, анан Айдын кызы меники болот» деп чечтим. Ушул чечим дем берди. Унаа алсам эле даражам сеники менен бир болуп калчудай сезилген. Өз унаам менен сени үйүңө жеткирип барып, сезимимди билдирип жатканымды кыялданып тытынып иштей бердим. Толук бир жыл ичпей-жебей чогулткан акчама япондордун оң рулдуу унаасын алып эле сага чалдым.
– Кандайсың? Сүйүнчү, мен унаа алдым!
– Оо, кут болсун! Азамат! Менде да кубанычтуу кабар бар. Турмушка чыгып жатам!- жан дүйнөм алай-дүлөй болуп кетти. Кыялдарымдын заматта бырын-чырыны чыгып, көкүрөгүм аңгырап бош калды. Бир жума өтпөй сенин тоюңа күбө болуп группалаштар бардык. Сага күйөө болчу жигит мен сыяктуу эле айылдык, кебетеси меникинен да серт, капкара жигит экен. Муну көргөндө ого бетер жан дүйнөм жанчылып, өкүнүп гана туруп бердим. Андан бери толук 3 жыл өттү. Дагы эле бойдокмун. Дагы эле сага ашыкмын. Дагы эле сени сагынып, дагы эле баягы сени менен менин «даражамды теңемек болгон» унаамды айдап жүрөм. Аргам жок!

Бекзат


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  12 
Комментарийлер(56)
31.10.2016. 19:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
бул жак уже сүйүү романдарына айланып кетиптиргоооо, аягына чейин жазгылачы эми
31.10.2016. 21:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
vse k lu4wemu deit go
bawka kyzdy jaktyrgany araket kylynyz,balkim andan jakwy kyz jolugup kalat))
31.10.2016. 23:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Жетип конул калгыча, омур бою арман кылган жакшы...
01.11.2016. 00:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Сабыр кыл, бул сыяктуу окуя менде да болот
01.11.2016. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Менда бир инсанды издеп, таппай келем... Эч кимге билгизбей издеп журом, дайыма сагынып кутом...
01.11.2016. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Болду ал кызды унут дагы бул жерге телефон номеринди жазып кой,бул жакта жакшынакай бойдок кыздар коп окшойт.Бойдок журо бересинби ушинтип.
01.11.2016. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ээх...мен да эстеп кеттим....
01.11.2016. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Чын журоктон суйгон инсанды эчкачан унутпайсын.мен азыр аябай окуномун суйгонумдон айрылганыма.
Кунуго коз жаш менен жашап журом.
01.11.2016. 17:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ар ким жашоону оз карычы менен олчойт ошондой экен урматтуу автор мындайьсуйгонуно жетпе1 калып журогунун тупкуруно ороп салгандар толтура бирок сиз тушунунуз суйууго жетпей калгандык жашоо тугонду деген эмес
batkenim2016 түзөттү 2016-11-01 18:01:22
01.11.2016. 22:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Болсо беш болбосо беш деп,ачыгын айтыш керек экен.Моментин кутуп журуп,учуруп жиберген кундор болду.
02.11.2016. 05:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жоо кеткенден кийин кылычынды ташка чап...
02.11.2016. 05:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллахым сизге ыймандуу кыз насип кылсын!
02.11.2016. 08:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мына мен 11 жылдан бери бир кызды жакшы кором быйылкы жылы акыры суйорумду 11 жыллан бери жакшы корушум айтсам ал деле мендей болуп сезимдерини айталбай жургон экен
02.11.2016. 11:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кыз байкуш коп эле жолу намек ыргытыптыр ошол жерден кармаш керек болчу да. Сенин аябай эле отумун жок экен.
02.11.2016. 19:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
менда бир кызды ушунчалык суйдум озумду кармай албай калат элем коргондо суйумду билдирдим гул белек кылдым алды копко суйлоштук эч суйом дебечи мен эле айта берчумун жумуштан уйго чейин жеткирчумун гул жон эле белек кыла берчумун шириндиктерди бирок айтчы сага тийбейм деп анысына карабай эле болбой келбе деседа жумушунан уйуно жеткире берчумун ушунчалык суйдум дейсинер баарына даяр элем бирок коп нерсе кылдым барктабады бир оз катту соз суйлободум мейли чын журогумдон калар элем бактулуу болусу
03.11.2016. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айии журокту ооруттуго Бекзат
03.11.2016. 19:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мендеда ушундай окуя болгон бирок көп болбоду 2 ай болду турмушка чыгып кетти, группалашы болчу дос болуп жүрүм сүйүүмдү арнаган эмесмин, азр ойлонуп отуруп өкүнүп кетем...
04.11.2016. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жигит сенин абалынды туура тушундум,унутканы аракет кыл.Бирок журок кургур эстеп эзиле берет.Менда сендей болуп унутам деп кат жазышпай суйлошпой 2 ай журуп кече келгем КРга.Издеп таабып сайттардан дагы суйлошо баштадык,(ал мени табып).Бирок убагында сезимдеринди билдирсен жакшы болмок.Али да кеч эмес жаш болсон керек,жактырып калсан биро жарымын дароо эле айта бер,ал кызда мумкун сени менен суйлошкусу келетир.эч качан материалдык кемчилигинди ойлоп озунду кемсинтпе.Сен эркексин башты котор иним
04.11.2016. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Унутуу кыйын суйуп калсан андан да оор жашоо ушунусу менен кызык
05.11.2016. 19:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Журокту сыгып салдынаргоо барында ушуга окшошу болот.
05.11.2016. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ал кыз унутуп жаны жашоо баштаныз.
06.11.2016. 00:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баары убакыт менен баары
06.11.2016. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен бактылуу адам экенмин деп койдум кыз башым менен эле куйомо сени суйом деп айтып тийип алгам 3жыл суйлштук азыр 3уулубуз бар мен куйомду суйом ал мени суйот бирок бизде деле уруш талаш болгон жашоо ошонусу менен кызыкта
06.11.2016. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мендеда ушундай окуялар болгон .менин суйуктуум дуйнодо эн сулуу чынындале.ар дайым мектепке келээринди кутот элем, мектепке сени коруу учун кунуно калбай баратлем, сен менин суйушумду билетлен Бирок мен сага жузуно айьалбайтлем эмнеге? билбейм.сени коргондо ушул создорду айтам азыр дечу элем Бирок сен келгенде жузунода караштан уялатлем тилим жутуп алып журо беретлем.ошентип мен азыр студент бишкекте сен айылда окуучу кызсын.сени унутам дегем эми.Бирок эч унуталбадым.сени деп канча кыздан баш т
06.11.2016. 18:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тарькам билбейсин.сенин эн жакын курбун менен мен сырдашмын азырда, сен жонундогу баардык маалыматты ошодон угам азырда.таштап салайн десем.курбун жок андай кылба ал жакшы кыз , так что жугургондуку эмес буюргандыкы дейт курбун ошого озумду суйунтуп журом сенин шартын меникиндей эмес, кыйынраак мага ал кызыктырбайт.магада совет берсениздер сураныч...же менда ушул сыяктуу тема кылып жазсамбы?
06.11.2016. 18:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушундай окуялар кайдан тапса болот
06.11.2016. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мен ал кызды назик гулдой кором эмнегедир, балдар айтышатле тийишип, жинине тийип шарт этип, чачынан тартып, кармап сал дейтле мен сага эч качан каалабайтлем андай жамандыкты сени боорума кысып олтурсам ошол бакыттай сезилет
06.11.2016. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эхх жашооо бул озу татаал нерсе экен сен суйсон сени суйбойт сени суйсо сен суйбойсун тушунбойсун айтоор!!! Мен сени тушуном досум... бул баардык эркектердин башынан отот..
07.12.2016. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ии кейиштуу нерсеге тим эле журогум ооруп кетти
07.12.2016. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ээх менин суйгонумда ушинтип окунсо
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо